Илим Карыпбеков, "Мегаком" компаниясынын генералдык директорунун юридикалык маселелер боюнча орун басары:
"Жан дилим менен коргогон журналисттер каршы чыгышты"
- Сиздерди "Мегаком" компаниясын баскынчылык менен басып алды" деп жатышат. Буга кандай жооп бересиз?
- "Баскынчылык кылды" деп кайсы бир адамдардын тобу айтып жатат. Ал топ белгилүү - "Мегакомдун" мурунку жетекчилиги. Бул компаниянын жетекчиси Андрей Силич жана анын орун басары Александр Бороздинге финансы полициясы кылмыш ишин козгогон. Эмгек кодексине ылайык, жаңы жетекчи келгенден кийин орун басарларын, башкы бухгалтерин алмаштырууга укуктуу. Ошентип бир-эки кызматкер алмаштырылды, дагы экөө-үчөө өздөрү кетти. Азыр массалык маалымат каражаттарына чаң ызгыткан буйрук материалдарды берип жаткан ошол кишилер. "Баскынчы" дегенден башка негиздүү бир аргументтерди айта алышкан жок. Айта турган аргументтери жок болгон үчүн азыркы жаңы жетекчиликтин өзүнө асылып жатышат. Мисалы, Азамат Мурзалиевдин таржымалын окуп чыгып, ошондон бир нерсе табууга аракет кылып, чымындан пил жасап жатышат.
- Сиздин дарегиңизге да бир топ сындар айтылып жатат...
- Ооба, мага да асылып жатышат. Мага айтар сөздөрү эле "Бакиевдин командасында иштеп кеткен" дешет. Мен 7-апрелден бери "баягы шакылдаган Карыпбеков каякка кетти?" деп жазбаган бир дагы гезит калбады окшойт, бирок мен өзүм бир дагы гезитке интервью берип чыккан жок элем. Медиа-өкүл болуп жүргөндө баарын таштап, жан дилим менен коргоп келген журналисттер эле ар кандай сөздөр менен жазып чыгышты. Каршы пикир жаратышып...
- Бакиевдер сизге борбордон төрт бөлмөлүү үй бергени чынбы?
- Силердин гезитиңерге ушул маалымат чыгары менен редакторуңарга чалдым. "Ошол даректи мага берчи, ошол жерге барып жашайын" деп. Мага эч ким квартира берген эмес. Кызматтык квартира тууралуу сөз болгон, мен аны жашырбайм. Мени менен катар ошол жакта иштеп аткан бир топ кишилерге квартира берүү демилгеси көтөрүлгөн. Ошолордун ичинен мен жалгыз квартира алуудан баш тарткам. "Канчалаган адамдар көп жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп, батирлерде жүрүшөт, ошолор алсын" дегем. Менден башкасынын баары ошол квартираларда жашап жүрөт, анысы аз келгенсип квартира алган бийликти шыбап жүрүшөт.
- Сизди Оксана Малеванаянын оң колу болгон дешет...
- "Бакиевдин командасында иштеген, Малеванаянын оң колу" деп айтып келишти, эми "Мурзалиевдин оң колу" деп айтып жатышат. Мен кайсыл жерге барсам эле сөзсүз түрдө оң колу, "серый кардинал" имишмин. Жашоодо ар кандай боло берет. Жаза беришсин. Мунун баары чындыкка дал келбей турганын менин туугандарым, дос-жолдошторум, мени жакындан билген адамдардын баары билишет. Кайсыл жерде жумуш кылбайын, мен жөн гана өз кызматымды так жана жогорку денгээлде аткарганга аракет кылып келем.
- Бакиевдин командасына барып иштегениңизге өкүнбөйсүзбү?
- Мамлекеттик кызматта 1 жыл, эки ай иштептирмин. Иштеген бир күнүмө да өкүнбөйм. Биринчиден, мен ушул убакыттын ичинде эбегейсиз чоң тажрыйба алдым. Андай тажрыйба эч жерде акчага сатылбайт. Экинчиден, мен элге маанилүү болгон чечимдерди ким, кандай кабыл аларын өз көзүм менен көрүп чыктым. Ошол жерде иштеп жүрүп жасаган ишимди бир адам үчүн эмес, өлкөбүз батыраак оң жолго түшсө экен деп, ошого кошкон салымым болду деп эсептейм. Мен ал жерге барып бир дагы жаман иш кылган жокмун. Ошондуктан, мен башымды өйдө көтөрүп жүрө алам. КТР жетекчилигине да ат салышып, ал жактан кеткенден кийин бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар мени колдоп чыгышкан. Бейөкмөт уюмдар жөн жерден эле чыга беришпейт да. Президенттин катчылыгындагы менин ишим бейөкмөт уюмдар менен тыгыз байланышта болчу. Ошол жактагы эмгегимди алар баалаган үчүн мени колдоп чыгышты. Бейөкмөт уюмдар менен жалгыз мен жолукчумун. "Азаттык" радиосун бийлик ары согуп-бери согуп, айрым каналдарын бууп, элге уктурбай жатканда ошол эле Кубат Оторбаев менен бийликтен сүйлөшкөн жалгыз мен болчумун. Оторбаевди Акүйдүн коридорунан ары-бери жетелеп, ошол маселени чечүүгө аракеттенген болчумун. Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүнө чек кое турган мыйзамды кабыл алабыз деп жатканда дагы, жалгыз мен ызылдап, мыйзамды иштеп жаткан демилгечилерге чыгып, "андай кылган туура эмес, дагы талкуулайлы" деп айтып тургам. Мен кайсыл жерде болбоюн ачык жүрүүгө аракет кылам.
- "Мегакомдо" "дирижер" болуп атасызбы?
- "Мегаком" боюнча айта турган болсок, "дирижер" болгудай мен анын багытына, маалымат жагына жооп бербейм. Мага укуктук маселелерди териштирүү тапшырылгандыктан, буга чейин туура эмес түзүлгөн келишимдерди юридикалык нукка салуу менен алектенип жатам.
- Сиз президенттин катчылыгында иштеп турганыңызда элдин турмушу аябай оор акыбалга келип кептелип турган болчу. Сиздер эмнеге бийликке элдин үнүн жеткирген жоксуздар?
- Биз Султан Жумагулов экөөбүз ошол жерден чыйпылыктап, "ой, тарифтерди көтөргөн болбойт, эл ага чыдабайт" деп далай кызматтык каттарды жазып киргизчүбүз. Бизди "булар чыр, бейөкмөт уюмдарда жүрүп көнүп калышкан" деп коюшчу. Биз ал жакка элди аттыралы деп барган жокпуз да. Жумагуловду да билесиңер, профессионал болгон үчүн "Азаттыктын" жетекчилигин ишенип беришти. Президенттин катчылыгына чейин иштеген иштеримди айтышпайт дагы, "катчылыкта иштеген" деп эле айтышат. Андай дей турган болсоң Бакиевдин бийлигинде кимдер гана иштеген жок? Аны менен кошо чай ичип, бийлеп, тойлоп эле жүргөн адамдар чоң-чоң кызматтарда жүрүшпөйбү? "Акаевде иштеген, Бакиевде иштеген" деп бөлө берсек, Кыргызстанда соо киши калабы? Канча мыкты, жөндөмдүү адамдар иштеди, алардын баарын жерисек оңолобузбу? "Мегакомго" дагы мен жаман максат менен келген жокмун. Эл үчүн кызмат кылайын деп келдим. Бүгүнкү күндө "Кумтөрдөн" кийинки эле кирешелүү компания "Мегаком". Элден түшкөн акчалар кайра элге түшпөй, ар кайсы оффшордук компанияларга кетип атканын жаңы жетекчилик келип, сыртка кеткен миллиондогон акчаларды бууп койду. Ошон үчүн кеткен жетекчилик жок жерден дайрадай чөнтөгүнө агылган акчадан куру кол калып, аргасы кеткенде элдин башын айландырып жатышат.
- Бабанов менен кандай мамилеңиз бар?
- Дагы эле журналисттер "Бабановдун тапшырмасы боюнча ЖМКлар тууралуу мыйзамды иштеп чыгып жатыптыр" деп айтып чыккандары таң калтырат. Бабанов менен эч кандай жеке мамилем жок. Көргөн жерде саламыбыз түз, башка саясатчылар менен деле ошондой мамиледемин. Бабановдун буйругу менен ЖМКлар тууралуу мыйзамды иштемек тургай, ал тууралуу сөз да болгон эмес.
- Бакиевге каршы уюштурулган митингдердин биринде чыгып бийликке каршы сөз сүйлөгөн элеңиз. Өзүңүз сындап жүргөн бийлик менен кызматташуу моралдык жактан оор болгон жокпу?
- Бакиев-Кулов тандем болуп турганда чынында эле "Кетсин!" деп чыгып, өзүмдүн атуулдук позициямды билдирген болчумун. Жана айтып кетпедимби, мен ошол чечим кабыл алынып аткан жерге барып, өз салымымды кошоюн дедим. Болбосо бийликке барбасам деле үйбүлөмдү багып кетүүгө мүмкүнчүлүгүм жетет. Сыртта отуруп алып сындоо оңой. Бирок, эзилип жаткан чордонго барып, бир жерин оңдоого салым кошуу эң кыйын нерсе. Ошол өкмөттө иштеген кыска убакытта башкаруу жагынан мамлекетибиз аксап жатканын көрдүм, дегеле эмне окуя болбосун башка бир бийиктиктен кароо мүмкүнчүлүгүн алдым. Мен өлкөнүн өнүгүшүнө болгон салымымды кошууга дагы деле аракет кыла берем. Мекениме ата-энеме мамиле кылгандай мамиле жасайм. Юридикалык компаниям менен эле иштеп, жан багууга мүмкүнчүлүгүм бар. Бирок, ушул өлкөдө жашай турган болгондон кийин анын өнүгүп кетишине кызыкдармын, ошон үчүн болгон күчүмдү жумшайм. "Мегаком" бүгүн жыргап отурган жок, кыйналып турган кези. Мен ошон үчүн бул жакка иштөөгө макул болдум. Буюрса, өткөн жылдагыга караганда мамлекетке алда-канча көп киреше алып келет. Азыр "Мегакомго" элим деп күйгөн жетекчилер келди. Азамат Мурзалиев чет өлкөлөрдө чоң-чоң компанияларда иштеп жүргөн профессионал. Эми аны "техникумдун деңгээлиндеги билими бар" деп айтып жатышат. Ошону айткандан уялышпайбы? Билими техникумдун деңгээлинде болсо, ошондой эл аралык аудитордук компанияларга жолотмок да эмес... Мени кандай гана жамандап, каралашпасын, мен жалпыга маалымдоо каражаттарына эч качан доо арыз бербейм. Жалпыга маалымдоо каражаттары мени жамандаса дагы бар болгону жакшы. Менин позициям ушундай. Тек гана ар кимдин жакын адамдары, бала-бакырасы бар, ошолорго катуу тийет экен.

Акыл БАКТЫБЕКОВ