Кыргыз гезиттери



Орустардын жинин кашайтып баратабыз
Орусиялык инвесторлор тарабынан ачылган "Печки Лавочки", "Запорожская сечь" аттуу ресторандар өрттөнүп кеткени маалым болду. Бир жагынан "Мегакомдун" айланасындагы талаш-тартыштар ырбап, кыргыздарга Кремль лөктөрү тиш кайрап атышканда, биягынан ресторандар жарактан чыгып, шаабайга суу себилгендей абалдабыз. Ансыз да үлкөн инвесторлор Кыргызстандагы опурталдуу кырдаалдардан чоочуп атышканда, "өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп", эми тыш бизнесмендердин кирешесинен куржалак калчудайбыз. Минтип отурсак, өлкөбүзгө инвестиция кириши күмөн... А эки ресторанды кимдер өрттөдү ыя? Жаңы бийликке көө жаап, орустар менен ойрон салгысы келгендерби?


Жекшенкулов 7-кабатта эмес, 11-кабатта
Соңку убактарда Улуттук Конгресстин иши катуу жанданып, лидери Аликбек Жекшенкуловдун айланасына карапайым эл ичинен чындыкты издегендер топтоло баштаганы байкалууда. Баса, Жекшенкулов жаңы офиске (Москва-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишине) кирип, 11-кабаттагы евроүлгүдөгү жайда иш алпарууда. Айрымдар тамашага чалышып, "Алике 7-кабатка чыкпай эле 11-кабатка ашып кетти го" дешүүдө. Кыязы, саясат менен катуу алпурушкан А.Жекшенкулов жазгы саясый оюндарда Ф.Куловду колдойбу, же А.Атамбаевге боор тартабы? Ушул жагы табышмак болууда...


Рысалиевдин креслосун Жакыпов ээлейби?
Элдин эсинде "жаргон" сөздөрү менен боорду эзген Зарыл Рысалиевдин кызматтык карьерасы бүтүп баратканы байкалып, анын ордуна талпынган талапкерлердин эрегиши күчөгөн чак. ИИМдин оор жүгүн баш милийса тартып кетүүдөн чарчап, өзү дагы психологиялык жактан даярданса, бир жагынан Роза апчесинин жемеси да кызматтан кетүүсүн тездеткендей шекилдүү. Эпостогу "эрдиги бар, эси жок" дегендей, Рысалиев бийлик төбөлдөрүнүн буйругу менен кримдүйнөгө согуш ачып алып, бир жагынан анысы да бушайман жаратып, айтор, ушу күндөрү баш маң болгону жашыруун эмес. Торпедо сымал криминалдарды "шилеп" кирди эле, мунусу шефтерине маданияттуу көрүнбөй, кыязы, "Зарылдын ордуна билимдүү, эл астында уят кылбаган министрди шайлайлы" деген каңкуу кептер жогортон угулуп, ордуна орун басары Жеңиш Жакыповду дайындашары күтүлүп калыптыр. Ээрден ооп калса, Рысалиевге алдын ала кайрат айтмакчыбыз!


"Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат"
Кезинде Алмаз Атамбаев менен таңдай татышкан дос, эски режим тушунда Курманбек Бакиевге кызматкер болуп ийилген Туйгуналы Абдраимов саясый оюндарга жылжып кирип, "Ата-Журт", "Ар-намыс" партияларынын чоңдору менен тымызын соодалашып, Чүй облусуна губернатор болууга ашыкканы каңкууланууда. "Дос айрылат, сөөк кайрылат" дейт кыргызда. Анын сыңарындай, Туйгуналы мырза убагында кызмат үчүн Атамбаевди таштап, Бакиевге өтүп кетсе, эми коалиция курмандыгы менен жаңы креслого секирүүгө үмүт байлап калыптыр. Ой тоба-а! Анан калса "Атамбаевге каршы элди көтөрөм!" дегени чынбы? Аргасыздан "айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат" деген лакапты эстейсиң.


"Баягы Асаба" катталды
Жакында эле Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өтүп, козу карындай жайнаган гезиттердин катарын "Баягы Асаба" гезити толуктады. Анын негиздөөчүсү кадимки эле Мелис Эшимканов экен. Эмне үчүн "Баягы Асаба" экенин окурмандар деле билсе керек. Гезитибиздин өткөн санына Эшимканов менен Чыныбай Турсунбековдун "Асабаны" талашуу тарыхын жазганбыз. Бул маалымат боюнча Мелис мырзанын өзүнөн сураганыбызда: "Кеңсе, компьютер, кадрлар боюнча ойлонуп жатам. Чыгара турган болсок, нускасын эң кеминде 50 миң-100 миң кылып чыгарам, болбосо чыгарбайм. Азыркы саясый абал турукташса, балким апрель, майдан баштап чыгарып калаттырмын" деп билдирди. Аны менен катар бүгүнкү гезиттердин катасын кайталабай, майда-чүйдөгө түшпөй, улуттук дөөлөттөрдү туу туткан гезит кылууга аракет жасап жатканын жашырбады.


Президенттин жанынан карыш чыкпаган Байсалов
Роза Отунбаева Орусияга барса оң жакта, Америкага барса ал жакта жүргөн Эдил Байсаловдун жүрүшүнө таңгалгандар чыгууда. "Эмнеге ыя?" дешип. Президент айымдын жанынан карыш чыкпай калган Эдил досубуз азырынча журналисттик кесипти аркалап, ошонун кудурети менен эле шуулдап расмий визиттерге кошулуп атканын түшүнбөй калышса керек да. Байсаловдой жол тапкыч болсоң, эл-жер көрүп, дүйнөнү кыдырганга не жетсин?







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика