Кыргыз гезиттери



  Чөө заман

"Жунхайда" Атылган ок

Өткөн жумада, тагыраагы 6-мартта ИИМдин Уюшкан кылыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын үч кызматкери менен "Жунхай" базарындагы бажы терминалын кайтарган күзөтчүлөр ортосунда жаңжал чыккан. ИИМдин официалдуу маалыматына таянсак, милициялар ал жерге уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармоо үчүн барып, күзөтчүлөрдөн жардам сураган. Бирок, тигилер көмөктөшүү ордуна оройлук менен жооп берип, милиция кызматкеринин бирине электрошокер колдонгон. Натыйжада, милиция ок чыгарып, эки күзөтчү жарадар болгон. Бул кабар жарык көргөндөн кийин, 11-мартта ок жеген күзөтчүлөрдүн туугандары "Аки-пресс" агенттигинде жыйын өткөрүп, ИИМдин жогорудагы маалыматын төгүндөгөн. Биз ушундан кийин бул окуянын чын-бышыгын териштирүү максатында, жарадар болгон күзөтчүгө жолуккан элек.

Чыңгыз Усубалиев:
"Электрошокер менен ургузган эмесмин"
- Биз "Дордой-Жунхай" базарынын жанында жайгашкан бажы терминалын кайтарган "Меркурий" аттуу күзөт агенттигинде иштейбиз. 6-мартта эртең менен саат 9да смен алмашып, жумушка жаңы келгем. Арадан 20 мүнөт убакыт өтпөй кимдир-бирөөлөр "Тойота" үлгүсүндөгү Е5526D номерлүү машинаны терминалдын ичинде айдап жүргөнүн көрүп калдым. Дароо күзөт бөлмөсүнөн чыгып, кол булгап токтоттум. "Бу жерде эмне кылып жүрөсүңөр?" десем айдоочу жаш бала экен, "арестте турган КамАЗдардын номерин жазып алышыбыз керек" деп жооп кайтарды. Бирок, өзүн тааныштырып, күбөлүгүн көргөзгөн жок. Мен аларга "машинеңерди дарбаза сыртына токтотуп, эшиктен киргиле. Журналдан көргөзөйүн" дедим. Ал ортодо тааныш бажыканачы терминалга кирип келди. Беркилердин машинасы жолду тороп тургандыктан "баланын ишин кылбай, кеткиле" дешке аргасыз болдум. Бул сөзүм катуу тийдиби, айтор, бирөөсү түшө калып "бизди тааныбайсыңбы?" деп демитип кирди. Оозунан ичимдик жыты буркурап тургандыктан, алагүү немеге теңелгим келген жок. "Соо кезиңде кел, анан сүйлөшөлү" деп айтсам, берки эки шериги чыга калып тарткылап киришти. Ошол маалда кесиптешим Мирхат Сапарбаев жүгүрүп келип, арача түштү. Аңгыча болбой эле "тарс" деген үн чыгып, карай салсам Мирхат жерде оонап жатыптыр. Эсти жыйгыча, дагы эки жолу октун үнү жаңырды. Ушундан кийин коргонуу максатында күзөт бөлмөсүнө чуркап кирип, электрошокер көтөрүп чыктым. Бирок, аны иштетүүгө жетишпедим. Анткени, бутум шилтөөгө келбей калды. Ок жоон сандын этин көзөп кетиптир. Ошентсе да тигилер качып кетүүгө аракет кылганын көрүп, машиненин арткы номерин болгон күчүм менен жулуп алдым. Аны сейфке салып коюп, милицияга телефон чалдым.
- Ооруканага жаткандан кийин келиштиби?
- Жарадар болгондон көп өтпөй бейтааныш адам келип, суракка ала баштады. Өзүн тааныштырган жок. Мени ооруканга алып кетмекчи болгон иниме ачык эле бут тосту. Эми "уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" демекчи, атканы аз келгенсип, "шектүү адамды кубалап жүрсөк, жолтоо кылды" деп жалаа жаап атышпайбы. 6-мартта эле үстүбүздөн доо арыз жазып, иш козгошуптур. Адатта, мындай учурда бизге оорукананын участкалык инспектору келип, арыз алышы керек эле. Мейли реанимацияда жатканда кире албасын, бирок, палатага чыккандан кийин жок дегенде аты-жөнүбүздү жазып кетсе болот да. Качан гана биз ЖМКга кайрылганда, бул окуяга маани бере башташты. Мен өзүм мурунку милиция кызматкеримин. Булардын кандай схема менен иштерин жакшы билем. Ошол себептүү, орган тараптан оң жыйынтык чыгарына көзүм жетпейт.
- Чырдын тутанышына себеп болгон КамАЗдар тууралуу эмне билесиз?
- КамАЗдар Нарын мамлекеттик бажы терминалына 10-февралда киргизилип, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы өзү арест койгон. Ага башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери иш козгоп, "эгер бирөө келип сураса, бизге кабарлагыла" деп дайындаган. Биз милиция менен тыгыз иштейбиз да. Тигилер күбөлүгүн көргөзбөгөн соң шектенип, тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен буларды көздөштүрөйүн, өздөрү чечишип алсын деп ойлоп аткам.




Мырзабек Нарынбаев:
"Мени негизсиз урушту"
- Ошол күнү терминалга бажы инспекциясынын гана кызматкерлерин киргизип атканбыз. Саат 9.30да машиненин сигналын угуп, дарбазага барсам, күмүш түстөгү джип турган экен. Айдоочу "бажыга" дегенинен ичкери кое бергем. Дарбазаны жапкыча бизге мурдатан тааныш бажы кызматкери келип, аны да киргиздим. Аңгыча джиптегилердин бирөөсү Чыңгыз байке менен жакалаша кетти. Биз чуркап келип ажыратып жатканда ок атылып, Мирхат жыгылып түштү. Дагы эки жолу ок чыккандан кийин Чыңгыз байке күзөт бөлмөгө жүгүрүп кирип кеткен. Көрсө, электрошокерди алып чыгыптыр. Бирок, жарым жолдон буту иштебей отуруп калды. Анан Бектур деген кесиптешим экөөлөп Мирхатты эс алуучу бөлмөгө киргиздик. Жаткызып коюп, сыртта турсак 5-6 бейтааныш киши келип мени кайдадыр сүйрөп жөнөштү. Колума кишен салышып, терминалдын сыртында токтоп турган кочкул көгүш түстөгү "Ауди А6" унаасына отургузушту. "Түшпөйм" деп каршылык көрсөтсөм, эки-үч жолу эшикти сүздүрүп салонго түртүп киргизишти. Машинада бир сааттан ашык негизсиз уруп-согуп кармашып, "бешөөбүз болчубуз" деп түшүнүк кат жазасың" деп кыйнап атышкан кезде "прокуратураданмын" деп бирөө келип калды. Аны менен башка машинага түшүп, Свердлов РИИБисине бардык. Түшүнүк кат жаздым. Чынын айтсам, дендароо абалда болгондуктан, эмне деп жазганымды жакшы билбейм. Ал жерде беш саат камалгандан кийин, Свердлов прокуратурасынын кишилери наркодиспансерге алып барып текшертип, анан кое беришти.
- Ооруканага качан келдиң?
- Үйгө баргандан кийин түнкү саат 11лер чамасында көңүлүм айнып, куса баштадым. Дос балам менен ооруканага келип көрүнсөм, "мээң чайкалыптыр, дарыланышың керек" дешти. Ошондон бери ушул жерде жатам. Денемдин баары көгала болчу, азыр тарап калды.




Мирхат Сапарбаев:
"Ок тийгенден кийин да таяк жедим"
- Үчөөнүн Чыңгызга асылып атканын көрүп, ажыратып кирдим. Бирөөсүн кийиминен тартып четти көздөй силкип жиберип, экинчисине кол сунганда октун үнү чыкты. Бутум ысып, кулап түштүм. Чогуу иштегендер жөлөп-таяшып күзөт бөлмөсүнө жеткиришип, тез жардам күтүп калдык. Көп өтпөй үстүбүзгө бейтааныш 2 киши кирип келди. "Кимсиңер?" деп сурагыча болбой бирөөсү орундук менен башка чаап жиберди. Анан тапыратып сабоого өтүштү. Дагы жакшы, Бектур аттуу кесиптешим ажыратып калды. Тигилер мени кайдадыр алып кетүүгө жакшы эле аракет кылды. Бирок, шайманым ооп, баса албай койдум. Ал ортодо тез жардам да келип калды. Ооруканага жетерим менен операция болдум. Ок сөөктү талкалап кетиптир. Эми дагы экинчи операцияны күтүп атам. Баш-аягы эки айча төшөктөн турбайм го. Толук сакайып, басып кетемби же сылтып каламбы (?), аны убакыт көргөзөт.


Санжи Туйтунова
P.S. Жабырлануучулардын адвокаты Динара Медетованын маалымат жыйындагы билдирүүсүнө таянсак, бул чырды Свердлов райондук прокуратурасы иликтеп, "Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген эки берене боюнча иш козгоду. Бирок, күнөө кай тараптан кеткенин так аныктай элек. Биз бул окуяны бир беткей кароодон алыспыз. Ошол себептүү, экинчи тараптын пикирине да гезит бетинен орун берүүгө даярбыз.




фкыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика