Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


"Водолаз" таажы кийет дейт
ИИМ ачеңдиги Зарылбек Рысалиев өткөн доордо кримавторитет Камчы Көлбаев менен ынак имиш. Ошол ыракат күндөрдү эске салып коеюн дегенби, айтор, жакында Рысалиевге Камчы звандап, "жакшына жүрсөң, братан, эсиңе кел" дегендей акырын кыйытса, министр акебиз "мен эмес, тигилер" деп өкмөт жакка шилтеме жасап коюптур дейт. Баарынан кызыгы, Камчынын ордуна "Водолаз" деген каймана аты бар Максат Абакиров тапталып, стартта даяр туруптур. Тобоо, деп жаканы кармадык. Көрсө, "вордун" таажысын кийиш да өзүнчө эле бир саясат турбайбы, бизде.


"Беш мушкөтөр" дымагы
Парламамент ичиндеги коалициянын бузулушуна беш эле депутат катуу киришип атыптыр эй! Алар: "атажуртчу" Нариман Түлеев, Марат Султанов, Садыр Жапаров, Камчы Ташиев анан (кайдан буларга кошулуп алган?) "атамекенчи" Равшан Жээнбековдун да аралашканы айтылууда. Булардын терисине батпай, мактанып атканын уккан ЖКдагы тыңчыбыздын айтымында, бу "беш мушкөтөрдүн" башында Камчыбек Ташиев турат. Камчи кайран ушу күндө орустар менен казактардан алган саясатчыларыбызга тийиштүү биртоп компроматты басып отурат имиш. "Бригаданын" оюндары алда кандай болот - дагы убакыт көрсөтөт. Алдын ала божомолдорго көңүл бурсак, бул коалиция ураса, жаңы коалицияда социал-демократтарга орун жок болчудай.


Ахматбекти апаптачу жан барбы?
ЖК төрагасы Орусияга барып келгенден кийин Координациялык кеңештин депутаттарына "Мегакомду" ары же бери кылбасак болбойт, антпесе Орусия менен мамилебиз бузулат" деп жар салыптыр. Көрсө, орус өкмөтүндө жана думада отурган биртоп лөктөр жолугушууга барганда төраганы бурчка такап, кыйла сүзгүлөшкөн экен. "Мегакомго" кошкон 150 млн. долларыбыз кайда?" деп доолап. Өң-алаттан кеткен спикер келери менен "Өмүрбектин кишиси орустарга "президенттик шайлоого карата 50 млн. жашылбай бергиле, "Мегаком" толугу менен силердин инвесторлорго өткөрүлөт" деп сунуш кылыптыр, карап отурабызбы" деп үстөл муштап, жанында отурган Ф.Кулов, А.Жапаров баш болгон 10-15тей депутатты чоочутуптур. "Энекесинен" коркуп калган Келдибеков 120 депутаттын жана өкмөт мүчөлөрүнүн кимисинин кош жарандыгы бардыгын издеп табууга белсенгенин эшиттик.


Равшандын сулууларга сугу өткөндө

Өткөн аптада аялдардын эл аралык күнүнө карата фракция депутаттары журналист кыздарды, бейөкмөт уюмда иштеген айымдарды (Асия Сасыкбаеванын подружкелери), белгилүү теле алпаруучуларды чакырып, борбордогу ресторандардын биринде ой-да чартаңбай тебишкенин уктук. Айрыкча, Өмүрбек Абдрахманов беш сулуу айымдын ортосуна отуруп алып шараптан түрлөп алдырып, колтугуна ыктаган Нуржамал Бурхановага башкача бөйпөңдөптүр. Анекдот айтканбы же байкатпай кытыгылаганбы айтор, шаңкылдаган күлкүдөн отургандардын кулагы тунуптур. Ал эми өңүнүн жылмалыгы боюнча Бабановго эрегишкен Равшан Жээнбеков болсо, эки кыздан көзүн албай, көпкө телмирип отуруптур. Улам сөз ыргытып. Тийише сүйлөп дегендей. Айтор, сулуулар сезгенип калышпаса болду, эркектин сугу жаман дешчү эле...


"Жунхайда" атышуу болду
Бишкектеги "Жунхай" базарында милиция менен болгон кагылышта эки күзөт кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун бир мүчөсүн кармоо максатында "Жунхай" соода комплексинин территориясында жайгашкан бажы терминалына келишкен. "Меркурий" күзөт агенттигинин үч кызматкери куугунчуларды ал жерден кетишин талап кылган. Кызматкерлер өздөрүн тааныштырып, тиешелүү документтерин көрсөтүшүп, кызмат үстүндө жүргөнүн дагы түшүндүрүшкөн. Бирок, буга күзөт агенттигинин кызматкерлери орой жооп берип, алардын бири милиция кызматкерине электрошокер, дагы бири күч колдонгон. Кагылыш учурунда күзөт кызматкерлеринин бири милициянын табелдик куралын тартып алууга аракеттенген. Бул учурда милиция кызматкерлери курал колдонуп, натыйжада, эки күзөтчү жарадар болгон. Алар шаардык клиникалардын бирине жеткирилген.


Баланын сөөгү табылды
Ала-Арча суусуна түшүп кеткен 10 жашар Тынайбек уулу Алтынбектин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кечээ куткаруучулары сөөктү дүйшөмбү күнү 1-Май райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берди.Эскерте кетсек, бул бала 4-марттан 5-мартка караган түнү Ала-Арча суусуна түшүп кеткен. Анын сууга кандайча түшүп кеткени азырынча аныктала элек.


Р.Отунбаевага эл аралык сыйлык тапшырылды
Президент Роза Отунбаевага АКШнын мамлекеттик департаменти "Каарман аял" эл аралык сыйлыгын тапшырды. Тизменин башында турган Роза айым бул сыйлыкты АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун колунан алды. "Буга чейин бир да мамлекет башчыга мындай сыйлык берилген эмес, бирок Борбор Азиядагы алгачкы аял президент, Кыргызстандын лидери Роза Отунбаеванын эбегейсиз эрдигине, башкаруучулук жөндөмүнө, өжөрлүгүнө тан бердик" деди Хиллари Клинтон. Роза Отунбаевага бул сыйлыктын тапшырылышына каршылык көрсөтүп, өзбек укук коргоочусу Мутабар Тажиева 2009-жылы алган дал ушундай сыйлыгынан баш тартты. Ал "Роза Отунбаева июнь айындагы кыргыз менен этникалык өзбек улутунун кагылышуусун токтотуп кала алган жок, ошон үчүн бул сыйлыкка татыктуу эмес" деген оюн айтты. Айрым серепчилер Мутабар Тажиеванын бул кадамын кыргыз менен өзбекти чабыштыргысы келгендердин жасаган аракети катары баалашууда.


Коалиция кыйрайбы?
Коалициянын кыйрашы боюнча кептер байма-бай айтылууда. Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында, коалиция азыр "мына-мына бузулат" деп турат. Мындай пикирин ал Орусия Думасынан келген депутаттардын маалымат жыйынынан соң билдирди. "Мегакомго" байланыштуу Өмүрбек Бабановго карата айтылган айыптар боюнча соттун чечими жок кимди гана болбосун, айыптоо туура эмес болуп калат. Эгерде Ө.Бабановдун бул иш-аракеттерге тиешеси бар деген фактылар далилденсе, биз коалициядан чыгабыз" деди ал. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев дагы Улуттук биринчи каналга берген маегинде коалицияны бузууга кызыкдар күчтөр бар экенин жашырган жок.


"Мекен шейиттери": "Сот иши жандансын!"
"Мекен шейиттери" 7-апрель окуясы боюнча кылмыш иштеринин жанданышын талап кылды. Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлдөрү маалымат жыйында журналисттерге билдирди. Алар март айынын соңуна чейин 7-апрель окуясы боюнча соттук процесс жанданбаса, мыйзамда көрсөтүлгөн бардык чараларды колдонушарын эскертишти. "Мекен шейиттеринин" өкүлдөрү 7-апрелде демонстранттарды аткан деп айыпталып, кийин кое берилген "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкерлерин камакка алууну талап кылышууда.







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика