Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 2
  КАРЫШКЫР САЙ

Атамбаев - Кулов... кол куушурмай

Былтыр ушу маалда, Бириккен Элдик кыймыл (БЭК) авторитардык режимди катуу сынга алып, кезектеги курултайга даярдык көрүп, коомдогу көпчүлүк "оппозиция Бакиевди кулата албайт, ал тургай богуна куурай сая албайт" деп турганда, капилеттен революциянын бороону башталып, диктатордун үйбүлөсү, жакындары, жөөт шыбагалаштары менен таш-талканы чыгып туш келди качып, чет жерде башпаанек кылып калды. Коомду жакшылыктын жышааны аралап, ишеним пайда болду. Мына, жакында 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияга бир жыл толот. Ошол жаздагы төңкөрүштөн берки бир жылга жакын убакыттын жарымын Убактылуу өкмөт (УӨ), калганын Техникалык өкмөт (ТӨ) менен жашап, референдум, парламенттик шайлоо өткөзүп отуруп, акыры жыл аягында Алмазбек Атамбаевдин коалициялык өкмөтүн курап, бийлик легитимдүүлүгү тууралуу маселеге чекит койгуча, "ана жыргайбыз, мына жыргайбыз" деп, делдектеп алган жоон топ мекендештерибиздин эчак шаабайы сууп, кайрадан революция көксөп калгандай.


Бүгүн, бакиевдердин үйбүлөлүк, криминалдык, авторитардык режимин мен кулаттым (!) деген революциянын баатырлары абдан көп. Албетте, ошол мөндүрдөй жааган октон жалтанбай, жамгыр аралашкан канды кечип, жексур бийликти төңкөрүп таштаган 30-40 миңдей кыргыз азаматтарын түгөл БААТЫР десек да болот. Ал жигиттер, бакиевдердин кланы эл аралык жөөт аферисттер менен биргеликте кыргыз элинин кенчин талоонго алып, итбекер жеке менчигине ыйгара баштаганын, "элим" деп күйгөн эр-азаматтарыбызды зынданга тыгып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучу пайда болгонун жон териси менен сезип, күрөшкө аттанган. Ошол бир күндүк чечкиндүү айбат, баа жеткис эрдик, "Кыргызстанды сактап калды!" деп айтууга толук негиз бар.
Бирок, "медиа-форумдун" жанындагы тишине чейин куралданып, ажаан иттерди айдактап, газ, резина ок менен аткылаган, чогулган элден эки эсе көп милиция кызматкерлери менен согушуп (таш менен талкалап), үч ирет кууп, андан кийин келген Альфа атайын кошуунунун жаадырган огунан жалтанбай быт-чытын чыгарып, борбордук аянтты көздөй жүрүш баштап, ошол күнү күрөшкө чыккан калың элдин алдында болуп, ажалга тике карап, өмүрлөрүн тобокелге салган БЭКтин улуттук кеңешинин мүчөлөрү, ошол жердеги салгылашка катышкан оппозициялык басылмалардын журналисттери менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, БЭКтин 7-апрелге чакырылган элдик курултайынын мүчөлөрү (баш- аягы 400гө чамалуу гана адам) көтөрүлүштү баштаганын өзгөчө баса белгилеп айта кетпесек болбос. Ал баатырлар айлап-жылдап оппозиция катарында болуп, азаттык үчүн күрөшүп келишкени жалпы эл-журтка маалым. БЭКтин саясый бюросунун алдындагы эл "Форумда" курчоого алган милициянын кысымын жарып чыкпаганда (чатак курчап алып, автобустарга сүйрөп сала баштаганда чыккан), камачусун камап, калгандарын автобустар менен шаардан алыс алпарып таштаганда, балким, Бакиев бийлигин бекемдеп да алмак.
Тилекке каршы, режим кулагандан кийин бийликти колго алган УӨнүн 14 анабашысы БЭКтин улуттук кеңешинин эмгегин көзгө илбеди. Бийлик асмандан түшкөнсүп, көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй, мурунку шериктерин унутуп, жалаң аке, үка, бажа жек-жааттарын кызмат орундарына жайгаштырууга, курсак, калталарын кампайтканга өтүп, ич-ара бөлүнүп-жарылып кетишти. Натыйжада, кыска мөөнөттө кадыр-барктарынан ажырап, шайлоодо эптеп-септеп жатып, БЭКтин курамындагылардан экөө (КСДП менен "Ата Мекен") парламентке өтүштү. Ал жерден да батышпай бөлүнүп, бири бийликте, бири оппозицияда отурат. Кеп чынында авторитардык режимдин кулашына УӨ мүчөлөрүнө караганда, К.Бакиевдин эмгеги зор. Ал тигилерди камап салбаганда көтөрүлүш май айына, же күзгө жылдырылмак. "Форумдун" жанына курултайды өткөзө салышып, "мына жакшы чечим кабыл алдык, эми баланчасында чогулабыз, жүрүш жасаганга болбойт, тигине ОМОН, СПЕЦАЗ провокация кылганы жатат" деп, элди таратып жиберишмек. Же эмне, буга чейин ошондой окуялар болгон жок беле? Болгон. Аны жалпы эл билбесе да, кат тааныгандар кабардар. Андыктан, бийликке жеткендиктери үчүн УӨ Бакиевге миң мертебе ыраазычылык билдирип коюшса да болот эй!
Эми минтип, колго конгон бакыт кушун оңдоп тута алышпай, баягы, "ун көрбөгөн бор сугунат" дегендин өзү болуп, кыска мөөнөттө абийирлери айрандай төгүлүп, өзүлөрү буга чейин боктоп келген "Бакиевдин куйруктарынан" эч деле айырмаланбай калышты. Же эмне, Жогорку Кеңеште кан-жини аралашып калганы жалганбы? Мындай жагдай Бакиевчилерге майдай жагууда. "Ии, бизден айырмаңар деле жок бекен?" деп мыйыктарынан жылмайып турушат. Болбосо кана шайлоо маалындагы убадаңар? "Ата-Журт", "Республика" бүт криминалдар экен, кылмыш иштери козголгон" деп кыйкырып келген КСДП болсо аларга кошулуп кетти, а берки, "атамекенчилер" ал теманы такыр унутуп койгондой. Же депутаттык кол тийбестиги бар деп жатканы, же кесиптеш болуп калбадыкпы деп тилектештик көрсөтүп жатканы, же жаңы коалицияга биригип калабыз деп эртеңкисинин камын жеп, бийлик самап отургандары белгисиз. Кудум баягы "моюнунан байлаган ит ууга жарабайт" дегендей болуп, парламенттик оппозициянын шылкы бош. Маяна алып, курсак тоюп, жылуу жерге киргенге магдырап калыштыбы (?) ким билсин, айтор, дымып эле калды. Же баштагыдай ажылдап турушу үчүн эле ач-жылаңач оппозицияга айландырып, көчөгө кайра кууп чыгыш керекпи?
Акыры, мына, эки жолу (2005, 2010-жыл) эрдик кылып, азаттыктын туусун желбиреткен кыргыз эли ошол аракеттери, жоготуулары майнапсыз болгонун эчак сезип, маанайы суз. Элдик революция болгонуна жыл айланбай, аймактарда кайрадан курултайлар өткөрүлүп, нааразычылыктардын очоктору тутана баштады. Тамак-ашка, күнүмдүк керектелүүчү товарларга баалар кескин көтөрүлүп, жакырчылык туткактап, бюджеттин тартыштыгы 20 млрд. сомдон ашып түшүп, экономикалык абал начарлоодо. Күн жылыса, экстремисттер Түштүктө кайрадан чатак чыгарып, жалпы Фергана өрөөнүнө жайылтуу аракетин көрөт экен деген суук кабар да тарап жатат. Эми, жаз менен төңкөрүш болуп кетпесе да стабилдүүлүк болбой, ызы-чуу, митинг дегендерден башыбыз чыкпай, анан барып президенттик шайлоого кирип, айтор, экономикага көңүл бөлүүгө чама-чаркыбыз деле жетпечүдөй шекилдүү.
Төңкөрүш болбойт (!) дегеним, биринчиден, төңкөрө турган жексур жок. Экинчиден, анүчүн Акаев, Бакиевге окшоп, А.Атамбаев, Р.Отунбаева, А.Келдибеков үчөөнүн бири - бийликти узурпация кылып, өзүн-өзү билип, элди курута башташы кажет. Ошондо да кыкеңдер ойгонуп, кыжыры кайнаганча, бери эле дегенде эки жыл керек десек жаңылышпайбыз. Азыркы кырдаалда болсо, ар кандай нааразычылык акциясына чыккан тараптардын таламдаштарынын кызыкчылыктары үчүн жаатташып, жакалашуусу толук мүмкүн. Анан ал чатак күч алып кетип, жарандык кагылышууларга айланышы да ыктымал. Бирок бийлик башындагылар эмнегедир ал жөнүндө ойлонбой эле президенттик жарышка кирип бара жатышкандай. Азырынча президенттикке аттанат дегендердин тизмесинде: Алмазбек Атамбаев, Аликбек Жекшенкулов, Феликс Кулов, Камчыбек Ташиев, Темир Сариев, Адахан Мадумаров, Акылбек Жапаров, Аскар Салымбеков, Эмилбек Каптагаев, Мухтар Өмүракуновдордун аты аталууда. Бул тизме "Ата Мекен", "Республика" партияларынын жана дагы башка талапкерлердин тизмеси менен толукталары бышык.
Ошентип, "оомал-төкмөл дүнүйө" дегендей жашоо кыбырап, жаз да келип калды. А.Атамбаевдин өкмөтү колунан келген аракетин кылып жатат. Коалициядагы "атажуртчулар" дагы деле "аны бер, муну бер" деп "Кабыланды" (А.Атамбаев) кысмакка алып жатканы айтылууда. Алдыдагы президенттик шайлоого сөзсүз түрдө катышууга бел байлаган "атажуртчуларды", Жогорку Сот, Башпрокурор ж.б.у.с. кызматтар уктатпай аткан өңдүү. Албетте, бул кызматтар колго тийсе "атажуртчулар" президенттик шайлоо алдында таасирдүү көзүрлөргө ээ болот. А бирок, "коалициядан чыгабыз" деп шантаж кылуу аркылуу алчусунун алып бүткөндөн кийин, "Кабыландын" өзүн албайт" деген кепилдик барбы? Аткаруу бийлигин мыкчып турган президентикке талапкер атаандаш кимге керек? Албетте, эч кимге кереги жок. Андыктан, маселеге түзөтүү киргизилбесе, "Кабылан" байкуш майга жетпей, садага чабылары, орустар айткандай "дело времени"...
Маселенин ушу багытта өнүгүүсү чатак экенин сезген Чүйдүн аксакалдары ой толгоп, бир топ ийкемдүү чараларды сунуштаган экен. Ал жобого ылайык, "атажуртчуларга" талак берип, оппозицияга айдап, КСДП менен "Ар-намысты" жараштыруу, "Республика", "Ата Мекен" партияларын кошуп, башкаруучу коалицияны түзүү менен Феликс Куловду премьер-министр кылып, Алмазбек Атамбаев президенттикке аттануусу керек экен. Ал эми спикерликти Өмүрбек Текебаевге берүү менен бийлик башындагы региондук кызыкчылыкты теңдештирүү да каралыптыр. Кеп чынында, биз каалайбызбы, каалабайбызбы эң жогорку бийлик тепкичинде жалаң түндүктүктөр же түштүктүктөр отуруп алуусу эч мүмкүн эмес экенин сезип турабыз, андай кадам чоң чатакка айланарын да билебиз. Канчалык регионализм, трайбализм темасына кайрылбайлы, укпайлы, көрбөйлү, сүйлөшпөй коелу деген күндө да, турмуш бизди бул маселеге кайрылууга аргасыз кыларын билебиз. Ошондуктан, спикер менен премьер экөө албетте, бири Түндүктөн, бири Түштүктөн болуп, президенттикти кезектешүү жагын ойлоо кажеттир. Болбосо Ф.Кулов айткандай, дагы бир палата түзүп, эки- экиден бөлүп алуу керектир. Төрагасынан башкасы туруктуу иштебеген Эл өкүлдөр жыйыны анчалык каражатты талап кылбаганы менен туруктуулукту камсыздап берсе, эмнеси жаман?
Маселенин аксакалдардын айтымындай өңүттө өнүгө баштаганынан илгиртпей кабардар болгон "атажуртчулар" да жөн жатпай, А.Атамбаевге да, Ф.Куловго да өз-өзүнчө жана экөөнү тең кошо камтый турган жаңы долбоор иштеп чыгары маалым болду. Азырынча чийкирээк долбоордун чоо-жайы авторлордун өзүнө да анча айкын эместигине карабай, негизги максаты кандай болгон күндө да, "атажуртчуларды" СВАРДАН сыртта калтырбоону көздөөрү айтылууда. А "бөлтүрүктөр" оюн салмай жагынан камчы салдырбасы белгилүү эмеспи.
Деген менен, аксакалдардын мындай сунушунун аткарылышы да оңойго турбайт өңдүү. Ф.Кулов "канча күтсөм келбедиңер, менден кеткен жок, өзүңөрдөн көргүлө" деп "атажуртчуларды" таштап, бери келген күндө да, "республикачылардын" Түштүк канаты ("атажуртчулардын" филиалы деген сөз бекер эмес) бир топ түйшүк жаратары, так ушул маселеге байланыштуу коалицияны төрттөн кылып "атамекенчилерди" кошкондугу айтылууда. Акүйдүн жылуу төрүндө быгыша баштаган депутаттар ичинде фракциялар аралык жолдошчулук, жердешчилик, саткынчылык деген "жылуу" сезимдер пайда болуп, партиялык тартипке кедергисин тийгизери айдан ачык болуп, саясый оюндар татаалдаша баштаганы байкалууда. Айтор, акыркы кезде мурдатан "атажуртчулар" көз артып, кол сунган "Ар-намыс" партиясынын аброю артып, эми КСДП дагы "Ар-намыска" кол куушурат бейм. Ал эми, мындай ыңгайлуу кырдаалды Феликс Шаршенбаевич кандай колдоно алат (?), айласы куруган Алмаз Шаршенович "кеп-сөз укпайм!" деп жатып, эмненин ичинен чыгат (?) көрө жатабыз…

Сабыр МУКАНБЕТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 38

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 38

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 38


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 38

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 38

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 38


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 38

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 38

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0303_5.htm on line 38