Учурмаек

Феликс КУЛОВ, "Ар-намыс" партиясынын лидери:
"Президенттикке ат салышпайм"
- Феликс мырза, кечээ интернетте " коалициядан КСДП чыгарылып, калган төрт партиядан турган жаңы коалиция түзүлөт экен" деген маалымат чыкты. Бул маалымат негиздүүбү?
- Коалиция бүгүн үч партиядан түзүлсө, эртең төрт партиядан түзүлүп калышы мүмкүн. Бул биздин Конституцияга ылайык мыйзам ченемдүү нерсе. Мындай көрүнүштү жамандыкка жорууга болбойт. Конституцияга ылайык, оппозициялык блоктор сөзсүз түрдө болушу керек. Эртең эле коалиция кулап, өкмөт өзгөрүп кетиши да ыктымал, буга таң калбаш керек. Башка өлкөлөрдө дагы бир жылда коалициялар тез-тез алмашкан учурлар болот. Айрым учурларда же коалициясы түзүлбөй, жаңы өкмөт түзүлбөй, эски өкмөт иштеп турган жагдайлар да кездешет.
- Азыркы коалиция кыйрайт деген коркунуч барбы?
- Азыркы өкмөттүн дарегине "экономикада өзгөрүү жок, профессионалдуу эмес, гендердик маселеге көңүл бурулган жок, майда-чүйдө штаттардан бери бөлүштүрүп алышты" деген көп сындар айтылып атканын жакшы билесиздер. Азыркы өкмөткө тынчсызданууга негиз бар. Бул кемчиликтерин тез аранын ичинде оңдобосо, кыйрап калышы мүмкүн.
- "Ар-намыс" фракциясы дагы коалицияга кирип, сизди Өмүрбек Бабановдун ордуна 1-вице-премьер-министр болууга даяр экен деп уктук...
- Жок, бул тууралуу такыр сөз болгон жок.
- Негизи сизге премьер-министр болуу мүмкүнчүлүгү келип калса, макул болосузбу?
- Бул вариант болушу мүмкүн. Беш партиянын ар биринин өзүнчө идеялары бар. Бийликке умтулбаган партия - партия эмес. Өзүнүн программасын аткаруу үчүн, бийликке жетүү үчүн ар бир партия аракет кылат. Партиянын максаты ошондой да. Калп эле "биз бийликке жулунбайбыз" дегендин кереги жок...
- Азыркы коалициялык өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Эл бул өкмөткө эч кандай жакшы баа берген жок. Ошон үчүн мен эл тараптамын.
- Сиз "эгер мен өкмөттө болсом, миллиард доллар тартып келем" дегендей кеп айттыңыз беле? Ал акчаны кайдан табасыз?
- Бул маалымат бир аз туура эмес. "Таза башкаруу болсо, коррупцияга каршы иш башталса, бюджетке келип түшкөн акчаны көбөйтсө болот" деп айткам. Башка жактан акча тартып келгенде жаңы карыздар пайда болот. Мен жаңы карыздардын пайда болушуна каршымын. Негизинен инвестицияларды тартуу керек, бирок, ошол эле учурда көз карандысыз болуп калуу аябай маанилүү. Премьер-министр болуп турганда ХИПИК программасына кирүү демилгеси көтөрүлгөндө, "бул программага кирсек, Африка өлкөлөрүндөй болуп, көз карандыда калабыз" деп чыгышкан. Чынында бул программанын маанисин эч ким түшүнгөн эмес. Көптөгөн өлкөлөргө донор өлкөлөр улам насыяларды берсе, улам уурдап, ал акчаларды жеп кое беришкенинен улам ушул программа чыккан. "Силер уурдабай турган мыйзамдарды кабыл алсаңар, биз карызыңарды жоебуз" деген шарт коюшкан. Мисалы, бизге "энергетикадагы жоготуу 40%ды түзөт экен, жок дегенде бул көрсөткүчтү 10%га кыскарткыла" деп айтышкан. Ошондой эле алтын кендеринде эмне болуп атканын эч ким билбейт. Ошону коомчулуктун алдына ачык чыгарып, уурулукка бөгөт койгон жакшы мыйзамдар кабыл алынса, ошол донор өлкөлөр карыздарынан кутулууга жардам беришет. Биз бул шартка макул болгонбуз, бирок, айрымдар "жо-ок, биз башкаларга көз каранды болуп калабыз" деп чыгышкан. Бир дагы өлкө, АКШбы, же Кытайбы (?) инвестициясыз жашай албайт. Ошондуктан инвесторлорду тартып келип, ошол эле учурда көз карандысыздыгыбызды сактап калуубуз керек.
- Бир топ саясатчылар биригип, сизди президенттик шайлоого алып чыгууга кам уруп атканынан кабарыбыз бар. Президенттикке ат салышасызбы?
- Жок, мен президенттик шайлоого чыкпайм.
- Азыркы Конституция боюнча президенттин укуктарынын чектелип калышынан ушул чечимге келген жоксузбу?
- Абдан туура айттыңыз. Азыркы Конституциядагы президенттин укуктарын карап отурсаң, ага пенсияга чыккан бирөө барышы керек деп ойлойсуң. Ачык эле айтып коеюн, менде иштегенге энергия жетиштүү, ошондуктан, жөн эле отура бербей, активдүү саясат менен алектенгим келет. Конституцияга ылайык, президенттин партиясы болбош керек. Менин артымда партиям турат. Ошондуктан, президенттикке ат салышпаймын деп чечтим. Биринчи коалиция дароо эле кыйрап, экинчиси түзүлүп атканда, "кандай шарттар менен коалиция түзөбүз?" деген маселени фракциялардан түзүлгөн жумушчу топ иштеп аткан. Ошондо биз "ким премьер-министр болом десе, ал президенттик шайлоого катышпайм" деп сөз берип, өлкөдөгү стабилдүүлүктү камсыз кылып, президенттикке ат салышкан калган талапкерлерге калыс карап, таза шайлоо өткөрүлүшүн камсыз кылсын" деген шарт койдук. Анткени, премьер-министр болуп туруп, анан шайлоого барса, административдик ресурс баары бир иштейт. Бирок, бул сунушубуз кабыл алынган жок. Тилекке каршы, премьер-министрибиз мындай убаданы дагы берген жок.
- Сиз шайлоого барбасаңыз, анда кайсы талапкерди колдоп чыгасыз?
- Муну партия чечет.
- Сизди президенттик башкаруунун жактоочусу дегенге болобу?
- Биз Конституцияны өзгөртүү боюнча сунуш киргиздик. Эл бүгүн беш партия спирт заводго чейин бөлүштүрүп алганына нааразы. Ошол беш партия шайлоочулардын 37%ынын добушун алышкан. 50%га да жеткен жок. Ошондуктан, Жогорку Кеңешке кандайдыр бир партиялардын эмес, аймактардын кызыкчылыгын коргогон дагы бир палатаны киргизүү демилгесин көтөрдүк. Бул Элдик Курултай болсун дедик. Эки палаталуу Жогорку Кеңеш болгондон кийин президенттин укуктарында дагы бир аз өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мисалы, президент ички жана тышкы саясатты аныкташы керек, жергиликтүү мамлекеттин администрация жетекчилерин премьер-министрдин макулдугу менен президент дайындашы, же бекитиши керек. Мына болгону ушул. Бул бийликти узурпациялоо эмес да.
- Баары ошондон башталган да. Акаев дагы, Бакиев дагы өзүнүн укуктарын аз-аздан кеңейтип отуруп, супер президенттик башкарууга жетпедикпи?..
- Туура айтасыз. Президент дагы укуктарын кеңейте баштаганда ошондой болуш керек. Эгерде президент кошумча укуктарды сураганда жаңы шайлоо жарыялоо зарыл. Азыр бардык укуктар парламентте болуп атат. Ошолордун айрымдарын алып, Элдик Курултайга берүү шарт. Биринчи палата өкмөттү курап, мыйзамдарды кабыл алып, экономиканы карап турушу керек. Ал эми экинчи палата болсо, аймактарды өнүктүрүү маселелерин карап, аткаруу органдарынын отчетторун угуп, иштерине баа берип, сот органдарын, эсеп палатасы сыяктуу тармактардын көз карандысыздыгын сактап, көзөмөлдөшү зарыл. Ошондо тең салмактуулук болот.
- Сизге мамлекеттик тилди билбегениңиз боюнча көп сындар айтылып келет. Премьер-министр болгондо "үйрөнүп жатам" дедиңиз эле. Качан үйрөнүп бүтөсүз?
- Ачык эле айтам, кыргызча толугу менен түшүнөм, бирок адабий тилде эркин сүйлөй албайм. Турмуш-тиричиликке байланыштуу сөздөрдү сүйлөйм.
- Мурда баары сизди "темир генерал" деп аташчу, кийин "желим генерал" деп калышты. Бакиевдер менен жакын болгондуктан ушул атка ээ болдум деп ойлобойсузбу?
- Саясат футбол сыяктуу да. Жеңип алсаң - жакшысың, жеңилсең - жамансың. Айрымдар бат унутат экен. Бакиев президенттик шайлоого чыгып аткан кезде баары "тандем жакшы, Түндүк-Түштүктү бириктиресиңер" деп айтышты. Кийин бир аз иштеп, мен кеткенден кийин, "Кулов эмне үчүн дагы эле Бакиев менен жүрөт, Бакиевдин кишиси экен да" деп чыгышты. Эл ошол кезде стабилдүүлүк үчүн тандемге добуш бергенин унутуп калыптыр. Убакыт өткөндөн кийин "Кулов Бакиев менен бирге экен, "темир генерал" эмес экен" деп айтышты. Элдин көпчүлүгү билбейт. Мен премьерликтен кеткенде жаңы Конституция болгону менен эски парламент иштеп турган болчу. Биздин Бириккен Фронттун бирден-бир максаты жаңы парламенттик шайлоону жарыялатуу болчу. Бириккен Фронттун талабы болбосо парламенттик шайлоо болмок эмес... Кийин биз саясый амбицияларыбызды жыйнаштырып, экономиканы көтөрүүгө жардам берели деп чечтик дагы, орто жана чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча өзүбүздүн программабызды сунуш кылдык. Мамлекеттен бир тыйын албай, долбоорлорду иштеп чыгып, инвесторлорду тартып келдик. "Бакиевди сындаган жок, демек, "темир генерал" эмес экен" деген айрым "сынчылардын" чыгарганы. "Темир генерал" деген жөн эле куру сөз менен бийликти сындабай, иш менен көрсөтө алган адам.
- Сиз айтып атасыз, "биз митингге чыкпасак, 2007-жылдын декабрындагы парламенттик шайлоо жарыяланмак эмес" деп. Бул шайлоо жарыяланганы менен, тескерисинче, эл уттурду го дейм. Анткени, парламентте көпчүлүктү бийликтин "Акжол" партиясы ээлеп албадыбы?..
- Туура, бул башка кеп. Шайлоонун жарыяланышы боюнча утканыбыз менен, шайлоонун таза эмес өткөндүгүн алып караганда уттурдук. Реалдуу жыйынтыктар боюнча биз "Акжол", "Ата Мекен" партияларынан кийин үчүнчү орунду алганбыз. Бирок, саясый интригалар менен жыйынтыктарды бурмалап салышты. Бакиев ошол шайлоонун жарыяланышын өзүнө пайдаланып кетти. Бул такыр башка маселе...
- Азимбек Бекназаров өзүнүн жазып жаткан китебинде "Бакиев-Кулов тандеми кандай себептерден улам түзүлгөнүнүн сырын айтам" деди. Тандемдин "Түндүк-Түштүктү сактап калуу максатында түзүлгөн" деген себебин угуп эле жүрөбүз. Андан башка кандай жашыруун сыр бар эле?
- Тандем маселеси боюнча ошол кезде Азимбек Бекназаров экөөбүз бир квартирада жолугуп сүйлөшкөнбүз. Бул сүйлөшүүнүн күбөсү дагы бар. Азимбек "сизди эл сыйлайбы, сыйлабайбы - башка кеп. Азыр маселе башка. 14 жыл түндүктүктөр башкарды. Биз, түштүктүктөр революцияны баштадык. Биз чыккан үчүн сиз түрмөдөн бошодуңуз. Ошон үчүн президенттик шайлоого чыкпай, тандемге макул болуңуз. Ушул жол туура болот" деп айтты. Башка жашыруун сыр деле жок. Азимбектен башка адамдар дагы ушул сөздү айтышты. Мен түрмөдөн жаңы чыккандыктан тобокелге барбай, ошол шартка макул болдум.
- Бакиевдин бийлигине каршы Фронт түзүлүп, митингдер болуп аткан кезде сизди "элди таштап качкан" деп мына Атамбаев баш болгон саясатчылар айтып келишет. Ошондо неге чын эле эл менен болгон жоксуз?
- Мен эч жакка качкан эмесмин. Күндүзү саат төрттөрдө элдин алдына чыгып сүйлөдүм. Провокаторлордун Акүйдү басып алууга үндөгөн кыйкырыктарын уктум. Мен ошондон кийин штаб башчыларын чогултуп, "биздин парламенттик шайлоо жарыялансын" деген талабыбыз аткарылды, эртең кечинде митингди таратыш керек" деп айттым. Бирок, алар кете электе эле милиция таркатып баштады. Провокаторлор милиция тарапка каршылык көрсөтүп, чагымчылык кылышты. Биздин "Акүйдү басып алабыз!" деген оюбуз да жок болчу, эгер ошондой оюбуз бар болсо, жигиттер милицияны жарым саатта таратып салышмак. Бакиев атайын түштүктүк спецназдарды алып келиптир, анан мага жигиттер келиптир "мына Бакиев элди Түндүк-Түштүккө бөлүп жатат, биз Акүйдү басып алалы" деп, мен "жок, андай жолго барбайбыз, кетишибиз керек. Эгер таркап кетпесек жаман болуп кетиши мүмкүн" деп айттым. Мына эми ошол күнгө кайрылып көрөлү. Биз Акүйдү басып алып, Бакиевдерди кууп чыга турган болсок, эмне болмок эле? Бакиевдин дагы тарапкерлери бар да. Биз анда мамлекетти Түндүк-Түштүккө бөлүп салмакпыз. "Темир генерал" аларга каршы чыккан жок" деп айтып калышат. Мен айтат элем, алсыз генерал ошол шартты түшүнүп туруп, аларга каршы чыкмак, "Темир генерал" элдин тынчтыгын камсыз кылат.
- Сиз ошондо митингчилерге "бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилет" деп айттыңыз эле. Эмне максатта бул сөздү айткансыз?
- Мен Конституциялык жолду айткам. "Президент жаңы шайлоолорду жарыялайт, ошентип тынчтык жолу менен биз бийликти алабыз" деп айткам.
- Алмазбек Атамбаев менен жеке мамилеңиз кандай? Сураганымдын себеби, экөөңүздөр каршылаштардайсыздар...
- Жок, мен эч качан ага каршы сөз сүйлөгөн эмесмин. Ал жаш, ошондуктан анча-мынча жеңилдик кылып койчу. Азыр антпей калды. Ал менин дарегиме эле эмес, башка саясатчыларга карата дагы ар кандай сөздөрдү айтчу. Жаштык кылып койду деп ойлойм. Мен өзүм эч кимдин дарегине жаман сөздөрдү айтпайм. Бул менин принцибим.
- Кримавторитет аталып жүргөн Рысбек Акматбаев өлөөрдөн мурда Азиз Батукаевди "короновать" этти дегенде машине белек кылганыңызды айтып чыккан. Белек бергениңиз чынбы? Негизи Азиз Батукаев менен кандай мамилеңиз бар эле?
- Жок, бул провокациялык сөз. Мен Ички иштер министри болуп турганда, тартип катуу болуп, криминал деген жок болчу. Рысбек Акматбаевдин чыгышына бакиевдер жардам берген. Мен анын баш көтөрүүсүнө жол бербеген үчүн ушундай сөздөрдү айтып жатат да. Азиз Батукаев менен эч кандай мамилем жок, тааныбайм дагы. Ал көп жылдар бою түрмөдө отурган. Мен аны Рысбек Акматбаевдин иниси депутат Тынычбек Акматбаев өлтүрүлгөндө биринчи жолу көргөм. Ички иштер министри болуп турган Мурат Суталиновду издеп калдым, ага байланышка чыгып, "ВЧ боюнча чалсам эмнеге албайсың?" десем, "колонияга баратам" дейт. "Эмнеге?" десем, "депутат Тыныч Акматбаевди колонияда барымтага алышыптыр" деди. "Президентке айттыңбы?" десем, айтпаптыр. Анан мен өзүм чалып айтсам, ал киши айтат "депутат болуп атса, жок дегенде сен барып кой" деп. Барсам, эч ким колонияга кире албай туруптур. Суталинов "бир жарым сааттан кийин спецназ келет, ошолор менен киребиз" дейт. "Барымтадагылар тирүүбү?" деп сурасам, билбейт экен. "Биз кирсек, аларды өлтүрүп коюшсачы? Андан көрө алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар эмнени каалап атканын билүү керек да" дедим. "Алар менен байланышка кантип чыгуу керек?" десем, колония башчысынын орун басары "алардын телефону бар" дейт, чалып көрүп, "албай жатат, алар менин номеримди билишет да" десе, мен таң калдым. "Силерде тартип ушундайбы?!" деп. Анан менин жардамчымдын номеринен чалып, өзүбүздү тааныштырсак, "Кулов менен сүйлөшүүгө даярбыз" деп айтышты. Жардамчымды, колония жетекчисинин орун басарын жаныма алып, сүйлөшүүгө кирдим. Биз киргенге чейин эле Тынычбек Акматбаевди өлтүрүп коюшкан экен... Рысбек Акматбаев Бакиевдердин көрсөтмөлөрү менен мага каршы ушундай сөздөрдү айткан да. Анткени, анын моюнунда канчалаган адамдардын өлүмү турган, ал мени жоопкерчиликке тартат деп корккон.
- Юбилейиңизде Бакиевдерден кымбат баалуу джип машинесин белекке алганыңыз чынбы?
- Мен деле ошол джипке түшүп алып, ары-бери чапкылагым келет. Тилекке каршы, андай джип берилген эмес. Ошол тууралуу сөздөр эле болуп жүрөт, джиптин өзү жок.
- Мелис Эшимканов көшөгө артындагы сиздин кеңешчиңизби?
- Мелис Эшимканов абдан акылдуу киши, таланттуу журналист. Муну моюнга алуу керек. Ар бирибиздин кемчилигибиз бар. Мелис Эшимкановду башкалар сындай берсин, бирок, мен аны дайыма мактайм.
- Үйбүлөңүз тууралуу өзүңүз айтпаганыңыз менен массалык маалымат каражаттарында жазылып келет. Уулдуу болгонуңузду, жубайыңыз тууралуу өз оозуңуздан уксак... Жубайыңызды уйгур, чечен дешти...
- Биринчи жубайымды дагы "улуту ким?" деп көп сурашчу. Азыркы жубайымдын чоң атасынын аты Момокон, өзүнүн атасынын аты Корош. Ушундай аттар оруста, же уйгурда болсо, ошол улутка киргизип кое бергиле. Мындай аттар кыргыздардан башка улуттарда жок. Жакында уулумдун жентек тоюн бердим. Тойго кайната, кайненелерим да келди...
- Адигине уруусунан деп уктук...
- Кайсыл уруудан экени мени кызыктырбайт. Укмуш уруунун кызы болсо дагы жан дүйнөсү начар адам болсо, анын кимге кереги бар? Эң башкысы, жакшы адам, жакшы жар болсо болду.
- Сизден канча жаш кичүү?
- Абдан жаш. Менден 25 жаш кичүү.
- Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
- Уулумдун атын Даниел койдум. Экинчи жубайымдан Даниелге чейин Даана, Сара деген кыздарым бар. Биринчи жубайымдан Сейтек деген уулум бар болчу, 13 жашында каза болуп калган...
- Мурунку жубайыңыз менен ажырашып кеткенсизби?
- Ооба, расмий түрдө ажырашканбыз. Мен бир эле учурда эки аял менен жашоого каршымын. Биринчи жубайым менен дагы мамилебиз жакшы. Балдарым үйүмө келип турат.
- Кызыңыз Жамиля бельгиялык еврейге турмушка чыкканы чынбы?
- Жок, тилекке каршы, турмушка чыга элек. Бельгиялык болобу, еврей болобу (?), кызым турмушка чыгып, бактылуу болсо деп тилейм. Кыздарга "кыргыздарга гана турмушка чык" деп чек койбош керек. Ал эми эркектерге келгенде, бул башка кеп.

Маектешкен
Дилбар АЛИМОВА