Кыргыз гезиттери


  Коңгуроо

"Экономикалык киллер"

Коомчулуктун экономика иштеринин абалы тууралуу баш оорутууга негизи барбы?
Өкмөттүн экономикалык блогун тескеп турган биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун экономикалык саясатына коомчулук толугу менен ишеним арта алабы? Өлкөнүн экономикалык саясатына мына ушул ишмер кандай жаңычылдыкты, гениалдуулукту алып келди? Дегеле Кыргызстандын жарандары Өмүрбек Бабановго ишеним арта алышабы? Бул суроолорго жооп берүү үчүн, биз далилдерге муктаж эмес, көпчүлүккө маалым болгон фактыларга таянышыбыз керек.

"Альянс" басмачылыгы
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында жарандардын ишке жарамдуу бөлүгү экономиканын түрдүү багыттарын өздөштүрүп баштады. Албетте, ошол учурда мунай рыногу бизде бирден бир кирешелүү тармакка айланды. Эл карамайды бензовоздордон куюп сатуудан тарта, стационардык АЗСтерге чейинки калыптануу этаптарынын бардыгын баштан кечирди, өздөштүрдү. Анүстүнө бул рынокто башынан эле көптөгөн нефтетрейдерлер бар болгондуктан атаандаштык өкүм сүрүп, рынокто жүрүүнүн эксклюзивдүү шарттарын тандаган айрым бир инсандар өзүнө жакпагандарды соодадан сүрүп чыгаруу жана монополия орнотуу боюнча схемаларды түзө баштады. Мына ушундай жол менен мунай рыногуна НК "Альянс Кыргызстан" фирмасы пайда болуп, көп узабай кожоюндук кылууга өттү. Бирок, муну башкаруучулардын гениалдуу менеджментинин жыйынтыгы дегенге болбойт. Ириде өлкө башындагы үйбүлө менен "туура" мамиле куруп, алардын экономикалык кызыкчылыгын ойготуу керек эле. Бул жагынан алып караганда, Айдар Акаевдин канатынын астында өлкөнүн дээрлик бардык АЗСтерин болбогон акчага өзүнө каратып алууга жетишкен, Өмүрбек Бабановдун эпчилдигине айласыз тан бересиң. Бул ишмердүүлүгүн "рейдерлик" деп эле атабасак, камкордук кылуу дегенге ооз барбайт.

Кумшекер кантип кымбаттаган?
2003-жылы Айдар Акаевдин үмүтүн актай албаган АООТ "Кайыңды-Кант" (Кайыңды кумшекер заводунун) кураторлору заводду банкрот чегине жеткиришти. Айдар Акаевге, Муса Келигов башында турган НК "Альянс" компаниясын ушул заводду сатып алууга көндүрүүгө, аты чыгып калган ишкер Өмүрбек Бабанов жардамга келди. Башкы директор болуп россиялык Еременко И.И. дайындалса, директорлор кеңешинин башчылыгына НК "Альянс Кыргызстан" ишканасынын жетекчиси Бабанов Өмүрбек Токтогулович келди. Жалаң "алып-сат" даражасынан алыс кетпеген коммерсант чыныгы Экономикадагы реалдуу өндүрүш менен кез келгенде, өзүнүн тажрыйбадан өткөн ыкмалары менен иштеп баштары бышык. "Жөнөкөй жана оригиналдуу" кадам жасап коюуга мүмкүнчүлүк жаралып, өндүрүш тармагы айыл чарбасы менен тыгыз айкалышып, дыйканчылыкка байланган тармак ишке келгенден кийин бир кило кумшекерден 1,5-2сом пайда табуунун кандай зарылчылыгы бар?
Өмүрбек Бабанов бардык суроолорду Айдар Акаев аркылуу жөнөкөй жана эффективдүү чечип коюуга жетишти. Өкмөттүн чечими менен кумшекерди алып кирүүгө квота киргизилди. Шарттар супер эсклюзивдүү болуп калды, мындан ары өлкөгө кумшекер алып кирүүгө шефтин канатындагы Бабановдон башкасына тыюу салынды. Жөн эле диванга жатып алып, шыпка түкүрүп коюп кумшекердин ар бир килинен 15-20 сом пайда табууга мүмкүн болуп калды. 35-40 сомго кымбаттап кеткен кумшекер үчүн төлөнгөн карапайым калктын акчасы мурдагыдан тез түгөнө баштады. Айылдагы жакырлар шекерсиз чай уурттап, бала-бакыранын оозу таттууга татыбай калды. Бул экономикалык гений Өмүрбек Бабановдун эмгегинин жыйынтыгы болчу. Ошондон тарта Кыргызстанда кумшекер өндүрүү токтоду, дыйкандар жумушсуз калды, көпчүлүгү чет жакка кетишти.
Акырындап Бабанов акчасын өндүрүшкө же айыл чарбачылыгына көп көлөмдө короткондон көрө, банкты сатып алып акчаларын ойго келбеген пайыз менен берүү алда канча пайдалуу экенин жон териси менен сезди. Албетте, анын мындай аракеттери экономиканын таптакыр өлтүрүп тынат деңизчи, бирок, өзү май-көлдүн үстүндө отурса, жердеги кара тамандардын кыйналганын кайдан сезет?

Кыялдагы "Форбс"
2011-жылдын 9-мартында саясый партиялардын Жалпы Улуттук Конгрессинин жетекчиси А.Жекшенкулов, ачык кызматтык иликтөө учурунда эл астында ишеничтен тайбаш үчүн өкмөт убактылуу Өмүрбек Бабановду кызматынан четтетип турууну айтып чыкты. А.Жекшенкуловдун ою боюнча коомчулуктун Бабановго деген үч суроосу бар экен:
1. Рейдерлик басып алуулар
2. АКБ "Кыргызстанга" ээ болуу
3. "Мегаком" боюнча чырлуу окуя
Урматтуу А.Жекшенкулович, коомчулуктун Бабановго деген "143" суроосу бар!
Шайлоо учурунда бул "алып сатар", өзү ошончо көп акча тапкан соң элге да таап бере ала тургандыгын айтып, алдап коюуга жетишти. Жан дүйнөсүндө Айдар Акаев жана Максим Бакиев менен атаандаш болуп жүргөндүктөн анын "жөнөкөй жасоол" болууну каалабастыгын, көкүрөгү көктө экенин көпчүлүк шайлоочулар түшүнүп, талдашкан жок. Ал айланган катмарда жупуну нерселер, убал-сооп, абийир эчак модадан калган. Бүгүн Бабановдун бүткүл акыл-эсин ээлеген бир гана купуя максаты бардай. Ал-"Форбс" журналына кирүүгө жан үрөгөнсүйт. Эч кандай лирикасыз, абсолюттук Цинизм! Биз эки беттүү Янустун, Кыргыз Экономикасынын "Троя атынын" анык жүзү анын "Республика" партиясындагы таластык жердештери үчүн да, шайлоочулары үчүн да бир күнү ачыкка чыгат деп ишенебиз. Өзүнүн акчаларын ак эмгеги менен тапкандыгын жарандарга ишендирүүгө аракет кылган Өмүрбек Бабанов Шайлоо алдындагы күрөш үчүн орто эсеп менен 16 млн. АКШ долларын самандай сапырып, "Республика" эң көп каражат короткон партия болгону баарыбызга маалым. Мынча чыгашаны кайра кантип жабууга баш оорутуунун кереги деле жок болсо керек.
5-каналга берген интервьюсунда ал бизнес менен алектенбей калгандыгын, башкаруунун бардыгын өнөктөштөрүнө өткөрүп бергендигин айтты. Бул билдирүүгө бир жаш студент таамай жооп берүүгө жетишти: "формалдуу түрдө балким ал башкарууну өткөрүп бергендир, бирок, көптөгөн бизнес структуралар жана чогулткан акчасы тууралуу ойлордон арылды бекен?"

Арзымат 5-канал
Жалпыңыздардын назарыңыздарга коомчулуктун көзүнөн аракет менен жашырылган бөлүккө бурабыз. 5-телевизиондук канал Аскар Акаевдин учурунда Адил Тойгонбаевдин алдында иш алып барып, биринчи революциянын алдында оппозицияны шыбап гана турган. Андан кийин мурунку режимди жамандап жатып калды. Курманбек Бакиевдин учурунда чын жүрөгүнөн оппозицияга каршы туруп, официалдуу бийликти мактап отурушчу. Бүгүн "көз карандысыз телеканал" бирөөлөргө "мундир кийген прокурор" болуп, бирөөгө "жаны күйгөн адвокат" болуп турган чагы.
Бир телеканал айрым бир саясатчыларга мейли жаман, мейли жакшы болсун "трибуна рупор" болуп калган чакта, өз жүзүн жоготот, себеби, калыстыктан таят. Телеканалдарга башка ММК булактары сыяктуу эле Фемида сымал көздү жуумп, алдын ала даярдалган далилдерге, күчтөргө, талаптарга карабай, таразаны колго алуу керектелет. Канал "сырдуу кураторунун" пайдасына гана иштебеши керек!
Бүгүн бизди ОАО" Кыргызтелекомду" менчиктештирүү керек экендигине ишендирип башташты. Маммүлк комитетинин жаш башчысы бир кезде Данияр Үсөнов айткан сөздөрдү кайталап, "бардыгын ачык-айкын кылам" деп убада кылууда. Коммерсанттар мындай стратегиялык коммуникацияны сатууга ой жүгүртүп жатканда, бөлөк өлкөлөрдүн атайын кызматтары мындай "күрөө тамырдан" кармап, элдин ой жүгүртүүсүн маалымат аркылуу оңой эле ээлеп алууга мүмкүнчүлүк алышарын унутуп коюшкандай.

Аликбек Жекшенкуловго бут тосуу
А.Жекшенкуловдун Бабановдун кадрдык саясаты тууралуу маалыматынан кийин, алкоголдук бизнестен чыккан жаңы саясатчылардын стратегиялык ой жүгүртүүсү кандай деңгээлде экендиги түшүнүктүү болгондой.
Жалпысынан алганда, 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов жүргүзүп жаткан экономикалык саясат андай деле оптимизм жаратпайт. Анткени, оюнчу кайсы фигура кандай жүрөрүн билип, бирок, оюн талаасын көрбөй, стратегияны түшүнбөй жаткан шахмат оюнундай элес калтырат. Ал болгону профессионалдык деңгээлде түшүнө албайт. Тартипсиз коммерсант тартипсиз бойдон калат.
Ал эми А.Жекшенкуловдун дарегине "Мегаком" боюнча айтылган жалаа да бир канча суроо жаратат.
1) Эмне үчүн бул тууралуу УӨнүн учурунда же легитимдүү бийлик мезгилинде айтылган эмес?
2) Эмне үчүн алардын жалаалары 09.03.2011-жылдан кийин гана тактап айтканда, А.Жекшенкулов иликтөө учурунда Бабановду жумуштан алуу керектигин сунуштагандан кийин чыгып отурат?
3) Бабановду жана "Мегакомду" көзгө көрүнбөгөн кандай жип байлап турат?
4) Эмне үчүн 5-телеканал көрүүчүлөрүн америкалык маалымат согушунун эрежелери менен алдап, каалаган коомдук ойду калыптандырып жатат?
5) Бул нерселер, Максим Бакиевдин саясый оппоненттерин жок кылып, жаңы калыптанып келе жаткан оппозицияны басынтуу ыкмаларын тууроо болуп эсептелбейби?

"Экономикалык Казанова" өзүн тыябы?
Эгер Ө.Бабанов коомчулукка таптакыр пайда келтирбей, перспективаны да көргөзбөй, коомчулуктун ага көңүл буруусуна таң калса анда мындай мамлекеттик кызмат ордун ээлөөнүн кажети жок.
Биздин саясатка таптакыр тиешебиз жок, тескерисинче биз электораттын кызыкчылыгын көздөйбүз.Ошондуктан кырдаалды объективдүү иликтегенге аракеттенүүдөбүз. А.Атамбаев менен Ө.Бабанов бир коктунун карагаттары эмес, алар эки уюлдун энергиялары (оң жана терс). Бул нерсени премьер-министр эрте түшүнгөнү жакшы.
"Экономикалык Казанова" Ө. Бабанов теоретикалык-практикалык жактан да, Кыргызстан деп аталган үйбүлөнүн экономикалык атасы боло албайт, бул роль үчүн ал өтө эле өзүмчүл, экономикалык жактан жеңил ойлуу, сугалак.
Жакынкы күндөрдө бул нерселердин бардыгы ачыкка чыгып, отставканы бороондон кабар берген канаттуу сымал жалгыз А.Жекшенкулов эле эмес, бүт эл талап кылат деген үмүттөбүз.


Данияр Жалишев,
Тазабек Бакытов





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика