Кыргыз гезиттери



Р.Момбековду Кудай сактады!
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Рыскелди Момбеков өткөн ишемби күнү Таласка баратып, Төө-Ашуудан машинесинин эки дөңгөлөгү бирдей жарылып, аз жерден автокырсыктан Кудай сактады! Ач белде дөңгөлөк жасай турган жер жок болгондуктан, төрт саатка чейин Рыскелди үшүп, жол жүрүүсү үзгүлтүккө учураган. Бирок, чыйрак жигит кабагым-кашым дебестен, Таласка аман-эсен барып келди. Азыркы күндө суук тийген жерин үйдөн эмдетүүдө...


Д.Үсөнов Бишкекке келип-кетүүдө
Экс-премьер-министр Данияр Үсөнов аз күн мурда Бишкекке келип, бизнесин сактоо боюнча "атажуртчулар" менен сүйлөшүп кеткени боюнча маалымат алдык. Бул - Данчиктин экинчи ирет жашырынып келип кетиши экен. Эсиңерде болсо, Д.Үсөновго былтыркы кандуу төңкөрүштөн кийин кылмыш иши козголгону белгилүү. А неге аны чекарадан кармашкан жок? Же азыркы бийликтин лөктөрүн сатып алганбы? Айтор, бакиевдерден башкасы ээн-эркин тайраңдап калышты го...


Ф.Кулов жентек той берди
"Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов ымыркай уулуна (Даниелге) жентек той берип, элдин батасын алды. Той шааниси Байтик айылында өтүп, кадимки улак тартыш, ат чапмай менен дүңгүрөтө коштолду. Ф.Куловдун жакшылыгына Кубатбек Байболов, Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Суваналиев, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев ж.б саясатчылар менен парламенттеги фракция лидерлери да катышты. Баса, буга чейин "Феликс мырзанын жаш жубайы уйгур" деген ушактар каңгып келген, бирок, тойдо белгилүү болгондой, кайын-журт тарап кадимки Токтогулдан, адигине уруусунан экендиги тастыкталды.


Мелистин "башын жеп", "Пармашты" көтөрүшөбү?
Министр Зарыл Рысалиев "криминалды 100 пайыз жоготобуз!" деп балп эттирген. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө айрым камалган "черныйлар" бошонуп кетип атканы неси? "Атажуртчулар" күч органдарына үстөмдүк кылышып, партияга иштеген бандиттерди каматпай атыптыр. Зарыл мырзанын айткандары жел сөз экенин далилдешип. Бир жагынан орун басары Мелис Турганбаев мыйзам бузган бизнесмендерди камаса, аларга министр өзү "крыша" болуп атканы чынбы? Айтор, бир тармактагы эки генералдын тирешүүсү күн санап күчөп баратат. Ошондон улам М.Турганбаевди Улуттук олимпиада комитетине же Нарын Обл.ИИБисине начальник кылуу идеясы көтөрүлүп, анын ордуна кечээги бакиевчи, бүгүнкү КСДПчы Парманкуловду ээрге кондурууга аракеттер бекеринен башталбаса керек. "Пармаш" парламенттик шайлоодо Түштүктөн КСДП үчүн буту үзүлгөнчө чуркаганы маалым. Таңгөрү, саясатта жүз жок экен да. Мынча болду, Жаныш Бакиевди министр кылып алышпайбы?..


"Кой терисин жамынган карышкырдай..."
ТЗК "Манас" ишканасынын директору Тилек Исаев "Атамбаевга Англиядан вилла алып бердик" деп ооз көбүрткөнүн уктук. Кызык, Алмаз Шаршенович мындай коррупциялык белектерди алчу эмес эле, не болуп кетти (?) деп түшүнбөй калдык. Деги эле мактанган жагынан Тилек "оен" уста окшобойбу? Кезинде бу жигит Жаныш Бакиев, Бакыт Сыдыков, Нурлан Сулайманов өңдүү "босстор" менен жакындан иштешип, алардан кыйла үлгү алганы белгилүү. Убагында "Асур" аттуу фирманын аркасы менен дайыма тендердик конкурстарды утуп, акча санаганды кыйла өздөштүргөнү маалым, эми азыркы бийликтегилерди да алдаган кербезиби? А.Шаршенович "кой терисин жамынган карышкырларга" абай салса, алардын зыянын көрүп калбаса деген эле ой!


Жөн эле Атай
Гезитибиздин өткөн сандарында президент Роза Отунбаеванын уулу Атай туурасында сын-пикирлер, документтештирилген материалдар жарык көргөн эле. "Медалдын экинчи бети бар" демекчи, Атай мырза мурда күнү бизге байланышка чыгып, гезитке чыккан макалаларга макул эместигин билдирип, эч кандай аферага тиешеси жок экенин айтты. Ошого катар экс-депутат Тажиниса Абдрасуловага алданып калганы, Максим Бакиевди тааныбастыгы, о.э. бүгүнкү күндө жөн гана Атай экендигин тамашага чала сүйлөдү. Кыскасы, жакынкы күндөрү Атай өз чындыгын айтуу менен "УЧУРга" кенен маек берерин убада кылды.


Акүйгө таш ыргыткан В.Богатырев
Саясый серепчи Валентин Богатырев азуусун шакылдатып, "өкмөт башындагылар өздөрүн-өздөрү жок кылат" дегендей билдирүү таратты. "Кылган иштери менен рейдерлик аракеттери баштарына муш болот" деп. Валентин неге мынча ачууланды десек, көрсө, бүгүнкү бийликтегилер мурдагыдай жөөттөрдү ээн-эркин майталканда кутуртпай койгону себеп болуп, нааразычылыктар ушундан чыкканбы? Дегеле В.Б. коңулда жатып алып, оор экономикалык шарттагы өкмөткө таш ыргытып, буттан чалмай "илдетин" баштаганы суу кечпейт го. Бүгүнкү күндө кыргыздын тагдырын кыргыз чече турган күн келди да, азырынча жөөттөрдүн тилектери ишке ашпайт өңдүү...


К.Кадыров көмүскө өкмөттү колдойт
Көмүскө өкмөттүн түзүлүп атканын министрдин экс-орун басары Кубаныч Кадыров колдой турганын айтып, мындай демилге түпкүлүгүндө туура экенин жашырбады. Себеби, бийликке альтернативдүү премьер-министрдин иш-аракети менен идеялардын жарышы болуп турушу шарт. Кубаныч мырзанын ою боюнча, бүгүнкү учурда коалициялык өкмөттү көзөмөлдөй турган саясый күчтөрдүн түзүмү, алардын аракеттери маанилүү экени жашыруун эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө дал ушундай саясый көрүнүштөр натыйжа берерин эске алсак, а бизде дагы көмүскө өкмөттүн эл астынан аброй табышы турулуу кеп. Андыктан, К.Кадыров көмүскө өкмөттүн таасирдүү колдоочусу катары чыга келеби?


"Кыз кезинде баары жакшы..."
Президент Роза Отунбаева ашкан-ташкан дүнүйө-мүлкүнүн жоктугун дайым жар салып келет. А айрым маалыматтар президент айымдын Ысык-Көлдөгү "Меридиан" эс алуучу жайында коттеджи бар экенин каңкуулашууда. Буга не дейт болду экен? Айтор, "кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыксын?" демекчи, оппозицияда жүргөндө баары эле чынчыл болушат да, анан бийликке жеткенде өзгөрүп чыга келишет турбайбы...


К.Батыркановго милициялар нааразыбы?
Бишкек шаардык ШИИБисинин начальниги Капар Батырканов кол алдындагы кызматкерлерге ыдык көрсөтүп, ротация шылтоосу менен жумуштан айдоо "иш-чараларын" кылып атканын, "пул үлгүсү" менен кызматкерлерди көтөрүп атканын alaman.kg интернет-сайты кыйыткан. Эгерде К.Батырканов президенттин милицияларга ротация кылуу демилгесин тескери айлантып, кызматтык коррупцияны күчөткөнү ачыкталса, анда кыргыз милициясынын тагдыры кайсы жарга такалат?..







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика