Революция максатына жеттиби?
Президент Роза Отунбаева "Апрель элдик революциясынын бир жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга байланыштуу иш-чараларды өткөрүү президенттин аппаратына тапшырылды. 2005-жылы Курманбек Бакиев 24-мартты "Элдик революция күнү" деп белгилеп, бул дата Кыргызстан боюнча дем алыш күнү болуп жарыяланган. Эми бул башчы 7-апрелди "Апрель революция күнү" деп белгиледи. Деги эки жолкуда тең революция болду беле? Революция өз максатына толугу менен жеттиби? 7-апрелди жөн гана курман болгон 87 баланы эскерип койсок туура болот го...


"Поле чудес" менен алдап
Ноокен районунда Гүлмира Керезова деген айым пирамида ыкмасы менен карапайым элди алдап, миллиондогон акчаларды чогултуп алган деп айыпталууда. Бул тууралуу "МСН" гезити жазып чыкты. Бул айым 2010-жылдын акыркы айларында райондук борборго атайын кеңсе ачып, сыртына "Поле чудес" берүүсүнүн алып баруучусу Леонид Якубовичтин чоң портретин илип алган. Райондогу дыйкандардын башын айлантып акча алып, "ал сумманы дароо эле эки эсе көбөйтүп аласыңар" деп алдай баштаган. Оюнчулардын катарына 19 миң төлөп киришкен, "эгер артыңардан төрт адамды ээрчите келсеңер бул акчаңар эки эсе көбөйөт" деген сөзгө катуу ишенгендер көп болгон. Бул "миллионерликке" алып баруучу финансылык пирамида эки айдан кийин эле жок болуп кеткен. Болгону анын уюштуруучусу миллионерге айланып, анан биринчи катардагылар анча-мынча каражат таап алышкан. Ал эми жүздөгөн дыйкандар маңдай тери менен тапкан акчасынан кол жуушкан. Алдамчылык кылган аялдын үстүнөн жазылган арыздар биринин үстүнө бири келип түшүп отуруп, ага кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын чек арасынан чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери колго түшүрүшкөн.


Чак түштөгү каракчылар
21-февраль күнү чаламандын чак түшүндө 13 жаштагы М.Абдыманап уулун азият улутундагы эки бала ур-токмокко алып, тоноп кетишкен. Жанында акчасы да, соткасы да жок болгондуктан, жиниккен немелер үстүндөгү курткасын сыйрып алышкан. Милиция кызматкерлери бул кылмыш боюнча Сокулук районунун Комсомол айылынын тургундары, жашы жете элек өспүрүмдөр: 15 жаштагы К.Усенбаев менен 16 жаштагы Э.Бектурсунов дегендерди кылтакка илишти.


Алдамчылыкпы же зордукчулукпу?
21-февраль күнү милицияга кайрылган Бишкек шаарынын тургундары К.А. менен Ш.Б. 2009-жылы Р.Касымалы уулу деген жигит арыз ээлеринин биринен 27000 доллар, экинчисинен 5000 доллар алып, алигиче бербей жүргөндүгүн кабарлашкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Воронцовка айылынан мурда алдамчылык жана опузалап талап кылуу деген статьялар менен эки жолу соттолуп келген, кримавторитет Р.Акматбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, Тоң районунун Кызыл-Туу айылында туулган 48 жаштагы Р.Касымалы уулу кармалды.
Ошондой эле Бишкектин тургуну Ж.М. деген айым да арыз берип, Р.Касымалы уулу анын жалпы баасы 300 000 доллар турган менчик мүлкүн алдап, алып кеткендигин айтып кайрылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 18-февраль күнү Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну Т.М. да милицияга арыз берип, Кызыл-Туу айылында Н.Касымалы уулу үй салдырып, "акысына 5000 доллар берем" деп алдап кеткенин айтып кайрылган.


Т.Үмөталиева террористтерди колдойбу?
Беш-Күнгөй айылындагы террористтерди кармоо операциясындагы тирүү кармалып, УКМКнын СИЗОсунда сурак берип жаткан Эдил Абдрахмановдун экстремисттик топтун анык мүчөсү экендигинин далили катары, анын үйүндө тартылган видео тасманын сюжети көрсөтүлдү. Видео анын аялы тарабынан тартылып алынган, жана ал ага козголгон кылмыш ишине тиркелгенин УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Бардык интернет барактарга жайгаштырылган бул видеодо ал жардыргыч затты кантип жасаш керек экендигин, аны кантип аралыктан кыймылга келтирүү жөнүндө сабак бергендиги тартылган. Буга чейин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Эдил Абдрахмановду коргоп чыккан эле. "Т.Үмөталиева кимдин заказы менен иштеп жаткандыгын аныкташ керек" деп билдирди УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.


Бийлик менен криминал эриш-аркак...
Жогорку кызматтагылардын баары коррупция схемалары менен иштеп, акча топтоп жатышат. Бул тууралуу мурунку Ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев "bulak.kg" интернет гезитине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, азыркы бийликтегилердин баарынын өз бизнеси бар жана кирешелеринин 70%ы көмүскөдө калып жатат. Көмүскө экономикадан "черныйлар" үлүш алып турат. Чиновниктер менен криминал чогуу иш алып барат. Мурунку оппозиция, азыркы бийликтегилер, бир кезде "баарын Максим менен Курманбек Бакиев уурдап атат" деп келишкен. Алар бийликке келгенден бери уурдалганы боюнча бир дагы факт айтып чыгышкан жок. "Отунбаева баш болгон чиновниктер "авторитеттерди" "жеминен" кууп чыгып, өздөрү шайлоого акча чогултуп жатат" деген сөздөр бекеринен чыккан жок да" - дейт Өмүрбек Суваналиев. Генералдын айтымында, айрым көпөстөр Таластагы криминалдык топтордун "жемин " тартып алууну ойлосо, КСДПчы Чүйдөгү криминалдык топторду "басып жыгылууну" көздөөдө. Бул схема боюнча биринчи жолу Айдар Акаев менен Адиль Тойгонбаев иштеп, Рысбек Акматбаевди бизнестеги үлүштөрүнөн ажыратып коюшкан болчу. Азыр дагы ушул ыкма кайталанууда. Өз учурунда ал "криминал менен күрөшүү" деген пиар-акция да болуп жатат.


7-апрелдин сырын Бекназаров ачыктайт
7-апрелдеги революция алдын ала даярдалган. Бул тууралуу "Дело№" гезитине Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, ал азыркы учурда үйүндө үчүнчү китеп жазып жатат. Бул китебинде бардык окуялар документтер менен тастыкталып, ар кайсы саясатчылар тарабынан кол коюлган, коомчулукка жарыялана элек жашыруун келишимдер тууралуу да айтылат. "Мисалы, Кулов - Бакиев тандеми кандайча түзүлгөнү, 7-апрель окуясы кантип уюштурулганы тууралуу сөз болот. Бул күнгө бириккен оппозиция 4 жыл бою максаттуу даярданганы тууралуу, эмне үчүн 7-апрель күнү - Курултай өткөрүү үчүн тандалганы ачыкталат", - дейт Азимбек Бекназаров.


Деги кимисине ишенебиз?
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Нарынга иш сапары менен барып, эл менен жолугушуу учурунда кримавторитет Камчы Көлбаевге издөө жарыяланганын билдирди. Бирок, качан, кайсы себеп менен издөө жарыяланганы боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматы жок болуп чыкты. Массалык маалымат каражаттарына ИИМдин маалымат катчысы Рахматилло Ахмедов тиешелүү маалыматты бере албай, "текшерип жатабыз" деп кутулду. "Президентибиз маалымат менен толук камсыз болбой, жаңылыш айтып алдыбы, же ИИМ жакшы иштей албай жатабы?" деп таң калып атканыбызда президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров маалымат берип, Камчы Көлбаевге Жаза аткаруу башкармалыгы тарабынан издөө жарыяланганын билдирди. Анын айтымында, Бакиевдин тушунда Камчы Көлбаев амнистия менен түрмөдөн бошотулган болчу, эми соттун чечими менен ал амнистия жокко чыгарылганына байланыштуу Камчы Көлбаев ошол тиешелүү мөөнөтүн түрмөдө отуруш керек.


Ээсинен адашкан миллиондор
Ордо калаадагы "Гүлнара-2" деп аталган акча алмаштыруучу жайдын администратору Б.Садыралиева арыз берип, андан акча алмаштыруучу жайдын кассири М.Калыбеков 2 500 000 сомду алып кеткенин билдирген. Опертоп ошол эле күнү кассирди кармашып, акчаны эмне кылганын иликтөөгө алышты.


Коррупцияга каршы сайт
Коалициялык өкмөт коррупцияга каршы Интернет сайт ачуу демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов экономист-адистер менен болгон жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, бул сайтта ар кандай коррупциялык схемалар, тендерлерди жүргүзүү мөөнөттөрү жана сатып алуулар боюнча маалыматтар жайгаштырылмакчы. Бул ишкерлерди маалымат менен толук камсыз кылып турууга мүмкүнчүлүк берет. "Сайттын баракчаларына айрым чиновниктердин нааразычылыктарын жана такталбаган маалыматтар жайгаштырылбашы керек", - дейт Ө.Бабанов.