Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Өпкүлөп турса кең Мекен,
Өмүрбек болуш эмне экен?!

Банк, бензин, бакстар + кыргыз өкмөтү= бүткүл өлкөнү бабандаштыруубу?
Бабанов Минскиге эмнеге барды?
Кремлдин саясатын жүргүзгөн "The Moskow Post" аттуу электрондук басылмасы сенсациялык маалымат таратты. Жакында кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Минск шаарына жашыруун учуп барып, Марат жана Максим Бакиевдер, ошондой эле Курсалиевичтин мезгилиндеги дөө-шаа аткаминерлер менен жолугуп, чогуу-чаран далай саясый, бизнес келишимдерге кол алышып келиптир. Эмнегедир Бабановдун маалымат кызматы бул тиришумдук кабар чыкканына бир жума өткөнүнө карабастан, ак же көк деп үн катпаганы өтө кызык.

Путин аке сөөмөй кезейт
Эртең премьер-министр А.Атамбаев Москвадан орусиялык кесиптеши В.Путин менен кеңири сүйлөшүү жүргүзөт. Белгилүү журналист-политолог А.Дубновдун божомолунда бул жолугушууда Кремлдин кожоюну кыкеңдердин башаламан жана түшүнүксүз жоруктарына нааразылык билдирип, эркекче позиция карманууга чакырат. Андан сырткары, Владимир Владимирович кыргыз өкмөтүнүн башчысынын 1-орунбасары Ө.Бабановдун жеке бизнес кызыкчылыгы эки өлкөнүн ортосундагы мамиледен бийик турбастыгын баса белгилейт экен. Ушуга жеттикпи?

Макс менен Өмүрчик Шарипа апасын кантип "жылаңачташкан"?
Үч жыл мурда өлкөдөгү эң ири банк АКБ "Кыргызстан" түшүнүксүз себептер менен чыныгы кожейкеси Шарипа Садыбакасованын колунан чыгып, жаш олигархтардын менчигине өткөн. Азыр ачыкка чыгып отургандай, ал кезде Максим Бакиев коркутуу жолу менен банкты зордоп тартып алып, акысына Садыбакасовага кичкинтай "Аманбанк" менен Бабановдун 1 млн. доллар акчасын карматып, кутулушкан имиш. Андан ары Максим жөөттүгүнө салып, АКБ "Кыргызстанды" Ө.Бабановго 25 млн. долларга саткан. Ошентип, апаларынан да улуу Шарипа айымды "жылаңачташып", мамлекеттик рэкеттин бийик үлгүсү менен бирөөнүн олчойгон менчигин тартып алышкан банк азыр Бабанчиктин жеке менчигинде иштеп жаткан кези.

Сурабалдиевдин автобазарын менчиктеп
Жогорку Кеңештин экс-депутаты ыраматылык Ж.Сурабалдиевдин Бишкектин четиндеги "Кудайберген" автобазары дагы рейдерлик жол менен Өмүрбек Токтогуловичтин менчигине өтүп, бүгүн шыкылдатып акча тууп берип жатат дешет. Ага да ыраазы болбогон Өмүкең "бирөө ичерге суу таппай жүрсө, экинчиси кечерге суу таппайт" деген сымал, сокулуктуктар эгин айдай албай жер талашып жүрүшсө, ошол автобазардын нак маңдайындагы 200 гектар (!) жерди менчиктеп, Бакиевдин убагында биринчи вице кезинде аны айыл чарбага колдончу милдетинен ажыратып, трансформациялап, таптакыр жапайы капитализмдин нугуна буруп койгон. Буга деле унчуккан жан көрүнбөйт.

Изи сууган 20 млн. доллар
Республикалык салык инспекциясынын мурдагы жетекчиси А.Касымалиев бир жарым жыл мурда Бабановдун "Манас интернационал сервиз ЛТД" компаниясы мамлекеттен 20 млн. доллар жашырып койгондугу жөнүндө расмий документтерди жарыялаган. Бул баягы америкалыктардын аскер базасына жеткизилип жаткан күйүүчү майдан өөнөлгөн Бабанов империясынын кичинекей гана коррупциялык көрүнүшүнөн. Далилдүү кашкайган фактылар турса дагы аны Токтогулович караманча моюнга албай, бүгүнкү бийлигинен пайдаланып, сот аркылуу жокко чыгарууга жандалбастап жатат.

Байболовдорго чабуул жасап
Эки күндөн бери "Мегакомдун" айланасындагы ызы-чуу туу чокусуна жетип, Башпрокуратура, Жогорку Кеңеш, Финполиция, Маммүлк министрлиги, Силич, Мурзалиев, Орусиянын Мамдумасы, Жекшенкулов, Абдрахманов, Пирматов, айтор, аралашпаган, чабышпаган жан калбай бараткансыйт. А чындыгында Генералдык прокуратура мыйзамды көзгө чукуп, "Мегакомду" кузгундай талап жаткан бүгүнкүнүн манаптарын тартипке келтирүүгө аракет кылганы үчүн айыгышкан тоскоолдуктарга туш болду. Ал аз келгенсип, Башпрокурор К.Байболовго ызырынган биринчи вице-премьер Ө.Бабанов жең ичинен дирижерлук жасап, милиция менен чекисттерди тукуруп, Отунбаева менен Атамбаевдин башын айлантып, таза болбогондо Кубат Калбековичтин жубайы Нуржамалды дагы бул чууга аралаштырууга тытынып киришти. Деги эле "Мегаком" талашында ким жеңет: бабановчул "рейдер кузгундарбы" же мыйзамбы? Күтө туралы.

Маалымат каражатын мал ордуна көрбөй…
Парламенттик шайлоодо "Республика" партиясынын камчысын чаап, оголе мыкты кызмат өтөп берген "Лозунг" гезитин Бабанов мырза кечээ "критке" чапты. Болгон шылтоосу - гезиттин башредактору шефтин уруксаты жок Казакстан президенти Н.Назарбаевге тил тийгизип койгону, андан сырткары, "Республика" партиясынын башкы душманы Ө.Текебаевди гезиттен соккула (!) десе сокпой койгондугу үчүн бул басылма жарыкка чыкпай калды. Андан тышкары, Максимден мураска калган 5-телеканал азыр улутташтыруу укуругуна чалынып, эртеңки тагдыры белгисиз болуп жатканына карабастан, жарым жылдан бери көшөгө артындагы кожоюну Ө.Бабановдун каш серпкени менен гана жашап келатат. Буга улай НТС телеканалы былтыркы 7-апрелге чейин ошол эле Максимдин менчиги болчу, демек, ал дагы улутташтырылмак. Бирок, жаш Өмүкенин тыңдыгынан соттор алхимиялык чечим чыгарышканбы, бу дагы бабанозанын карамагына өтүптүр. Тобо!

Амантай Сарманов




Эшимканов эр экен, эй!
Гезитибиздин өткөн санында генерал Ф.Кулов бекеринен М.Эшимкановду "абдан акылдуу адам" деп мүнөздөбөптүр. Саясый тарыхыбызга кылчайсак, айрыкча 2000-2007-жылдар аралыгында бир казанга баштары кайнабаган кочкорлорду тил табыштырууга, келишпес душмандарды элдештирип, бир багытка бурууга дал ушул Мелис мырза опол тоодой эмгек өтөп, "Көпүрө" атка конгон жайы бар. Аны көралбагандар азыркыга дейре Эшимкановдун бул сапатын тескери жакка буруп жүрүшпөйбү. "Эр экен" дегенибиз, соңку убактагы эле эки окуяны угуп ичибиз жылыды. Январь айынан бери Мелис байкебиз кимдер менен гана жолугушпады - Текебаев, Каптагаев, Кулов, Султанов, Суваналиев, Сариев, Гаипкулов, Чотонов, Сарпашев, Салымбеков, Жекшенкулов, Өмүракунов, Муралиев, Карыбеков, Турганбаев, Сулайманов, Төрөбаев ж.б. Жолукканда дагы жөн гана кирди-чыкты сүйлөшпөй, узак убакыт сырдашып, өлкөдөгү саясаттын күнгөй-тескейине калыс баа берип келатканын бардыгы бир ооздон белгилешүүдө. Мурда күнү болсо Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы К.Дүйшөбаев менен шаардын кафелеринин биринде жолукканын кулагыбыз чалып, Мелис мырзага телефон шыңгыратып, башкы чекист менен кандай секреттерди сүйлөшкөнүнө кызыксак, "эч кандай секрет жок, Кеңеш байке менен саясатчылардын ортосундагы ынтымак, коомубуздун бейпилдиги, "бөлүнгөндү бөрү жейт" таризиндеги кырдаалдан кантип чыгабыз деген гана ой бөлүшүү болду" деп жооп кайтарды. Анан дагы башкалар бийлик коалициясында ар кандай кызмат устукандарын өз ара бөлүшүп, соодалашып жүрүшсө, "а сизге эмнени берели?" деп сурагандарга жалгыз гана Эшимканов "эч нерсенин кереги жок, элибиздин жашоосу кичине эле оңолсо - мага ошол чоң олжо" деп жооп бергени ар кимдин колунан келбесе керек деп ыраазы болдук.

Сакен Бөрүбаев





фкыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика