Кыргыз гезиттери



  Жазгы ылаң

Кечээ 2000дей эл көтөрүлдү, бүгүнчү?..
Кечээ ордо каланын Ош базарындагы "Кыял" соода жайынын тегерегинде соода кылгандар мэриянын базардын айланасында мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдү жана жайларды иретке келтирүү иштерине нааразы болгондорун билдирип, Акүйдүн алдына митингге чыгышкан. "Ата Мекен" партиясынын депутаты Равшан Жээнбеков алардын алдына келип, негизги мүдөөлөрүн уккан соң, парламенттеги башка депутаттарга да жеткирүүнү убада кылган. Буга алымсынбагандар А.Атамбаев, А.Келдибеков, Р.Отунбаеванын алдыларына келүүсүн талап кылып, "биз шайлаган журт башылар бизди карабай калышабы, биздин мүдөөнү ким угуп, ким чечет?" деп атышты. Ал ортодо Акүй тосмосунан ары өтүп кеткен митингчилери да болду. Аларды милийса кызматкерлери тез эле элге кайтарып берди. "Жыргагандан жылкы багып" бу жерге келип атпаганын, базарга тийишпей, соода кылгандарды жай коерун жана көп жылдан бери эмгектенип, үйбүлөнү багып аткандарын айтып, Иса Өмүркуловдун жумуштан кетүүсүн көпчүлүк митингчилер талап кылышты. Түштөн кийин Парламенттин спикери А.Келдибеков бул маселе талкууланып, анан чечилерин убада кылды. Элдин толкуну ушуну менен токтойбу, мүдөөлөрү ойдогудай чечилеби же?..

Сурат Жылкычиев




  Офф-шооруң каткыр

Бабановдун миллиондогон долларларды катуу ыкмасы

Бизнесте карт бөрү болуп калгандар акчаны кайдан таап, мамлекеттен кантип уурдаганды, ал акчаларын кантип, кайда катууну жакшы өздөштүргөнү маалым. Мындай таланттан айрым жогорку посттогу чиновниктер дагы кур эмес. Мисалы, биринчи-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов дагы өзүнө тиешеси бар компанияларды улам атын өзгөртүп каттатып отуруп, аягында мамлекеттен уурдаган акчаларын жашыруу максатында оффшордук аймактарга алып барып, катуу ыкмасын жакшы үйрөнүп алган. Оффшор - жалпак тил менен айтканда, кирсе чыккыс дегенди түшүндүрөт. Оффшордук аймакка кирген акчаларды табуу кыйын. Бабановдун мындай жоруктарына төмөндөгү фактылар далил.


"Кырбашоглу" аттуу кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы 1999-жылдын 23-апрелинде "М-Ойл" ЖЧКсы болуп түзүлүп, анын ээси катары Бабанова Кынабү Токтогуловна катталат. Бул айым Өмүрбек Бабановдун бир тууганы. 2000-жылы 13-ноябрда "М-Ойл" ЖЧКсы "Нефтисинтез" ЖКЧсы болуп атын өзгөртүп, бирок ээси катары Рашит Азимов (Кыргызстандын атуулу), Николай Прядкин (Кыргызстандын атуулу), Рита Бирбаева (Казакстандын атуулу), Вера Мустафина (Орусиянын) атуулу катталат. Бирок, кайра эле 2001-жылдын 24-майында аталган фирма кайрадан каттоодон өтүп, ээси баягы эле Бабановдун бир тууганы Кынабү Бабанова менен Рита Бирбаева болуп калат. 2011-жылдын 21-февралында, вице-премьер-министр Бабанов бул бизнесин оффшордук Невис аралына алып барып катат.
Ушул эле ыкма Өмүрбек Бабановдун дагы бир бизнесинде колдонулат. "Манас интернешнл сервис" деп Өмүрбек Бабанов ал кездеги ханзаада Айдар Акаев менен компания түзүп, граждандык каттамда жүргөн самолетторду, анын ичинде америкалык базанын самолетторун күйүүчү май менен камсыз кылып турушат. 2005-жылы революциядан кийин Акаевдин бардык компанияларынын катарында "Манас интернешнл сервиске" дагы иш козголуп, бюджетке ошол кезде 20 млн. доллар карыз экени аныкталган. Бабановдор жанагы эле адаты менен бул фирманы жаап, "Азия-Транс-Ком" деген Кубанын атуулуна катталган фирманы 2006-жылы 15-сентябрда "Aviation Fuel Service" деп түзөт. Кожоюну ошол эле кубалык атуул болгону менен аны Бабанов өзү мактанып келгендей, жээни Жаныбек Сагадылда уулу жетектеп, 2006-жылдан баштап граждандык каттамдарды күйүүчү май менен камсыз кылып келген. "Манас интернешнлга" кылмыш козголгондон кийин Бабанов тажрыйба алып калганбы, "Aviation Fuel Service" фирмасын дагы эле Невис оффшордук аралына алып барып катат. Кожоюну эч кимге белгисиз Benifo Holdings LTD деген коммерциялык компания болуп калат.
Бабановдордун бешенесине ушундай жазылганбы, кайрадан революция болуп ишенген кожосу дагы качып кеткенде мурункудай болуп чатак чыгып кетпесин дегенби, аны 2010-жылы жабат дагы, 2010-жылдын 27-июнунда "Топливно-Заправочный Комплекс" ЖАКсын (ТЗК ЖАКсы) түзөт. Жабылган "Aviation Fuel Service" компаниясынын ишмердүүлүгү бүт бойдон ТЗК ЖАКсына өтөт. Бул жерде деле Бабановдун ошол эле жээни Жаныбек Сагадылда уулу жетекчилик кылат...
"Мегаком" компаниясынын айланасында чуу башталганда дагы Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов "Компаниянын мурунку жетекчилери акчаларды оффшорлорго алып кетиптир, бул уурулук" деп билдирген. Ал эми Бабановдун ошол эле ыкма менен бизнес жүргүзүп атканын ким айтат? Мына төмөнкү таблицадан Бабановго караштуу компаниялардын башка өлкөлөргө которгон акчаларына көз чаптырып көрөлү:

Мына окурман, сиз көрүп тургандай миллиондогон долларлар башка өлкөлөргө которулуп чыгып кетип жатат. Орусияга, Казакстанга, Кытайга акча которуп атканын түшүнсө болот, балким бул бизнесине байланыштуу болгондур. Америкадан, Швейцариядан нефти сатып албай турганы белгилүү. Мына түзүлгөнүнө эки ай боло элек "Топливно-Заправочный Комплекс" ЖАКсы Кипрге 1 млн. долларга жакын акчаны которуп жиберип жатат. Бабанов мырзага ушул жерден "Эмне үчүн бир нече миллиондогон долларларды АКШга, Швейцарияга, Кипрге которуп катып жатасыз?" деген суроо туулат...

Дилбар АЛИМОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




Яндекс.Метрика