Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 2
  Коопсуздук

Токтогул Какчекеев, саясый серепчи:
"Эки кримавторитетке алыбыз жетпей..."
- Өкмөт күч структурасын Грузиядагыдай баштан-аяк реформалап, андагы иштеген кадрларды толугу менен жаңылоо керектигин айтууда. Буга кандай карайсыз?
- Грузияда реформаны жаңы муун жасады. Ошон үчүн алдыга карай жылыш болду. Бизде андай эмес. Бардык тармакта эски кадрлар отурат. Алардын ордун ээлегенге жаштардын даярдыгы да, тажрыйбасы да жок. Демек, кандай реформа жасалбасын арабөк калат. Бир нече жыл мурда Европаны туурап, түрмө системасын реформа кылган элек. Анын жыйынтыгы кандай болгонун бүгүн көрүп атабыз. Эгер күч структурасын чындап реформалагыбыз келсе, "акты ак, караны кара" деп ачык айтууга милдеттүүбүз. Кылмышкер кайсы бир аткаминердин тууганы экенине, акчасынын көптүгүнө карабай камалышы шарт. Аларга кол кабыш кылгандар да кызмат даражасына карабай жазаланууга тийиш.
- Өткөндө ИИМде Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкармалык түзүлдү эле. Бүгүн бул органды кайра жоюш керек деген пикирлер айтылууда. Сиз ички иштер органында көп жыл иштеген адам катары буга кандай ой кошосуз?
- Бул башкармалыктын түзүлгөнү абдан туура болгон. Криминалды түптамырынан жок кылгыбыз келсе, мындай орган сөзсүз иштеши керек. Ал пайда болгондон бери 140ка чукул уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалыптыр. Мамлекет бул башкармалыктын ишин колдоого алса, Грузиядагыдай реформага кадам таштайбыз. Алар 300гө чукул кримавторитетин жок кылышкан. Биздин болсо эки адамга алыбыз жетпей атат. Алар бийликте отурган айрым адамдарга "жойгула" деген талап койгону үчүн ушундай сөз чыкты да. Эми түрмөдө отургандарга буйрук берип, ачкачылык жарыялатып атышат. Илгери киши өлтүргөн, зордуктаган, ууру-кескинин жакындары элден уялчу. Азыр бакырып, аянтта жүрүшөт. Бул эмне деген акмакчылык? Ушунун өзү эле биздин мамлекетти көмүскөдө туруп алып кимдер башкарып атканынан кабар берет...


  Экономика

Мирсулжан Намазалиев, Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси:
"Бийлик популизм менен алек"
- Өткөн жумада премьер-министр "ар бир үйбүлөгө уй алып берүү керек" деп айтты. Бул ыкма жакырчылыкты жоюуга салым кошо алабы?
- Ар бир үйгө уй же акча бериш керек деген мажирөө идея. Эч кандай экономиканын мыйзамдарына да жооп бербейт. Бул биринчиден, инфляцияны көтөрөт. Ансыз деле айлык-маяналарды көтөрүүнүн аркасында инфляциянын деңгээли өскөнү турат. Экономикалык абалды оңдоп, жакырчылыктан арылуу үчүн ириде мыйзамдарды ишке киргизүү абзел. Айылда болобу, шаарда болобу, жарандарга кичинекей бизнес ачканга мүмкүнчүлүк бериш керек. А бизде болсо бюрократия күчтүү, мамлекеттин сарптоолору өтө жогору. Ички дүң продукциянын көбүн салык, бажы төлөмдөрү аркылуу мамлекет өзү эле жеп жатат. Биз мына ушуларды эле жоюп, салыктын түрүн азайтсак эле эл өзүн беймарал багып кетет. Башкача айтканда, балыкты аймаганды эмес, аны кармаганды үйрөткөнүбүз, ошого шарт түзгөнүбүз оң. Жок антпей бүгүн көчөдөгү селсаякка бир уй берсек, эртең эле жара тартып жеп коет. Анан аны багууга кайра эле мамлекеттин башы ооруйт.
- Сенин оюңча өкмөт башчынын "уй берели" дегени ишке ашпай турган, куру сөзбү?..
- Менимче, бул саясый популизм. Акыркы кезде мамлекет башына ар кандай адамдар топтолуп алып, иштебей эле популизм менен алектенип калышты. Жакындан бери бажы союзуна кирели деген сөздөр чыгууда. Бу да курулай популизм. Анткени, бул нерсе биздин соода-экономикалык абалыбызга залакасын тийгизет. Биз анда арзан товарлардан баш тартып, Орусия менен Казакстандан келчү кымбат товарларга күнүбүз түшөт. Башта Грузиянын реформаларын кайталайбыз дешкен. Эгер чындап кайталаса, өзүбүзгө жакшы болмок. Ал эми булар барып келишти да, "ии, жакшы экен, жасайбыз" деп, аны да курулай популизмге айландырышты. Эми өкмөт элге уй берсе, Түндүк Корея менен Түркмөнстандан айырмабыз деле болбой калат, дүйнөгө шылдың болобуз.


  Саясат

Орозбек Молдалиев, саясый серепчи:
"Коалициянын бузулганы пайда бербейт"
- Учурда коалиция олку-солку болуп араң тургансыйт, эгер ал бузулса жаңысын куроо оңойго турабы?
- Бүгүнкү күндө коалициянын бир багытта иштеп турганы баарыбызга жакшы болот эле. Азыр мына өкмөт иштеп, бир топ маселелерди чечип атат. Премьер-министр жакында эле Орусияга барып, сүйлөшүү жүргүзүп келди. Бир топ келишимдерге кол коюлуп, иштер жандана баштады. Жазгы талаа жумуштары башталып, дыйкандар кредит алып жатат. Эми ушул маалда коалиция тарап кетсе, иштин баары токтобойбу. Кыскасын айтканда, убакыттан уттурганы турабыз. Жаңы өкмөт качан түзүлөт, анын башына ким келет? Өзүңөр билесиңер, бизде өкмөт жаңырган сайын пол жууган кишиге чейин алмашат. Ошол орун которуштурууга эле канча убакыт коройт? Анүстүнө башында белгилүү болгондой, парламенттик системаны тандап алганыбызды жакынкы коңшулар жактырган эмес. Эми коалицияны таркатсак, алардын астында "сөзгө сөлтүк, кепке кемтик" болобуз. Биз парламенттик системага жаңы кадам таштадык, бул оңой эмес. Акылдашып, талаш-тартыш менен бир пикирге келүү дайыма оор. Оңой система-бул авторитардык система, бат эле иштеп кетет. Анткени, ага көп акылдын кереги жок. Бийликтин баарын бир киши колуна топтойт да, өкүмзордукка салып иштете берет. "Акжол" партиясы парламентте отурганда бийликтин кемчилиги тууралуу качан ачык-айкын айтылчу эле? Ага караганда азыр былык иштердин бети ачылып атпайбы. Бул да болсо кыргызга бир келген оомат, баалай билели.
- Бирок, коалициянын таркашына ошол Орусия өзү кызыкдар болуп жаткансыйт. Жакында эле думанын эки депутаты келип, 1-вице-премьер-министрибизди сындап, сөөмөй кезеп кеткенинин өзү эле "сөзгө сөлтүк" болгонубуздан кабар берип турбайбы?
- Эки депутаттын пикирин бүткүл мамлекеттин пикири катары кабылдоого болбойт. Анүстүнө булар жалданма депутаттар болушу мүмкүн. "Мегаком" чырына катышы бар орус компаниясы өз кызыкчылыктарын коргош үчүн аларды колдонушу ыктымал. Экинчи маселе, биздин ички иштерге думанын депутаттарынын кийлигишкенге моралдык да, саясый да укугу жок болчу. Биз алардын мамлекеттик ишине кийлигишмек тургай, ал жакта иштеп жүргөн жарандарыбыздын укугун толук коргой албай атабыз. Алар болсо омуроолоп, 1-вице-премьер-министрибизди чак түштө каралап кеткени эмне деген кордук? Кимдин күнөөлүү экенин эки чоочун депутат эмес, сот гана чечкенге акылуу.




Санжи Туйтунова






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 49

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 49

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 49


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 49

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 49

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 49


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 49

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 49

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_3.htm on line 49