Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 2
 Уюк

Исхак Пирматовдун былыктарынан

Акыркы учурда "Кыргызнефтегаз" чатагы, бир кезде бул компаниянын жетекчиси болгон азыркы депутат Исхак Пирматов менен "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтышуулары коомчулуктун көңүлүн буруп келет. Биз бул маселени тереңинен иликтөөгө аракет кылдык.


Исхак Пирматов деген ким?
Ал Ош мамлекеттик университетин аяктаган. 2005-жылы Бакиев бийликке келип, Исхак Пирматов "Кыргызнефтегаз" компаниясынын материалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалган. Бул кызмат майлуу-сүттүү жер экени айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. 2007-жылы кезексиз парламенттик шайлоолор өтүп, "Акжол" партиясы 70%дан ашык добушту өзүнө менчиктеп, утуп чыккан "Ата Мекен" партиясы парламенттен сыртта калганы баарына маалым. Пирматовдун ишенген адамынын мартабасы көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары гана болбостон, "Акжол" фракциясынын башчысы да болуп дайындалат. Исхак Пирматов дагы бул шайлоо учурунда Ноокен району боюнча "Акжол" партиясынын координатору болуп, чуркап иштейт. Минтип иштегени шайлоодон кийин анын карьерасынын көтөрүлүшүнө шарт түзөт. Көп узабай эле 2008-жылдын май айларында "Кыргызнефтегаз" АККсына генералдык директор болуп дайындалат. Мурунку директорлор кеңеши таратылып, өздөрүнө ишенимдүү адамдарды кеңешке мүчө кылып дайындап алышат. Алардын катарында Василий Слесарев, Данияр Абышкаев дегендер турат. Д.Абышкаев Бабановго аябай жакын адам деп айтылып жүрөт. Исхак Пирматов бул кызматка 2008-жылы дайындалганы менен, шектүү иштерге 2009-жылы киришет.

Миллиондор капчыкта
2009-жылы 29-январда Бишкекте "Кыргыз-Мунай" деген компания түзүлөт. Түзүүчүлөрү "Кыргызнефтегаздын" директорлор кеңешинин мүчөлөрү В.Слесарев, Д.Абышкаевдер болгон. В. Слесаревдин атына жазылган компаниянын 80%ы Пирматовго тиешелүү экенин айтып жүрүшөт. Бул компания январдын аягында түзүлөрү менен, февраль айынан тартып, "Кыргызнефтегаздан" дизелдик май жана бензин сатып ала башташат. 2009-жылы аталган компанияга "Кыргызнефтегаз" арзан баада 20 млн. литр дизелдик отун, 9 млн. литр бензин саткан. Базарда күйүүчү майдын баасы 30 сомдон түшпөй турган учурда мындай көлөмдөгү күйүүчү майды "Кыргыз-Мунай" "Кыргызнефтегаздан" 9 сомдон сатып алып, андан ары кымбат баада сатып, жүздөгөн миллион сомдорду өз чөнтөктөрүнө солошот. Эгер 2008-жылдагы жетекчилик 1 литр бензинди 20 сомдон сатса, Исхак Пирматов келе калып эле "Кыргыз-Мунайына" 9 сомдон сатып атканы не шумдук? Кийин 2010-жылдагы революциядан келген эмгек коллективинин өкүлдөрүнөн турган жаңы жетекчилик күйүүчү майдын баасын 28 сомго чыгарып сатышып, баланстык пайданы 14 эсеге көтөрүшөт, салыкты 3 эсе көп төлөшөт. Бул көрсөткүчтөрдөн биз Пирматов жетектеген "Кыргызнефтегаз" жеке бирөөлөрдүн чөнтөгүн толтуруп, Кыргызстанга зыянын тийгизген иштерди жүргүзгөнүн билсек болот.

Мамлекетти өөнөп келген депутат
Мына ушинтип элдин акчасы менен кулкундарын толтуруп келгенине "Кыргызнефтегаздын" башкармалыгынын төрагасы Пирматовдун "ЮниТрейд компани" менен түзгөн келишимдери мисал боло алат. Атын айтсаң тилиң сына турган бул компания кайсы чет элдик инвестор экен (?) деген суроо туулушу мүмкүн. Бул компания 2007-жылы Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылынын Автобаза көчөсүнүн №9 дарегине Жаныбек Атакозуевге катталган фирма экенин билдик. "Юни Трейд компани" "Кыргызнефтегаз" ААК менен 2008 жылы 94 млн. сомдук, 2009 жылы 44 млн. сомдук, 2010-жылдын үч айында 45 млн. сомдук келишим түзгөн. Эми ошол "Кыргызнефтегаз" Атакозуевдин фирмасы менен биргеликте иштешүү боюнча келишим түзгөн. Ал келишимге ылайык, "ЮниТрейд компани" "8,5 млн. доллардан ашык турган бургулоо жабдыгын запастык бөлүктөрү менен алып келебиз, жерди бургулап, нефти өндүрүп чыгабыз" деп келишим түзүптүр. "Кыргызнефтегаздын" революциялык жаңы жетекчилик бул жабдыктардын баасы 4 млн. доллардан ашпай турганын далилдеп, Кытайдын заводунан өздөрү түз эле 4 млн. долларга алып келишти. Аны менен катар Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген "ЮниТрейд компани" менен түзгөн келишимин бузууга аракет кылып, Жогорку соттон жокко чыгарды. Исхак Пирматов ушул күнгө чейин буга каршы чыгып, мурунку келишимин жандандырууга аракет кылып келет. Исхак Пирматов "ЮниТрейд компанинин" ээси Жаныбек Атакозуев бургулоо жабдыктарын каалаган баада алып келет, кааласа 8 млн. доллардан, кааласа 15 млн. доллардан" деп билдирди. Бул Пирматовдун түшүнүгүнүн жоктугу, же болбосо түшүнүп туруп көк беттик кылып атканын көргөзүп турат. Каалаган баада алып келип атса, ал Кыргызстандын эсебинен төлөнүп жатпайбы? 4 млн. долларлык жабдыкты 8 млн. доллар деп берип, Кыргызстандын эсебинен пайда тапкан долбоорлор көп болгон, бул дагы мына ошолордун бири. Пирматов "Жаныбек Атакозуев 8 млн. доллардык бургулоо жабдыгын алып келип нефть чыгарат. Чыгарылган нефтинин 70%ы Атакозуевге берилет, калган 30%ы "Кыргызнефтегаздыкы" т.а. мамлекеттики дейт. 8 млн. долларын ошентип актагандан кийин 40%ы Атакозуевге берилип, 60%ы мамлекетке берилет" дейт. Нефтинин 1 тоннасынын баасын 275 доллар деп коюшат, бул кезде нефтинин чыныгы баасы 415 доллар болчу, бүгүн болсо 550 доллар турат. Жөнөкөй эсептер Атакозуев бүгүнкү күндө 50 миң тонна нефти алыш керектигин көрсөтүп турат. Бүгүнкү баа менен эсептегенде 50 миң тонна нефти 27 млн. доллар акча. Бургулоо жабдыгы 4 млн. доллар дей турган болсок, 23 млн. долларды Кыргызстандын эсебинен өз чөнтөгүнө салып алган афералык келишим экенин көрүнүп турат. Пирматов депутат болгондон бери ушул гана иш менен алектенип, мурунку келишимди ордуна алып келүүгө жандалбастап жатканы да мына ушундан.

Афераны калкалаган Бабанов
Окурман "4 млн. доллар болбосо дагы 8 млн. долларга алып келип жатса, жерди казса, нефти чыкпай калса, күйүп кетет да, анын тобокелчилигин дагы эске алуу керек" деши мүмкүн. Жок, бул жерде Атакозуев таптакыр күйбөйт. "Нефти чыкпай кала турган болсо дагы, "Кыргызнефтегаз" башка нефти чыккан скважиналардын эсебинен 50 миң тонна нефтинин эсебинен берилет" деп жазылып турат. Ошентип, булар нефтинин өздүк баасынан арзан алышса, ал аз келгенсип өздөрүнө сатса, 20 млн. доллар 50 млн. доллар болуп чөнтөктөрүнө түшөт да. Бул келишимге Ноокендин, жалпы эле Жалал-Абад облусунун эли каршы чыгып жатат.
Бул Россиянын депутаттарынын "Бабанов мамлекеттин чөнтөгү менен өзүнүн чөнтөгүн алмаштырып алган" деп айткан сөздөрүнө бир далил болот. Анткени, 2009-жылы Бабанов өлкөдө биринчи вице-премьер-министр болуп турган. Өндүрүшкө жооп берип, анын ичинде нефти тармагына түздөн-түз тиешеси болгон. "Кыргызнефтегаздын" мындай былыктарына Бабановдун дагы мына ушундай тиешеси бар. Бабановдун өкмөтү ошол "Кыргызнефтегаздын" мурунку жетекчилигин, Пирматовдун кызыкчылыгын коргоп жатышат. Бул былык иштер "Республика" партиясына дагы көлөкөсүн тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, кеч боло электе "республикачылар" бир жыйынтык чыгарса...
Эң кызыгы, Жаныбек Атакозуев жетектеген "ЮниТрейд компанинин" жабдык алып келген Кытай компаниясынын келишими. Ага ылайык, жабдык келери менен үч айдын ичинде "ЮниТрейд компани" кытай тарапка акчаны бир нече бөлүк менен которуп бериши керек экен. Териштире келгенде, Кытайда мындай компания жок болуп чыккан. "ЮниТрейд компани" кайсыл банктык эсептен, кайсы эсепке которгонун көрсөтүп бере албай келет. УКМК бул факты боюнча иш козгошу керек болчу, алар дагы жең ичинен сүйлөшүп алышканбы, Пирматовдун айткан сөздөрүнө ишенип, бул иш козголбоптур.

Пирматов Текебаевге миллион доллар сунуштаганда...
2010-жылдын 7-апрелинен кийин Пирматов ортого адамдарды салып, ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаевге киргенге аябай аракет кылган. Принципке катуу турган Өмүрбек мырза Бакиев менен иштешкендердин бирөөсү менен дагы жолукпай койгон, анын ичинде Пирматовду да кабыл албай койгон. Анан айласы кетип ортомчулар аркылуу "мен "Кыргызнефтегазга" барып, кайрадан иштей берейин, маселени чечишип алдым, Атамбаев менен дагы өзүм сүйлөшөм. Өмүрбек аканын шайлоо кампаниясына 1 млн. доллар жардам берейин, ал киши унчукпай эле койсо болду" деп айттырыптыр. Өмүрбек Текебаев болсо далдалчыларга "Биринчиден, Бакиевдин убагындагылар өлкөнүн табигый байлыгын бир үйбүлө үчүн иштеткен. Экинчиден, "Кыргызнефтегаздан" Пирматовду эл кууп жиберип, ошол коллективде 17 жыл иштеген адисти коюшуптур, мен алардын эркине каршы чыга албайм. Үчүнчүдөн, биз пара албайбыз. Андай жигит менен мен сүйлөшпөйм" деп так кесе жообун айтканын кирип-чыккан адамдар айтып жүрүшөт.

Акыл БАКТЫБЕКОВ




  Бейнеге сүртүм

Бийлик неге дайыма Байболовдон коркот?
Чыкылдаган кыштын түнү… "Ата Мекенге" берген добушун сыйпалап таппай калган шайлоочулар, журналисттер декабрдын ызгаарына тоңгонубузга карабай түнкү бирге чейин соттун чечимин күтүп атабыз. Биринчи май райондук сотунун судьясы Давлетбаева дегеле адамга жакшылык кыла турган түрү жок, местейет. "Атамекенчилердин" парламенттик шайлоодо утуп чыкканын далилдеген протоколдорду, документтерди көрөйүн деген көзү жок тим эле. Сот залы толо эл. Алдыңкы катарда "Ата Мекендин" тизмесиндеги биринчи үч лидер Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов,Темир Сариев отурушат. Так ушул 2007- жылкы парламенттик шайлоодо жүзүкаралык менен "Ата Мекенди" өткөрбөй коюп, Бакиев өзүнө кандай өкүм чыгарып алганын байкабай калган. Ал аз келгенсип Акүй жең-ичинен соодага өттү. "Ата Мекенге" орун берилет, бирок тизмеден Байболовду жоготкула" деген шарт коюлду. Жалгыз Байболовду чийдириш үчүн ушунча элдин назары менен ойнош керек беле? Ушунча элди оозго тебиш керек беле? Байболов ким деги? Эмнеге Бакиев менен Садыркулов Байболовдон мынчалык коркту? Фарсы тилинде түш жооруган чекисттин Ооганстанда, Кытайда советтик чалгында иштегени үчүнбү? СССР КГБсындагы тажрыйбасынанбы же кыргыз саясатында "барометр" атка конгон кыраакылыгынан чоочуштубу?
Кубатбек Байболовдун депутат кези көз алдымда. Өмүрбек Текебаев бир маегинде айтканы эсимде калыптыр, өтө оор маселе талкууланып атканда "Кубат акени карайм, мимикасынан эле түшүнөм баарын" деп. Журналисттер да Кубатбек Байболовдун сөзүн күтүп калчу элек. Ал сүйлөп атканда журналисттер отурган балкон жымжырт болуп, баарыбыз тигилип калчубуз. Кандай кызыл чеке талаш болуп атса да Кубатбек Байболов сүйлөп туруп чекитти коюп, аргументтерди ортого жайганда эки жээк тең муюп отуруп берчү. Бул жолу да коомчулук Кубатбек Байболовду депутат болсо деп күткөн. Азыр парламентке чын эле Байболовдой профессионалдар жетпей атканын тана албайбыз. Бирок, апрель ыңкылабынан кийин ал киши өз чечимин кабыл алды. Ата-Журт оор күнгө кабылган кезде Түштүккө барбай кое албайт болчу. Канчалар жоопкерчиликтен качып четке чыга беришти?! Жылуу орунга ыктап депутаттыкты тандаса деле болмок, бирок коогалаң учурунда Жалал-Абадга комендант болуп иштеди. Ички иштер министри болду, учурда Башпрокурорлукту аркалап атат. Кызмат демекчи, Бакиевдин убагы эске түшөт. Курманбек Бакиев улам бир "элчисин" жиберип Байболовго күч структура жетекчилигинин баарын сунуш кылып чыккан.








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 51

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 51

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 51


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 51

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 51

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 51


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 51

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 51

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_10.htm on line 51