Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Учурмаек

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ:
"Оппозициялык позициябыз көркүнө чыга элек"

Өлкөдөгү акыркы саясый окуялар, саясый аренадагы көрүнүштөргө пикирин тыңдоо ниетинде "Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек ТЕКЕБАЕВге кайрылдык.

- Парламенттик оппозиция "Ак шумкар" партиясынын баамында, уялып, актанып тургандай. А сиз парламенттеги ошол топтун өкүлү катарында анын күчүн кандай баалайт элеңиз?
- Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде эки оппозициялык фракция бар, анын бири - "Ата Мекен". Саясый системанын, реформалардын демилгечиси катары узун тарыхы бар партия саясый конъюнктуралык себептерден улам, акыркы орунду ээлеп калып, сөзү кыска болуп турганы анык. Коалиция түзүлүп, анын чилдеси чыга электе, жүз күн толо электе аны сындап чыгуу биз үчүн оңтойсуз. "Түбөлүк оппозицияда болуп, бийликке келген башкаларды көрө албайт" сыягында примитивдүү жарлыктар тагылышы ыктымал. Ошол себептен, биздин оппозициялык позициябыз көркүнө чыкпай турат. Сырттан караганда, уялып, актангандай көрүнүшү мүмкүн.
- "Ата-Журт" партиясынын Алмазбек Атамбаевге жолдонгон талаптары канчалык деңгээлде аткарылышы ыктымал?
- Коалициялык өкмөт өтө начар иштеп атат. Үч ай өтсө да, коалициялык өкмөт фракция лидерлерин жыйнап, бир айлык, алты айлык, бир жылдык программасын көрсөткөн жок. Буларды бириктирип алдыга сүрөгөн иш планы түзүлгөн жок. "Үч айдан бери бир да жолу үч партия жолугуп, сүйлөшкөнүбүз жок" деп Камчыбек Ташиев Алмазбек Атамбаевге дооматын коюп атат. Бирок, алардын талаптарын аткаруунун ордуна жогорку жетекчилик "топтолуп, чай ичип туралы" деген сунушту айтууда. Бул жерде кеп чай жөнүндө эмес, келечегибиз кандай болот, кандай иш-чараларды аткарабыз, кандай максатыбыз бар? Ушуларды тактап, аныктап алалы деген кеп. Реалдуу максат, күчтүү каалоо команданы түзөт, адамдарды бириктирет. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ошондуктан, "Ата-Журт" партиясы он талабын Алмазбек Атамбаевге жолдоду. Алардын аткарылышы мүмкүн же мүмкүн эместигин айтуу кыйын, анткени, төрт ай мөөнөт берилди. "Макул, аткарабыз" деп, "балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат" принциби менен жана "эки айдан кийин президенттик шайлоо жарыяланып, саясый конфигурациялар өзгөрүлүп, президенттик шайлоого чейин кызматта турсам болду" деген ниеттеги да ар кандай убадалар берилиши ыктымал.
- "Ата Мекен" жана "Ата-Журт" партиялары бир коалицияда болуп калышы мүмкүнбү?
- Кыргызстан эли беш партияны тандап алды. Алар саясый салмагы боюнча бири-биринен анча деле айырмаланбайт. Жаңы саясый система атаандаштык демократияны гана эмес, компромисстик-консенсустук демократиялык принциптерди сунуштаганбыз. Кичи партиялар бир пикирге келгенде гана реалдуу күчкө айлана алат. Парламентте түбөлүк душман күтүлбөйт. Оппонентиң болсо да, аны кесиптеш катары сыйлап, эртеңки өнөктөшүң катары мамиле жасалат. Ошентип, Кыргызстанда жаңы саясый маданият калыптана баштады. Албетте, эки партия коалициялык көпчүлүктү түзө албайт. Коалиция үч же төрт партиядан түзүлөт. Мына ушундай кеңири коалиция курамында "Ата-Журт" менен "Ата Мекен" партиялары болуп калышы мүмкүн.
- "Ата Мекен" партиясы "Ата-Журт" менен бириксе, революция максаттарын сатып кетет", "Ата Мекен" эл каалаган коалицияны уратканы жатат" деген айыптар СДПК жана "Республика" партиялары көзөмөлдөгөн жана аларды жактаган ММКлар тарабынан тагылып, Текебаев бакиевчилер менен кошулуп кеткени туура эмес деген ойду таңуулап жатканына не дейсиз?
- "Ата-Журтту" саясый аренага алып чыгып, коалицияга Атамбаев менен Бабанов кошкон. Өкмөттүн ишине нааразы болгон "Ата-Журт" аларды чанып, коалициядан чыгып кетүү ниетин билдирүүдө. Аны токтотуунун аракетин көрүп, Соцдем менен "Республика" артынан чуркап жүрүшөт. Сиз белгилеген басылмалар "Ата Мекен" партиясы "Ата-Журт" менен бириксе, жаман болот деген пикирди кайталашууда. Бул "двойной стандарт". СДПК, "Республика" партиялары "Ата-Журт" менен бириксе, бул жакшы, ал эми "Ата Мекен" биригип кетсе, бул кыянат ишпи?!
- Коомчулук бүйүрүн ушул тапта Текебаев менен Бабановдун ортосундагы пикир келишпестик кызытып турат. Дегеле, эки Өмүрбектин ортосунда эмне бар? Партия аралык атаандаштыкпы, пенделик таарынычпы, айтылбай турган сырбы же чындап эле көзгө сайган фактыларбы?
- "Республика" партиясы менен жеке мамилелерден улам пикир келишпестик жаралган жок, принципиалдуу маселелерди айтып жатабыз. Бюджетке акча жетпейт, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы аксап турат. "Ата Мекен" дары-дармекке кошумча салыгын киргизүү аракетине каршы чыктык, ошондой эле билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин атайын каражаттарына киргизилген 20 пайыз салыкты алып салуу демилгесин көтөрдүк. Бул эки демилгенин баасы 500 млн. сом экен деп Өкмөт буга каршы чыкты. Ага каражаттын булагын да сунуштап турабыз. Бабановдун жээни бир топ жылдан бери жарандык, өзгөчө эл аралык авиакаттамдарды авиакеросин менен камсыз кылат. Жылына 10 млн. долларга чейин акча таап, бирок, салык төлөбөйт экен, анткени, ал экспорт катары кетип, кошумча нарк, акциздик салыгынан бошотулган. Роза Исаковна Пентагон менен чабышып, анын заказынын жарымын мамлекеттик ишканага алды. Ага күчүбүз жетип, Бабановдун жээнине күчүбүз жетпейби?! Пентагондун заказын талашкан Бабанов жээнинин заказынын жарымын мамлекетке алып берсе болбойбу?! Дары-дармек, Жогорку окуу жайларынан салык алып, элди кыйнагандан көрө, ушундай булактарды издесек жаманбы?! "Бабанов, сен мурда Акаев менен Бакиевдин колтугунда иштеген жөнөкөй бизнесмен болчусуң, бүгүн өкмөт жетекчилеринин бирисиң. Эл менен бөлүш" дегенибиз бул жеке эмес, принципиалдуу маселе.
- Сиз Өмүрбек Бабанов туурасындагы маалыматтарды ачыктагандан бери бетме-бет көрүшүп, баарлаштыңыздарбы? Балким, ал тараптан, же сиз тараптан тил табышууга аракет жасалып аткандыр…
- Бабанов бир нече депутатты, өкмөт мүчөлөрүн, жалпы тааныштарыбызды ортого салып, "жарашалы" деп атат. Жарашкыдай ал азамат менен мен урушкан жокмун. Чай ичип, мамиле түзүп, "жегениңиз аш болсун" деген позицияны биз кармана албайбыз. Кыйын кезеңде Бабанов эл менен бөлүшүшү кажет. Биз билгенден, Бабановдун мамлекетке 30 млн. долларга жакын карызы бар. Апасы Анипа Бабановага катталган "Мунай мырза" ишканасы май куюучу жайлардын түйүнүн Бабанов 2006-жылы 101 млн. долларга саткан. Андан түшкөн акчага "Кыргызстан" АКБны сатып алган. 100 млн. доллардан эң аз дегенде 10 пайыз, б.а. 10 млн. доллар салык төлөнүшү кажет эле. Акаевдин уулу менен бирге "Манас Интернешнл-сервис" ишканасын иштеткен. 2005-жылы революциядан соң, ошол ишкана 20 млн. доллар же 1 млрд. сомго жакын мамлекетке карыз экендиги аныкталган. Андан берки пайыздык көбүктөрүн кошкондо бир топ акча болот. Бабанов бул маселеде Жогорку соттун чечимин чыгарып алганын бетине кармайт. Бир эмес, он чечим чыгартып алса да, элдин соту деген бар. Миллиондогон акча тапканы чын, салык төлөгөнү чын. Жогорку сот эмес, БУУдан чечим чыгарып келсе да, ал төлөш керек. Төлөбөй коюуга мүмкүн эмес. Россиядан 30 млн. доллар карыз алабыз деп, Өкмөтүбүз жума сайын учуп бара берип, алардан тил угуп, Россиянын депутаттары бастырып кирип, төрүбүзгө өтүп, Өкмөтүбүздү сындап, "мамлекеттин чөнтөгү менен өзүнүкүн айырмалай албаган Бабановго окшогон адамдар отурат. Мындай адамдар эки мамлекеттин алакасына жарака кетирет" деп тилдеп кетип атат. Бабанов жакшыбы-жаманбы, ал биздин бала. Сындасак да, мактасак да, өзүбүз билишибиз керек. Сырттан бирөө келип, кордоп кете албайт. Бирок, ошого жол берип, Кыргызстан калкынын кадырын түшүрүп аткан ким?! Жума сайын Москвага учуп барып, "байкелер, эмне кылып берейин" деп бөйпөңдөсө, Москвада же Россиянын башка шаарларында ири бизнестери болсо, Кыргызстан көз карандылыгына Бабановдун саясаты доо кетириши ыктымал. С.Багдасаров деген депутат: "Бабановдун Пензада 130 млн. долларлык цемент заводу бар, биз ошону текшеребиз" деп кетти. Бул "силердин Өкмөтүңөр биздин колубузда, биздин чоордун алдында биз каалаган бийди бийлеп берет, каалаган келишимге кол коюшат" дегенди билдирет. Бул Кыргызстандын кызыкчылыгы, мамлекеттик жана улуттук кызыкчылык коркунучта дегенден коңгуроо кагат. Думанын депутаты туура айтат, анын пикиринде, Бабановго окшогондор мамлекеттик кызматты аркалабашы керек. Биз да ошол пикирди карманабыз. Анткени, Кыргызстандан алып чыккан акчалары бөтөн жерде иш орундарын түзүп, башка мамлекеттердин экономикасына салымын кошуп атат. Ошондуктан, бул маселелер жеке мамиледен келип чыкты деген ой туура эмес. Бабанов жарашуу аракеттерин жасаган күндө да, элдин эсебинен соодалашып, мамиле күтө албайм.
- Акыркы кезде айрым басылмаларда иниңиз Асылбек туурасында да кептер жазыла баштады. Иниңиздин басылмаларда жазылган аракеттери аныкталып калса, кадамыңыз кандай болот?
- "Республиканын" депутаты менин иним Асылбек туурасында айтып чыкты. Асылбек 20-мартта Бишкекке келди, жумуш күндөрү башталганда бул депутатты сотко берет. Бул маселе сот менен чечилет. Исхак Пирматовдун айткандары баары жалган. Бул жигит "Кыргызнефтегазда" президент болуп турганда Кыргызстанга 100 миллиондогон зыян кылып, жеке ишканалардын кызыкчылыгына иштеген. Бул боюнча документтердин баарын Асылбек алып келди.
- 7-апрель соту кайра жанданды, бирок, дагы деле анын жүрүшү жабыр тарткан, жакынынан айрылгандардын көксөөсүн суута албагандай таасир калтырат. Бул туурасында сиз кандай пикирдесиз?
- 7-апрель - тарыхый күн. Адамдар өз өмүрүн тобокелге салып, Кыргызстанда жаңылануу, кайра жаралуу процесстерин баштаган күн. Тилекке каршы, биз эски режимге баа берe албай атабыз. Күнөөлүүлөрдү жазалай албай, уурдалган акчаларды кайтара албадык. Эң негизгиси, өткөндөн сабак алып, саясый система жаңы болгону менен жаңы адамдарды алып келип, жаңыча иштете алганыбыз жок. 7-апрелге катышкан карапайым адамдарга бийликке баягы эле адамдар келип, бири-бири менен куда-сөөктөшүп, дос-табакташ болуп, жең ичинен өз бизнестерин жүргүзүп аткандай сезилип жатат. Ага жол бербеш үчүн парламенттик оппозиция болгонун болгондой айтып, көзгө сая көрсөтүп турушубуз зарыл. Парламенттик система иштей баштаганына үч ай болду, бул башкача система экенин эл көрүп турат. Эч нерсе көздөн далдоо болуп, элден жашырылып калбайт. Премьер-министрби, вице-премьерби, баары эл, парламент алдында жооп берет.

Маектешкен
Айнагүл САПАРБЕК кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика