Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Учурмаек

Мелис ТУРГАНБАЕВ, Ички иштер министринин орун басары:
"Атамбаев менен Эшимкановго далдалчы эмесмин"
- Мелис мырза, "уюшкан кылмыштуу топтун баланча мүчөсүн кармадык" деп эле төш кагып атасыздар, бүт эле "чабактарын" кармап атпайсыздарбы, "лөктөрүн" кармоого күчүңүздөр жетеби?
- Уюшкан кылмыштуу топто дагы эки-үч этап болот. Биринчилери - аткаруучулар, кийинкилери - ишти пландаштырып, көрсөтмө бергендер болот. Анан эң чоңдору - сиз айткандай, "лөктөрү" болот. Аларга жетүү үчүн биз аткаруучулардан башташыбыз керек да, барып отуруп анан башчыларына жетебиз. Ошол башкаруучуларын кармоо боюнча дагы бүгүнкү күндө чоң иштер жүрүп атат. Булар боюнча маалыматтар тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыркы учурда кеңири айтылбайт. Биз баарын кармап алып, анан маалымат берели деп ойлогон болчубуз. "Аягына чыгабы, чыкпайбы" деп элдин шектенип атканынан улам, аздыр-көптүр маалымат берип жатабыз. Президент 22-январда коргоо жана коопсуздук жыйынында күч структураларынын баарына ушул уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү боюнча катуу тапшырмаларды берди. Эл күч структураларын жакындан баштап эле уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүп баштады деп ойлошу мүмкүн. Биз буга чейин деле күрөшүп келгенбиз. Акаев, Бакиевдин убагында эле. Бирок, ал кезде жогорку жактагы чиновниктер криминалды калкалап, ар түрдүү оюндарды жүргүзө баштаган. Негизи бийлик такыр криминалдык топтор менен чогуу иш алып барбашы керек. Бир байланышып алса, булар өздөрүнүн шарттарын коюп, башкарып алат. Азыр болсо, президент, премьер-министр баш болуп, аларга каршы күрөш жарыялап атат. Учурда уюшкан кылмыштуу топтордун бийликтеги "крышасы" жок. Ошондуктан, бул жолу жакшы жыйынтыктар болот деген үмүтүбүз чоң.
- Уюшкан кылмыштуу топторго чабуул жарыяланганы менен жогорку посттогу чиновниктер алар менен байланышып жатса, анан "криминал менен күрөшүү аягына чыгат" деп кантип ишенебиз? Бул деле саясый оюндардын бири окшойт го...
- Жогорку кызматтагы чиновниктин кримавторитет менен жолукканы боюнча бир топ сөздөр болду, бирок, мунун баары имиш болуп жатпайбы. Бирөө келип, сүрөттөрүн же видеосу сыяктуу конкреттүү далилдерди алып келсе, анда башка кеп. Азырынча ИИМде андай маалымат жок. Бул боюнча УКМК жетекчиси комментарий бербедиби. Мисалы, биздин арабызда дагы криминалдык топтор менен байланышы бар кызматкерлерибиз бар. Биз аларды акырындан тазалап жатабыз. Жакында эле УКМК кызматкерлери биздин кызматкерлердин арасынан жаман ишке барганын кармап алыптыр, биз дагы алардын бир кызматкерин кармадык. Ушинтип отуруп, акырындан тазалана беребиз, жакшы жыйынтыктарга жетебиз деп ишенем. Грузияда ар бир көчөдө өзүнүн "вор в законе" дегени бар деп укчубуз. Ал жакта болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болуп, тазаланды. Бизде ошондой жыйынтык эмнеге болбосун?
- Бул үчүн эмне кылуу керек?
- Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү боюнча атайын мыйзам керек. 2008-жылы биз ошол мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламенттен өткөрүп, президентке барганда, ал "жарабайт" деп кайра Жогорку Кеңешке кайтарып жиберген. Азыркы учурда дагы Жогорку Кеңештин комитеттеринде бул мыйзам долбоору талкууланып атат. Кылмыш, Жаза кодекстеринин айрым беренелерине дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Мына мисалы, кылмыштуу топтун мүчөсү курал менен колго түшсүн. Ошол эле учурда жайлоодо мал багып жүргөн чабан мыйзамсыз курал көтөрүп жүрөт, бул карышкырлардан корунуп жүрөт. Экөөнүн алган мөөнөтү бир болуп жатпайбы? Мыйзамдарды ушул жактарын эске алып, иштеп чыгуу керек. Адегенде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн статусун аныктап алып, ошого жараша аларга катуу жаза берилиши зарыл. Мамлекетибиздин коопсуздугу бир калыпка келип калганча мыйзамды катуураак кылып турса болот да, анан жакшынакай жашоо башталгандан кийин ордуна келтирип коюу оңой эле иш.
- Ошол мыйзамдар эле өтүп кетсе баары ордуна келип калабы?
-Булар менен күрөшүү жалгыз эле ИИМдин колунан келбейт, прокуратура, сот органдары, УКМК, бажы, айтор, күч структараларынын баары чогуу күрөшүшү зарыл. Андан сырткары, коомчулук бизге жардам бериши зарыл. Кантип? Эгерде ошол уюшкан кылмыштуу топтордон эки жыл мурунбу, үч жыл мурунбу, запкы көрүп, буюм, мүлкүн тарттырып койгон болсо, алар коркпой бизге арыз менен кайрылсын. Ар бир областтарда уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыктар бар. Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтун 56 мүчөсү ар кандай кылмыштар менен кармалды. Мен ушул "Учур" гезити аркылуу бардык журналисттерге кайрылат элем, бизди эле "шыбап" жаза бербей, тескерисинче, жардам көрсөткүлө. Силердин эле кесиптештериңерден канчасы ушул криминалдык топтордун запкысын жеди. Колу-бутун сындырып, бычактап, өлтүргөн учурлар катталып атты. Мына ушулардын баары уюшкан кылмыштуу топтордун колу менен жасалган да.
- Жакында эле УКМК жетекчиси уюшкан кылмыштуу топтордун жетекчилерин атынан атады. Көлбаев, Мирсадыков, Анапияев деп. Өткөндө "Московский комсомолец Азия" гезитине бир кримавторитет интервью берип, Дүйшөбаевдин бул кадамын туура эмес деп баалаптыр. "Алар мыйзам жүзүндө таза, керек болсо кадыр-баркыма шек келтирди деп сотко берсе болот" деп. Сиз буга кандай баа бересиз?
- Булардын баарын бүт эл билет. Бул нерсе жашыруун сыр деле эмес. Келип туруп сотко берсе бизге жакшы болот эле. Биз тияк-биякты издеп убара болбой эле кармап, отургузуп коет элек.
- Аты аталган бул адамдар азыр кайда?
- Биздин өзүбүздүн оперативдүү маалыматтарыбыз бар, аларды жарыя кылууга менин укугум жок. Кызматкерлер алардын үстүндө иштеп жатышат.
- Жаныш Бакиев сиздин башыңызга 500 миң доллар койгону боюнча маалымат уктук. Ортоңуздарда кандай тиш кайрашуу бар?
- Тиш кайрашуу деле жок. Эки тууганын кармап, отургузуп койсок, артынан түшүп алсак, ошентти окшойт да. Бизде дагы ушундай оперативдүү маалыматтар бар.
- "Жаныш Бакиев Бишкекте эле жүрөт" деп сиз айттыңыз, андан кийин УКМК башчысы Дүйшөбаев "ал Бишкекке келген жок" деп жокко чыгарды. Деги кимиңиздерге ишенсек болот?
- Ал жерде журналисттер маалыматты бир аз туура эмес түшүнүп алышыптыр. Мен "ушундай оперативдүү маалыматтарыбыз бар" деп айтканмын. Анын баарын ачыктап айтканга болбойт, анда маалыматтын күчү жоголот. Жаныш Бакиевдин Бишкекке келгендиги боюнча оперативдүү маалыматтар келип түшкөн. Кийин бул маалымат толугу менен ачыкталганда билесиңер.
- "Грифон" деген кафеде сиз, анан Атамбаевдин башкы жансакчысы Болот Сүйүнбаев, Турусбек Коеналиевдер менен отуруп, кызуу болуп калгандан кийин Болот Сүйүнбаев менен жекеме-жекеге чыгып мушташканы калганда, жаныңыздагылар ажыратып калыптыр деп уктук. Ушул чынбы?
- Андай болгон эмес. Мен көптөн бери арак иче элекмин. Болот Сүйүнбаев менин иним. Агасы менен кантип мушташсын?
- Сизди "өзүнөн күчтүү оперлерге бут тосуп турат" деп айтышат экен го...
- Мен, тескерисинче, күчтүү оперлерге колдоо көрсөтүп, көтөргөнгө аракет кылам. Муну ИИМ кызматкерлеринен деле сурасаңар болот. Кайсы оперлер экенин конкреттүү фамилиялар менен берсең, мен айтып берейин. Мен сынды аябай туура кабыл алам. Эгер чын эле ошол күчтүү опер болуп, мага келип айтса, мен "азамат, туура айтып жатасың" деп колдойм. Тескерисинче, силер, журналисттер биз көтөргөн оперлерге бут тосуп жатпайсыңарбы?
- Мисалы?
- Мисалы, Жеңиш Жоробековду Чүй облустук ички иштер бөлүмүнө орун басар кылып алып келсек, журналисттер ызы-чуу кылып жибердиңер. Болбосо, ал өзүнүн ишин мыкты билген адис. Айласыздан, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө алып кеттик. Ал жакта жакшы иштеп атат. Таалай Нуралиев деген оперди дагы ошенттиңер. Нарын облустук ички иштер бөлүмүнө жетекчи кылсак, укук коргоочулар менен журналисттер болушунча ур-тепкиге алды. 2007-жылы ал Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп турганда нааразычылык акциялардын биринде камалып, абакта каза болгон Бектемир Акуновдун өлүмүнө байланыштуу ызы-чууну айтып чыгышты. Ал кезде Таалай Нуралиев Бишкекте болгон экен...
- Эшимканов досуңузду Атамбаев менен элдештирүү үчүн аракет кылып атыптырсыз. Жыйынтыктар барбы?
- Жок, мен эч качан далдалчы болгон эмесмин. Мен саясаттан алыс эле болуп жүрөм. Баягында Бакиевдин убагында менин артымдан кылмыш козгоп, жумуштан кетирип жиберген учурда саясатка аралашып жаттым эле. Азыр ага убакыт дагы жок. Ушундай учурда бир нукка салып, тартип орнотуп койбосок жагдай оор. Мектептерди карагылачы, "общак", "старший", "братан" деп бөлүнүп алышты. Криминал мектепти да аралап кетти. Ата-энелер дагы балдарын жакшы тарбияласа, жаңы бир нерсе көтөрүп келсе, "каяктан алдың" деп көзөмөлдөп турушса... Биздин убакта бирөөнүкүн тартып алуу, тоноо деген нерсе жок болчу. Улуу адамдар келатса, ыйбаа кылып, башка жол менен айланып өтчүбүз. Мугалимдер келатса эле башыбыздан шапкебизди алып, салам берчүбүз.
- Айрым маалымат каражаттары сизди "черныйларга" "крыша" болот" деп жазып чыкты эле. Эмнеге негиздеп айтышты?
- Өмүр бою эле "каралар" менен иштеп атсаң айтышат да. Айрымдары менен жаман сүйлөшөсүң, кээ бирлерине жакшы сүйлөйсүң. Бирок, аларды кармаганда дагы мыйзам чегинде кармаш керек. Мен эч качан кылмышты атайын уюштуруп, "подставить" эткен эмесмин. Андай жолго такыр барбайм, кызматкерлерди дагы андайды "жасабагыла" дейм. Өзүнүн жасаган кылмышы боюнча кармаш керек. Ошондо кылмышкерлер дагы сыйлайт. Кудай алдында да, өзүңө да ак болосуң. Негизи кылмыш дүйнөсү таптакыр жок болуп кетпейт, түрмө болгондон кийин алар боло берет. Бирок булардын өздөрүнө тиешелүү мыйзамдары болот, ошолордон чыкпашы керек. Анан азыр алар чектен чыгып, саясатка аралашып, "өйдө жакка чыгабыз" деп жатышпайбы...
- "Бишкектин "смотрящийи" кармалды" деп жатпайсыздарбы. Ал буга чейин бир нече жолу кармалып кое берилген экен. Эми дагы ошондой болбойт деп ким кепилдик берет?
- Эң жакшы суроо болду. Мына ушундай фактылар бизде аябай көп. Бир мисалды айтайын, уюшкан кылмыштуу топто жүргөн бир баланы бир жылда он жолу кармап келишкен, он жолу тең шарттуу түрдө кесилип чыгып кеткен. Болгондо да аябай оор кылмыштын түрлөрү менен кармалган. Бул эмне деген нерсе? Менин жана айтып атканым ошондон да. Жалгыз ИИМдин колунан келбейт. Бул жагынан прокуратура, сот системасы менен биргеликте комплекстүү иштегенде гана жылыш болот. Биз кармап келсек, соттор актап, же оңой жаза берип чыгарып жиберсе болбойт да. Биз дагы ушул маселени көтөрүп, анын үстүндө иштеп атабыз.

Маектешкен
Дилбар АЛИМОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика