Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0303_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0303_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0303_4.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

ЗНАКОМСТВА

  Бейне

Кыргызстанда мыкты адистер бар

Өлкөбүздүн экономикалык абалы оор экенин көрүп отуруп, бизди ушундай саздан алып чыкчу азаматтар кайда (?) деген ой жаралат. Мындайда ишбилги адистердин баары чет жерлерге качып кеткенби деп санаа тартып турган мезгилде мамлекеттин абалына оң таасир эте алчу жаш кадрлар чыга баштады. Жүрөктө жаңы үмүттөрдү жаратып. Алардын бири "Альфа Телекомдун" жаңы директору Азамат Мурзалиев. Бул адиске мынча үмүт артканыбыздын себеби бар. Анткени, ал бир нече эл аралык компанияларда бай тажрыйба топтогон мыкты аналитик.

Адис жөнүндө
Мурзалиев телекоммуникация, энергетика, тоо кен тармагы жана финансылык институттар боюнча ар кандай долбоорлорго катышып келет. Ошону менен катар АКШдагы финансы институтундагы жана өнөр жай компаниясындагы жалпы кабыл алынган бухгалтердик принциптерге ылайык жана финансылык отчеттордун эл аралык стандартын колдонууда о.э., аудитте зор тажрыйба топтогон. Эл аралык аудиттик компанияларда 2001-жылдан бери жетекчилик тажрыйбага ээ болгон. Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүндө жөндөмүн көрсөтө алган.

Алтын балалык
1973-жылы Сокулук районунун Сокулук айылында жарык дүйнөгө келген. Ошол эле айылдагы №3 мектепте билим алган. "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?" деген кыргыздын макалы бар эмеспи. Анын сыңарындай, кичинекей Азамат совет доорундагы балдардан айырмаланган деле эмес. Болгону өз доорундагы миллиондогон балдар сыяктуу космонавт болууну эмес, дипломат болууну самачу. Көрсө, теледен эл аралык мамилелерди чыңдап жүргөн диломаттардын сүйлөшүү жүргүзгөндөрүн атасы менен үзбөй көрчү экен.

Келечекке жол чапкан студенттик күндөр
10-классында Ленинград мамлекеттик университетинин экономика жааты боюнча даярдоо курсуна окуй баштаган. Көпчүлүктүн айтымында, агезде Ленинграддан билим алууга ашыккан улан-кыздар өтө көп эле. "Чү" деп өз максатына кадам таштарда, советтер союзу урай баштайт. Буга ата-энеси тынчсызданып, баласын Россияга окууга жибербей коюшат. Ошентип студенттик күндөр КУУнун физика факультетинде башталат. Андан аркы окуусун 1992-жылы Түркиядагы Босфор университетинин Экономика факультетинде уланткан. Азаматтын дал ушул мезгилде туура кадамдарга барганы далилдене баштайт. Анткени, окуусу ийгиликтүү болуп, 4-курсту бүтө электе "PricewaterhouseCoopers" компаниясы тарабынан ишке чакырылат. Ал ошол кезде дүйнөдөгү аудит жана консалтинг боюнча профессионалдык кызмат көрсөткөн эң ири алты компаниянын бири болгон.

Үйбүлөдөн колдоо таап...
Азамат мырза өмүрлүк жары Жаңылбүбү менен Түркияда окуп жүргөндө таанышкан. Ошол жактан баш кошуп, биринчи уулу Бакытты көрүшкөн. Кызматкер адамдардын көп убактысы иш сапарларга, кызматына арналары белгилүү. Ушул сыяктуу эле Азамат Муратович дагы көп убактысын сүйүктүү ишине арнап келет. Канчалык аракет кылбасын, балдарына ойдогудай убакыт бөлө албайт. Бирок, ага карабай жылуу очогу, үч уулу, сүйүктүү жары дайыма маңдайында, колдоо, дем берип турушат. Муну көрүп "эр-азаматтын жетишкен бийиктиктерине акылдуу жубайдын салымы мол" деген кепке дагы бир жолу ынанасың.
"Канча тил билсең, ошончо дил билесиң"
Англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Ишине байланыштуу дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүн кыдырып, экономиканын түпөйүл сырларын ачып келген. Ушуга чейин кылган иштерине баам салып отуруп, бул адамдын реалист, консерватор экенин байкасак болот. Анткени, ар бир ишти терең изилдеп, эң жакшы жолун табууга аракеттенет. Жагдайды кооздоп көрүүдөн алыс, ошол эле учурда пессимисттик көз карашты ашырып, маселени курчутууну каалабайт.

Ышкысы
Бош убактысы боло калганда спорт менен алектенет. Өзгөчө тоо лыжасын тебүүдөн ыракат алат. Ал эми жайкысын Ысык-Көлгө жөнөйт. Үйбүлөсүн машинеге салып алып, темир тулпардын дөңгөлөгү жеткен жерге чейин барууну жакшы көрөт. Муну менен Азамат мырзанын патриоттук сезими күчтүү экенин байкасак болот. Анткени, акчалуулар эс алууга чет өлкөгө качып жатса, бул адамдын өз берметибизди айланчыктап жүргөнү кубандырбай койбойт экен.

Эң биринчи маяна
Биринчи маянасы 800 доллардан ашыгыраак акча болгон. Агезде Азамат мырза үйбүлөлүү болгондуктан, колго тийген акчага үйгө керектүү буюмдарды сатып алууну туура көргөн. Келинчеги экөө дароо дүкөндөрдү кыдырып, электр чөөгүнүн жана муздаткыч сатып алышкан.

Жаңы жетекчиден үмүт
2 миллиондун тегерегиндеги кардарлары бар "Мегаком" компаниясы мындан ары өз ишин огобетер жакшыртары айтылууда. Рыноктогу позициясынан тайбайт. Сүйүктүү мобилдик операторубуз жаңы технологияларга өтүп, торчону модернизациялоосу күтүлүүдө. Кыргызстанда буга чейин болуп көрбөгөн сапаттуу байланыш менен камсыз болобуз.

Стабилдүүлүк керек
Буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп көрбөгөн Мурзалиев, жаңы кызмат ордунда өзүн эң сонун көрсөтүп келүүдө. Анткени, мындан ары компания элден түшкөн каражаттын ар бир сомун жеке кызыкчылыктан, "жаман ойлуулардын" чөнтөгүнөн оолак кылып, дивиденд жана салык аркылуу мамлекеттин бюджетине түшүрүүнү пландап жатат. Болгону өлкөдө стабилдүүлүк болсо, сапаттуу, мыкты иш жүргүзөт элек деп ишендиришүүдө.

Кайрымдуулук уланат
Компаниянын маалыматы боюнча 2011-жылдын бюджетинде былтыркы жылга караганда социалдык программаларга арналган каражат 50%га (450 миң доллар) көбөйдү. Атайын анализдөө жүргүзүлүп, жардамга муктаждардын баарына компания тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Өзгөчө региондогуларга. Ал жактагы жетим балдар, багар-көрөрү жок карыялар, Ата-Мекендик жана Афган согушунун ардагерлерине "Мегакомдон" жакшы жардам берилет. Муну менен катар компаниянын медицина жана билим берүү жаатына дагы материалдык салым кошуу пландары бар.

Мыкты команда
Компания катаал учурду башынан кечирип жатканда бир катар кызматкерлер кызмат ордуларынан баш тартышкан. Бул өксүктү толуктап, Азамат Муратович компанияга мыкты адистерди ишке чакырды. Алардын катарында ички аудит боюнча директордун орун басары Алия Түмөнбаева бар. Бул адис эл аралык компаниялардагы иш тажрыйбага, мыкты билимге ээ. Журналисттик изилдөө жүргүзгөнүбүздө жаңы жетекчи менен кошо келген адистер мыкты, ишбилги, мол тажрыйбалуу, англис тилинде эркин сүйлөгөн, негизгиси Кыргызстанда төрөлүп-өскөн адамдар экени маалым болду. Мындай команда менен "Мегаком" эч качан артта калбайт. Кыргыз элине татыктуу кызмат көрсөтөрүнөн кам санабай эле койсок болот!

Торгой БЕКМУРОТОВА




Иш тажрыйбасы
o 1997-жылы ЖОЖду аяктары менен Түркиядагы "PricewaterhouseCoopers" компаниясында эмгек жолун баштап, ассистенттиктен аудит боюнча менеджердикке чейин көтөрүлгөн;
o 2002-2004-жылдары "Делойт Бишкек" ОсОООнун аткаруучу директору;
o 2004-жылы Кыргызстандагы Эл Аралык Ишкерлер кеңешинин (ЭИК) директорлор кеңешинин мүчөсү болуп, 2007-2008-жылдары ал кеңештин башында турган;
o 2008-жылдын сентябрынан 2010-жылдын августуна чейин "Дэлойттун" Каспий региону боюнча аудиттик директору;
o 2008-2009-жылдары КР президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин активдүү мүчөсү болгон. Анда ал ЭИКтин өкүлү катары Кыргызстандагы бизнести өнүктүрүүнүн тегерегинде кеңеш берүү менен алектенген.
o 2010-жылдын августунан декабрына чейин Мамлекеттик мүлк министрлигинин улутташтырылган мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору, министрдин орун басары,
o КРнын алдындагы финансылык рынокту тескөө жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын алдындагы эксперттик кеңештин теңтөрагасы.









кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




а ­е¦Є.НҐй«