Сереп

Коалициянын кыйрашына Келдибеков кызыкдарбы?

"Коалиция кулайт экен" деген сөз ал төрөлгөндөн баштап эле ээрчип жүрөт. Өзгөчө март айынан бери "бүгүн-эртең тарайт экен" деген кептер реалдуудай болуп көрүнө баштады. Коалициянын тарашына ким кызыкдар, ага ким күнөөлүү (?) деген талаш коом арасында жүрүп жатат. "Коалицияны кулатабыз дегендер өзүнүн кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору койгондор, Кыргызстан бир жылдан бери эми араң стабилдүүлүккө жетип атса, алардын кылганы туура эмес да" деп сындагандар да көп. Коалицияны ким кулатышы мүмкүн? Аны ким түзсө ошол гана кулата алат? Коалициянын сыртындагылар аны кулата албасы турган иш.

1-мартта күтүүсүздөн эле Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков жетектеген парламент делегациясы Россиянын Мамдумасын көздөй сапар тартат. Күтүүсүздөн деп айтканыбыздын себеби, тартип боюнча мамлекеттин жетекчилеринин визити Тышкы иштер министрлиги, кабыл алуучу өлкөнүн элчилиги аркылуу жасалат. Келдибековдун бул сапары боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандагы Россиянын элчилигинин, Жогорку Кеңештин эл аралык комитетинин такыр маалыматы болгон эмес. Алар А.Жапаров баштаган депутаттык комиссияга берген көрсөтмөлөрүндө "бул сапардын жыйынтыгы бизге табышмак бойдон калды" деп айтып отурат. А.Келдибеков Москвадан келери менен курамына фракция жетекчилери, төраганын орун басарлары, комитеттердин жетекчилери кирген ЖКнын Координациялык кеңешин жыйнайт. Бул жыйналышта төрага: "Москвага барып, Кремлдеги үлкөн адамдар менен жолуктук. Алардын баары биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго нааразычылыктарын айтып жатат. Ал "россиялык инвестордун "Мегаком" компаниясындагы үлүшүн күч менен тартып алганы жатат" деп билдирди. "Мегакомду" россиялыктарга бербесек болбойт окшойт, өзүнчө бир комиссия түзүп, териштирели. Канча адам менен жолуксак, алардын баары "Бабанов мамлекеттин чөнтөгү менен өзүнүн чөнтөгүн алмаштырып алды" деп айтты. Бул кыргыз-орус мамилелерине залакасын тийгизет. Жадакалса, Бабановдун айланасындагы адамдар россиялык ишкерлерден 50 млн. долларды алдыда боло турган президенттик шайлоого сураптыр" деп жарыялады. Минтип айтып эле тим болбостон, Жогорку Кеңештин аппаратына "120 депутаттын кимисинде эки өлкөнүн атуулдугу бар экендигин иликтеп, даярдап койгула" деп тапшырма берди. Бул жерден төрага Бабановго таш ыргытып атканы айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. Анткени, анда Казакстандын дагы жарандыгы бар экени тастыкталган, бирок, Бакиевдер менен тил табышып алып, Жогорку Соттон бул маселени чечишип алганын баары билет.
Бир ай өтпөй, 9-мартта Россиянын Мамдумасынан Семен Багдасаров, Алексей Островский (Думанын КМШ өлкөлөрү боюнча комитетинин төрагасы) деген депутаттар келди. Бул визит Келдибековдун сапарына жооп визит экенин төрага өзү деле жашырган жок. Ал депутаттарды өзү кабыл алып, комитет менен биргеликте Жогорку Кеңеште пресс-конференциясын уюштуруп берди. Маалымат жыйынында бул орус депутаттары Кыргыз өкмөтүнө Россиянын өкмөтү ишенбей калганын айтып, Бабанов өз кызыкчылыгын эки элдин ортосундагы мамиледен жогору койгонун, буга окшогон бизнесмендер мамлекеттик кызматты ээлегенге акысы жоктугун жарыялады. Багдасаров Бабановдун Пензада 130 млн. долларга курулган цемент заводу бар экенин айтып чыкты. "Биз, орустар, акчабызды алып келип Кыргызстандын экономикасына салып атабыз, ал эми силердин кулунуңармын деп жүргөн Бабанов Кыргызстандан 130 млн. долларды алып барып Россиянын экономикасына салып атат. Мындан ким силер үчүн жакын да, ким душман экенин билгиле" деп айтты. Андан сырткары, Бабановдун Пензадагы бизнесин текшерерин айтышты. Текшеребиз деп атканы "силердин мамлекеттик жетекчиңер биздин колубузда, аны тизгиндеп каалаганыбызды жасата алабыз" дегени да. Негизи Бабановго окшогон жогорку кызматтагы адамдардын сыртта чоң бизнеси болгону коркунучтуу. Бул мамлекетке, коопсуздугубузга чоң залакасын тийгизген фактор экени белгилүү. Анткени, ошол башка мамлекет аны каалагандай калчап, каалаган келишимине кол койдуруп алышы мүмкүн.
Орус депутаттарынын бул сапарына "Республика" партиясынын депутаттары жообун билдирип, "жамандын коногу бийлейт болуп жатат. КМШ өлкөлөрүнүн тарыхында болуп көрбөгөн окуя болуп жатат, Россиянын эки депутаты бастырып келип биздин өкмөтүбүздү сындады. Жаман болсо дагы Бабанов өзүбүздүн бала. "Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" деп ызаланып кыйкырып, патриоттук, намыс сезимин козгоого аракет жасашты. Чынында эле Акаевдин, Бакиевдин учурунда минтип бастырып келишкен эмес, башка өлкөлөрдө мындай учур катталган да эмес, а эмне үчүн анда Кыргызстанга келип, ушундай сындарын айтып отурат (?) деген суроо туулушу мүмкүн. Буга жооп деле издетпей өзү чыга келет. Анткени, жума сайын учуп, эшигин каккылап, кабылдамасында "айтканыңызды жасап беребиз" деп жүгүнүп, Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлин Бабановго окшогондор түшүрдү. Артынан үйүнө чейин кууп келип, сындап кетти. Эгерде Бабанов бул ишке нааразы болуп, кыргыздын намысын коргогусу келсе, анда Кыргыз өкмөтүнүн атынан Тышкы иштер министрлиги Россияга нааразычылык нотасын жибериши керек. Бүткүл дүйнөдө кабыл алынган тартип ушундай. Бир жума өтүп кетсе дагы Кыргыз өкмөтү, Тышкы иштер министрлиги аркылуу Россияга "бул кылганыңар туура эмес, биздин мамлекетибиздин ар-намысына шек келтирип жатасыңар" деп айткан жок. Айтса, Пензадагы заводун, Москвадагы ишканасын дагы текшерери көрүнүп турат. Мына ушинтип, Бабанов Кыргыз мамлекетинин тагдырын Россияга барымтага салып берди.
Келдибековдун Москвага барып, ал жактын депутаттарын ээрчитип келгени, алар келе электе эле Бабановдун Россиядан президенттик шайлоого деп 50 млн. доллар сураганын шардана кылганы, ушунун баарын төрага жасап жаткандай, Бабановдун ээрден оодарылышына кызыкдар болгондой түр калтырып жатат. Анткени, коалиция түзүлөрдө Бабанов менен Атамбаевдин ортосунда "Атамбаев премьер-министр болот, Бабанов анын биринчи орун басарлыгын ээлейт. Күзгү президенттик шайлоодо баары колдоп чыгып, Атамбаевди президент кылып, ордуна Бабанов премьер-министр болот" деген келишим түзүлгөнү эч кимге жашыруун эмес. Албетте, Бабановдун премьер-министр болуп калышы көп адамдарга жакпасы турган иш. Ошолордун бири: өзүн "өкмөт башчысы болууга даярмын" деген, аткаруу бийлигинде тажрыйбасы бар Келдибеков болушу толук ыктымал. Болбосо, бир коалицияда туруп, анан өзүнүн коалициясына ор казып, Москвадан депутаттарды ээрчите келгенин кандай түшүнсө болот?
Ачуусу келген "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев "эгер орустардын айтканы чын болсо, "Ата-Журт" фракциясы коалициядан чыгат" деп жарыялады. Ошондон кийин "Мегакомдун" айланасындагы чыр-чатакты текшерүү үчүн спикер ар бир фракциянын өкүлдөрүнөн турган топ түзүп, анын башына Бабановдун элдешкис душманы Акылбек Жапаровду дайындайт. Акылбек Жапаров болсо тез аранын ичинде бул иштин ичеги-чабагын сууруп чыгып, документтерди том-том кылып жыйнап коюп, Бабановдун шайы оодарылып атыптыр. Мисалы, Бабанов "Мегакомдун" инвесторлорунан 50 млн. доллар сурамак турсун, бир дагы жолу жолуккан эмесмин" деп расмий түрдө жарыялаган. Бирок, 18-мартта депутаттык комиссиянын жыйналышында Бабанов орусиялык инвестор Артур Акопян менен бир эле жолу эмес, үч жолу жолукканын моюнуна алат. Бир жолу шайлоого чейин, экинчи жолу биринчи-вице-премьер болуп иштеп турганда, үчүнчү жолу Москвада жолугуптур. Экинчи жолу, Бабановдун бизнес-офисинде кечке маал, алтынчы күнү кечинде жолугат. Эч кандай күбөлөрү жок жекеме-жеке сүйлөшүү 1,5 саатка созулат. Бул жолугушуу жагдайы логикага да, мамлекеттик кызмат этикасына дагы туура келбеген көрүнүш. Эгерде сот өзү соттоп аткан адам менен өзүнүн үйүндө бир жарым саат сүйлөшсө, ал тууралуу эмне деп айтууга болот? 500 млн. долларлык баасы бар компанияны мамлекет тартып алып жатса, анын чыркырап жүргөн ээлери менен Бабанов жумушта эмес, жеке кеңсесинде, күбөлөрдүн көзүнчө эмес, жашыруун жолугуп атканынын өзү шек туудуруп жатпайбы? Ошол эле депутаттык комиссиянын жолугушуусунда Артур Акопянга "сиз Бабанов менен жолугуптурсуз, ал сизге өкмөт мүчөсү катары сүйлөдүбү, же атуул Бабанов катарыбы?" деп суроо узатса, ал "мен кандай сапатта сүйлөгөнүн түшүнбөй да калдым" деп жооп берди. Артур Акопян Кыргызстанда менчигин алдырып, эптеп жүргөн инвестор болгондуктан, "Бабанов менден 50 млн. доллар сурады" деп ачык айтып берүүдөн коркот. Айтса эле байлыгын алдырат. Бирок, ачык айтпаганы менен "мени үйүнө чакырып жолукту, мамлекеттик чиновник, же атуул, же бизнесмен катары сүйлөгөнүн түшүнбөй калдым" деп Кыргыз коомчулугуна сырдын четин чыгарып, сигнал берип жатат.
"Республика" партиясынын түзүүчүсү жана мурунку төрагасы болуп, кийин Бабанов тарабынан Маммүлк министрлигинин улутташтырылган мүлктөр боюнча башкармалыгынын жетекчилигине дайындалган Дайыр Кенекеев өзүнүн боссунан күнөөнү алып, "Бабанов сүйлөшкөн эмес, мен алардан 50 млн. доллар сураганмын. Шайлоо кампаниясы үчүн эмес, мамлекет үчүн сурагам" деп шашып айтып жиберди. Кенекеев деген ким? "Мегакомдун" тарыхын чечүүгө анын укугу барбы? Эгер укугу бар болсо, эмне үчүн белгисиз жерден жолугуп, мамлекет үчүн 50 млн. долларды сурайт? Муну прокуратура органдары текшербейби?
Мына ошентип, спикер Келдибековдун сырдуу сапарынын аягы коалициянын ичине чаң-тополоң салып, коалицияны жардын учуна алып келди. Душман издеген "республикачылар" "Фабула" гезитине Ташиевди ажыдаардын бир башы кылып, Бабановду Ташиевдин башын чаап аткан баатыр кылып көрсөтүп, коалицияны сактап калууга аракет кылып отурат. Ташиевге ар ким ар кандай баа бериши мүмкүн. Бирок, ал зарыл учурда чечкиндүү чечим чыгара ала турган жигиттердин бири. "Бабановдун терс иштери далилдене турган болсо, коалициядан чыгып кетем" деп айтты эле, мына "Мегаком" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Өмүрбек Бабановдун былыктарын ачып чыкты. Эми Ташиев сөзүндө турабы, же кайсалактап качабы, күтө туралы...