Кыргыз гезиттери



  Мына сага

200 гектар жерди ээлеп...
Чүй боорунда эл көбөйүп, айдоо аянттары кыскарып аткан тушта 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов "Азамат" автобазарынын нак маңдайындагы 200 гектардан ашык сокулуктарга караштуу жерди айыл чарбага колдончу милдетинен ажыратып, Бакиевдин убагында эле менчикке чыгартып алганын өткөн саныбызда жазган элек. Бүгүн аны далилдеген кагаз колубузга тийип отурат. Кайран Өмүрчик ал жерди кеминде эле беш тууганына каттаткан экен. Өзүңүздөр карап көрүңүздөр.




  Шумдугуң кур!

Өмүрбек Бабанов мамлекетке 10 млн. доллар карыз
2006-жылы Орусиянын "Газпром нефть" аттуу компаниясы Кыргыз Республикасынын жараны Анипа Бабанова ээси болгон "Мунай мырза" жабык акционердик коомунун 100% акциясын сатып алган. Келишим түзүлүп жаткан кезде Анипа Бабанова "Мунай-Мырзанын" акциясынын жападан жалгыз ээси болгон. Акциялар 100 миллион, тактап айтсак, 101 115 100 долларга сатылган. Анипа Бабанова ким? Билбегендер үчүн айтып коелу: -бул Коалициялык өкмөттүн 1-вице-премьер-министри, Акаев мезгилинен бери "бензин пашаасы" деген каймана атка конгон бизнесмен, "Альянс" май куюучу жайларынын ээси Өмүрбек Бабанов. Жогоруда биз айткан 100 миллиондон ашык доллар да иш жүзүндө анын колуна тийген.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кайсы бир мүлк, акциялар сатылганда, уставдык капиталы менен сатылган баанын ортосундагы айырманын 10%ы мамлекетке салык катарында төлөнүшү керек болчу. Кызыгы Бабановдордун уставдык капиталы 100 млн. сомду түзгөн жабык акционердик коомунун акциясы 101 115 100 млн. АКШ долларына (4 млрд. 780 млн. сом) сатып алып, кийин ортодогу айырманын 10%ын, тагыраак айтканда, 10млн. АКШ долларын төлөбөй койгону айныгыс факт (1-схема).
Жогорудагы фактыдан улам "бизде мындай көрүнүш арбын, башкалар деле төлөп атыптырбы?" деген ой туулушу мүмкүн. Башкалар менен салыштырып көрсөк, айрым чет элден келген ишкерлер салык маселесине келгенде "өз кулунубузга" караганда өтө так экенин билдик. Буга төмөндө бир эле мисал келтирели.
2008-жылы "SerpeusInc." компаниясы өзүнүн өкүлү ("GREXTONCAPITALLTD"-Белиз) аркылуу ЖЧК "БиМоКОМ Лтддин" уставдык капиталынын (180млн. 243 миң сом) 100%дык үлүшүн 195 млн. АКШ долларына (9млрд. 220 млн. сом) сатып алып, Кыргыз Республикасынын бюджетине 851 529 087 сомду салык иретинде банктык эсеп аркылуу которгон (2-схема). Болгондо дагы колуна саткан акчасын ала электе төлөп отурат. Ал эми "мамлекетти багам" деп төш кагып, эң жогорку кызматта отурган Өмүрбек Бабанов, тескерисинче, мамлекетти тоноп атпайбы. Бул бир гана мисал. Мындай далилдүү фактылар четтен саналып атканы өкүнүчтүү.




Көз таңмай жоруктардын бетин ачуу
Кыргыз Республикасынын премьер-министри элибиздин ишеничин жоготпош үчүн Ө.Бабановду кызматынан четтетип, ачык-айкын кызматтык текшерүү жүргүзүшү керек

Кыргызстандын премьер-министри А.Атамбаев "элибиздин ишеничин жоготпош үчүн биринчи вице-премьер министр Ө.Бабановду кызматынан чектеп, ачык кызматтык текшерүү жүргүзүшү керек"- деп бүгүн альтернативдик өкмөттүн премьер-министри, "Акыйкат" партиясынын лидери А.Жекшенкулов билдирди.
"Коомчулуктун Ө.Бабановго үч чоң суроосу бар" деп А.Жекшенкулов белгиледи:
1. Рейдерлик басып алуулар жөнүндө. Канчалык Ө.Бабанов актанып келсе дагы, элдин көпчүлүк массасына кандай жол менен байлык топтогону маалым. А.Акаев, М.Бакиев менен болгон мамилелерин алсак, В.Хондун ишканаларын басып алганы, активдери кыйла эсе көптүгүнө карабай, 20 млн. долларга АКБ "Кыргызстан банкын сатып алгандыгы", "MegaCоm" менен болуп өткөн окуясы.
2. Америкалык авиабазага КММ (ГСМ) ташуу боюнча. Маалыматтарга таянсак, Ө.Бабановдун жакын тууганы жылуу-жумшак официалдуу түрдө 700 млн. сомдун тегерегинде пайда таап жатат, бул үчүн акциз жана КНС төлөгөн жок. Ал эми ушул эле учурда бюджет ири көлөмдөгү каражаттарга муктаж.
3. Биринчи вице-премьер министр жүргүзүп жаткан кадр саясаты боюнча. Ө.Бабановдун колдоосу менен Нарын областын, Манас аэропортун, Мамлекеттик мүлк министрлигин бул тармактарда иштебеген, тажрыйбасы жок адамдар башкарып жатышат. Бул үчөө тең алкоголь өндүрүү чөйрөсүндө иштешкен. Бул чөйрө көмүскө тармагы эң бийик, коррупцияга белчесинен баткан тармак болуп эсептелет. Ушул адамдар таза, эл үчүн, өлкө үчүн кызмат кылат деп ишенсек болобу? Мен ишене албай турам.
"Эгерде бүгүн Кыргызстандын жетекчилиги Ө.Бабановдун көйгөйүнө көңүл буруп, талдап чыкпаса, өкмөт менен парламент элдин ишеничин жоготот. Инвесторлорду качырып, жакынкы шериктештер Россия, Казакстан менен мамилелерин бузуп алышы ыктымал. Ошондуктан кылдат жана ачык текшерүү жүргүзүп, чекит коюш керек"- дейт Аликбек Жекшенкулов. Эгерде текшерүү жүргүзүлбөсө, коалициянын кыйрашына жана саясый кризиске биринчи кадам шилтеген болобуз.


"24kg", 09.03.2011





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика