Кээ бир чиновниктерге "коррупцияга эмгек сиңирген" деген наам берип койгулачы?!
5501. "Учур" гезити, сиздерге ийгилик! Жүрөгү бош кыздар менен таанышам.
0700-46-49-49 телефонуна чалгыла.
Бекжан

5502. Эй депутаттар! "Бакиевдин алтынын таптык" дедиңер эле го, аны эмнеге чыгарбай атасыңар? Же Отунбаева катып алдыбы? Негедир азыркы ажону көрсөм эле төбө чачым тик турчу болду.
Айко 94

5503. Эх кандай жаман. "Биз эркин мамлекетпиз" деп жүрсөм, андай эмес экен. Орусияга көз каранды экенибизге эми толук ишендим. Кыргызстанды ушу акыбалга алып келген Акаевге, Бакиевге жана миллиарддарды жеген, уурдаган, дагы уурдап аткан "келемиштерге" наалат жана тозок!
Такеш

5504. Жаз келгени экижүздүүлөр чээнден чыкты. Гезиттерге жазгандарын окусаң, оозуң ачылат.
3401 абоненти

5505. Бизнесмендер менен криминалдар биздин бийликти соодалашып, иштетпей жатат. Эмки шайлоодо таза адамдарды шайлагыла. Кыргыздар ынтымактуу бололу. Башка улуттарга ишеним аз.
3174 абоненти

5506. Митя байке, мен сизди издеп жүрөм. Мага ушу 0779-03-49-83 телефонго чалыңыз. Урматтуу "Учур" гезитинин окурмандары, эгер оштук Митя байкени таанысаңар же көрүп калсаңар айтып койсоңор. Сураныч. Туулган жылы 1977-жыл.
Гүлзат, Нарын

5507. Отунбаева бийликке келип, элди отундай кууратты го? Базардагы тамак-аш баасы күн санап өсүп баратат. Аны ким токтотот? Ким көзөмөл кылат?
9672 абоненти


5508. Мен 7 дубандын кыздары менен таанышам. Жашы 22ге чейин болсун. СМС жазгыла.
Тел: 0778-68-14-52

5509. Ош облусунда жашаган апам Заркөкүлгө чоң салам жолдойм! Жаркын жашооңуз барчылыкка толуп турсун! Сизди терең урматтоо менен Питердеги кызыңыз.
Низа

5510. Токтогулдун тентеги, бийликке такыр жетпеди. Кыргыз элин тынч коюп, сүргүнгө айдалып кетпеди.
9672 абоненти

5511. Салам, "Учур" гезити! Силердин жалпы жамаатыңарга ийгилик. Ошону менен бирге Токтогул районунда жашаган менин эң жакын курбуларым Розага, Айсулууга, Эляга, Бекуга жана сүйүктүүм Замирге салам жолдойм! Мен силерди жакшы көрөм!
Айжамал

5512. Менин атым Низа. Жыйырма жаштамын. Мени тааныгандар СМС жазгыла. Оштук Медер акеге чоң салам жолдойм.
5742 абоненти

5513. Каз айланып кетпеген, көлү сонун кыргыздын. Айдай сулуу кымча бел, кызы сонун кыргыздын. Кыргыз эли, мен силерди абдан сагындым.
5742 абоненти

5514. "Учур" гезити аркылуу дос таптым. Айпери, Кенжеш, Мээрим, силер менин унутулгус, жакын, жан досумсуңар! Силерге албетте, жакынкы күндөрү жолугам.
1157 абоненти

5515. Сапар, сен менин бул дүйнөдөгү эң алгачкы, эң акыркы махабатымсың. Мен сени өмүр бою унутпайм. Менин жүрөгүм сени менен кошо кеткен!
Айка

5516. Салийка апа! "Энеси тепкен кулундун эти оорубайт" демекчи, президент кызыңыз Розанын АКШнын "Каарман айымы" сыйлыгын алганы менен куттуктайм. Бекеринен Роза Исаковна 2011-жылды - "Курманжан датка жылы" деп белгилебептир. Экөөнүн эмгеги элине ат көтөргүс, баа жеткис!
Асылбек, Алай

5517. Кыргыз элимди Нооруз майрамы менен куттуктайм. Барчылык, токчулукту, тынчтыкты каалап кетемин!
1511 абоненти

5518. Марал апче, сизди өтүп кеткен 23-март туулган күнүңүз менен куттуктайм! Чың ден соолук, узун өмүр, үйбүлөлүк бакыт жана дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм!
9888 абоненти

5519. Кыргыз элим, силерди 21-март Нооруз майрамыңар менен куттуктап, тынчтык, токчулук, ынтымак, биримдик, эң негизгиси арзанчылык каалайм!
Мээримбек

5520. Рысалиев Зарыл, сен жаш кесиптештериңдин сыйына ээ боло албадың. Ошондой эле милиция ардагерлеринин да кадырына жете албадың. Кыргыз милициясын чет өлкөгө жана өзүбүздүн элге жаман көрсөтпөй, апчеңе рапортуңду жазып, Кара-Буура РИИБисине которулуп ал. Сен кетмейин милиция оңолбойт.
ИИМдин ардагерлери

5521. Азыркы бийликтегилер Бакиевди сындап туура кыласыңар. Бирок, өзүңөр андан жогору турсаңар болот да. Жашоо күндөн-күнгө начарлап баратат.
5243 абоненти

5522. Ойчулуктагы геологдордун лагери өрттөндү. Эми ал жерде жайгашкан чет элдик компания Үч-Эмчек, Арал айылдарынан таптаза кетет болуш керек. Бирок, бийлик булардан баш тартабы же бул компанияны кайра алып келеби? Көрө жатабыз.
Жайчыбек, Талас

5523. Президентибиздин "Ош, Кара-Сууда өзбектер кыргыздардан коркуп, араң эле жашап жатышат" деген сөзү анын бийлигин тааныбаган элдердин маанайын ансайын иренжитти. Элине тең карасын, же ала допучандарга жан тарткыдай чын эле бу жерде бир мандем барбы?
Гүлмайрам,

5524. "Мегакомго" байланышкан чырда Аликбек мырзанын күнөөсү жок болсо керек. Жок жерден жалаа жаап атышат да.
4984 абоненти

5525. Октябрь районунун акими Союзбек Салиев ага, сиздин түйшүктүү ишиңизге ийгилик каалайм. Сизди ушу даражага жеткирген, тарбия берип өстүргөн Сатыбалды ажы аксакалга Кудай ыраазы болсун. Бардык эле акимдер сиздей болуп эмгектенсе гана!
Бекен

5526. Мугалимдер талаптарын коюуда. Бирок, жетишерлик билим берилбей жатат. Азыркы жаштардын билим деңгээлин көрүп, уялганымдан жерге кирип кете жаздайм. Ушундай талаптарды өкмөтүбүз мугалимдерге да катуурак койсо, келечек жакшыраак болмок. Жаштар менен көбүрөөк иштешем, көбүнө кускум келет.
5201 абоненти

5527. Нарын облусунун Жан-Булак айылында 1981-жылы төрөлгөн Азамат Өмүров мага телефонго чык. Байланыш. Сөз бар.
Тел: 0553-51-14-11

5528. Көлдүк жигит, мен сени унута албайм. Көрүшпөгөнүбүзгө 6 жылдан ашып кетти. Дале жүрөгүмдөсүң. Сагындым сени.
Ади

5528. Бийликтегилер бири-бириңерге көрдү тереңирээк казып жата бергиле. Качан эле кыргыз бийликке жарыды эле?
5215 абоненти

5529. Атамбаев эмне үчүн ар бир үч айда Москвага барып атат? Же Володия менен Димага кварталдын отчетун берип келеби?
Асан

5530. Оштук жана Ош шаарында жашаган 20 жашка чейинки кыздар менен таанышам.
Тел: 0777-31-90-76

5531. Урматтуу кыргыз элим! 7-апрелде 87 бала өлсө, июнь каргашалуу окуясында 436 кыргыз өлдү. Муну унутпайлы.
9076 абоненти

5532. Мыктыбек Арстанбек, сен ушунчалык кызыктай адам экенсиң. Кыш чилдесинде адамдарды тоңдуруп, эшикте титиретесиң. Эми жаз келгенде кабинетке камалып алыпсың. Жай мезгилинде кайда барар экенсиң?
1019 абоненти

5533. Айпери, сен мени түшүнгөн, боорукер жакын курбумсуң. Сенден эч качан айрылгым келбейт. Досум, сен мени кечирип кой. Капа болбо.
Niza kg 90

5534. Улуттук 1-каналга жана маданият министрлигине кайрылат элек. Теледен айына бир жолу Орусиядагы мекендештерге программа уюштуруп, теледен орун берип, таланттуу улан-кыздарды тандап, көргөзсө дейбиз. Таланттуулар көп. Сиздерди терең урматтап Орусияда жүргөн мекендешиңер!
1574 абоненти

5535. Кыздар менен таанышам. 16-18 жашка чейинкилер сонун болот.
Тел: 0779-400-414, 0778-78-79-63.

5536. Ыңкылаптан кийин бардыгы жакшы болоруна ушунчалык ишендик эле. Акыркы убакта ал ишеничтер суу сепкендей өчө баштады. Ырыс кесер Максим, эки дүйнөдө жакшылык көрбө!
1019 абоненти

5537. Башкарасуу айылынан Түркеева Айгүл 0778-25-68-47 телефонуна чалыңыз. Сизди бир убакта чогуу иштеген досуңуз Элмира издеп атат.
6847 абоненти

5538. Салам "Учур"! Мен "Кеңеш" тобуна чоң салам айтам жана Нооруз майрамыңар менен кызуу куттуктагым келет. Концертиңер мыкты өтсүн, сапарыңар байсалдуу болсун!
Акмарал

5539. М.Бакиев учурунда "Билайндын" "Укмуш" тарифи 50 тыйын, "Мегакомдун" "Хит" тарифи 70 тыйын эле. Бабановдун келиши менен ал жоюлуп, тарифтер кымбаттап кетти. Күйүүчү майдын мафия атасы болуп, баасы 7-8 сом түшпөй эле 2-3 сомго бизди алдап атат. Бобик, сен бизди минтип алдаба. Кирерге жер таппай калып жүрбө?
7287 абоненти

5540. Алайдагы Сопу-Коргон айылынын тургундары дайыма бар болуңуздар! Мен сиздерди жакшы көрүп, урматтап келем. Андан сырткары, 1993-жылкы туулган кыздар, биз супербиз!
Нуриза

5541. Салам "Учур"! Мен бактымды тапкым келет. Атым Алтынай.
Тел: 0778-23-84-05

5542. Казак менен өзбек кыргызды шылдыңдаганын койбоду. А биз болсо коррупциядан, мансапкорлуктан, мактанычтан алыстай албай койдук. Качан оңолобуз?!
3018 абоненти

5543. "Учур" гезитин жана анын чыгармачыл жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктайм! Чың ден соолук, ишиңерге ийгилик каалайм. Гезитиңер менен узак жашагыла!
2680 абоненти

5544. Дүйнө жүзүндө Кыргызстандан башка улуу жана чоң мамлекет жок. Илгери, тиягы Алтай элинен бери Казакстан Орто Азия бүтүндөй кыргызга караштуу жер экен. Эгер Аксы, Турпан, Кангайды кошуп эсеп кылсак, анда кыргыз жеринин аянты - 4 миллион чарчы километрден ашат. Бул жерлер кыргыздарга тиешелүү эмес деп эч ким менден талаша албайт. Далил катары төмөндөгүлөрдү айта кетейин. Мисалы, Манас Алтайдан келип, Таласка туруп калган. Чоң казатка Таластан аттанган. Каныкей букарлык кыргыз кызы болгон. Семетей да ушу жерден чоңоюп, Таласка кийин келген. Манастын небереси Аттила баатыр Европага карай жортуулга Хибадан аттанган. Биз Англияны "Улуу Британия" дейбиз. Ал аралда Шотландия, Ирландия жана Англия деген 3 мамлекет жайгашкан. Салыштырмалуу бизге караганда жер аянты боюнча өтө эле кичинекей. Болгону алардын билими өсүп, курал-жарактары мыкты болуп, кийин эле көп элге үстөмдүк кылды. Бирок, кыргызга жетпейт. Кыргызды жана кыргыздын атагын алыска чыгарган Манасты сыйлайлы.
4268 абоненти

5545. Бабанов баарын жеп жатса, "апабыз" кай жакты карап отурат? Же анын артында уулу Атайдын кулагы чыгып турабы?
5685 абоненти

5546. Чүйлүк кыздар чалгыла. Жашым 25те.
Тел: 0551-554-155

5547. "Портной", сен акчаңды дайыны жок саясатка сапыргыча, айылыңа бараткан жолго көпүрө салдырып койсоң, чыныгы элдик жигит болот элең. Саясатта сен болгону чагымчысың. Өкүнүп калба!
Жердешиң

5548. Нооруз -мусулман дининде жаңы жыл майрамы. Бул күндү бүт дүйнө жүзү майрамдаса да болот. Мен эч кимге акыл айткан жокмун. Мен болгону Алланын ишин айтып жатам. Алланын мыйзамында бардык нерсе үчтөн кийин башталат. Мисалы, ай жаңырганда 3 күндөн кийин эсептелет. Ал эми жаңы жыл 3 айдан кийин эсептеле баштайт. Эгер Алла адам баласына жаңыча жашоо баштайм десе, жерге өзүнүн ырайымын жөнөтүп, мыйзамын элге жайылткандан кийин 3 миң жылдан кийин ишке ашырат. Жаңы жылыңар кут болсун! Жалпы Ислам жамааты дениңер сак, өмүрүңөр узун, ишиңер ийгиликтүү болсун!
4268 абоненти

5549. Акча үчүн буюртма ушак макала жазгандардын айынан саясат курчуп жатат. Мамлекеттин ушу акыбалына келишине алардын түздөн-түз күнөөсү бар. Акча болсо апаларын да жамандагандан кайра тарта турган кейиптери жок. Регионалист да болуп бүтүштү.
Баргы

5550. Бөлүнбөстөн бир бололу. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак, бизди эч ким майыштыра албайт. Биримдикте ынтымакта бололу кыргыз элим. Чет элдерге күлкү болуп атабыз, эсибизге келели!
5023 абоненти

5551. Жарандык паспорттон "улуту кыргыз" деген графаны алып таштаган күнү согуш чыгат. Кыргыздар менен бардык бийлик бутактарында олтурган "кыргыз эмес чиновниктер" менен!!!
Көлдүк жигит

5552. Бишкекте "жең ичинен" эл аралык жөөттөр менен аябай катуу соода жүрүп жатат. Паспорттон "улуту" деген графаны алып ташташ үчүн. Бул жерде улут кызыкчылыгын жок кылуу иретинде "силердин индеецтерден кандай айырмаңар бар?" деген кине коюшуп. Жалпы элдин кызыкчылыгын сураган жан жок.
Улутман

5553. Урматтуу Бүркүт! Сиздин башыңыздан да далайлар өтүптүр. Анын ичинде биринчи "чемичкеңизди" алдырган түн эстен кетпей калса керек? Абысындай сүйлөшкөнүңүзгө караганда. Анча болду таржымалын да кеп кылбайсызбы?
Гүлалы

5554. Карышкырды ортого байлап салып, иттерине талатып, өкүрүп, ызы-чуу болгон макоолор, силерге наалат!
2121 абоненти

5555. "Учур" гезитинин жалпы жамаатын Нооруз майрамы менен кызуу куттуктайм! Ишиңерге ийгилик, үйбүлөңөр менен аман болгула! Ар дайым окурманыңардын сүйүктүү гезити болуп жүргүлө!
1511 абоненти

5556. Биздин сүйүү (Аземага)
Биздин сүйүү капастагы куш сыяктуу.
Биздин сүйүү күлүк сымал күнүндөгү
курч туяктуу.
Биздин сүйүү күүдөй муңдуу кыл кыяктуу!
8961 абоненти

5557. Азема кош бол
Мен эми сага арнап ыр жазбаймын.
Сени менен мурдагыдай сырдашпаймын.
Турмушта жолдорубуз кесилишпейт.
Турабыз туу чокудан кезигишпей.
Туя албай сүйүү сырын чечилишпей.
Сүйүүнүн даамын татып эзилишпей.
8961 абоненти

5558. Бизде бир эле идеология болуш керек! Кыргыз элин сүйүү, урматтоо! Жаатташып, бөлүнбөш керек. Кыргыздын жерин башка өлкөнүн жарандарына сатпаш керек. Чыккынчылык кылгандарды атып ташташ керек!
Мукаш Ырсалиев

5559. Саламатсыздарбы "Учур" гезитинин жалпы жамааты? Сиздерди ушу күндөрү өтүп аткан Нооруз майрамыңар менен куттуктап кетейин. Жаратканым жакшылыгын бергенди унутпасын! Андан сырткары, көп жыл сүйлөшүп жүргөн Ак-Суулук жигитим Тариелди издеп келем. Эгер мен ката кетирсем, туура эмес кылган кылыгымды, убагында билип-билбей кетирген кемчилигимди кечирип коюуңду өтүнөм. Мен сенин Бишкекте экениңди билем. Сенден көптөн-көп суранарым, мага келип кетчи? Сен менин жарым жанымсың. Мен сени дайыма күтөм!
Зумрад, Каракол

5560. Ош окуясынын чыгарган өзбек туугандар, түштөн кийин өзүңөрдү байкуш көргөзүп, кыргызды жаманатты кылбай эле койгула. Анжиян көтөрүлүшүн биз да билебиз. Ал жерде көбүнчө этникалык кыргыздар, каракалпактар жашайт. Аларды өзбек бийлиги фашистти кыргансып, танка менен аттырган.
4473 абоненти

5561. Жеңиш Жоробековго баа берип калдым. Азамат жигит экен. Тогуз-Торого барып, жакшы иштерди жасап атат. Билими да жогору экен. ИИМдин башына ушундай кадрлар келиши керек. Бири-бирин көрө албай, же жөндөп иштебей, тирешип, кутурган экс-оперлерден пайда жок.
Мент

5562. Чолпон-Ата шаарынын тургундары атам Команов Туратка апам Раяга салам жолдоп, Нооруз майрамы менен куттуктайм. Ата, апа ар убак ишиңерге ийгилик каалайм. Ар дайым асманыңар ачык, маанайыңар жарык болсун. Биздин төрүбүздө аман-эсен жүрө бергиле!
Назгүл, Бишкек

5563. Кудай дей турган заманда, ар кимибиз өзүбүздөн тарбияны баштасак жакшы болгону турат. "Кыяматты" чакырбай ойлон, ойгон кыргызым! Ансыз да шейиттер бейтынч маалда. Акүй мазарга айлана электе көзүңөрдү ачкыла чоңдор!
Нуркыз

5564.. Атамбаев элге берген убадасына турган болсо, Бабановдун ишин карап, коюлуп жаткан фактыларды элге ачыктап, ары же бери кылыш керек.
Жалал-Абад жаштары

5565. Токбаева Рена мага чал. Тел: 0553-20-04-67
Гүлмира

5566. Кыргыз жерин ким көрүнгөнгө сатканды токтоткула. Коррупцияны тыйсаңар жакшы болор эле.
8759 абоненти

5567. Сүлүктү шаарында жашап жаткан энем Топчугүлдү жаз майрамы менен куттуктайм! Эне эч качан оорубаңыз. Биздин бир чөөгүн чайыбызды ичип, төрдүн көркү болуп жүрө бериңиз.
Айсулуу

5568. Усубалиева Зинаш Антоновна! Мага телефон чалып коюңуз! Мен сиздин телефон чалууңузду абдан күтөм!
Тел:0553-20-04-67

5569. Жылдыз эже! Курманжан датканын эстелигин жана тарыхый комплексин Ошко эле курсаңыз болмок. Сиздин эмгегиңизди өзүңүз айткан "коңкобайлар" жана трайбалисттер өмүрү түшүнбөйт. Кыргызды оруска саткан Шабдандыкын курабыз дегениңизде, алар унчугушмак эмес. Демек, андан аркысына өзүңүз тыянак чыгара билиңиз. Мен сизди аябай сыйлайм жана урматтайм.
7171 абоненти

5570. Мелис Эшимкановго тийишпегиле. Ал жигиттин абийири бар үчүн эл алдына чыкты. Келгиле катын ушактан арылалы. Чындап келсе, Мелистен жаман булганган адам парламентте спикер болуп отурбайбы? Же андай эмеспи?
Гуля

5571. Гүлалынын кошунасы, сиз эмнеге Гүлалыга жан тартып жатасыз. Же анын кулаалысы жокпу?
Бүркүттүн досу

5572. Гладиатор, Ошто бир нерсе болорун кимден билдиңиз? Ала допучандар сиздин кулагыңызга шыбырадыбы?
Жакшылык

5573. Кыргызстан качан оңолот? Атка минерлерди эмне кылса болот экен а? Менин чыдамым кетип, 7-апрель жакындаган сайын жүрөгүм дүкүлдөп атат. Эми бир жолу төңкөрүш болсо, бийликке жүрөгү таза кыргыз азаматтары келет, өлкө оңолот.
1179 абоненти

5574. Илгери, Өмүрбек Бабанов менен митингде бир болгонбуз. Т.Тургуналиев уюштурган антимитингде таяк жеп кала жаздаганда, мен жанында болчумун. Шылтооломуш этип мени кучактап, бооруна кысып, учуп келаткан баклажкалардан коргогон. Чаң-будуң чыгып кетип, Өмүрбекти жоготуп ийдим. Ошол күнү сендей жигит бу дүйнөдө жок экенин түшүнгөм. Дагы качан кучактайсың?
7684 абоненти

5575. Сүлүктү шаарынын Ленин атындагы №1 орто мектебинин 11 "б" классына чоң салам. Силер суперсиңер! Сүлүктү шаарындагы атам Абдымаликти өтүп кеткен майрамы менен куттуктайм! Сизге кааларым чың ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт тилейм.
Айсулуу

5576. Батыш эмнеге Ливияны бомбалап атат? Бейкүнөө элди кырып. Уят деген болуш керек да. Бир кезде Иракты талкалашты эле. Азыр кебетеси келишип жатат. Эми Ливияны да ошол абалга алып келе турган болушту. Мунун баарын кылган жөөттөр. Топон суу Американы да каптаса болмок, Кудайын таанып калышат эле. Бу жөөт акелер бир кезде Акаевди да бузушуп, коррупцияга үйрөткөн. Бизди маданияттуу түрдө жайлашыптыр да. Алигиче чоңдорубуз оңолбоду.
Улутчул

5577. Кыргыз кыргызды өлтүрбөш керек. Кыргыз кыргыздан басынбашы керек! "Бир тууган 100 жылдык, куда 1000 жылдык" дешет кыргыздар! Ошон үчүн жаатташып бөлүшпөй, акыл калчап ынтымактуу оокат кылышыбыз абзел.
Мукаш

5578. Урматтуу "Учур" гезити! Мага Келдибеков жакпай жүрөт. Өтө эле көөп кетти окшойт. Бешик тоюна да чакырбады. Эмне кылып сазайын берсем?
Классташ

5579. Элмурза Сатыбалдиев, мен сени менен сыймыктанам. Президенттикке кандидатураңды койсоң, сен үчүн добуш беремин.
Залкарбек

5580. Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылынын ортосундагы Хутордо 6 сотых жер сатылат. Жол боюнда жайгашкан. Баасы сизге жагат. Чалгыла!
Тел: 0555-77-58-87

5581. Лейлектик Айчүрөк, сенин СМСтериңди сагындык. Деги амансыңбы? Кабарыңды билдирип кой.
Марат

5582. Жакында Бобиктин күнү бүтөт. Кош бол! Сен жөнүндө жөөттөрдүн ойлору жаман. Андан качып да кутула албайсың!
Айва

5583. Күйдүмчок деген абонентке: Сен Арча-Бешикте жашайсыңбы? Мен сени билем. Өткөндө бир жерден көрүп, бир жигит менен мелдеше кеттик. Ал "сени Ак-Өргөдө жашайт" деп атат. Биздин мелдешибиз 100 доллар. Үн катып кой. Сураныч.
9890 абоненти

5584. УТРКнын "Керемет көч" деген балдар берүүсүндөгү такайды алып салгылачы. Анын ордуна башка жаныбарды тапкылачы. Такайды көргөн сайын жиним келип жийиркенип атам. Балдарым болсо, "Керемет көчтү" жаман көрө баштады.
8373 абоненти

5585. Парламенттеги депутаттардын жарымынан көбү адашып келип калгандай. Мыйзам чыгарып, кыргыз элине кызмат кылайын дегендер аз санда. Кээ бирөө жөн эле келип, кайра кетип калат экен. Мындай селсаяктар кайдан чогулганын билбейсиң.
1616 абоненти

5586. Кыргыздар тынч жашабай калдык го? Экономиканын абалы болсо мышык ыйлагыдай болуп атат.
4445 абоненти

5587. Камчы Көлбаевди издөөгө салышты. Бирок, өзүлөрү коркуп атышат. Келме келтирип, жолукпай эле койсо экен деген эле оперлер. Муну кандай түшүнсө болот? Же Рысалиевдин чабалдыгыбы?
Мамай

5588. Жаныбек, сен "жазда күт, капыстан алдыңан чыксам, эсиңди жоготуп койбо. Ноорузга чейин келем" деп тамашалагансың. Бирок, экөөбүз коштошуп атып, тар бөлмөмдө ушу сөздү дагы бир жолу кайталадың. Андан бери 366 күн өттү. Алдадыңбы? Колуң бошобой калдыбы? Же бирөөнү таап алдыңбы?.. Бүгүн кечке телефонумду колумдан түшүргөнүм жок. "Чалып калабы?" деп. Бирок, чалбадың, Келгениң жок...
Гүлбайра

5589. Кубаныч Кадыров мырза көрүнбөй калды. Ушу жигитти кызматка отургузуп, күпүлдөтүп иштетиш керек эле. Күчүн алып. Урматтуу өкмөт, ушундай жаш курагында иштебеген жигитти качан иштетесиңер?
Бакай

5590. Мен "Учур" гезитин калтырбай окуйм. Мага СМС беттери абдан жагат. Карапайым элдин үнү деп түшүнөм. Анан Бакиевди сагынган 5238 абонентине бир аз жан тартып коеюн дедим. Бакиев жакшы киши болчу, кийин көөп кетти. Максим деген уулу жана Жаныш деген иниси аны жаманатты кылышты.
Ыбырай

5591. Таласта Лесная көчөсүнүн президенти Алымбек байке, сиздин эмгегиңизге кошуналарыңыз терең ыраазы. Алыш эже (биринчи канайым) менен узак өмүр сүрүңүз!
Малик, Айнура

5592. Урматтуу "Учур" гезити, мен сиздердин Меч аттуу абонентиңерди жоготуп жибердим. Мага ошонун СМСтери абдан жакчу. Эмнегедир акыркы учурда гезит бетинен көрбөй калдым.
Чокмор

5593. Кээ бир смсчилер Рысалиевди жамандап, К. Конгантиевди мактап атышат. Бирок, КК деле өз убагында ИИМге жалаң өзүнүн жердештерин алып келген да же жалганбы?
Кент

5594. Атым Асель. 23 жаштамын. Жашоого көз карашы терең, ичпеген, чекпеген, токтоо мүнөз жигиттер менен таанышам.
Тел: 0771-18-95-87

5595. Нооруз майрамыңыздар менен! Жаңы жыл жакшылыкты, ден соолукту, молчулукту, токчулукту алып келсин. Кыргыз элим аман болуп, эч качан оорубагыла!
1511 абоненти

5596. Кубат Оторбаев КТРге келгени теледен эч бир көңүлгө толгон берүү көрө элекпиз. Саат сайын эле жаңылыктарын кайталай берет. Же анысында жаңылык болсочу.
Көлдүктөр

5597. Ат-Башынын "Плаза" кафесинде иштеген Гүлбахар, мага байланышчы. Мен сени көптөн бери издеп атам. Телефон номуруңду "Учурдун" СМС үкөгүнө жиберчи. Бул билдирүүнү окуган Гүлбахардын тааныштары, айтып койгулачы, сураныч.
Бегимай

5598. Камчыбек Ташиев сен Акматбекти мындан кийин жаныңа кошпо. Бири-бириңди жеп бүтпөсөң болду. Башында ага бекер кошулгансың...
8826 абоненти

5599. "Ата-Журт" партиясы "коалицияны бузабыз, бузбайбыз" деп элдин кыжырын кайнатпагыла. Жеке кызыкчылыгыңарды ойлобой, элди ойлогула. Силер өкмөт башчы болуп же президент болсоңор эле кыйратып жибересиңерби? Минтип бийликти эңсей берсеңер, эч качан кризистен чыга албайбыз. Эл нанга жетпей жатса, силер бийлик талашпай, өкмөткө тынчтык бергиле, алар иштесин да.
3275 абоненти

5600. Султан Садыралиев, сизди Нооруз майрамыңыз менен куттуктайм!
3151 абоненти

5601. Бузулгус болсун тилибиз, унутулгус болсун динибиз. Сатылгыс болсун жерибиз, атылгыс болсун элибиз!..
Күйдүмчок

5602. Бийликте отурган чоңдор! Элдин акчасын жеген болсоңор, анда кайсы бир күнү бир жерден тешип чыгат.
9779 абоненти

5603. Кубат Оторбаевди жөнү жок жамандабагыла. Бул жигит кыргыз үчүн күйөт. Кайсы жетекчи ОРТнын жыштыгын алалы деп демилге көтөрдү эле?
1774 абоненти

5604. Паязов Абдусамат Баймырзаевичти Нооруз майрамы менен куттуктаймын. Ар дайым ден соолукта болуп, ишиңизди ийгилик коштоп жүрсүн!
8826 абоненти


5605. Текебаев деген немеге такыр түшүнбөй койдум. Кыргыздын Бабановго окшогон мыкты уулдарына эмнеге асылып атасың? Ош коогалаңын ким чыгарды эле?
Оштук патриот

5606. Урматтуу "Учур" гезити! Жараткан сиздерге ааламдын бар жакшылыгын берсин! Кудайым ден соолуктан айырбай, өмүрүңөрдү чексиз бакытка бөлөп, жан дүйнөңөрдө дайыма майрам болсун!
Абдраим

5607. Балдар-кыздар чалгыла, достошобуз. Атым Назик, нарындык болом.
Тел: 0779-99-25-77

5608. Кенже Дүйшеева, сиз адам болсоңуз Садыбакасовадан кечирим сураңыз. Кыйынсынганга моралдык укугуңуз жок! Кенжешка, жакшылыкка жамандык менен жооп бердиң. Бул адамдыкка жатпайт.
2418 абоненти

5609. Каалоо
Дасторкондордо эт толсун,
Чиновниктерде бет болсун.
Зарчылык тартпай кыргыз эл,
Заманыбыз тынч болсун!
Медербек Сулайманов

5610. 2007-жылдын 23-февралында Бакиевге: "Эч кароосуз элиң калды кеңгиреп, эртең дагы не болорун ким билет? Селсаяктан, бомжулардан арданып, сен болгуча, мен болсомчу президент" деп. Акыйкатсыз заманда ачуу чындыкты айткандыгым үчүн артыман СНБ кызматкерлери сая түштү. Көрсө ажо сөрөйдүн абройуна шек келтирип коюпмун. Роза Исаковна, "жаман айтпай жакшы жок" дегендей, сиз доклад окуп атканда, кадимки Брежневге окшоштурам. Аз мөөнөтүңүздө ашыкча сөздөрдү анчалык колдонбой эле коюңузчу?!
Күйдүмчок

5611. Сени сүйөм, сенсиз жашай албайм. Бир сен үчүн жашап келемин. Мен баарына даярмын. Ишен ардагым, керек болсо, айды алып берүүгө даярмын!
Таир

5612. Чачы узун, сүйүүгө бекем, туруктуу, ыймандуу, боорукер ноокендик 17-23 жаштагы кыздар менен таанышам. СМС жазгыла.
Тел: 0552-19-96-91

5613. Досторум Сезимге, Перизатка, Келдишке, Эгемге, Толгонайга, Каныкейге, Оксанага супер салам! Мен силерди жакшы көрөм.
Мээримка

5614. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарынын А.Навои атындагы орто мектебинин 9 "д" классына жалындуу ысык салам!
Эля, Микуля

5615. Жашым 23тө. Атым Элнура. Оштук 28ден 31ге чейинки Ош шаарында жашаган мырзалар менен таанышам.
Тел: 0779-72-88-44

5616. Текебаев, Бекназаров, Сариев, Каптагаев, Отунбаева, Атамбаев, Өмүркулов силерди да көрдүк. Бакиевдин тырмагына да тең келбейсиңер. Сыйыңар менен бийликтен кетип калгыла!
5243 абоненти

5617. Кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири болгон Кубаныч Кадыров акыркы учурда көрүнбөй калды. Атамбаев менен Отунбаевадан сураш керек. Биз бу жигитти колдойбуз. Эмнегедир эмгегин унутуп, баалабай да атасыңар. Алмаз байке, Кубанычтай жигитти бу дүйнөдө таппайсыз...
Акимжан, Ош
5618. Мелис Турганбаев кайсы эмгеги үчүн генералдык чинди алды? Кыздарды "кыйнап" койгону үчүнбү?
Калыбек, Ак-Муз

5619. "Ө.Текебаев Үзөңгү-Куушту Кытайга саткан" деп бир СМСчи жазыптыр. Бу жөн эле тарыхты билбеген маңкурт окшойт. Ак-караны ажырата албагандан кийин эмнеге дөөдүрөйт дейм да.
1099 абоненти

5620. Өмүрбек Бабанов убагында Айдар Акаев, Максим Бакиев менен үлүш бөлүшүп байыдың эле. Азыр ким менен бөлүшүп байып атасың? Бекер чөптүн башы кыймылдабайт.
Аида

5621. Урматтуу президент жана премьер-министр! Кээ бир чиновниктерге "коррупцияга эмгек сиңирген" деген наам берип койгулачы, сураныч. Алардын Кыргызстанды талап-тоноого эмгектери зор.
Серепчибай

5622. Падышалар тарыхты билишпейби? Жомок көрүп, көзгө илишпейби? Эптеп эле бийликке жетип алып, эртеңине түкүрүп жүрүшпөйбү!
Гладиатор

5623. Карапайым кыргыздар! Биз качанкыга чейин чыдап отура беребиз? Биз ушундай жашоо үчүн революция кылдык беле? Президенти баш, калганы төш болуп, чартаңбай тээп, акчаларды уурдап алып, качып кете берсе бүттүбү? Акаев менен Бакиевге мыйзам жокпу? Азыркы бийликте отургандар уурдабайт деп ким гарантия берет? Өз учурунда Акаев менен Бакиев ант беришкен. Буларды Ала-Тоо аянтына алып келип, кыргыз элинен кечирим суратып, укум-тукуму менен кырып жоготуш керек. Ошондо гана кийинки бийликке келген президент жана ага-туугандары сестенишет.
Чагылган

5624. Садыр Жапаров 10 миң доллар параны албай коюптур. Коррупцияга аралашпаган, таза, чынчыл жигит деп ушуну айт. Садырга окшогон кыргыздын азаматтарын Кудай колдосо экен. Келечекте Садыр Жапаровго окшогон ыйманы бекем адамдар президент болоруна ишенебиз!
Мирлан, Айнура

5625. Ишен жаным
Көргүм келет сагынганда элесиңди,
Берекем, сен ошону сезесиңби?
Акылдан адаштырдың эгер билсең,
Сүйүүмдү арман кылбай келесиңби?
Орун жоктой башка адамга жүрөгүмдөн,
Эч күмөн кылба жаным сүйөрүмдөн.
Бир Кудайым айырбаса экөөбүздү,
Эч ким бизди айыра албайт буга ишен!
Айка

5626. Ош окуясына Убактылуу өкмөттү күнөөлөп, пикетке чыккан кыргыз элиме кайрылып кетким келет. Силер бекер эле бирөөнүн тилине кирип, тереңирээк талдоо кылбай атасыңар. Ал жерде тескерисинче Убактылуу өкмөт жарандык согушка жеткирбей, өз убагында катуу чара көрүп, токтотуп калганын айтышыбыз керек эле. Эгер согуш болуп кетсе эмне болмок?
Патриот

5627. 9-10 жаштагы балдар-кыздар келгиле достошобуз. Атым Мираида.
Тел: 0778-95-57-73

5628. "Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген жаагың урайын" дегендей, "Фабула" гезити чындыкты жазат" деп ишенип окучу элем. Тилекке каршы, бирөөнүн көмөчүнө күл тартып, бирөөнүн отуна суу куйган гезит экен. Эгер гезит дайыма чындыкты элге жеткирип турбаса, баш айлантмаларды жазбаса, анда ал гезиттин кадыры кетет тура.
Улан, Нарын

5629. Улуу кыргыз элим, улуттук идеологиябыз жок кайда барабыз? Аны издеп, түйшүк тарткан жан көрүнбөйт. Бир карасам баары эле асман айды сапырып аткандарына жаның ачышат.
Мистер Жек

5630. "Достор" тобундагы Гүлбүбү Иманалиеваны эч унута албадым. Экрандан көргөндөн бери, көз алдыман кетпей койду. Раймалы менен Бегимайдын сүйүү дастаны кайталанып, менин сүйүү сезимиме кирип кеткенби (?) деп коем. Элмирбек менен кол үзүшкөнүн уктум эле. Гүлүм, мен сени терең урматтайм, башың бошпу?
Эрбол

5631. Урматтуу депутаттар! Силер эмнеге бийликке умтуласыңар? Мансап, акча, даңк үчүнбү же Кыргызстандын оңолушу үчүнбү? Ушу суроону ар дайым таң атканда өзүңө берип, жооп алгыдай бол!
2475 абоненти

5632. Текебаевге ишенбеймин. Ал Бакиевди кетирүү максатында 2009-жылы жалган айыптарды коюп, бизге ак барак алып келген. Текебаевди мен колдобойм. Ушу кишинин айынан канча кыргыздын жашы төгүлдү?
7511 абоненти