Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 2
  Дежавю

Атамбаев жаңы революцияны болтурбай кое алабы?
Өткөн жумада премьер-министр Алмазбек Атамбаев Москвага барып, өзүнүн россиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолугушту. Кыргызстанга берилүүчү күйүүчү жана майлоочу майларга пошлина киргизүү маселеси эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү негизги маселе болду. Анткени, бул көйгөй оң жагына чечилбесе жазгы талаа жумуштары башталган мезгилде республика катастрофага учурашы мүмкүн. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Москванын Атамбаевге карата "Россия берген ГСМди башка өлкөлөргө сатып жатасыңар, өлкөнүн түштүгүндө АКШнын машыгуучу борборун ачкан жатыпсыңар" деген сыяктуу бир катар дооматтары бар. Кыргызстандагы окуялар кудум эле былтыркы сценарий боюнча өнүгүп бараткандай. Былтыр да Россия ГСМге пошлина киргизгенден кийин апрель революциясы болуп, Курманбек Бакиевдин режими кулап калган эле.
Былтыр декабрда эле премьерлер пошлиналарды алып салуу боюнча макулдашышкан. Бирок, 16-февралда Москва пошлинаны кайра киргизип, бул болсо ГСМге болгон баалардын 2 пайызга кымбаттоосуна алып келди. "Эгер пошлинага байланыштуу маселе жакын арада чечилбесе сезондо баалар 40 сомго чейин көтөрүлүп кетиши мүмкүн" дейт парламенттик комитеттин төрагасы Азамат Арапбаев. Республиканын айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, жазгы талаа жумуштарына 40 миң тонна дизель майы зарыл болсо, Кыргызстанда азыр 12 миң тонна эле бар, бул жалпы керектөөнүн 30 гана пайызын түзөт. Ошондуктан, бул маселе чечилбесе республикада жарылуу болору турган кеп.
Бирок, сүйлөшүү оңой-олтоң болгон жок. Москва "Бишкек өзүнүн берген убадаларынын бир тобун аткарган жок" деп доомат коюуда. "Былтыр биз Кыргызстандын ички керектөөсүнө зарыл өлчөмдөгү ГСМ пошлинасы жок берилет деп макулдашканбыз" дейт Россиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булактар. Бирок, кээ бир кишилер Кыргызстандын керектөөсүн атайылап жогору кылып көрсөтүп, нефтепродуктуларды жеңилдетилген шартта алып, анан башка жакка рыноктук баада сатышкан.
Жыл башынан бери Кыргызстанда күчөп кеткен россиялык инвесторлорго, баарынан мурда 51 пайыз акциясы россиялык бизнесмен Глеб Огнянниковдун "Eventis Telekomуна" таандык "Альфа Телекомго" ("MegaCom" соода маркасы ) чабуулдар күчөп кеткени да Москванын кыжырын келтирүүдө. Январдын аягында финансылык полиция компанияга кылмыш ишин козгоп, россиялык топ-менеджерлерди четтетип койду. Февралдын аягында болсо кыргыз парламентинин комиссиясы өкмөткө "MegaComдун" 100 пайыз акцияларын мамлекетке өткөрүп берүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.
9-мартта Бишкекке Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитетинин башчысы Алексей Островский жетектеген россиялык парламентарийлердин тобу келген соң иш жакшы жагына өзгөргөнсүгөн. 14-мартта Башкы прокуратура иштен бошотулган россиялыктарды кызматына кайра коюп, өкмөт дайындаган сырткы башкаруучу Азамат Мурзалиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Бирок, эртеси эле ОМОН чиновниктин таламын талашып, жүзгө жакын беткап кийген спецназчылар компаниянын офисин ээлеп алышты, башкы директор Андрей Силич менен анын орун басарларын кабинеттерине камап коюшту. Россиялык бизнесмен РФнын Бишкектеги элчиси Валентин Власовдун кийлигишүүсүнөн кийин гана эркиндикке чыгарылган.
Москва Россиянын алдындагы Бакиев тарабынан кабыл алынып, кийин жаңы өкмөт тарабынан тастыкталган милдеттенмелердин аткарылбагандыгына өтө нааразы. Кеп Россияга ВА-111 "Шквал" жогорку ылдамдыктагы суу асты торпедолорун чыгаруучу "Дастан" заводунун акцияларынын мампакетин берүү, Кыргызстанда Россиянын бириккен аскердик базасын түзүү, өлкөнүн түштүгүндө ОДКБнын машыктыруучу борборун ачуу жөнүндө болуп жатат. Кечээ жакында эле Президент Роза Отунбаева Вашингтонго жасаган визити учурунда Кызыл- Кыяда же Тажикстан менен чектешкен Баткенде америкалык машыктыруу базасын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап келгендигин билдирди. "Мунун баары Бакиевдин учурунда эле айтылып жүргөн эски пландар, биз ал жерден эч кандай конкретиканы көрбөй турабыз. Бирок бул кырдаал биздин тынчсыздануубузду туудурбайт дегенди билдирбейт" -дейт Россиянын ТИМинде иштеген маектешибиз.
ГСМ боюнча маселенин чечилиши көп жагынан Алмазбек Атамбаев Россиянын дооматтарына канчалык деңгээлде жооп бере алгандыгына байланыштуу болот. Россиянын өкмөтүндөгү жана ТИМиндеги маектештерибиз Кыргызстандын өкмөт башчысынын атүгүл карганып айткан сөздөрү да Москвага Бишкек жетишилген макулдашууларды так аткарарына ишенимдүү кепилдик бере албасын айтышат. "Ал жактагы кырдаал стабилдүү эмес. Башкаруучу коалиция мына-мына ыдыраганы турат, азыркы өкмөт да бир нече күндөн кийин кандай тагдырга туш болорун эч ким билбейт" дейт маектешибиз. Сөзүбүз куру болбосун, мисал келтирели:
- Биз Кыргызстанда кайрадан дестабилизация, жаңы революция болушуна кызыкдар эмеспиз, ошондуктан жардам бергибиз келет. Бирок, азырынча кырдаал дежавю сезимин пайда кылууда.
Чындыгында эле бир жыл мурда окуялар кудум ушундай сценарий менен өнүккөн болчу. Атүгүл хронометраж да дал келүүдө: 2010-жылдын февралында Россия ГСМге пошлина киргизди, мартта баалар көтөрүлдү, апрелде революция болду. Бирок, МГИМОнун доценти Иван Сафранчуктун божомолунда, Кыргызстандагы революциялык окуялар күзгө чукул, президенттик шайлоолорго старт берилип, кыргыз саясатчылары жана кландар бийлик үчүн аесуз күрөшкө аттанган учурда башталышы мүмкүн.

Александр Габуев,
Кабай Карабеков, Бишкек




  Экинчи сокку

Аликбек Жекшенкулов:
"Бабанов Максим Бакиевдин жолуна түштү"
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов Максим Бакиевдей иш жүргүзүп жатат - деп бүгүн альтернативдик өкмөттүн премьер министри, "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов билдирүү жасады. Өмүрбек Бабановдун жана анын "MegaCom" компаниясындагы жактоочуларынын сөздөрүнө комментарий берди.
Мен ойдон чыгарылган куру жалааларга туталанып олтурбайм. Бул менин 09.03.2011-жылкы билдирүүмө жооп экенин жакшы түшүнүп турам, ал билдирүүдө биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду ишинен четтетип, кызматтык текшерүү жүргүзүү керектигин айткам. Өкүнүчтүүсү, биринчи-вице-премьер-министр сынга адекваттуу карап, тыянак чыгарса болмок. "Республиканын" кызыкчылыгына байланышкан суроолорго көңүл бурса болмок, анткендин ордуна Максим Бакиев жасаган кылык-жоруктарды жасап жатат. Рейдерлик, КММ (ГСМ) ташуудагы көз будамайлоо, кадр саясатындагы "сасык" иштер, жалган ушак таратуу. Ушул жасап жаткан иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө салым кошору күмөн туудурат.
Мен ишенем, таза, жөнөкөй адамдар мага карата айтылган жалааларга ишенишпейт. Чындык, адилеттүүлүк деп күрөшүп келгендигим үчүн, мени каралап келишкенин туура түшүнөт. Буга чейин деле жалган жалаа менен айып таккан учурларда ошол жасалма кылмыш иштеринен акталып чыккам. Мындай курулай, маанисиз сөздөргө көңүл бурбайм. Бирок, жаран катары чындыкка жетүү үчүн сотко доо арыз менен кайрылам.

"24kg" 11.03.2011.




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 39

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 39

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 39


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 39

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 39

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 39


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 39

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 39

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0324_13.htm on line 39