А.Келдибеков кан досун уулаганбы?..
А.Атамбаевге 22-мартка чейин ойлонууга убакыт берген "Ата-Журт" фракциясынын дооматтары ар түркүн. Эң жөндүүсүн М.Султанов менен Н.Түлеев айтышып, сейфте катылган коалициялык келишимди ачыкка чыгарууну, кадрдык башаламандыкты токтотууну, эгер өкмөт башчысы президенттик шайлоого катыша турган болсо, алты ай мурда отставкага кетиши, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин жалпы элдик шайлоодон өткөрүү сыяктуу прогрессивдүү сунуштарын беришти. Ал эми лидери К.Ташиев бир саат кабинетинде Алмаз Шаршенович менен сырдашып, Генпрокурор жана Жогорку Сот төрагалыгын, бир тууган күйөө баласына болсо Свердлов райондук акимдигин сураганы, ага кошуп партиясы шайлоодо кетирген миллиондогон чыгымдарды жаап беришин каалаптыр. Баарынан кызыгы- Алмаз мырзанын "жок" дебегени. А 15-марттын кечинде Камчыбек мырза күтүүсүздөн ууланып, врачтардын колуна түшкөнү жөнүндө кабар чагылгандай тарады. Ууланганга чейин Ахматбек досу баш болгон табакташтары менен отуруп, өзүн алсыз сезе баштаган, акырында мүргүп жыгылган. Кыязы, досунун жамандыгыбы, же өзү беркиден ашкере сеп эткенби, азырынча белгисиз (бирок, ууланганын Келдибековдон шектенип атканын жакын адамдары кабарлашты). Ошондой эле "атажуртчулар" жаңы бийлик курамына кирчү Ө.Суваналиевдин Ички иштер министрине дайындалышына каршы болушуп, ал келсе азабыбызды колубузга берет деп кокуйлашкан экен. Айтор, жалаң Бакиевдин "куйруктарынан" куралган бул партиянын далай маски-шоулоруна күбө болчудайбыз.


Бакиевдин деги канча токолу бар?
Минскиге качып кеткен Закиржан эргулдун ачык дагы, жабык дагы токолдорунун тизмеси түгөнчүдөй эмес. Башкаларын койдук, соңку эле экөөнү мисалга тарталы. Улуттук телерадиоканалдын гендиректорунун мурунку орунбасары А.Мамбетова экөөнүн махабаты жөнүндө маалымат каражаттары сүрөтүн кошуп далай жазышкан. Биз билгенден Асел айым жакында Белоруссияга жашыруун барып, экс-президент менен эзиле сырдашканы боюнча күбөлөр чыгууда. Экинчиси Г.А. (бул жаш, эл оозуна алынып келаткан ырчы болгондуктан, аты-жөнүн ачыкка чыгарууну азырынча эп көрбөдүк) аттуу азыркынын Мыскалы делип жүргөн сулуу селки дагы Курсалиевичтин торуна түшүп, былтыр коогалаңдын алдында экс-ажонун берешендиги менен Европаны түгөл кыдырып, агездеги мэр Н.Түлеевдин жардамы аркылуу жаңы үч бөлмөлүү үй, "крутой" машинеге ээ болгондугу ырчылар арасында жашыруун деле эмес экен (акыркы кездери ырчы кыз байма-бай "Байтур" корпорациясы жакка каттап калганы да кызык, эми Т.К.га өттүбү?). Мурда күнү бул чүрөк алыскы Америкага аттанды. Тизме дагы деле уланууда…


Салымбеков менен Муралиев дагы эр эңишке түшчүдөй
Амангелди жана Аскар мырзалар өмүр бою эле Акүйдүн көзүнүн кареги менен тең айлангандан тажашканбы, өздөрүнчө күдүңдөшүп, күзгү күрөшкө даярдык көрүү максатында саясый партия ачканы жатышыптыр. Шаардык кеңештин төрагалыгына такыр шайлата албай койгон иниси Жумабек сыяктуу толгон-токой туугандары, жердештери, "дордойлоштору" чогулушуп, 10 млн. долларга чейин сөлкөбайды ортого коюшуп, саясатта башкалар күтпөгөндөй селкинчек тепкенге күүлөнгөндөрүн айтышууда.


"Бабник" атка конгон Оторбаев
КТРКнын азыркы гендиректору К.Оторбаев жөнүндө журналисттер ичинде уу-дуу кеп арбып барат. Саясаттагы оромпойлорун тек коелу, башка өңүттөгү өнөрлөрү боюнча эки ооз сөз. Биринчиси, мурдагы бийликтен бери биринчи каналдын финансысын мыкчып келген атактуу ырчы Жалгасынованын Зуля аттуу кызы Кубат мырзаны ээрге отурганда эле мурдунан чүлүктөп, жашыруун рекламадан түшкөн сологой акчалар менен курсагын тойгузуп, "азыр Оторбаев менин сөзүмөн чыгалбайт, анткени кайырмагыма илип алгам" деп мактанат экен. Экинчиси, "Ала-Тоо" маалымат программасынын сулуу кабарчысы Зарема М. аттуу кесиптешибиз Кубат мырза менен мамилеси ушунчалык жакындашкан экен, экөө эки күндүн биринде коньяктан ичип, көңүл ачышып… айтор, акыры гендиректорунун берешендиги кармап кеткенби, он беш күн мурда Заремага төрт дөңгөлөктүү татынакай тулпар белекке тартуулаптыр. Журналисттердин оозун тыя албайсың да, Оторбаевди сыртынан "бабник" деп тергеп калышыптыр. Кебетеси далай сулууларга көз ымдайт окшобойбу.


Дровосекова кимдин отунун жарат?
Өткөөл мезгил президенти таң калтырганын калтырбай келет. Өткөн жумада Европага барып, НАТО акени чегараларыбызды коргоого чакырды эле, анын изин суутпай океандын ары жагына учуп, Сэм байкенин марионетка куурчагы экенин далилдеп келди. Роза апченин мындай батышчыл кадамдарын аңдыган Кремль тарап жинденгенин жашырбай, Кыргызстанга ачык эле кыйшык көз менен карай баштады. Отунбаеванын өз элиндеги түшүнүксүз жоруктарына көнгүдөй деле болдук, бирок, бийлик коалициясын үзүлө түшүп колдогону, рейдер иниси Ө.Бабановго чаң жугузгусу келбегени, Бакиевдин жолун кайталап, "парламентти таратам" деп опузалаганы, Түштүк калкын дүрбөтүп, "Ош менен Өзгөндөгү кыргыздар баскынчылык - зомбулук жасаганы жатат" деп сөз тараткан өзбектердин чырагына май тамызганы - мамлекет башындагы ажо айымдын от менен ойногонунан кабар берет. Муну кечээ "Ар-намыстын" лидери Феликс Кулов дагы кескин сындап чыкты. Кошумча дагы бир маалымат, гезитибизге убагында президенттин уулу Атай Садыбакасовдун кредит алдамчылыгы жөнүндө расмий документтерди жарыялаган элек. Көрсө, Атайдын ал чуулгандуу ишин оң чечпей койгону үчүн Бишкектеги райондор аралык соттун төрайымы К.Качкыналиева жумуштан алынып, "хоп, майли" чечим чыгарып бергендер тайралаңдап жүрүшүптүр. Деги Отунбаева өлкөнү аласалдырып ийбей, күзгө чейин аман-эсен жетсинчи дейли...


Атамбаевдин көңүлүнө жаккан Гаипкулов
Өткөн жума этегинде Түштүктүн кыраандарынын бири, ыраматылык Садыркуловдун көздөй шакирти, "Республика" партиясынын "серый кардиналы" Искендер Гаипкулов өкмөт үйүнө чакырылып, премьер-министр А.Атамбаев ага өзүнүн биринчи орунбасарлыгын сунуштаптыр. "А Бабановду эмне кыласыз?" деп сураса, Шаршенович "аны калтырууга оор болуп атат, бир айласын табабыз да" деп жооп бериптир. Искендер мырза болсо кыраакы жигит эмеспи, бир чети партбоссунун башынан аттагысы келбей, экинчи чети генерал Ф.Кулов менен бирге экенин кыйытып, аткез бериптир. Ошондон бери Атамбаев бул орунга кимди чакырышты билбей башы маң.


Ойноктогон "Ата-Журт" талаада калып, төрт партия төргө чыкчудай
А.Келдибеков менен К.Ташиевдин шантаж оюндары тажатканбы, соңку күндөрү КСДП, "Республика", "Ар-намыс" жана "Ата Мекен" партиялары биригип, сырттагы абройлуу башка саясый күчтөрдү дагы кеңири коалицияга тартышып, бийлик секисинде жаңы эрежелер орноору тууралуу кептер күчөдү. Ага ылайык, А.Атамбаев президенттикке бирдиктүү талапкер катары коалициянын атынан аттанып, спикерликке Ө.Текебаев, премьер-министрликке Ф.Кулов жана ошондой эле Т.Сариев, Ж.Оторбаев, К.Байболов, Ө.Суваналиев, М.Султанов, А.Сулайманов, Б.Төрөбаев, И.Гаипкулов сыяктуу көзүрлөр бараандуу кызматтарга барып калышы каңкууланууда.


200 миң доллар спикердин чөнтөгүнө кайдан түштү?
"Атажуртчулар" Эсеп палатасынын төрагалыгына өз партиялашы, чүйлүк А.Кангелдиевди кудалап, өөдө жак менен маселени макулдашып коюшкан эле. Бирок, күтүүсүздөн Азамат мырза "кидать" этилип, ажонун жарлыгы менен ал төрагалыкка С.Молдокулов дайындалып калды. Депутаттык мандатын тапшырып ийген Кангелдиев шефтеринин мындай ойт бермелигине жинденип, "бул кызматты Молдокуловго берген акысына спикер А.Келдибеков 200 миң доллар пул алыптыр деп атышат, чын-бышыгын текшерип бергилечи" деп кесиптештерине кайрылып, жер сабап жаткан кези тура.


Максимге 1 млн. доллар сунуштап, куржалак калган Чыныбай
Токмокто ун чыгаруучу үлкөн комбинат бар. Аны эки жыл мурда азыркы депутат, ун олигархы Ч.Турсунбеков сатып алууга дилгирленип, кадимки ханзаада Максимге 1 млн. доллар жең ичинен сунуштаганына карабай, ал комбинатты Макстын досу, агездеги биринчи вице-премьер Ө.Бабанов илип кетип, өзүнүн бизнесмен досторуна оодарып бергени азыр ачыкка чыгып отурат. Аны оозунан көк түтүн буркураган Чыныбай мырза өзү эле айтып жүрөт.