Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 2
  Сенсация

Кыргыздын "Моника Левинскиси" тирилди

"Мегаком" компаниясынын айланасында чуу токтобой, Раушан Рыкунова аттуу айым Өмүрбек Бабановдун, компаниянын азыркы жетекчилигин коргоп, телевидениеден түшпөй калды. Бул аялдын тарыхына кызыгып көрсөң, укмуштуудай кызык фактылардан оозуң ачылат.

Раушан Рыкунова - мурунку теле алып баруучу, көптөгөн адамдардын башын айлантып акчасын алдап кетип, капчыктуу ишкерлерди, саясатчыларды "кайырмакка илген", кыргыздын "Моника Левинскиси" (Моника Левински АКШ президенти Билл Клинтон менен ойнош болуп, кийин бул жоругу менен шантаж кылган) деп аталган Роза Качиева.
90-жылдардын аягында Кыргызстанда "ШАДЭ" деп аталган телекомпания бар болчу. Бул компанияны ошол Роза Качиева аттуу айым өзү жетектеп, эртең мененки берүүсүн өзү алып барчу, бул учурда анын ири жеке телекомпания ачуу дымагы бар эле. Ошентип атып эле бир күнү телеберүүлөрү эфирге чыкпай калган. Эмне болду экен (?) деп баары кулак түрүп калышкан эле. Көрсө, Роза айым кызматкерлеринин бир нече айлык-маяналарын бербей коюп, алар сотко доо арыз даярдап, эфирге чыгуудан баш тартышкан экен. Көп өтпөй бир катар абройлуу эле адамдар "ири суммадагы акчабызды алып, алдап кеткен" деп укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, прокуратура ага шылуундук фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал алдап кеткендердин катарында ири ишкерлер, мамлекеттик чиновниктер менен саясатчылар да бар эле. Бирок, алардын баары укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Качиевага берген акчалары укмуштуудай көп суммада болсо дагы, айрымдары унчукпай калууга мажбур болушкан. Ал чиновниктер өзүнүн дагы эмес, мамлекеттин акчасынан, анан дагы Качиеванын "сулуу көздөрү үчүн" беришкен. "Качиеванын баш айлантып, көз боемочулук кылуу таланты бар, ал саясатчыларга интимдик кызмат көрсөтөт" деген кептер тараган. Ошон үчүн дагы анын артынан даап, эч ким соттошо алган эмес. Баса, сулуу көздүү Роза менен "жылуу мамиледе" М.Шеримкулов, А.Акаев, Б.Надырбеков, М.Малабаев сыяктуу бир топ адамдар болгону айтылат. Кала берсе, бул эркектердин аягында азап чеккени да чынбы?
Чындыкты издеп аягына чейин бир гана италиялык соода үйүнүн ээси Манат Стамова күрөшкөн. Роза Качиева бул айымды 20 миң долларга алдаган экен. Стамова массалык маалымат каражаттарына интервьюларды берип, Розанын бул жоруктарын ашкере кылып, муну менен катар эмне үчүн алардын берген арыздарын ИИМ менен прокуратура эч кандай чара көрбөй жатат (?) деген маселени койгон. Көп өтпөй прокуратура Качиеваны камакка алуу боюнча санкция берип, бул айым темир торго алынган. Бирок, эң кызыгы мына ушул жерден башталган… (Айтмакчы, ошол учурда СИЗОдо "Кошелек" атка конгон Мурат Малабаев да отурганы, анан сулуу айым менен темир тор артынан табышканы туурасында укмуштуудай аңыз кептер каңгып жүрү.).
Эми популярдуу боло баштаган интернетте Роза Качиеванын СИЗОдон жазган салам каты жарыяланган. Катта ал журналист болуп жүргөн учурунда жогорку посттогу чиновниктердин интригасынын курмандыгы болгонун, Акүйдүн 7-кабатында Акаевдин кабинетинде, болгондо да Акаев үч жолу зордуктаганын коомчулукка жарыя кылган.
Бул маалыматты кала берсе оппозициялык гезиттер дагы кантип жазарын билбей турган учурда, биринчи кат жоголуп, интернетте башка оңдолгон кат илинип калган. Бул катта эми президент деп ачык жазылбай, "жогорку посттогу чиновник зордуктаган" деп жазылган. Бул маалыматты жазуу журналисттер үчүн оңойураак болуп, чуулуу кат гезиттерге жарыяланган. Ошондо Мелис Эшимкановдун популярдуу болуп турган "Асабасы" "Кыргызстанда "Моника Левински" пайда болду" деп жазып чыккан. Бирок, бир күндөн кийин эле интернетте тиги кат дагы жоголуп кеткен. Андан кийин Роза Качиева өзү СИЗОдон да, Кыргызстандан да жоголгон. Анын Интернетке кат илип, шантаж кылганы таасир этип, жогорку жактын көрсөтмөсү менен тергөө да, сот дагы СИЗОдон чыгууга каршылык көрсөтпөй чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө шарт түзүп беришкен. Күбөлөрдүн айтымында, Роза Качиеваны калкалагандардын катарында президенттин мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Болот Жанузаков болгон.
Көп жылдардан кийин Качиева Россиядан Кыргызстанга кайтып келип, эч кимге аты белгисиз гезит, журналдарды Раушан Юсупова деген ат менен чыгарып баштайт. 2005-жылы жоогазын революциясынан мурунку парламенттик шайлоодо бир күндүк гезиттерди чыгарып, айрым талапкерлерге каршы кара пиар менен алектенген. Көп өтпөй эле эски карыздары доолап келип, кайрадан Казакстанга качып кетүүгө аргасыз болгон. Ал жакта да жөн жүрбөй Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге жакын адамдардын коюн-колтугуна кирип, аларды "жайлап" кеткенге үлгүрөт. Ошону менен эле Казактанда калып калган жок, кайрадан Кыргызстанга кайтып келет. Эми Бакиевдердин бир туугандарынын биринин жүрөгүнө жол табат. Айрым маалыматтарга караганда, бул Жаныш Бакиев. Анын "амири" менен жылтыраган коммерциялык журналдарды чыгарып баштайт. Качиеванын тилегине каршы, апрель окуялары болуп кетип, журналдарын бир карызына өткөрүп бериптир. Дагы чет өлкөгө чыгып кеткен экен деп ойлогучакты БЭК партиясынын тизмесинде Бекназаровдун уулунан кийинки төртүнчү орунда, Раушан Рыкунова (Күйөөсүнүн фамилиясынан) деген ат менен ээлеп, парламенттик шайлоого аттанган. Азимбек Бекназаров менен кандайча тил табышып калганы белгисиз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул партия парламентке келбей калгандан кийин эми минтип "Мегаком" компаниясынан көрүнүп, бир жума мурун эле Азамат Мурзалиевдердин таламын талашкандай түр көрсөткөн. Жок жерден Аликбек Жекшенкуловду шыбап. Ошондо биз "Бабановдун көңүлүн тапкан го" деп ойлонгучакты, "Мегакомдун" мурунку жетекчилигине козголгон кылмыш иши токтогонуна пикирин билдирип, "А.Мурзалиев билип туруп эле биринчи-вице-премьер Бабановдун баш айлантмаларына кирип, адашып калды" деп баа бергени укмуш. Рыкунованын берген мындай баасына караганда, мурунку жетекчилиги кайрадан ордуна кайтканы калган го…
Бул аял күйүп калган күлүнөн пайда болгон Феникс кушу сымал элес жаратууда. Айрым жакшы тааныштары, Роза Качиеваны пластикалык операция жасаткандан кийин Раушан Рыкунова болуп келгенин айтышат. Доочулары билип калбасын деген го…

alaman.kg




Кылычын ташка чабышып
Ленин райондук соту мурунку президенттин уулу Максим Бакиев менен иштешкен бизнесмен Евгений Гуревичти сыртынан соттоп, кылмыш кодексинин Коррупцияга аралашкан деген 303-статьясына ылайык күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратууга чечим чыгарды. Сот мындан тышкары Гуревичтин мүлкүн конфискациялоого буйрук берди. Американын атуулу болгон Евгений Гуревич кайда экени белгисиз, учурда издөөгө алынган.

Чээнден чыккан ээнбаштык
8-март күнү кечки саат 23 чамаларында Токмок шаарындагы коомдук жайда мас болуп, ар кимге тийишип, кыйкырып, майрамдап жүргөн 23 жаштагы К.Салбаевди милициянын кайгуул-күзөт кызматынын жигиттери токтотуп, тартипке чакырган. Бирок, мас неме алардын айтканына маани бермек турсун, кайра кызыл шапкечендердин өзүнө атырылып, кол салган. Айымдардын майрамында аялдарча айкырык салып, ошол тегеректеги топтошуп жүргөн 10-15тей өгүздөй болгон балдарды жардамга чакырып албууттанган. Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде куралдан ок чыгарууга аргасыз болушкан. Мастар качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Эки милиционер денелеринен алган жарааттан улам ооруканага кайрылып, азыр иликтөө иштери жүрүп жатат




фкыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 38

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 38

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 38


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 38

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 38

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 38


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 38

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 38

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0317_6.htm on line 38