Ичиңер күйсө туз жалагыла!


Соңку кездери "Ар-намыс" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты темир генерал Феликс Шаршенбаевич Кулов жөнүндө уй байларга жиби жок ушактар, сөөлөтү сөпөлөй сөздөр, суу кечпеген сыны жок сындар массалык маалымат каражаттарында оголе көп айтыла баштады. "Президенттик шайлоого катышпайм" деп кесе айтса да, ишенбеген "итмурундардын" уйкусу качып, бармагын соруп чыгарган жугундуларын төгүп эле жатып калышты. Ошондон улам Феликс Шаршенбаевич тууралуу бир аз өз пикирибизди окурман журтчулугу менен бөлүшө кетсекпи деген ойго жетелендик…

Аалам алаамат. Акыр заман белгиси өзүңдү нукуп, көзүңдү чукуп жаткандай. Акча акенин кулуна айланган адамзатка акыркы эскертүүсүн берип тургандай. Араб дүйнөсүн карайлы: өрт күйүп туру, өмүр бою өтүгүн төргө илген өз падышаларына каршы чортаман эл курал көтөрө чуркап жаткан кербези, кан төгүлүүдө. Кан, кан, кан… Кыяматта агылган адам каны аттын чылбырына чейин жетет дейт, алгачкы тамчылары бейм… Жапониядагы зилзаланы алалы. 20 миңдей кишинин өмүрүн алган бул алаамат жер огун да жылдырып жиберди го. Фукусимадагы абал өтө-өтө оор. Атомдук станциядагы радиациянын күч алып баратышы, калчылдаткан суук, күндө 5-6 балл силкинген жер, азык-түлүктүн жетишсиздиги, тамак-ашка нөөмөткө турган элдин узу-ун катары… Мен буларды эмнеге айтып жатам? Өткөндө үналгыдан бир кыргыз жигит: "Мен Түркиядагы жер титирөөнү, Кыргызстаныбыздагы селдерди көргөм, бирок, Жапониядагыдай мындай зилзаланы биринчи көрүшүм. Зилзаланын чок ордосунда болдум. Анан мени таңгалдырганы жапондор болду. Самурайлардын духу, дегеле жапонрухтун кайратына таң бердим. Эң жакындарынан, балдарынан, ата-энесинен, бир туугандарынан айрылып жатышса да, чачтарын жулуп, жер сабагандын ордуна, баштарын жерге салып гана ичтеринен гана сыздап, сыртынан бири-бирине үнсүз жардам берип жаткандары мени абдан таңгалдырды. Мародерлук деген жок. Уруш-талаш деген жок. Тамак-аш үчүн 3 километрлик кезекте турушат, бир паниканы көрбөйсүң, бир кишидей болуп өз нөөмөтүн күтүп турушат. Эл болсоң ушундай бол деп жибериптирмин" деп айтып жатпайбы. Ооба, алмустактан бери бүт дүйнөнүн оозун ачырып келген жапон духу ушундай. Кайрат, токтоолук, сабырдуулук менен алар Улуу Ата-Мекендик согуштагы Хиросима менен Нагасакини да, ар дайым жер солкулдаткан алааматтарды да көтөрүп келишкен. Салыштырмалуу чакан мамлекет болгонуна карабай, экономикасы дүйнөлүк державалардын алдыңкы катарында. Экономикасынын дүркүрөп өскөнү да - кайрат, токтоолук, сабырдуулугунда. Мен буларды эмнеге айтып жатам?..
Феликс Шаршенбаевич Кулов жөнүндө сөздү ушинтип алыстан баштаганымдын себеби деле жөнөкөй. Алакандай Ата-Журтубуздагы абал дүйнөлүк агымдан өзгөчөлөнүп деле кеткен жок. Кайсы тешигибизди карабайлы, саясатпы, экономикабы, маданиятпы, деги койчу, учурунда Горбачев айтмакчы "адамдык жүзүбүздү" жоготуп алгандайбыз. Дегеним акыркы учурда адамдар бири-бирине көө шыбамай, жугунду төкмөй, төшөк аңтармай, далыга бычак урмай адатын туу тутуп алышкандай. Өзгөчө саясат сахнасы менен аны чагылдырган маалымат каражаттарында. Бул адатты Ф.Куловго каршы аябай колдоно башташты. Же айткандары суу кечсечи? Сөз башында жапондордун кайратын, токтоолугун, сабырдуулугун эскергеним да ошондон. Ушул касиеттер темир генералдын кайраттуу кулк-мүнөзүнө, токтоо көзкарашына, сабырдуу ишмердүүлүгүнө дал келип тургансыйт.
Эң башкысы Куловго асылганда эле эмнелерди көтөрө чуркашат? Баягы эле: 90-жылдардан баштап бийликтин ар кыл тепкичтеринде олтуруп келгендерин, капкайдагы бир вертолетторду сатканын, эч ким билбеген миллиондорду жеп түрмөгө түшкөнүн, кылмыш дүйнөсү менен болгон күмөндүү байланышын, Бакиев менен тандемге баргандыгын, Кыргызстанды ХИПК программасына киргизем дегендигин, 2006-жылдагы ноябрь митингдеринде элге кошулбай койгондугун, элге таанымал адамдарды өлтүрткөндүгүн, эки аял алгандыгын, эң башкы көзүр катары кыргыз тилин билбегендигин саймедирешет да турушат. Бул сөздөр тээ Акаев тушунда да, Бакиев тушунда да айтылып келген, эми да кайрадан чийик пластинкадай кайталанууда. Мындан бөлөк "башка койгондой" эч нерсе таппай калышты. Булардын баарына темир генерал ар бир маегинде сабырдуулугунан жазбай, так жооп берип келет. "Человек чувствует себя одиноким, когда он окружен трусами" деп Альбер Камю айтты эле. Коркоктор гана ушундай ыпылас нерселердин жетегинен чыгалбайт. Анан өзүн жалгыз сезбеген кайратына тан бересиң.
Туура, Ф.Кулов бийликтин далай тепкичтеринде олтуруп келди. Тээ 90-жылдагы Ош окуясында Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалып, өз ишмердүүлүгү менен эл оозуна алынды. Аны көргөн Акаев чоң кызматтарга тарта баштады. "Темир генерал" атка конду. Ал темирлигин кайсы кызматта болбосун көрсөтө алды. Ички иштер министри кезинде кылмыштуу топторго аралашканды кой, алардын сары изине түшүп, жүрөктөрүн титиретип турбадыбы. Бир да кызматта ага жаман сөз айтылбады, иштин майын чыгарганына карабай, көралбаган дос-кастарынын жөөжомоктору артынан ыргытыла берди. Анан камакка эмне болуп алынды эле? Ооз көптүргөндөр айткандай, миллиондорду жеппи? Кандай болгонун жумурай журт деле жакшы билет. Майрам апчебиздин абдан аракети менен болгонун. Анда баягы "Калкан" тобу, андагы Жаныбек Бакчиев тууралуу чуу болбоду беле? Ошонун арты менен Феликс мырза Майрам Акаеванын куйругун басып алган да. Анан эч далилсиз себептер менен, орой айтканда "көтөн зордукка" салып, Акаев бийлиги 5 жылга соттоп, бир конкурентинен кутулган. Эл дагы ал учурда Куловдун президенттикке татыктуу экенин айтып, колдоп турган кези эле да. Түрмөдөн темир генерал сынбады. Күндө спорт менен машыгып, футбол, баскетбол уюштуруп, мыкты китептерди окуп, денебулчуңун да, рухбулчуңун да өстүрдү. Түрмөдөгү шартты билебиз. Мүңкүрөбөдү. Тескерисинче, чыйралды. Баягы Акаев режими кулап, Бишкекте талап-тоноо жүрүп жатканда, Бакиев баш болгон саясатчы сөрөйлөрүбүз бийлик талашып жатканда, боштондук алган генерал Кулов мародерлукка каршы Бишкекти кыдырып жүрбөдүбү. Ошондо КТРден чыгып, элге кайрылып, сабырдуулукка чакырып, темир сөзү менен чыныгы темир генерал экендигин далилдеген.
Анан азыр Бакиев менен тандемге барган күнөө таккандарына жол болсун. 2005-жылдагы абал да оңой эмес эле. Кылчайнашкан кырдаал турган. Бакиевге атаандаш катары президенттикке ат салышканда утуп кетери да ажеп эмес эле. Бирок эл биримдигин ойлоп, элди Түндүк-Түштүккө бөлбөйлү деген кыраакы саясый кадамды тандап, тандемге барган. Ошондо "Апельсин" ресторанында азыркы эле Атамбаев, Байболовдор Бакиев-Кулов тандемин түзбөсөк болбойт деп ойлорун ортого салып олтурушпады беле. Кулов бул ойду эң туура чечим катары көргөн. Анан Бакиевщина Куловду кантип "кидайт" эткенин жакшы билесиңер. Негизи эле Кыргызстанда Феликс Шаршенбаевич саясаттагы сөзүнө турган бирден-бир адамдардын бири. Ушунча болуп "ойт берме" оюндарын көрө элекпиз.
Анан азыр ала чуркагандары "Кыргызстанды ХИПК прграммасына киргизем деген" деп "оор" күнөө тагышат. Эң башкысы ал эмне программа экенин түшүндүрүп бере алышпайт, эй. Жаманбы, жакшыбы? Учурунда чакан саясый топ каршы акцияларды уюштуруп дүрбөлөң салып, бул программадан баш тартып койгонбуз. Башкаларды билбейм, бирок менимче, ал программадан жамандык издеп кереги жок. "Артта калган африкалык өлкөлөрдүн катарына кошулуп калабызбы?" деген гана курнамыс саясат болду анда. Азыр африкалык өлкөлөрдөн ашып-ташып турабызбы десең? Анан "ХИПКке киргизем дегенсиң" деп да күнөөлөсө болобу?
Эми баары бүтүп, төшөгүн аңтарышып, эки аял алганынан кыйкым издеп киришти. Буга Ф.Кулов "Азаттыкка" берген түз маегинде жакшы айтты окшойт: "Мен эркек катары жеке турмушума, үйбүлөлүк жашоомо киришүүгө эч кимге жол бербейм. Бир гана нерсе айта алам. Биринчи аялым жана ортодогу балдарыбыз менен мамилем абдан жакшы. Бири-бирибизди толук түшүнөбүз. Кээ бирөөлөрдөй бир канча үй-бүлө күтүп, экинчисин элден жашырып жашоону туура көрбөйм". Кошумча сөздүн да кереги жоктой. Азыр өзүнүн үч кызы бар. Жалгыз уулу 11 жашында сууга чөгүп чарчап калган. Феликс мырзанын бир арманы ошондо. Бирок темир мүнөзү менен ал жоготууну да көтөрө алган. Жакында көргөн уулу Даниэлге каниет кылып, атанын уулу дедиргиси келет.
Депутат Тынчтыкбек Акматбаевдин Молдовановка түрмөсүндөгү өлүмүнө да "Ар-намыс" партиясынын лидерин чиркешүүдө. Кримавторитет Р.Акматбаев митинг уюштуруп, Куловду аянтка чакырганда чыкпай койгондугу үчүн да генерал күнөөлүү экен. Дагы бир дооматтары белгилүү каскадер "Үсөн Кудайбергеновду ким өлтүргөнүн айтам" деп айтпай койгон дешет. Буга да Ф.Кулов өзү так жооп бере алды: "Иниси каза болуп, Рысбек Акматбаев уюштурган митинг бандиттердин жыйыны болчу. Алар мени аянтка чыгып, митингчилерге түшүндүрмө беришимди талап кылышты. Мен бандиттерге отчет берген эмесмин жана бербейм дагы. Алар менен өмүр бою күрөшүп келгем. Ал эми Үсөн Кудайбергеновду Рысбек Акматбаев өлтүрткөн. Рысбек азыр каякта, аны жакшы билесиңер".
Анан албетте, кыргызча билбейт деген жарлыктары жыйырма жылдан бери айтылып келип, жыртылмай деле болду. Туура, Куловдун кыргызча билбегендиги бетине чиркөө болуп келет. "Азаттыктан" буга да өзү мындай жооп бере алды: "Адамдар тил билгенден эле патриот болуп кетпейт экен. Патриот болсо Акаев менен Бакиев үйбүлөлүк коррупциялык система курбайт эле го. Азыр экөө кайда, жакшы билесиңер. Андыктан эң башкысы өз элиңди, жериңди жана мамлекетиңди кандай сүйөсүң, кеп ушунда. Ата-Мекенин сүйгөн адам кыргыз журтун коргоп, анын кызыкчылыгын аткара алат". Албетте, Союз тушунда кыргыз тили кандай өгөйлөнгөнүн жакшы билебиз. Шаарда чоңойгон Кулов үчүн орус тили биринчи орунда болгону талашсыз. Анын үстүнө кийин милиция окуусунда болуп. Атасы Шаршенбай 14 жашында "Кыргызстан пионери" гезитине кабарчы болуп кирип, 18 жашында ошол эле гезиттин жооптуу катчысына жеткен адам. Кийин чекист болуп кеткен. Көзү өткөнчө КГБда иштеген. Ошентсе да 60-70 жашына чейин ырлары басма сөздө жарыяланып турчу. Анан уулдарына Феликс, Дияс, Марсель деген ысымдарды берип, дүйнөлүк агымдын шарына аралашсын дегени го, орусча окуткан, советтик саясаттын кучагында болгон да. Бирок Шаршенбай атанын уулу азыр акцент менен болсо да парламентте кадимкидей кыргызча сүйлөп калды. Санжырасын го абдан жакшы билет.
Албетте Ф.Кулов жөнүндө өтө эле көп нерселерди айтса болот. Артыкчылыгын да, кемчилигин да. Баягы апрель митингдеринен кийин Куловдун саясый дараметине көпчүлүк чекит коюп койгон. Өзү да эл алдына көп чыкпай, саясаттан кеткендей түр калтырган. Бирок Бакиевщина бийлиги кулаганы Феликс мырза Феникс кушундай кайра жаралып олтурат. Былтыркы парламенттик шайлоодо Ф.Кулов жетектеген "Ар-намыс" партиясы алдыңкы катарларда болот деп эч кимдин оюна келген эмес. Анан шайлоо жыйынтыгында жаш саясатчылар менен теңата болуп, күлгө айланып калган жерине кайра жана келди. Саясаттагы түздүгү, бир калыптагы сабырдуулугу менен коңшу өлкөлөрдүн ажолору Назарбаев, Каримов, Путин, Медведевдердин алдында кадыры кетпегенин далилдей алды. Президенттикке жутунбастыгын да айтып жүрөт. Жакында "Президенттикке катышпайм" деп ачык, так өз позициясын билдирди. 20 жылдан бери коррупция жөнүндө миң кыйкырсак да, алгылыктуу эч нерсе жасалбай келген. Парламентке келгени жалгыз "Ар-намыс" партиясы коррупциялык схемалардын жолдорун ташка тамга баскандай көрсөтө алды. Ошондон кийин гана азыркы өкмөт сайт ачып, бул оор маселеге көз кырын таштап олтурат.
Азыр саясатыбызда коалиция кулайт-кулабайт оюндары жүрүп, түндүк-түштүк маселеси дале кээ бирлердин куралына айланып, диний экстремисттик, террордук коркунуч каптап, экономика ээгин эмес, белин көтөрө албай, баалар асмандап, элдин жашоосу өтө эле оорлошуп, көчө стихиясы баш көтөрүп турган учурда өлкөбүз темирдей тартипти мыкчыган, коңшу мамлекет башчыларына кадыр-баркы бар, экономикабызга сырттан инвестиция тарта алган, коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзгөн, эл мүдөөсүн кан-жаны менен түшүнө алган өкмөт башчысына муктаж болуп турган учуру. Ушундай учурда көптөгөн мыкты саясатчы жигиттерибиздин арасынан темир генерал Феликс Куловдун карааны өзгөчөлөнүп турат. Жашы 63 жашка келип, өмүрлүк тажрыйбасы мол, саясатта акылман чегине келди, "балалык оорулардан" алыс. Ар дайым өлкө кыйын учурда оор маселелер Феликс мырзанын мойнуна илинчү. Түндүк-түштүк маселесинен өтө эле алыс, элди бөлгөндү билбейт. Тескерисинче, акыркы күчүн эл үчүн, жер үчүн иштеп берейин деп турган чагы. Башкалар кандай дейт билбейм, бирок Феликс Шаршенбаевич өкмөт башына келсе, көптөгөн маселерди чечкенге мүмкүнчүлүк пайда болоруна бөркүмдөй ишенем. Анын келишин Орусия да, Казакстан да, Өзбекстан да колдору эч кимге жашыруун болбой калды. Ал эми экономикабызды көтөрүүдө дал ушул мамлекеттер чоң роль ойноору талашсыз. Тегин жерден азыр жаш саясатчылар дал ушул Куловдун айласына чогулуп жатышпаса керек. Анын саясый эрки, түздүгү, кыраакылыгы, сабырдуулугу бүгүн өлкөбүз кыйын учурда акыркы атылган октой үмүт арттырат. Темир генералдын да Кыргызстан алдындагы акыркы вазийпасы ушул белем.

Жылдызбек Беккул уулу