Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Ашепке

Вице-премьер министр бюджеттик акчаларды чет элдик бизнесине колдонобу?

Кыргызстандын вице-премьер министри Өмүрбек Бабанов мамлекеттик кызматты бизнесте да активдүү айкалыштырууда деп жазат "The Moscow Post" басылмасы. Андан сырткары, аталган басылма Ө.Бабановдун экс-президент Курманбек Бакиевге али да көз каранды экенин белгилейт.

Азыркы кыргыз вице-премьеринин репутациясы республиканын алгачкы президенти Аскар Акаевдин балдары менен болгон достук мамилесинен улам эле булганганы бар. Акаев өзү түптөгөн саясый системанын курмандыгы болуп, бийликтен кулатылган. Бабанов Акаевдин "жакынкы чөйрөсүнө" кирген. Бул үчүн ал бийлик алдында кантип ийилүү жолун жакшы изилдеп чыккан. Анткени, финансылык абалың дагы канчалык ийилгениңе көз каранды эмеспи. Дал ушул жол менен Бабанов Кыргызстан президентинин айланасына кошула алган.
2005-жылкы мамлекеттик төңкөрүштөн соң, Акаев кланы Бакиев кланына Олимпин бошотуп бергенде Өмүрбек Бабанов жаңы лидерге ыктай баштаган. Ал тургай, Бабанов өз бизнесинин позициясын күчтөнтүү үчүн Курманбек Бакиевдин уулу Максимге "кызмат" өтөй баштайт.
Бабановдун мындай саясый кескин бурулушу анын Россиядагы бензин бизнеси боюнча өнөктөштөрүнө жаккан эмес. Анткени, алар башынан эле Максим Бакиевге ишеним артышкан эмес эле. Бирок, Бабанов өз кесиптештерин "Кыргызстандын президентинин уулу менен иш алпарууга болот" деп ынандыра алган. Ал гана эмес, бул ишке өзү кепил болорун айткан. Бирок, Бабанов эсептен чоң жаңылды. Себеби, бакиевдерди россиялык бизнес элитасы кабыл албады. Кабыл алмак тургай, Россия ишкерлери Бакиев кланын Россия федерациясынын аймагындагы бизнес чөйрөсүнөн сүрүп чыгарды. Россияда Бабановдун бизнесине чабуул башталганы тегин жерден эмес.
Бабанов Бакиевдердин кланынын бизнесин адатта Кремль менен тил табыша албаган КМШ өлкөлөрүндө өнүктүрүүгө көмөктөшкөн. Бабановго Акүйгө кирүүгө маркум Медет Садыркулов жардам берген. Дал ошол киши Бабанов менен президенттик администрациянын чиновниктери менен экономикалык кызматташуу процессин жакшырткан. Ал киши Бабановдун долбоорлоруна бут тосууга да жол берген эмес.
Басма сөздө Бабанов КМШ аймагында өз бизнесин өрчүтүүнү улантып жатканы туурасында маалымат пайда болду. Ал тургай, Беларустун расмий сайттары да Беларусия Бакиевдер үчүн башкы "финансылык полигон" экенин тастыктаган маалыматтар бар экенин жазып чыгышты. Мында бензин бизнеси боюнча кеп жүрөт. 2011-жылы Беларусия 1,7 млн. тонна мунай өндүрүүнү пландоодо. "Беларуснефть" ишканасынын өкүлдөрүнүн маалыматында, азыркы тапта 59 гана мунай запасы ишке берилип, жалпы эксплуатациялык фонд болгону 650 скважинаны камтыйт. 25-40 жыл мурда ачылган кендер азыркы тапта 2-3- стадияда.
Мындай кирешелүү бизнеске мунайчы катары Өмүрбек Бабановдун кызыкчылыгы зор экени белгиленет. Буга чейин ал Россияда да ушул бизнес менен алектенген. Эми "Мунай-тревел" кыргыз-орус ишканасы беларус экономикасынын мунай секторуна ынандырчу инвестицияларды кылууда. Эске салсак, аталган ишкананы түптөгөндөрдүн бири Ө.Бабанов. Мындай аракет акылга сыярлык, себеби, Москва менен Минскинин ортосунда чыңалган мамилелер. Экинчиден, ал жакта азыр Курманбек Бакиев жана анын үйбүлөсү турат. Айтмакчы, Өмүрбек Бабанов Беларусияга өзүнүн коммерциялык кызыкчылыктары бар экенин жашыргысы да жок.
"Мунай запасын адаттан тыш амал менен мурда бургулоо иштери жүргүзүлбөгөн, межсолевый жана подсолевый катмарларынан издөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Андай кендердин бири - азыркы тапта тездик менен иштелип аткан "Геологиялык" мунай запасы. Бул жерде көмүркычкыл газы жогорку өлчөмдөгү жеңил мунайдын туруктуу агымы табылды. 2012-жылга чейин бул жерде 8 чалгындоо скважиналарын бургулоо иштерин жүргүзүү пландалууда" деп бөлүшөт өз пландарынан Бабанов.
Белгилей кетсек, Өмүрбектин Беларусияда бизнес жасаганына бир топ болуп калды. 2009-жылы түзүлгөн "Мунай-тревел" ишканасы "Белнефтехим" концернинин курамына кирет. Айтмакчы, "Мунай-тревелге" беларусиялык автомобилисттерге сатылган бензинден аз эмес пайда алып келет. Ошондой эле Бабановдун фирмасы беларус бензинин дээрлик төрттөн үч бөлүгүн саткан АЗС түйүнүнө ээ. Расмий маалыматтар боюнча, "Мунай тревел" Беларусиянын мунай рыногунун 34 пайызын көзөмөлдөйт.
Бөтөн өлкөдөгү "Мунай тревел" ишмердиги Бабановдун Кыргызстан бюджетинен алынган акчаларды өзү калчап жатканын айгинелейт. Ал эми Беларусиядагы мунай бизнеси анын мамлекет эсебинен коммерциялык ишмердиктеринин бир мисалы.
Өз ишин кеңейткен катардагы көз карандысыз бизнесмен болсо, Бабановго эч кандай доомат жок эле. Бирок, ал ушул тапта өлкөнүн биринчи вице-премьери. Баарынан да Бабановдун ири материалдык ресурстарды өз өлкөсүнүн экономикасына эмес, башка өлкөлөрдүн аймагындагы жеке бизнестерине жумшап атканы күйүнтөт.
Өз аброюн сактап калуу аракетинде активдүү түрдө кайрымдуулук менен алектенгендей түр калтырат. Бабанов ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп турат. Маселен, күрддөрдүн массалык миграциясы туурасындагы "Надежда" фонду тарабынан уюштурулган эл аралык конференция. Ушул конференцияда Өмүрбек эл алдында: "Мен интернационал үйбүлөдө төрөлдүм. Айылдагы атамдын кадыр-баркы гана түрк улутунан чыккан апамды өзүн бөтөн сездирбеди. Басмырланган, ызаланган биздин эл өздөрүнүн туулган жерин таштап, алыстарга кетүүгө аргасыз болушкан. Ар бир кайгы ченемге ээ эмес, бирок, ХХI кылымда миллиондогон күрд элинин трагедиясынын масштабы жүрөк титиретет" деп сүйлөгөн.
Бабановдун ишмердигин талдап отуруп, Кыргызстан бюджетин жеке максаттарына пайдаланганын жашыруу аракетинде өзүн пиарлоого аябагандай ири акчаны жумшаганына тан бересиң. Бирок, кыргыздарды эч ким оңой-олтоң жалган менен адаштыра албайт. Бизнес менен бийликтин чырмалышкандыгы, кландык жана куу саясый интригалары үчүн Кыргызстандын эки президенти тактысынан айрылган. Биринчи вице-премьер кызматында дагы канча отурар болду экен?..

Которгон
Азамат Мамырбаев




  Бүйүр кызытмай!

Эшимканов сыр ачат...
Эсиңерден өчпөсө, мындан он жыл мурун "Агым" басылмасынан "Министрдин махабаты" сериалы жарык көрүп, сандан-санга жарыялануу менен бүтүндөй окурмандардын делебесин кызыткан. Чыгарманын автору Айбек Мураталиев болчу. Бирок, "чымындуулар" чөйрөсүндө мындай жазуучу болбогондуктан, ар кандай шек саноолор күчөгөнү да ырас. Албетте, саясый элита менен бизнес чөйрөсүндөгү махабат оюндарын жазууга жөнөкөй автордун шаасы жетмек эмес. Дал ушул өңүттөн окурмандарыбызга "Министрдин махабаты" романын ким жазганын таап чыгып, ачыктап турубуз. Бул - кадимки эле Мелис ЭШИМКАНОВ! Биз ошол сериалды окурмандардын суранычы менен кайрадан "УЧУРга" басуу үчүн Мелис байкеге кайрылдык, автор макулдугун берип, атургай түшүндүрмө иретинде баш сөзүн да жазып бермей болду. Эмесе, "УЧУРдун" кийинки сандарынан сенсациялуу "Министрдин махабатын" күтсөңүздөр болот.








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика