Чагым

Саясый куугунтук башталды

2011- жылдын 17-мартында кылмыш -жаза кодексинде каралган кылмыш ишинде күнөөлөнүп жаткан "Акыйкат" республикалык партиясынын төрагасынын жардамчысы Коптлеуов Рашид Дамировичтин жактоочу тарабы коомчулук жана ММК үчүн пресс-конференция өткөрдү.

Ошентип, 2011-жылдын 16-мартында Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда УКМКнын тергөөчүсү айыпталуучуга чектөө берүү боюнча өтүнүчүнөн соң, айыпталуучуну иштин чоо-жайы аныкталгыча КРнын УКМКсынын СИЗОсунда 15 сутка камоо боюнча чечим кабыл алынды. Анткени, айыптоочулардын версиясы боюнча шектүү делинип жаткан Рашид Дамирович апрель революциясынын учурунда "Мегакомдун" жетекчилери Кызалаков жана Худояровдон көп суммадагы акча алган имиш.
Тилекке каршы, жактоочу тараптын келтирген далилдери жана айыптоочу тарапка койгон талаптары угулган жок. Бөгөт коюу чарасын тандоодо ЖКнын депутаттары жана көрүнүктүү саясый ишмерлер кепилдиктери да эч кандай каралган жок.
О.э. сот жактоочулар тараптан берилген суроолоруна тергөөчүнүн канааттандырбаган жоопторун,(азырынча маалыматка ээ эмеспиз, бирок, тергөөгө берилген 2 ай ичинде таап чыгабыз,...бул суроо териштирилген эмес, бирок берилет,...бөлөктөрдүн кадамдарына кийин укуктук баа беребиз ж.б.) ошондой эле, 2011-жылдын 16-мартындагы "Дело№" гезитинде Кызалаков аталган иш боюнча тергөө тармагына "белгисиз бирөөлөр" деп кайрылгандыгын ачыктаганы менен 2011-жылдын 12-мартында УКнын жетекчиси жана "Акыйкат" партиясынын лидери 1-вице-премьер-министр Ө.Бабановдун дарегине сын айткандан кийин эле жанагы "белгисиз бирөөлөр" дароо анын жардамчысы Коптлеуовко айланып, өз жетекчисине каршы көрсөтмө берүү үчүн аны кармоо боюнча курч зарылдык келип чыкканын эске алган жок. Эмне үчүн УКПнын 170 ст. ылайык алардын ишине тиешеси жок болуп жатканына карабай, тергөөнү УКМКнын Тергөө башкармалыгы алып барып жатат?! Суроолор оголе көп, бир аз убакыт мурун Бакиевдин режимин кулатууда Жекшенкуловдун өнөктөштөрү болуп келген бүгүнкү бийликтин саясый оппоненттерин куугунтуктоо экендигин дүлөй менен сокур гана түшүнө албайт болуш керек.
Андан ары сот жеңилдик берилүүчү шарттарды, Коптлеуов Рашид үйбүлөдө жалгыз камсыздоочу экендигин, Рашиддин жубайынын боюнда бардыгын, ал эми атасы жакында кабылган инсульттан кийин уулунун камкордугуна муктаж экендигин эске алган жок.
Эң кызыгы, Бакиевдин башаламан саясатынын учурунда белекке берилген пистолетке байланыштуу Жекшенкуловдун айланасындагы чыр-чатакта мамлекеттик айыптоочу болгон адам, бүгүнкү күндө да Жекшенкуловдун жардамчысы Коптлеуовго айыптоочу болуп отурат.
Дагы көңүл буруп кетүүчү нерсе, тергөөчүдө ким кандай учурда мынчалык көп акчаны пайдалана ала тургандыгы, кандай максатта керектөө зарыл экендиги жөнүндө "Альфа Телеком" ЖЧКнын уставы жок болуп чыкты. Ошондой эле "Мегакомдун" кассасынан ушунча көп акча алуу жөнүндөгү ишеним кат жок туруп ал акчалар айыпталуучунун колуна тийип калган имиш.
Жогоруда айтылгандардан кийин аталган иш айыпталуучу кармалгандан кийин гана далилдер базасын чогултууга аракеттенишүүдө, иш жасалмаланып жатат. Бул жагынан алып караганда, УКМК айрым таза эмес чиновниктердин саясый заказын аткаруучу болуп жатат.
Бардыгы 2011-жылдын 9-мартында А.Жекшенкуловдун биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабановду рейдерлик боюнча маселелер чечилгенче жумуштан четтетип туруу, Транзиттик ташуу борборуна КММны ташып келүү боюнча, эффективдүү эмес кадрдык саясат тууралуу айтылган сын-пикиринен башталып, азыркы бийлик тарабынан агрессивдүү реакцияны пайда кылып олтурат.
Коргоочу тарап бүгүн бийлик башындагылар: Р.Отунбаева, А.Келдибеков, А.Атамбаев Жекшенкуловдун жардамчысы эмне болуп жаткандыгын, бул кыска корпоративдик кызыкчылыгы үчүн атайын жасалып жаткандыгын, алар да өлкөдө болуп жаткан укуктук башаламандык үчүн элдин алдында, мыйзам алдында, өздөрүнүн абийири алдында жоопкер экендигин билишеби деген доосун айтышууда.

Апас Ниязалиев




  Акыйкаттын сызыгында

Байболовдон корккон арсыздар менен алсыздар
"Республикачылар" Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовду "кызматын тапшырсын" деп талап кылышууда. Буга көз карашыңыз кандай?

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ, ЖК депутаты:
"Байболовго карата сокку"
-Бул жөн гана Кубат Байболовго карата болгон сокку деп билем. Саясый күрөштүн дагы бир ыкмасы. "Республикачылардын" бетине кармаганы эле завод болуп атпайбы. Аны Байболов эч кимге бекер берген жок. Өзүнүн менчигин кандай колдонсо өзү билет. Буга анын толук укугу бар. Бул кишинин саясый жүрүм-турумуна көз карашым оң. Мурда депутат кезинде эле үлгүлүү болчу. Азыр Башкы прокурордук кызматын деле таза, так аткарат деп толук ишенем.


Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
"Алсыздар көрө албай..."
- Байболов өз эмгеги, маңдай тери менен байыган адам. Анысына мурдагы бийлик тийишип, Америкага чейин кууп ийишкенин билебиз. Бул адамда билим да, байлык да, аскердик кайрат да жетиштүү. Совет мезгилинде жогорку даярдоо курстарынан өткөн. Ички душмандар менен күрөшүүгө, терроризмди ооздуктоого үйрөнгөн адам. Эч кимге көз каранды эмес. Ал эми мындай күчтүүлөрдөн арсыздар, алсыздар коркот. Күнөөсү барлар аны кызматтан кетирүүнү көздөп жатса керек деп ойлойм.


Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, ЖК депутаты:
"Иштөөгө мүмкүнчүлүк беришсе"
-Булар Кубатбек Байболовго эч кандай фактылар жок эле тийишип атат. Күнөөсүн далилдеп бере турган бир да юридикалык документ жок. Саткан заводун "Мегаком" менен байланыштырып, ошонусуна асылып атышат. Аны "Сарамжал" деген фирма сатып алган экен. Негизи эле адам жеке менчигин кимге сатса өзү билет да. Ал эми иши туурасында айта турган болсок, Байболовду тезинен кызмат ордуна бекитиш керек. Далай жакшы иштерди кылат эле, прокурордун милдетин аткаруучу болуп, толук кандуу иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей атышпайбы.


Асия САСЫКБАЕВА. ЖК депутаты:
"Коррупционерлер коркуп атышат"
-Мен буга каршымын. Негизи коалициядагылар ага кирбеген партиянын мүчөлөрүнө жөн жерден тийишип атышат. Өзгөчө чоң кызматта тургандарына. Эми көзүнө Кубатбек Байболов көрүнүп калыптыр. "Кызматын тапшырсын" деп аткандардын арасында коррупционерлер көп. Депутаттары дагы, башка кызматтагылары дагы коррупцияга аралашкан, күнөөлөрү бар адамдар. Эми анысын Башкы прокуратура чукуп чыгат деп коркуп атышат. Менимче, Байболов Башкы прокурорлукка татыктуу кадр. Буга чейин да өлкөгө чоң салымдарды кошкон, бийлик алмашкандагы тополоңдо татыктуу кызмат кылган. Билимдүү, мамлекеттик чоң кызматтарда иштөөгө дарамети жетет.


Турат МАДЫЛБЕКОВ, ЖК депутаты:
"Иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп атабыз"
-Иштеп аткан адамга жөнсүз асылуу болуп атат. "Кызматтан кетсин" деп талап коюуга азырынча "республикачылардын" жүйөлүү далили жок. Иликтөө иштери жүрүп атат. Жакын арада жыйынтыгы чыгат. Булардын негизги дооматы аялынын жеке менчик мүлкүн бирөөгө сатканында болуп атат. Анын эмнеси бар экен? Нуржамал Байболова ишкер айым экенин элдин баары билет. Ишин каалагандай жүргүзөт да. Мунун күйөөсүнүн кызматы менен эмне байланышы бар? Азыр көп эле чоңдордун аялдары бизнес кылып атышпайбы. Ушул себеп менен кызматтан кетире берсе, адам калабы?


Марс САРИЕВ, саясат таануучу:
"Байболов Башкы прокурорлукка татыктуу"
- "Республикачылар" алгач Байболовго коюлган күнөөнү далилдеп беришип, анан кызматтан кетирүүнү талап кылышса болмок. Анткени, Кубатбек Байболов бул кызматка татыктуу, өз ишин билген мыкты адис.


Бегимай БАКАШЕВА