Пул азабы

Карыздан качып, кан төктү

Ушундай каргашалуу кылмыш иши ушул жылдын 12-мартында Бишкек шаарында катталды. Саат 14.30 чамаларында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө "Таатан-2" соода борборунан адам өлтүрүүгө байланышкан кылмыш боюнча маалымат түшкөн.

Оперативдүү топ барган учурда, соода борборундагы күркөлөрдүн биринен 42 жаштагы Лу Вей менен 48 жаштагы Чоу Фахай деген кытайлык атуулдардын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денелери табылган. Кароо жүргүзгөн учурда окуя болгон жерден бычак жана жыгач саптуу балта алынган. Кылмышкерлер жабырлануучуларды мына ушул куралдар менен өлтүрүшкөн эле.
Күбө катары суралган соода борборунун жумушчуларынын бири И.Солтонкулов саат 14.25 чамаларында "Таатан-2" соода борборундагы өзү иштеген жерге келатканда адамдардын ачуу кыйкырып, онтогон үнүн уккан. Аңгыча ошол жердеги жумушчулардын бири да онтогон үндөрдү кулагы чалганын айтып, экөө борбордун кароолчуларына кабарлашат. Алар чогулуп келген учурда канга боелгон кытайлыктар жансыз жатышкан эле. Оперативдүү топ ошол замат маркумдардын жакын санаалаштарын, бирге иштегендерин сураштырып отуруп кылмышка шектүү адамдардын изине түшөт. Иликтөөлөрдү тынбай жүргүзүүнүн негизинде, кылмаштын бети ачылып отурат.
Маркум Чоу Фахай Кытайдан товар алып келип, аны сатуу үчүн Бабуза Исмаил Ибрагимович дегенди жардамчы кылып алган. Алгач Исмаил жакшы эле соода кылып жүргөн. Кийин кожоюнга билдирбей, саткан товарлардан түшкөн кирешени кымыра баштаган. Февраль айында Чоу Фахай Кытайга жаңы жыл тосуу үчүн кеткен учурда Исмаил анын товарларынын көбүн сатып, 10 миң долларга жакын акчаны өз кызыкчылыгына жумшаган. Ээси келгенден кийин буга байланыштуу экөөнүн ортосунда чыр чыккан. "Үйү жакын иттин куйругу узун" болуп, Исмаилдын тоготпой турганын көргөн кытайлык атуул андан "акчаны тапканда бересиң, азыр мага "тил кат" жазып бер" деп, тил кат жаздырып алган. Чоу Фахайдын жанынан табылган мына ушул "тил кат" кылмышты ачууга түздөн түз себеп болду.
Изкубарлар ошол замат Бабуза Исмаилди издөөгө алышат. Ал жашаган Садовое айылына келишкенде эле Исмаил качууга аракет жасаган. Колго түшкөндөн кийин жасаган кылмышын моюнуна алып, Чоу Фахайдын көзүн тазалап, карызынан кутулууну көздөгөндүгүн айткан. Кылмышты өзү жалгыз эмес айылдашы 22 жаштагы Келза Шакир Гашизович менен алдын ала сүйлөшүп алып, бирге жасагандыгын да жашырган жок. Кармалгандардын айтуусунда, алар Лу Вейди өлтүрүүнү ойлогон эмес. Көздөгөн максаттарын ишке ашыруу үчүн күркөгө кирген учурда Чоу Фахай менен Лу Вей чогуу отургандыктан экөөн тең өлтүрүп салышкандыгын айтышууда.
Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү адамдар камакка алынды.
Кыргыз жергесинде кордукту көп көргөндөрдүн басымдуу бөлүгү кытайлык атуулдар экен. Андан кийинки орунда Түркиянын жарандары турат. Булардан тышкары Пакистан, Корея, АКШ, Иран, Франция, Япония, Германия ж.б. бир катар өлкөлөрдөн келгендердин арасында да жергиликтүү "баатырлардан" ыдык көргөндөр жетиштүү.
Алсак, өткөн 2010-жыл ичинде чет элдик атуулдарга карата 80ден ашуун кылмыш иши жасалган. Ал эми 2009-жылы болсо, 72 кылмыш иши катталган болчу. Алардын ичинен чет элдиктердин өздүк мүлкүн уурдоо кылмыштары басымдуулук кылат. Бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөнүн унутуп, өздөрү кылмыш жасаган чет элдиктер көбүнчө да жок эмес. Өткөн жылы алар тарабынан жасалган 17 кылмыш ишинин бети ачылган. Чет элдиктер алдамчылык, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу, контрабанда ж.б. кылмыштар менен кармалган. Зордуктоо менен шору каткандары да жок эмес.




Ууру узабайт
9-март күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 19 жаштагы М.Исмаилов дегенди кармашкан. Бул жигит шериктери менен 9-март күнү шаардагы "Олимп" кафесинин жанынан А.Ранюк дегенди тоголото чаап, уюлдук телефонун уурдай качкан. Бирок, алыс узабай эле ошол жерде кызматта жүргөн кызыл шапкечендердин тузагына илинген. Учурда берки тоноочулар издөөдө.

ЗОРДУН ТҮБҮ КОР
9-март күнү кайгуул күзөт кызматынын жигиттери тарабынан 23 жаштагы С. Дүйшекеев деген колго түшкөн. Бул эргулга 7-март түнү 26 жаштагы А.А.ны Фучик паркынан кармап алып коркутуп, күч колдонуп зордуктаган деген айып тагылууда. Азыр кылмышы дагы такталып жатат. Ушундай эле кылмыш иши "Дордой" жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде катталды. Жабырлануучунун арызы боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары "Келечек" жаңы конушунун тургуну 24 жаштагы Пиримбаев Эрлан дегенди кармап келишти.

КУУРАГАН КЕКИРТЕК
9-март түнү Чоң-Арык айылында жайгашкан "Летс го Дринкс" жабык коомунун кампасынан 26 кап кумшекерди уурдап кетишкен. Бул кылмыш тууралуу маалымат түшөрү менен шектүү катары, Арча-Бешик конушунун тургуну 25 жаштагы М.Молдалиев, Ынтымак конушунун тургуну 21 жаштагы Э.Сейитбеков жана Ак-Ордо жаңы конушунун тургундары 20 жаштагы С.Каныбек уулу менен 20 жаштагы Р.Майрамбек уулу дегендер кармалды.

Милицияга ок атып
8-март күнү Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине тапанча, бычагын жалаңдаткан эки чүмбөтчөн кирип, үй ээсин коркутуп, болгон 4000 сомун жана 3500 сомдук курткасын карактап кетишкен. Бул кылмышка шектүү адамдар 9-март күнү колго түштү. Ал күнү кылмыш боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлер саат кечки 17 чамаларында Тоголок-Молдо менен БЧКнын кесилишинен шектүү адамдарды токтотушкан. Документтерин текшерип жаткан учурда алардын бири кызматкерлерди көздөй ок чыгарган. Тажрыйбалуу кызматкерлер курал экинчи жолу атылгыча кылмышкерлерди кылтакка илишти. Атылган октон жаракат алган Т.Ташиев ооруканага жеткирилди. Ал эми кылмышкерлер 22 жаштагы Кемин районунун Орловка айылынын тургуну А.Жакыпбек уулу менен 16 жаштагы В.Халилов камакка алынды. Алардын жанынан чыккан "BLOW" үлгүсүндөгү тапанча эч жерде каттоодон өткөн эмес.

Бир тууганын бычактап
10-март күнү Кочкор районунун Шамшы айылынын тургуну 57 жаштагы К.Тайлаковдун алган жарааттан улам өлгөндүгү тууралуу маалымат алынган. Милиция кызматкерлери иликтөө иштерин баштаганда кылмышка шектүү адам маркумдун бир тууган иниси 54 жаштагы К.Тайлаков болуп чыккан. Суракта ал мастык менен агасына бычак шилтегенин жашырган жок.

КУРАЛДАР ТАБЫЛУУДА
Өткөн жылдагы апрель окуяларында Талас облусунда укук коргоо органдарынын оңбогондой сандагы ок атуучу куралдары Эл тарабынан таланып-тонолуп кеткени белгилүү. Жоголгон куралдардын изи эми-эми чыгып, аларды ээн-эркин колдоно албасын түшүнгөндөр кайрадан милицияга өткөрүп жатышат. Мисалы, 10-март күнү Н.Медеров винчестер мылтыгын өткөрсө, ошол эле күнү А.Кубанычбеков Сайга мылтыгын өз каалоосу менен тапшырды. Бул жөрөлгө башкаларга да үлгү болор деп таластык укук сакчылар үмүт кылууда.

Кан жолдогу өлүк
9-март күнү таңкы саат 06 чамаларында Ноокат районунун Алашан айылынан өткөн Ош-Исфана автожолунун 64-чакырымынан 24 жаштагы Ф.Кабылованын көгала болуп, муунтулуп өлтүрүлгөн денеси табылган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе Алашан айылынын тургуну 1962-жылы туулган М.Нуранов деген шектүү катары колго түшүрүлдү.