Көздүү мончок

Асел Капарова, модель:
"Атамдан уялып, эки колумду..."

Жети жылдан бери модель тармагында эмгектенген Асел Капарова учурда Улуттук университеттин экономика факультетин аяктап атат. Өз кесибин сүйүп, моделдикти хобби катары алып жүргөн Асел айым менен маек курдук.

- Жакында эле "Мисс Кыргызстанга" катыштың. Сенин көз карашыңда сынак кандай болду?
- Кырк атаандаштын ичинен он кыз финалга чыкты. 1-2-3-орун берилип, калган катышуучулар ар кандай наам менен сыйланды. Мен "ажарлуу айым" наамын алдым. Ачыгын айтсам, сынакка сулуу кыздар катышты. Даярдыктар да жакшы болду. Бирок, уюштуруучулук жагы начар экени байкалып калды. Өкүнүчтүүсү 1-орунду алган кызга акча да, жолдомо да берилбептир. Эмнеге мындай жыйынтык болгонун билбейм...
- Модель тармагына кандайча аралашып калдың?
- Өспүрүм кезде эле "модель болом" деп кыялдангам. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай кечелерге, сынактарга катышып, бийлеп жүрдүм. Бийге да абдан кызыгам. Анан он алты жашымда "моделдик агентикке моделдер керек" деген жарнаманы окуп калып, кастингге катышкам. Ал жакта бир аз иштегенден кийин агенттик жабылып калып, "Витлайн" агенттигине ишке орношком. Баш-аягы жети жылдан бери модель тармагында кызмат кылып келатам.
- Модель сенин сүйүктүү кесибиңби?
- Мен үчүн моделдик кесип бул - хобби. Өмүр бою модель болуп иштей албайсың. 30-40 жашка чыкканда, туруктуу кесибим болсун деген ниетти көздөп, Улуттук университеттин экономика факультетине тапшыргам. Төрт жылдан бери экономист болуп иштеп жатам. Буга чейин банкта иштеп көрдүм. Азыр болсо финансы министрлигинин алдындагы агенттикте иштейм. Өзүм эркин модель болгондуктан, подиумду сагынганда гана чыгам.
- Башка моделдерге салыштырмалуу боюң кичине экен...
- Подиумга 175-180см бойлуу кыздар керек. А меники болгону 170см. Көбүнчө мага фотомодель болгон ыңгайлуу. Башында узун моделдерди көрүп, "эмнеге менин боюм кыска" деп кыжаалат болчумун. Азыр бийик така кийип, көнүп калдым. Моделдик кесип сырткы келбетти талап кылат. Ага кошумча, салмагың 50кг. болсо, ошол бойдон сакташың керек. Көпчүлүк моделдер спорт менен машыгып, диета кармап жүрүшөт. Мен андайга да жокмун. Эң негизгиси убагында жакшы уктап, эс алам, тамак-ашты тандабай жейм.
- Бизде моделдерге башкача көз караш менен карагандар чекеден чыгат...
- Менталитет ушундай эмеспи. Моделдик чөйрө батыштагыдай жакшы өнүккөн эмес. Биз тууралуу коомчулукта ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Башында курбуларымдын жигиттери "а сен моделсиңби?" деп мага башкача карашчу эле. Азыр антпей калышты. Бирок, мен бул тармактын жаман жагын көргөн жокмун. Жети жыл ичинде бир да жолу "мага жактың, көңүл ачып келбейлиби?" деп тийишкендер болгон эмес. Ар бир нерсе адамдын өзүнөн болот. Ата-энеден алган тарбия, кулк-мүнөз мындай нерселерге жол бербейт деп ойлойм.
- Хоббиң тууралуу ата-энеңдин пикири кандай?
- Ата-энем каршы эмес. Экөө тең маданияттуу, билимдүү адамдар. Атам гезит-журналга чыккан маектеримди окуп, "кызым чыккан турбайбы?" деп сыймыктанып калат. Ал эми апам бардык жагынан колдоп, керектүү буюм, кийим-кечек алып берет. Кытайга каттап, жеке бизнес кылгандыктан, апамдын жанында көбүрөөк болгонго аракет кылам.
- Үй жумуштарына эптүүсүңбү?
- Көпчүлүгү "сен үйдө оокат кыласыңбы?" деп таңгалып сурашат. Атам Нарын шаарынан, апам Жумгал районунан болот. Жайкысын эс алганы айылга барганда ичеги-карын артып, уй саап, үй жумуштарын жасайм. Менден бир жаш кичүү сиңдим жакын курбумдай эле. Бири-бирибизден сыр жашырбайбыз. Үй жумуштарын дагы бөлүшүп алабыз. Кээде мага кошулуп, көрсөтмөгө барат, портфолиого катышат.
- Көрсөтмөдө кызыктуу окуялар болобу?
- Мода жумалыгында подиумга кийип чыга турган көйнөгүмдү көрбөй эле, ата-эне, бир тууган, досторумду чакырып койгом. Барсам, денени ачык көрсөткөн үлбүрөгөн кофта экен. "Ата-энем, бир туугандарым келди эле, муну эртең эле кийип чыгайын" десем, жетекчиден тил укчудаймын. Айла жок кийип чыгууга туура келди. Подиумда басып баратып, атамдан уялганымдан эки колум менен төшүмдү жаап коем. Сүрдөп, калтырап көшөгө артына кеткиче шаштым... Көргөзмө бүткөндөн кийин апам "башка моделдер койкоюп, жакшы басты. Сен эмнеге эки колуңду ылдый түшүрбөй койдуң?" деп атпайбы. Көрсө, кофтамдын жука экени алыстан байкалбаптыр (күлүп).
- Турмушка чыгууну пландап атасыңбы?
- 23 жашка чыктым. Купулума толгон мырзаны жолуктура элекмин. Кыргыз мырзаларынын көбү "сен болбосоң, башкасы толтура" деп аялзатын анча сыйлашпайт. Аны көргөндө кээде "башка улутка турмушка чыгып кетсемби?" деп ойлонуп калам. Албетте, бул айла жоктон, ачууң келгенде айтылган сөз. Азыр көбү атак-даңкка, байлыкка карата мамиле жасап калды. А мен болсо адамды баалаган, көр дүнүйөдөн, жан дүйнөнү бийик койгон азаматты издеп жүрөм.




  Кымча бел

Айканыш Чоробек кызы, бийчи:
"Стресске кабылганда бийлейм..."

Бий менен көңүл ачып, жашоосун шаңга бөлөгөн бийчи Айканыш Чоробек кызы "Береке" бий ансамблинде бийлейт. Сүрөт тартууга кызыгып, мыкты адвокат болууну самаган он тогуз жаштагы бийчи менен тааныштырабыз.

- Айканыш, өзүң жөнүндө айтып берсең...
- Эки бир туугандын улуусумун. Атам кесиби боюнча механик, апам мугалим. Бийчи болуп калышыма апам түрткү болгон. 4-классымда мектепте жаңы ачылган бий ийримине катыштырып, 8-классымда "Берекеге" берген. Башкача айтканда, сегиз жылдан бери бийлеп келатам.
- Сен дагы "бийсиз жашоомду элестете албайм" деген ойдо экенсиң да?
- Ооба. Себеби, бийге абдан көнүп калдым. Мектепте бийлеп жүргөндө жөн гана кызыгып, бийлеп, "эжеке мени мактаса экен" деген балалык кыял күчтүү болчу. Ал эми "Береке" бий ансамблине келгенден тартып, профессионал бийчи болууга умтулуп, олуттуу мамиле жасап калдым. Көпчүлүккө аралашып, адамдар менен тил табышканды, коомдук жайларда өзүмдү кантип алып жүрүштү үйрөнүп, ансамблде иштөө алда канча кызыктуу экенин байкадым.
- Бийчи башкалардан кайсы сапаты менен айырмаланып туруш керек?
- Бийчи эң биринчиден сезимтал, чыдамкай жана өзүн жеңил алып жүрүш керек. Бийчилер дагы фантазия, музыка менен иштегендиктен, өзгөчө эргүүнү күтүшөт. Балким, башка адамдарга байкалбайт чыгаар бирок, бийчилер кыймыл-аракеттен, бийлегенден ыракат алат. Маанай чөгүп, стресске кабылганда бийлеп алсак, жеңилдеп калабыз. Кээде баскан-турганыбыздан улам бийчи экенибизди байкап койгондор болот.
- Кайсы бийди бийлегенди жакшы көрөсүң?
- Актерлор роль тандабаган сыяктуу, бийчилер да ар улуттун бийин бийлей берет. Бирок, баарыбир кыргыз бийи өзгөчөлөнүп турат. Ал бийди бийлеп атканда көкүрөктө патриоттук сезим ойноп, кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам. Кыргыз кийим баатыр энелерди, чыгаан аялзатын чагылдырып тургандай сезилет. Бир жагынан ички сезимди козгоп, экинчи жагынан кооз көрүнгөн кыргыз бийи мен үчүн эң башкы орунда турат.
- Бийден сырткары эмне менен алектенесиң?
- Бош убактымда сүрөт тартууга кызыгам. Өзгөчө жаратылыштын кооздугун кагаз бетине түшүргөн жагат. Андан сырткары, апам менен сырдашып, ашкана сырларын үйрөнөм. Апам менин курбумдай эле болуп калды. Бардык темада сөз кылып, жигиттер тууралуу кеңеш алам. Мага адамкерчиликтүү, акылдуу жигиттер жагат. Буюрса, турмушта өз ордумду тапкан, бактылуу инсан болгум келет.
- Алдыга кандай максат коюп атасың?
- Кесибим боюнча мыкты адвокат болгум келет. "Жашыңда берсин мээнетти" дегендей, учурда окуу, бий, тил үйрөнүү менен алекмин. Азыр англис тилин өздөштүрүп атам. Муну менен чектелбей, көп тил үйрөнгүм келет.

Айнура
Касымова