Улуттук таламдан бийик мыйзам жок

MegaCom: калпыс иштер прокуратурага такалуудабы?
Жаңы бийлик ар кайсы тармакта Акаев - Бакиев үйбүлөлөрү менен бири-бирине мурастап алган афералык схемаларды четинен ашкерелеп баштады окшойт. Биз билгенден Айдар-Максим өз чөнтөгүнө иштетип келген "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунан (эл ичинде кеңири айтылган бренд аты MegaCom) акыркы эки жарым ай арасында ондогон миллион долларды казынага кайтаруу мүмкүн болду. Компаниянын жаңы башкаруучуларынын айтымында, бул элден түшкөн миллиондорду арам амалдар менен чыгарып кетүү жолдорун бууп баштагандан түшкөн биринчи акчалар. Андан ары каза беришсе, дагы миллиондогон каражаттардын дайыны чыкчудай.
Бирок, Мегакомдун кардары катары, Кыргызстандын жараны катары бир катар суроолорго ачык жооп алгым келер эле. Биринчиден, былтыр Убактылуу өкмөттө прокуратура органдарын тескеген Азимбек Бекназаров не себептен бул компаниянын 49%ын гана улутташтырып, 51%ды ээлеген "Eventis Telecom Holing LTD" компаниясына "тиши" өтпөй калганын элге ачыктоого тийиш. Ооба, ал кишинин бул чет жердик компания, ага тийсек, Орусияга жаман көрүнөбүз, инвесторлор качат дегендей сөздөрүн укканбыз. Бизге жеткен маалымат боюнча, "Eventis Telecom Holing LTD" компаниясы дагы бир чакан постсоветтик өлкө - Молдованы да арам амалдар менен сызга отургузган экен. Орусия деле өз ишканалары башка жакка барып, арам иштери менен державанын абийирине доо кетиргенин каалабаса керек. Аны кантип эле баарын билген саясый ишмер, мыйзамдарды чемичкедей "чаккан" Азике-акебиз "Eventis Telecom Holing LTD" компаниясынын кыңыр иштерин билбей калсын?
Ооба, ал киши мен чет жердик ишкананын тек-жайын иликтөөгө милдеттүү эмесмин деп, четке чыга бериши турулуу иш. Эмне десе, "мен юристмин, укуктук негиз жок эчтемке кыла албайм" десе керек. Бирок, маселенин саясый да жагы бар эмеспи - ал киши бийликте жооптуу кызматты ээлеп тургандыктан, "Eventis Telecom Holing LTD" эмне компания, арты тазабы, же кыңыр иштерге аралашканбы, ошонун баарын териштирип туруп, саясый чечим кабыл алууга тийиш эле да.
Ал ал болсун. Азыркы прокуратура органдарынын ээлеген позициясы бизди таңдандырат. Алардын да жообу даяр - "биз чет жердик "Eventis Telecom Holing LTD" компаниясынын ишине кийлигише албайбыз". Андай дейин десең, Молдованын бийликтери бул таза иштебей, биз окшоп ансыз да боорун жерден көтөрө албай жаткан молдовандардын чөнтөгүн кактаган орусиялык компанияга катуу эле санкция кабыл алыптыр го. Анан эмнеге биз коркок билиш болушубуз керек?
Коркок билиш демекчи, айрым бийик даражалуу адамдар бери жактагы "пешкаларын" айдактатып коюп, "Мегакомдун" жаңы бийликтерине туш-туштан бут тоскондоруна караганда, ары жагында бирдемкеси бардай туюлуп да кетет. Болгондо да, бая "все дороги ведут в Рим" дегендей, бардык төтө жол Акүйдүн 7-кабатындагы кабинеттердин бирине, анан Башпрокуратурага барып такалып жаткан сыягы бар.
Айрым тили заарлар "биздин анча-мынча чоңдор "Мегакомдун" эски жетекчилиген бирдеме алып койгонбу (?) , болбосо чет жердик компаниянын таламын мынча талашпайт эле" деп жазып жиберишти. Мында логика да бардай, эмесе "Мегакомдун" жаңы башкаруучулары миллиондорду жалмап жаткан чет жердик компаниянын былыгын ашкерелеп, анын баарын элдик казынага буруп жатса, аларды дембе-дем суракка сүйрөп, коркутуп иштетпей жатканы эмнени каңкуулайт өзү?
"Мегакомдун" жаңы менеджерлери прокуратуранын кайсы кызматкерлери кайсы күнү суракка чакырып, анда эмне кептер болгонун, кимиси Акүйдө кимдин досу же тууганы экенин иликтеп жатышыптыр. Кудай кааласа, алардын баары жакында ашкереленет. Өлкөбүз, элибиз ким кимдин таламын талашып жатканын угат. Прокуратура адатта мыйзамдар жазылган китепти бетине калкалай калмайы бар, "биз мыйзамды гана карманабыз" депчи. Менимче, азыр өз чөнтөгүбүздөн чогулган байлыктын сыртка кетирбей, Кыргызстандын казынасына бургандан - улуттук таламдан бийик мыйзам жок.

Адилет Байшери уулу




  Көздүү мончок

Самара Сагынбаева, ди-джей:
"Жигитим мага мугалим..."

Самара Сагынбаева "Түнкү Белес" радиосунда "Үкүлөр шоу" программасын алып барат. "Жаштын тилегин берет" дегендей, жакында ди-джей теле жаатында да өз күчүн сынай турганын белгилеп өттү.

- Самара, ди-джей болуу максатың беле?
- Радио тармагына кокусунан келип калдым. Башында "теле алпаруучу болом" деп, Ассоль Молдакматовага таасирленип жүрдүм. Университетте окуп жүргөндө "Манас FM" радиосунун кеңсесине баш багып калдым. Ал жактан продюсер Кундуз Авашова менен таанышып, радионүн ашканасы тууралуу маалымат алдым. Ошол күндөн баштап, телени унутуп, радионун аурасына арбалдым. Мени бул тармакка жетелеген биринчи мугалимим Кундуз Авашовага ыраазымын.
- "Ди-джейлердин жумушу жеңил, акчасы көп" дешет...
- Мен буга кошулбайм. Көптөрү "силер, сүйлөп коесуңар, башка кыйынчылык жок" деп ойлойт. Ар бир кесиптин түйшүгү, жыргалы бар. Биздин жыштыкты бүткүл Кыргызстан угат. Тескерисинче, сүйлөгөн сөзүбүздө, окуган жаңылыктарда чоң жоопкерчилик бар. Эфирге чыгардын алдында, кызуу даярданып, ар кандай маалыматтар менен кабардар болушубуз керек. Адам болгондон кийин кээде өзүңө тиешелүү көйгөйлүү маселелер болуп, маанайың түшөт. Бирок, эфирдин талабы, күлүп-жайнап, угармандын көңүлүн көтөрүү. Иштин талабын аткаруу оңой эместигин ди-джейлер гана билет. Ал эми алган маянабыз башкалар ойлогондой, көп эмес. Эсимде, эң биринчи жолу эки миң сом айлык алгам.
- Элдин баары уктагандан кийин "Үкүлөр шоу" программаңар башталат. Уктабаган угармандар барбы?
- Башында "элдин баары уктап жатса, бизди ким угат?" деп чочулаганбыз. Көрсө, ар бир программанын өзүнүн угарманы болот экен. Туруктуу угармандар атайын уктабай бизди күтүп отургандарын айтат. Ал эми көпчүлүгү 24 саат кызмат кылган дүкөн, кафе-ресторан, дарыкана, ооруканада иштеген кызматкерлер. Түнкү саат он экиден таңкы алтыга чейин иштеп, күн менен түн алмашып калат. Күндүз сабакта, түштөн кийин майда-барат иштерди бүтүрүп, кээде эки-үч күн катары менен уктабай калам. Биринчи жолу түнкү эфирге чыккан күнү маршуртта баратып уктап калган элем (күлүп).
- Түнкү эфирде жалгыз калган күндөр болобу?
- Кесиптешим Самат Саралаев менен "Үкүлөр шоуну" алып барып калдым. Бир-эки жолу жалгыз калып, аябай коркком. Себеби, "КТРдин ээси бар" деп көп айтышчу. "Коркконго кош көрүнөт" дегендей, дааратканага жалгыз бара албай коркчумун. Чындыгында, угармандар менен түз байланыш болгон үчүн коркпой иштейм. Антпесе, чоң имаратта жалгыз калмак тургай, бир бөлмөлүү үйдөн жүрөгүң түшөт.
- Жигитиң жумушуңду кандай түшүнөт?
- Жигитим дагы кесиби боюнча журналист. "Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" дегендей, бири-бирибиздин ишибизди жакшы түшүнөбүз. Алгачкы эмгегин гезит тармагынан баштаган, азыр 5-каналда кабарчы болуп иштейт. Мен ага, ал мага мугалим. "Сен минтип туура эмес сүйлөдүң, мен мындай ката кетирдим" деп кемчилик айтып турабыз. Ал көбүнчө макала жазган жагына сын айтат.
- Эфир учурунда кесиптешиң Самат "Самара эрке, таарынчаак" деп калчу эле...
- Бир күнү саламдашкандан кийин экөөбүз эфир артынан урушуп кеттик. "Өзүң алып бар, болду эфирге чыкпайм" деп таарынып студиядан чыгып кеткем. Эфирде музыка жаңырып аткан. Аркамдан келип, узун залдан студияга чейин сүйрөп барган эле. Негизи мен табиятымдан таарынчаакмын. 5-класска чейин чоң энемдин колунда өсүп, айтканын бербеген эрке болуп чоңойдум. Чоң энемдин көзү өтүп кеткенден кийин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Баягы эрке Самара токтоо, ойчул кызга айланды. Чоң энемди жоктоп, куса болуп, көпкө кыйналып жүрдүм. Убакыт баарын дарылайт экен. Жакында эле бир тууган сиңдимди күйөөгө узатып, кайнеже болдум.
- Эрте жумушка аралашып, түйшүк тартканыңа өкүнбөйсүңбү?
- Бир туруп, "мен деле кенен-басып, ойноп-күлүп, студенттик доорду сүрсөм болмок" деп өкүнүп кетем. Шаарга келген күндөн тарта иштеп, эс алууга чыга элекмин. Бирок, белгилүү адамдардын маектерин окуп, эмгекке эрте бышып, ачуу-таттууну билип калганыма сүйүнөм.

Айнура Касымова