Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Жөн үйдөн - Акүйгө

ШЫПЫР
(Уландысы.
Башы өткөн санда)

"Все, все бегут от Жизни
только в этом причина
твоей скорби и печали
все люди
всяких вер наций и племен
так одурачены
отуманены
и околдованы
они спасаются от Жизни
а не от Смерти
это и есть
великая тайна сего мира…"
("На прощальное
письмо Габриеля Гарсиа Маркеса", Кубат Жусубалиев, 16 июля, 2000 г.)

Жообумдун уландысын жазаарда, алыскы Латын Америкасындагы колумбиялык Маркеске Алайдын тоолорундагы кыргыз Жусубалиевдин арнаган ушу саптарын эстедим. Мындан он бир жыл мурда кагазга түшүргөн экен. Көз жашын агызып, жүрөгүн канатып. Акындыгың бар эмеспи, Чыныбай, балким түшүнөрсүң. Бу жалган дүйнөнүн улуу табышмагы, Шайтан акенин баскынчылык амири менен мээлери шамалдаган, жүрөктөрүн жөөтуман баскан, сыйкыр азгырыгын ээрчиген, түркүн диндеги, улуттагы, уруудагы адамдардын Өлүмдөн эмес, а Өмүрдөн дыргаяктап качып баратканы жөнүндө жарыктык киши үшкүрүк, жалгыздык, кошок, кусалык аралаш күңгүрөнүп жатпайбы. Сен экөөбүздүн, Чыныбай, мүлдө кыргыздын, бүткүл адамзаттын бүгүнкү трагедиясын күүгө сала чертип олтурбайбы. Алайдын тоолорунда улуу от жагып коюп… А биздин укканга, токтоп, ойлонгонго убактыбыз жок. Чуркап эле баратабыз. Гезит аркылуу акыйнек айтышып, "сен шыпыр!", "өзүң жиндисиң!" деп отурсак кайдан чолообуз тийсин?
"Учурдун" өткөн санындагы мага тийишкен супер-калпыңа ачууланып, каяша жазганыма, жашырганда не, кубанганды, кыйратып салдым (!) деп дердейгенди мындай кой, көрпенделик сезимге алдырганым үчүн ичимен коңултактап, Рамакришна акылмандын бош кумарасындай аңгырап турам. Орусиялык Говорухиндин "Место встречи изменить нельзя" кинотасмасы эсиңдедир? Бандиттердин сары изине түшкөн капитан Жеглов-Высоцкий бильярд клубуна баш багып, Л.Куравлев ойногон ОПГ мүчөсүнө: "Разозлил ты меня окончательно, Копченный!" дейт эмеспи. Анын сыңарындай, сен дагы, Чыныбай, ошол Копченный сыяктуу жанды кашайтканыңа чыдабай кетпедимби. Анүстүнө гезитке экөөбүздүн кайым айтыш чыккандан кийин, бир топ замандашыбыз карама-каршы пикирлерди билдиришти. Бири "аксак" деп, экинчиси "таскак" деп. Кубат акеники белгилүү: "Это не твой уровень, Хозяйин, башкаларга акыл үйрөтпөй, өзүңдү биротоло тазалабайсыңбы". 90-жылдардын башында Университеттин филфагынан сени замдекандыктан кууп (эмнеге экендигин өзүң билесиң) ийген экс-шефиң, профессор А.Мусаев тилчилигине салды: "Өтө узартып, окурмандарга толук чайнап берем деп атып, аки-чүкүсүнө чейин түшүп кетипсиң. Азыркы Интернет доорунда, маалыматтар космостук ылдамдык менен тараган мезгилде мындай узун окуяларды сейрек адам гана окуганын унутупсуң". Саясат казанында кайнап жүргөн "Ата Мекен" лидери Ө.Текебаев адатынча шахматтык жүрүшүн жасады: "Жакында Европага чогуу барып, Чыныбай менен кеңири сырдаштык. Ничево эле жигит экен, биз тарапка тартылчудай, тийишпей эле койчу, досум, сен кыргыйдай тийчү Турсунбеков эмес, башкала-ар!". 8-мартта болсо үйүмөн сырдашкан Мелис адашым Карыбеков боор тарткан терең ойлорго жетеледи: "Эл "покояние" жолуна, кечирим суроонун рух дүйнөсүнө багыт алган Эшимкановду күтүп атышат. Чыныбай - сиздин деңгээлиңиз эмес. Кайра жаралуу нугунан кайра артка кайтпаңыз". Мындан 20 жыл мурда тартылган грузин Т.Абуладзенин "Покояние" тасмасын көз алдыга келтирип.
Ушинтишти. Буларды эринбей тизмектеген себебим, биринчиден - туура диагноз коюшту, экинчиден - "Шыпыр" макаласын жазып баштагандагы жинимди кагышып, мизимди жумшартышып, кыскасы, Чыныбай, сен жөнүндөгү бүтпөс дастандарды, фактыларды, окуяларды ийне-жибине дейре тизмектемей максатыман кайттым. Атейин жумшартып айтайын. Сени өтө жакындан билген бир "досуң" билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү катары 20 жыл мурдагы таржымалыңан тартып, аяктан миллиондорду кучактаган түрктөрдү ээрчите келип, эмнеге кайра ажырашканыңарды, комбинат, фирма, турак-жай жатаканасы, пансионат, курулушка байланышкан толгон-токой сот процесстерин кантип утканыңды, 2006-2007-жылдарында дүңгүрөгөн митингдерде түнкүсүн оппозиция штабына жашыруун барып, күндүзү Бакиевдерге чуркап, ишкерлер ассоциациясын кантип жетектегениңди, ЗАО "Акундун" башчысы катары башкы бухгалтериң Светлана Коновалова экөөңөр соңку алты жылда кандай салык төлөп, кимге канча көлөмдөгү продукция "оформить" эткениңер ж.б.д.у.с. айтор мен билбеген толгон-токой далилдерин том-том эпопея кылып көтөрүп алып келиптир. "Шыпырды" окудум, ошого кошуп жазыңыз" дейт. "Жок байкеси, "Асабам" боюнча доом эле жетиштүү, кааласаң өзүң чыгар гезиттерге" деп узатып койдум. Кыскасы, Чыныбай, менсиз деле баш ооруң жетиштүү экенине көзүм жетти. Андыктан экөөбүзгө гана тиешелүү окуялар менен чектелейин. Болгондо дагы жанагы "Шыпырга" сын айтышкан замандаштарымдын ойлорун эске алып, катуу кетпей.
Адегенде "Асабанын" жабылган таржымалын бүтүрөлү. Ошентип, 2000-жылы сен ышкырткандай, "гезитти Эшимканов сага саткан" эмес. Акаев бийлиги соттун укуругу менен муунтуп, очойгон миллиондогон айып салып, банкрот абалга жеткизген. Басылмабыз жабылаарга бир ай калганда, экөөбүздүн нарындык Н.Касиев, Т.Айтбаев, А.Шаршеналиев, А.Салымбеков байкелерибиз ортого түшүп, мени да тартипке чакырышып, бирок, Майрам апчебиздин каарынан бүжүрөгөн Акүйдүн кожоюндарына тиштери өтпөй койгон. Кыскасы, бийликтин кокосуна ийнедей сайылган "Асаба" акыры жабылды, гезиттин үлүштөрүн сен Ч.Турсунбеков, "Кыргызалтын" болуп бөлүп алдыңар да, президенттик администрациянын "барборос" планы боюнча сырттан башка журналисттерди жалдап, эч уялбай этпей эле "Асабаны" паспортун, жасалгасын, рубрикаларын эч өзгөртпөй, кайра элге чыгарып, тарата баштадыңар. Үч ай чыгардыңар. Оппозицияга кошуп бизди шыбап, ажону коргоп. Жаман оюңарда тартып алган басылманы эл баса калып окуйт (!) деп өзүңөрдү алдап, окурманды макулуктай көрдүңөр. Аныңардан майнап чыкпады. Жалган жасалма "Асабаңар" туулбай жатып туна чөктү. Ага да кылыңар кыйшайбады. Немистерди жеңгенсип асман менен басып калдыңар. Бүгүнкүнүн көзү менен турнабай салсак, "гезитти жоготом" жолуна түшкөн Акаев, албетте, уттуруптур, 2002-жылдагы Акүй жыйынында кыйкырганын унута электирсиң: "Аксы окуясы боюнча ушунча каражаты, күчү болуп туруп, мамлекеттик бийлик маалымат согушун ушу "Агым" гезити менен "Азаттык" радиосуна уттуруп койгонун моюнга алалы!" дебеди беле? А сен болсо Чыке балажан, албетте, уттуң. "Асабаны" чыгарымыш эткен акыңа "Акун" фирмаңдын чууларын тынчытып, бүтпөгөн сот процесстерин кыдырата ута баштадың.
А биз, үркөрдөй чыгармачыл топ үңүлдөп кошок кошуп жатып алган жокпуз. Оозубузга апакай скотч чаптап алып, Горький аксакалдын жанына барып пикет өткөздүк. Болгон мүлкүбүздү талап кеткениңе карабай, белди бекем буудук да, жаңы басылмабызды юстиция министрлиги 8 ай себепсиз каттабай кармаганына байланыштуу, журналистиканын кыз Сайкалы аттуу Замира Сыдыкованын "Республика" деген гезитинин аталышын (ал орусча чыкчу эмес беле) башыбызга кийип алып, 2001-жылдын этегине дейре "Асабанын" духун өчүрбөй, бийлик айласын кетирип турдук дагы, 16-ноябрда "Агым" болуп атырылып чыктык. Күбөлөрдү издеп не кыласың, Чыныбай, Кудайга шүгүр, көзү тирүүлөр азыр да алдыңкы сапта. Залкар Шаке Дүйшеевдин 60 жылдыгын дүңгүрөтө белгиледик эле, аяктан көрүнбөдүң. Алым Токтомушев - "Агымда", Баратбай Аракеев - "Фабулада", Түгөлбай Казаков - "Улутманда", Үсөн Касыбеков - "Айкын саясатта", Султан Жумагулов - "Азаттыкта", Кубат Оторбаев - УТРКада, Төлөгөн Карыкеев - "Лозунгда", Аскер Сакыбаева - "Агымда", Жолдошбек Зарлыкбеков - "Кыргыз маданиятында", Жылдыз Мусабекова - "Айат-прессте". Ушулар "Асабанын" байрагын желбиретишкен, ысык-суугуна чыдашкан, сенин баскынчылыгыңды баш чайкап карап турушкан. "Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска" демекчи, жоо сайган баатыр жоокерлер ушулар болчу, атагы гана Мелиске калган. Соттошсоң күбөгө ушуларды чакыр. Шыпырский жөөжомокторуңду бирден жиликтеп беришсин.
Тарых үчүн коомчулуктун көңүл сыртында калган 2-3 окуядан бир шиңгил мисалга тартайын. 2005-жыл, 24-март. А.Атамбаев экөөбүз түшкө чукул "Улан" кичирайонунан чыгып, Алмаз байкенин өөдөкү айылдагы жердештери, менин "Асанбай" шайлоо округумдагы он миңдеген жүрөгүндө жалы бар мекендештерибизди ээрчитип, грузовик машине үстүнөн алмак-салмак мегафон менен элге кайрылып, Акүйдү карай Байтик көчөсү менен түшүп келатабыз. Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн алдына жеткенибизде экөөбүздүн тең сотогой телефондорубуз жарыша шыңгырап калды. "Тездебейсиңерби, бизди борбордук аянтта ак кепкачандар ташбараңга алышууда, чамдагылачы!" деп Алмаз байкеме кыйкырган Роза Отунбаева экен. "Меке, кандайсың, эмне жардам керек, биз силерди ылдый жактан тосуп турабыз, элге суусундук даярдап койдук, кандай тапшырма болсо да айткының" деп мага күтүүсүздөн чалган сен эмес белең, Чыныбай? Беш жыл бою үнүң укпаган жаным бир чети өлө таңгалып, экинчи чети "буюрса ишибиз оңунан чыкчудай" деп кубанып, Атамбаев экөөбүз ал телефон чалуулар боюнча өз ара күлүп алганга да үлгүргөнбүз. (Сен ушундай окуяларды, сүйлөшүүлөрдү каратып туруп танганга уста экенсиң, Чыныбай, бирок оппоненттиңдин түпкү кесиби журналист экенин, айрыкча сен сыяктуулар телефон менен сүйлөшкөндө автоматтык түрдө диктафон үнжазгычтары жөн турбастыгын биле жүргөнүң дурустур?) "Ирония судьбы" деп, "тагдырдын тамашасы" деп айтканыбыз тегин эмес да. Ошол телефон чалгандардын бири бүгүн Өткөөл мезгилдин убактылуу президенти, экинчиси КСДП фракциясынын лидери. Бийликти мыкчыгандар. Жараткандын ичи кенендигин кыйытканым ошондон.
Экинчи окуя - 2010-жылдын 24-мартындагы Бакиевдин ынтымак курултайы. (Экинчи президент кеткен соң аткаминерлердин 90 проценти азыр жер сабап эле, үйбүлөлүк диктатурадан кордук көргөндөрүн айтып түгөтө албай байкуш болуп атышпайбы. Агезде "жыргал доор сүргөн" жалгыз мен эле окшойм, ал общий хорго кошулганга дитим барбады. Аза күтүп унчукпай олтурдум). Ошол курултайда мамлекеттик чиновниктерден жалгыз Эшимканов трибунадан чындыкты көзгө сайып, Исаковду, Петровка, Балыкчы күнөөкөрлөрүн камактан бошотуу, светтин кымбатташы, "Түндүкэлектро", "Телекомдун" сатылышы боюнча, Кыргызстан жардын кырында турганын какшап жатканда, "ушул сунуштарымды резолюцияга киргизгиле" деп төрдөгү президиумга (жанында Бакиев отуруп) атырылганымда, - курултайдын бакандай делегаты Ч.Турсунбеков эмне кылып жатты эле? Ишкерлер кошунун атынан "Шоро" байкени (Т.Эгембердиев) чыгарып, бийликти мактата бапылдатып, Чыныбай өзү болсо ажого дүркүрөтө кол чаап, каалаган чечимдерине кол көтөрүп мантайып отурганын КТРден көрбөй калсаңар, мага кайрылгыла. Ал тасманы суктанып карап коем. Же муну дагы танасыңбы, балажан? Мен го желмогуз, бокочо, кечээ "Эл сөзү" жазгандай, "баскан изимди кетмендеп эле салчу киши" экенмин, 25 жылдан бери төө бастыга алынган жагынан чемпиондукту бербей жатыптырмын, мунусуна да макул дейин. Сен дагы Эшимкановду "кайсы бир партияга тартылса, шайлоочулардын алдында аброй түшүрчү оен" катары бүтүм чыгарыптырсың, жолдош Турсунбеков-Шариков. Боптур дейли. А өзүң кээде күзгүгө каранасыңбы? Ноу проблем?..
Соңку мисал. Бир ай мурда жаңы бийликке ызырынгандардын быкый операциясы менен, атайын бирөөлөр "постанова" жасап, "Айат-пресстин" башредактору, КСДПынын эң активдүү күжүрмөнү, парламенттик тизмеңерде 40-орунда турган, балбан мүнөз карындашыбыз Жылдыз Мусабекованы эки күнгө СНБ камакка алганын "Дело№" басылмасы жазып чыкты. Үч Мелис байкеси (Турганбаев, Карыбеков, Эшимканов), кесиптештери, жердештери, туугандары чуркашты, Жылдыз эгерим тапанча такаса да мындай жорукка барбастыгын билген үчүн. Сот болгондо Р.Момбеков менен Б.Отунбаев (ажо айымдын иниси) кепилдик кат жазышып, А.Атамбаевдин биртууганы Эмил болуп тикесинен тик турушту. А партиялаштарын коргой турган КСДП фракция лидери Ч.Турсунбеков болсо "сөзсүз келем" деген боюнча куйругун түйүп, караанын көрсөтпөдү. Бул эмнени билдирет?
Фракция лидери демекчи, парламенттеги өз партиялаштарың сага ишеним көрсөтпөө боюнча А.Атамбаевге расмий кат киргизген экен, Чыныбай, аны сен "Исаков менен Ниязалиеванын интригасы" катары жөөжомок шыпырганга үлгүргөнүң үчүн, башын тырмаган Атамбаев кимге ишеништи билбей калыптыр. Алиги мага жазган атактуу билдирүүңдө: "Мелис мырзаны партияга, Атамбаевге кудалаган жалпы тааныштарыбыздын жана досторубуздун аягы үзүлө элек!" деп калың илеп белгисин койгон экенсиң, кайраным. Бир чети сүйүнүп калдым, мындай чоң жиндиге жан тарткан ал кайсы тааныштарыбыз менен досторубуз болду экен?- деп.
Айтмакчы, 2000-жылды эскергенде "Редакторлугун мыкты журналист катары Жумабек Медералиевге тапшырды" депсиң. Мунуңа кошулам. Журналист катары да, адам катары да мыкты болгону үчүн, ортобузда сен экөөбүздөй иттик кетпегени үчүн Жукени кесиптештериме кошуп, январда чайга чакырдым. Бул факт сен кайсалактап дубалды сүзгүлөп, адамгерчиликтин эң жөнөкөй эрежелерин жоготуп ийгениңе мисал боло алат.
Он беш жыл мурда сендей дагы бир кошоматчы Акаев менен Акүйгө таянып, биздин "Асабага" асыла бергенинен кадимки Шаке Дүйшеев: "Көчүгүңдү Акүйгө такай бербесеңчи, ал үйдүн таштары мрамордон эле, өтө муздак болчу эле, байкасаңчы деги, геморрой кармап калба!" деп айткан. Сен дагы Чыныбай, бүгүн Атамбаев менен Акүйгө таянып калыптырсың. Байкасаңчы…
Артюр Рембонун "Бит караган секелек кыздар" деген ыры сымал, бул макала сөрөйүм улуулук менен пастыктын ортосунда жарык издеген жандын адашуусундай жазылды. Айып этпегиле. Тамтуң баскан баладай жазганды кайра үйрөнүп жатканымды эске алгыла. Бара-бара көч түзөлөөр. Кубат акенин авангард саптары менен баштадык эле, ошол кишинин кыргыздар кашайып окубай койгон "Жети сөз жана Конфуций" аттуу китебинен алынган саптар менен бүтүрөлү: "Истина освобождает человека. От чего освобождает? Как думаешь? От налога, от преступлений ли?.. и т.д. Подумай об этом…"
КСДП фракция мүчөлөрүнө чын ниеттен көңүл айтып,

Мелис ЭШИМКАНОВ



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования