Кыргыз гезиттери



  Айбат

Камчыбек Ташиев, "Ата-Журт" фракциясынын лидери:
"Келемиштерге теңелбейм"

Өткөн аптанын аягында, 18-февралда "Фабула" гезитинде "Бөрү болгусу келген бөлтүрүк" деген аталыштагы Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевди баштан аяк каралаган, терс маанайдагы макала чыккан. Гезит 55 миң нуска менен чыгып, аймактарда бекер таратылганы боюнча да маалымат айтылган. Бул макалада баягы Жаныш менен Максим Бакиевдердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү эскертилип, Максимдин "он же тупой" деп айтканы макаланын эң башына чыгарылган. Макаланын мазмунуна кыскача токтолсок, К.Ташиевге карата баягы эле дооматтар келтирилген. Качкын президент Курманбек Бакиев аркылуу бийликке келгени, шайлоо өнөктүгүндө аны "алып келем" дегени, криминал менен байланышы бардыгы, Ош окуяларында элди эмес, май куюучу жайларын коргоп жүргөнү ж.б.у.с. Автордун кошумча далил фактылары болбогону, жаңы компромат издеп таба албай, айла кеткенде, ушак-айыңдын деңгээлине түшкөнү ачык-айкын көрүнүп турат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев "Учур" гезитине өз оюн бөлүштү.

- "Фабула" гезитине сиз тууралуу жагымсыз бир материал чыкты. Буга карата кандай ойдосуз?
- Буга чейин эле менин дарегиме карата ыплас сөздөр көп айтылган. Мен болсо унчукпастан гана кутулчумун, көңүл бургум келген эмес. Азыр да ар бир айтылган кутум сөзгө жооп берип отургум келбейт. Анткени, бул ишти кимдер жасап атканын жакшы түшүнөм. Алар менин ачуумду келтирип, өзүмөн чыгаргысы келип жатат. "Фабула" же мурдагы "Форум", былтыркы парламенттик шайлоодон бери ар бир санында мен жөнүндө терс маалымат берип, шыбап келет. "Фабулага" айланганда деле эч өзгөрүү, өсүш болбоптур, кайрадан баякысын баштады. Теңелгенде эмне, эптеп күн көрө берсин. Бирөө сөөк ыргытса, ошого куштар боло макала жазышып. Эл билет, кимдин ким экенин, чындык кай тарапта экендигин. Бирок, текей терүүнүн да чеги болот, алар эси барда этегин жабышы керек. Менин билишимче, бул гезит Бабановдукубу, же Атамбаевдикиби, кыскасы, бирөөсүнө тиешелүү. Мен алар тууралуу дагы эч нерсе айта элекмин, айтпайм дагы. Анткени, азырынча алар менин шериктештерим. А мен шериктериме шерикче мамиле кылам. Эгерде алар мени шериги катары көргүсү келсе, анда алар ушундай мамиле кылсын мага. Ал эми эгерде алар мени душман катары көргүсү келсе, мейли, душман бололу, мен күрөшкө даярмын жана душманча иш-аракет кылууга дараметим жетет. "Фабулага" Бабановдун ажыдаарлардын баштарын кесип жаткан сүрөтү чыгыптыр. Мен ажыдаарлардын (анын ичинде менин да сүрөтүм бар экен) баштарын кесип жаткан бул каармандарды, ал жерде көрсөтүлгөндөй баатыр эмес, тепселеп, биздин коомчулуктан жогото турган келемиштер катары кабыл алам. Ал эми келемиштер булар ким? Акчага жутунган, уурдаган, эч качан байлыкка тойбогондор.
- Гезитти сотко бергени жатат деп уктук эле?
- Өмүрүмдө бир да жолу кимдир бирөөгө тигил же бул түрдө жооп кайтарган эмесмин. Кудай баарын карап, таразалап турат. Этикалык, моралдык жана адамдык нормаларды бузган жерим жок, жана бузбайм. Көп эле адамдын буга эрки жетпейт эмеспи. Айрыкча, өз атын өзгөртүп, акча үчүн калп макала жазгандар жана анын калпын 100 миңдеген нуска менен сатып алгандар. Булар мени гезитке шыбагандан көрө, ичкүптүсүн бетиме айтса чыныгы эрдик кылышмак. Мен чекеге да чертмек эмесмин. Кайра "азамат" деп урматтап калмакмын. Бирок, алар коркок! Келе албайт. Ошентсе да, "Фабуланы" азырынча сотко бербейм деп чечтим, бирок зарылчылыгы чыкса, караштырып көрөм.
- Гезитте Ош окуясы чыкканда май куюучу жайларын коргоп жүргөн деп жазылыптыр, бул чынбы?
- Ош окуясы чыккан күндөрү кандай эмгек кылганымды Түштүк эли жакшы билет. Ал эми кимдир бирөө болсо, биз жаалданган элди тынчтандырып жүргөндө кабинетинен чыкпай коркуп отуруп, түштөн кийин адамга жагымсыз, ыплас, журналисттик этикага сыйбаган куру дооматтарды жаздырып атат. Бул накта келемиштик эмей эмне? Эртең ошол кылыгы үчүн абийир алдында кантип жооп берет? Ошондуктан мен бүт журналисттерди чындыкты гана жазууга, адамдын ар-намысына шек келтирбей, маалымат берүүгө чакырат элем.
- Азыр бардыгын коалиция маселеси кызыктырууда. Бул жаатта кандай болушу күтүлүп жатат?
- Буга чейин коалиция бир да жолу чогулган эмес, жобосу, кеңеши жок, кагазда эле бар болуп, өзүнүн ар кандай кызыкчылыктарын түртмөлөп жатышкан. Биз коалициянын коомчулук үчүн иштегенин каалайбыз, коомчулук экономика, саясат, каржы жагынан кандай чечимдер чыгарылып жатканын билиши керек. Кечээ биз фракциянын жыйынында, коалициялык келишимдин текстин ачыкка чыгарууну чечтик. Бул биринчи келишим жана Конституциянын нормаларына туура келбеген жерлерин алып салышыбыз керек.
1-вице-премьер жөнүндө ушак-айың, чыр-чатактардан соң коалиция чечим чыгарышы керек. Биз Ө.Бабановду калтырууну же кетирүүнү тез арада чечүүбүз зарыл. Мындай саясый чуулгандан кийин коалиция таркап, башка, жаңы коалиция, жаңы адамдар келип, өлкөнү жаңыча башкаруу керек деп ойлойм. Мен ушул жолду туура деп эсептейм.
-Премьер-министр Алмазбек Атамбаев сиздердин берген талаптарды канааттандырарлык экенин билдирди. Сиздин оюңузча, аларды аткара алабы?
- Атамбаев биз берген 10 пункттан турган талаптарды аткарса, эң сонун болмок. Коомчулук биздин кыймылды билиши керек да. Атамбаев эркек болсо, убаданы аткарат. Эркек айтты, демек, эркектин аткарууга күчү жетет! Менин оюмча, ал талаптарды аткарат жана коалицияны сактап калат.

Сакен Бөрүбаев

P.S. "Фабуланын" "он же тупой" деп Максимдин сөздөрүн келтиргени күлкү келтирет да. Автор (же ага муну эстетип койгон артындагы көмүскө күчтөр) унутуп калгандай - "тупой" Ташиев азыр Жогорку Кеңеште килтейген бир фракциянын лидери, ал эми "акылдуу" жана кыргыздардын баарын "койлор" деп атаган Максим эл-жерине жолой албай, көрүнгөн жөөттүн көзүн карап, 5 млн. элдин жек көрүндүсүнө айланып жүрөт. Баарыбызга маалым болгондой, Жалал-Абадда Ташиевдин башынан бир тал чач түшүрбөй, жамы журт ал үчүн тикеден тик туруп берүүгө даяр. Ал эми ошол эле Максим, Бабанов жөнүндө алардын пикирин угуп көргүлө... Ошондуктан, алгач сөз айтуудан, иш жасоодон мурда жети өлчөп, бир кесүү керектигин алды-артын карабай, өз кызыкчылыгын жана акчасын көбөйтүүгө жутунган пенделерге эскертип коюу парз.




  Даңкан

Мухтар Өмүракунов, "Замандаш" партиясынын лидери:
"Парламент соодадан ишке өтүүгө тийиш!"
- Акыркы кезде "коалиция кетет, кетпейт. Ыдырайт, ыдырабайт" деген сөздөр байма-бай айтылып калды. Эмнеликтен ушундай сөздөр чыгып атат?
- "Ыдырайт" деген сөз саясый оюндардын негизинде ошол эле Жогорку Кеңештен чыккан кеп. Анын чыкканына эки айдан ашып кетти. Күзүндө эле "биздин парламент атка мингенде ээрге кыйшык отуруп алды" деп айткам. Ушу кезге чейин алар түзөлө албай коюшту. Эми түзөлбөй, оңолбой калды көрүнөт. Анткени, бирдиктүү иш алып баруунун ордуна, "соодалашуу" менен гана алек болуп калгандай түр көрсөтүшүүдө. Акча маселеси жөнүндө эмес, кызмат жөнүндө сөз болуп атат. "Тиги кызматты тиги партияга, бу кызматты бу партияга берели, алалы" дешип. Соода сазына батып кетип, чыга албай атышат. Андан сырткары, бийлик полномочиелерин чектеп, аныктап алышкан жок. Тизгинди бир аз тартпастан каалаган министрди каалагандай калчап, каалагандай отчет сурап, өз билгендерин кылып, аткаруу бийлигинин полномочиелерин тартып алышкандай. Ушунча түзүлүп калган өкмөт кийинки президенттик шайлоого чейин экономикалык кандайдыр бир өнүгүү жолуна түшкүчө жакшылап иштеп турушса болмок. Бирок, азыркы түрү менен иштебей калды. Коалиция негизи ыдырайт го? Анын ордуна башка мамлекеттин келечегин ойлогон кенен коалиция түзүлмөйүн бул саздан чыга албай калдык. Кенен коалиция түзүлбөсө, ички күрөштүн айынан Жогорку Кеңеш тарап кетиши толук ыктымал. Башка жол жок.
- Коалициянын ыдырап кетишине башка да негиздер барбы?
- Бар. Азыр элдин ичинде нааразычылык абдан көп. Анын ичинен үч чоң негизги багытты баса көрсөткүм келет. Биринчиден, шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразычылык. Күздөгү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы карапайым элдин оюндагыдай чыккан жок, таза шайлоо болгон жок. Экинчиден, азыркы күндөгү азык-түлүккө болгон баанын жогорулашы. Дээрлик тамак-аштын чеги жок кымбаттап баратканы. Аны эч бир механизм токтото албаганы, өкмөттүн алсыздыгы. Үчүнчүдөн, 7-апрелдеги революциянын жыйынтыгы. Ал өз максатына жеткен жок. Бийликтен кубалангандар кайра эле келип отуруп алышты. Бакиевдин тушунда иштеген адамдар азыр деле бийликтин жогорку бутактарында иштеп атышат.

(Уландысы 11-бетте)








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика