Чыр дөбө

Даир КЕНЕКЕЕВ, Улутташтырылган мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору:
"Мегакомдун" мамлекетке тиешелүү кирешесин толугу менен бюджетке түшүрөбүз"
- Компаниянын тегерегиндеги болуп жаткан акыркы маалыматтар менен тааныштыра кетсеңиз?..
-Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, акыркы күндөрү "Альфа телеком" же болбосо элде "Мегаком" компаниясы катары таанымал болуп келген компаниянын тегерегинде көптөгөн талаш-тартыштар болуп жатат. Алардын ичинде чындыкка туура келбеген маалыматтар да кезигип жатат. Тагыраак айтканда, Мамлекеттик мүлк министрилигинин иш-аракеттерин мыйзамсыз деген маалымат. Бүгүнкү күндө "Мегаком" компаниясынын ишине жооптуу болуп бир гана Мамлекеттик мүлк министрлиги эсептелет. Анткени, бүгүнкү күндө "Альфа телеком" ("Мегаком") компаниясынын 49 пайыз акциясы мамлекетке таандык, башкача айтканда, Мамлекеттик мүлк министрилигине катталган. Ал эми 51 пайыз акциясы болсо, 2010- жылдын 5-октябрынан тартып Башкы прокуратуранын чечими менен Мамлекеттик мүлк министрлигинин убактылуу кароосуна берилген. Бирок, ушуга карабастан, ар тараптан "Альфа телеком" ("Мегаком") компаниясынын ишине кийлигишип, мамлекетти четке чыгарып коюуга аракет жасагандар көп.
- "Мегакомду" мамлекет улутташтыруусунун жыйынтыгы кандай болот деген көз караштасыз?
-Кыргыз Республикасынын өкмөтү же Мамлекеттик мүлк министрилиги тарабынан болобу, улутташтыруунун жыйынтыгы мыйзам чегинде мамлекеттин, элдин кызыкчылына карай чечилет (!) деп ойлом. Албетте, мындай чечим кабыл алууда азыркы күндө сотто каралып жаткан "Альфа телеком" ("Мегаком") компаниясы менен байланыштуу болгон сот иштеринин жыйынтыгы чоң роль ойнойт.
-Компаниянын 51 пайыз акциясынын тагдыры кандай болгону турат? Ал боюнча соттун чечими чыктыбы?
-Башында мен айтып кеткендей, 2010-жылдын 5-октябрынан тартып Башкы прокуратуранын чечими менен "Альфа телеком" компаниясынын 51 пайыз акциясы Малекеттик мүлк министрлигинин убактылуу кароосуна берилген.
Бүгүнкү күнгө чейин "Альфа телеком" компаниясынын 51 пайыз акциясы кимдир бирөөгө таандык" деген сот тарабынан чечим чыга элек.
- Кылмыш иши козголгон мурдагы жетекчилик жөнүндө кабарыңар барбы?
-Бизде Компаниянын мурдагы жетекчилиги жөнүндө маалымат жок. Бул сурооңорго каржы полициянын өкүлдөрүнөн толук жооп ала аласаңыр го деп ойлойм.
- "Мегакомдой" ири компанияны башкарып, көзөмөлдөөгө мамлекеттин алы жетет деп ойлойсузбу?
- Албетте, "Альфа телеком" компаниясындай ири компанияларды башкаруу, көзөмөлдөө мамлекеттин колунан келет. Буга чейин эле Малекеттик мүлк министрлиги көптөгөн ири компаниярды башкарып, көзөмөлдөп келүүдө.
- Мамлекетке толугу менен өтө турган болсо, компаниянын ишинде же түзүлүшүндө кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?
-Эгерде туура көрсөңүз, бул суроого кийинчирээк кайрылсак. Анткени, бүгүнкү күндө компаниянын ишин ар тараптан изилдеп чыгып, өкмөткө өз сунушубузду жиберебиз деген ойдобуз. Бул изилдөө аягына чыга элек. Ошону менен бирге айта кетет элем, мындан аркы министрликтин иш-аракети бир гана максатты көздөп келет - бул компаниянын ишин жакшыртуу жана өнүктүрүү.
-ММКларга "Альфа телеком" компаниясынан мыйзамсыз жол менен көптөгөн каражаттар чыгарылып кеткен" деген маалыматтар айтылууда. Ошол акчаларды кайра кайтаруунун кандай жолдору бар жана ушул тарапта кандай иштер жүргүзүлүүдө?
-Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Жогорку Кеңештин улутташтыруу боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын чечимине ылайык "Альфа телеком" компаниясынан мыйзамсыз жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды кайра кайтарып келүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө дайындаган. Ушул себептен, Мамлекеттик мүлк министрлиги 2011-жылдын 18-февралында "Eventis Telecom Holding LTD" компаниясынын өкүлү Алексей Черников мырза менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Бул жолугушууда министрлик тарабынан "Альфа телеком" компаниясынан мыйзамсыз жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды толугу менен мамлекеттик бюджетке кайра кайтарып келүүсү талап кылынган. Бул каражаттардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ошондуктан азыркы учурда "Альфа телеком" компаниясында жүргүзүлүп жаткан аудиттин корутундусунун жана каржы полициясынын изилдөө иштеринин негизинде бул каражаттардын так саны белгилүү болот де ойлойм. Бул каражаттардын саны канча болбосун 10 млн., 30 млн. же болбосо 50 млн. АКШ долларыбы, баардыгы мамлекеттик бюджетке түшүш керек деп ойлойм.
- "Мындан ары компаниянын кирешеси мыйзам ченемдүү колдонулат, мамлекет бюджетине тиешелүү каражат түшөт, "сол төнтөккө" кетпейт" деп ишендире аласызбы?
-Бүгүнкү күндө өкмөт жана Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан "Альфа телеком" компаниясынан түшө турган мамлекетке тиешелүү кирешеси толугу менен мамлекет бюджетине гана түшүрүүгө бардык чаралар көрүлүп келүүдө. Сол чөнтөккө кетпейт жана кетпегенге бардык аракеттерди көрөбүз (!) деп да айта кетет элем.
- Сиздерге каршы тарап, акыркы учурда көптөгөн ММКларга өз пикирин, нааразычылыгын билдирип чыгып жүрүшөт. Аларга оюңуз кандай?
-Ушул күнгө чейин мен жана биздин министрлик тарабынан кылган иштер мыйзам чегинде мамлекеттин кызыкчылыгын көздөөдө жүргүзүлүп келген. Ар кандай сын-пикир айтуу бул оңой иш, ошол эле убакта ар бир адам да өз пикирин айтууга укуктуу. Мындай абалда бир гана өтүнүч катары кайрылып кетет элем, сын-пикир айтардын алдында бардык иш кагаздарды изилдеп чыгып, эң кур дегенде өз ой-пикирлерин туура негизде айтышса. Мен ойлойм, эгерде, ошол эле сын- пикир, нааразычылыктарды айтып келген адамдар мамлекетке жана ээсине белгилүү боло элек компаниянын ишине жооптуу болушса, алар биз жөнүндө өз пикирин өзгөртөт эле.
-Компаниянын тегерегиндеги ызы-чуу качан токтоп, качан жай турмуштагы иши уланат?
-Алдыда "Альфа телеком" компаниясы боюнча толук маалымат таркатуу боюнча иш-аракеттери жүргүзөт.

Торгой БЕКМУРАТОВА




  Элдин күткөнү көмүскөдө калды

Кыргыз эли 2010-жылдын апрель революциясынан кийин бактылуу келечекке чоң үмүт арткан. Дегенибиз, жалпы журт Конституциялык реформа жана жаңы шайланган депутаттарды алгылыктуу кызмат кылат деп терең ишенген. Өлкөдөгү оор саясый кырдаал турукташат жана жаңы бийлик ушуга чейин коколоп турган көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иш жүргүзөт деп да тилек кылган. Шайлоо өтүп, парламент ишке киришкенине, анын аркасы менен расмий бийлик калыптанганына үч айдан ашып баратат. Эмнегедир элдин күткөнү, эңсегени дагы деле көмүскөдө калганы калган. Буга өлкөдөгү бардык тармактын оор абалда турганы күбө. Мисалы, бюджет дефицити күчөп, элди куураткан Акаев, Бакиев бийлигине катуу кызмат кылгандар дагы деле бийликке келип отурушат. 7-апрелдеги каргашага жана Түштүктөгү июнь окуясына күнөөлүүлөрдүн сот иштери ушуга чейин ишке ашпай келет. Жогоруда санап өткөн сыяктуу мисалдар мамлекеттин демократия жолу менен өнүгүшүнөн, элдин бакубат жашоо-турмушунан жана урпактардын жаркын келечегинен үмүт артууга жол бербей жатканы өкүнүчтүү.
"Замандаш" саясый партиясы элдин мүдөөсүн колдоп, Жогорку Кеңештеги бардык фракцияларды болгон күч-аракеттерин коомдук-саясый туруктуулукту орнотууга жумшоого үндөйт. Ошондой эле саясый, экономикалык жана социалдык кризистен чыгуу жолдорун бирге издейли деген тилегин билдирет.
Жогорку Кеңеш башында эле шайлоодон алган добуштук пайыздарды эске алып, төрт парламенттик фракциядан жана парламентке өтпөгөн партиялардан турган көпчүлүктүн коалициясын түзүүгө аракет кылышы керек болчу. Ушундай жол менен калыптанган өкмөттүн курамына профессионал, таза жана коррупцияга аралашпаган кадрлар кириши керек эле.
Азыркы жагдайда "Өлкөнү өнүктүрүү программасын" иштеп чыгып жана аны ишке ашыра турган чыныгы ишбилги адамдардан куралган коалицияны түзүү менен кайрадан элдин ишенимине кирип, мамлекетти оор абалдан сууруп чыкса болот.

"Замандаш"
партиясынын билдирүүсү