Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 2
  Күнкөйгөй

Күрөш, абак, ачкачылык

Дем алыш күндөрү абакта ачкачылык жарыялагандардын жакындары Акүйдүн жанына чогулуп, пикет өткөрүштү. Алар "абактагылардын талаптары аткарылсын, түрмөдөгүлөргө карата колдонулуп жаткан зордук-зомбулук токтотулсун" деген талаптарды коюшту. Жаза өтөө кызматынын жетекчисинин орун басары Калыбек Качкыналиев абактагылар уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүнүн кармалып жатышына нааразы болуп жатышканын, мунун артында кылмыш дүйнөсүндө аты чыккан Камчы Көлбаев турганын массалык маалымат каражаттарына кабарлаган болчу.

Айзада:
"Баштарына пакет кийгизип кыйнап жатышат"
Пикетке 200дөй адам чогулуп, "Баш аламандык токтотулсун!", "Акыйкат сот болсун!", "Амнистия болсун!" жана башка жазуулары бар плакаттар менен чыгышты. Өзүн Айзада деп тааныштырган айым укук коргоо органдары тарабынан түрмөдөгүлөргө зордук-зомбулук көрсөтүлүп атканын айтат.
- Мен ушул жерге өзүмдүн бир тууганым үчүн келип отурам. Өкмөт алмашканы менен укук коргоо органдарында "беспредел" токтобой жатат. Күнөөсүз балдарды зордук көргөзүп эле жалган жалаа менен камаган учурлар көп болууда. Эмне үчүн биздин өкмөт буга жол берип жатат? Биз "беспредел" токтосун деген талап менен чыгып жатабыз.
- Мисалы, сиздин бир тууганыңызга кандай айып коюлуп жатат?
- Мен аны бул жерде ачык айтпайм. Бирок, мурда түрмөгө отуруп, акталып чыккан болсо, анан кайрадан күнөөсүз жерден эле чөнтөктөрүнө бир нерсе таштап коюп жатышат. Же үйлөрүн аңтарып, оперлер уруп-согуп, баштарына целофан пакеттерин кийгизип, кыйнаган учурлар толтура болгонуна жаным кашаят. Анан дагы абакта жаткандар дарыланып турушу керек, алар болсо дарыланбай жатат. Дары-дармектерди башкалар сатып жеп жатабы (?) билбейм.
- Биз билгенден абактагылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө куугунтук токтотулсун (!) деген талапты коюп жатышат да. Мунун артында кримавторитет Камчы Көлбаев турганы тууралуу маалымат тарады...
- Жок, биздин Камчы Көлбаев менен ишибиз деле жок. Биз болгону "зордук-зомбулук токтотулсун" деп жатабыз. Уруп-сабап эле бир адамдын башына жабылбай жаткан төрт-беш кылмышты илип коюп жатышат. Камчы Көлбаевди шылташып, жөн эле элдин башын айландырууга аракет кылышууда.

Айнура:
"Дарыларын көрсөтүп бере алышпады"
- Биз кечээ СИЗОго бардык. "Дары-дармектер бар" деп атышат. "Биз анда ошол дарыларды көрөлү, санчастты ачкыла" десек, ачпай коюшту. "Балдардын жеген тамактарын көргөзгүлө" десек, перловканын үстүнө тооктун эти басылган тамакты көргөзүштү. Абактагылар эч качан тооктун этин жешпейт. Биз аны сопсонун эле билебиз. Ошол түрмөнүн жетекчисине "сиз ушул баландадан өзүңүз жеп көрдүңүз беле?" деген суроону бергенде, ал "бул тамак биз үчүн жасалган эмес" деп жооп берди. Акча берип, азык-түлүк киргизебиз, алар дагы толук жетпейт экен. Ушул башаламандыкты өкмөт чечип берсин. "Ушунча адам ачкачылык жарыялап, өлүп калса, ким жооп берет?" деген суроону бердик ошол жетекчиге. Жооп бере алган жок.

Эмил Базаркулов, атайын прокурордун орун басары:
"Тамакты жебей жатса ким күнөөлүү?"
Пикетчилер менен сүйлөшүүгө келген түзөтүү мекемелеринде көзөмөл жүргүзүүчү атайын прокуратурадан келген өкүлдү пикетчилер сүйлөтпөй, сөз менен талап атышты. Түзөтүү мекемелеринде көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун жардамчысы Эмил Базаркулов бул иш-чара кимдир бирөөлөр тарабынан уюштурулганын айтты:
- Мен бүгүн бул жерде нөөмөтчүмүн. Жаза өтөө башкармалыгынан мага чалышып, пикетчилер атайын прокуратурадан бир өкүлдү талап кылып жатышат дегенинен келгем. Азыр мен бул пикетти кимдир бирөөлөр атайын уюштуруп аткандыгы боюнча ишенимдүү айта алам. Себеби, мен жагдайды түшүндүрөйүн десем, эч ким уккусу келбейт. Буларга айттым, "маселени укуктук нормада чечкиле" деп. Сот органдары деген бар, бирөөнүн дагы колунда арызы жок. Баары эле "муну минткен, тигини тигинткен" деп куру сөз менен эле айтып жатышат.
- Ким тарабынан уюштурулган болушу мүмкүн?
- Уюштурул деп айтканым, менин жеке оюм. Себеби, мени атайын чакырып алышып, уккулары келбейт. Анда эмнеге чакырышат?

Кубан Мамакеев, Түзөтүү мекемелеринде көзөмөл жүргүзүүчү прокурор:
"Бул жерде мурдагы зектер дагы бар"
- Абактарда күндө тамактарды жасап берип жатышат. Булар өзүлөрү тамактан баш тартып атышат. Ичеби, ичпейби алардын өздөрүнүн укугу да. Мамлекеттин эсебинен күн сайын эртең менен, түштө, кечинде ысык тамак жасалып берилет. Алар албай жатса ким күнөөлүү? Дары-дармектер толтура. Алардын баарын кечээ эле зоналарга бөлүштүрдү. Абактагылардын бүгүнкү күндө администрацияга эч кандай доомат, кинелери жок. Бул жерде мурдагы зектер дагы бар. 30%ы биздин "кардарлар".

Карыбек Кудайбергенов:
"Криминал менен сүйлөшүүгө барышсын"
Прокурорлордун кебине бир аксакал аралаша кетти. Карыбек Кудайбергенов бийликтегилер криминал менен сүйлөшүүгө барышы керектигин туура көрөт...
- Мобул жердеги энелер эмнеге күйүп-бышып атат? Балдары үч күндөн бери ачка отурса. Төртүнчү сутка кетип атат. Бул жактагылар "эртең балабыз өлүп калса, ким жооп берет?" деп чыгып атат. Бул маселени убактылуу чечип койсо болот да? Зонада бир үйбүлөдөй баары ынтымакта жашашат. Бирөө үчүн баары, баары үчүн бирөө жооп берет. Эгерде көпчүлүктү укпаса, аны бөлүп салышат. Өзүнчө жашаш кыйын, тагдыры сынып калышы мүмкүн. Алар деле "качан отбой болот экен? Тамак ичсек" деп отурушат жалдырап. Балдардын эки-үчөө өлүп кетсе, убалына ким калат? Буга жооптуу адамдар бар да тиякта. Мейли ошол Камчы Көлбаеви болобу, башкасыбы, сүйлөшүшпөйбү? "Сени менен жолугуп сүйлөшөлү, сен бул жакты токтотуп кой" дешсе болот да.
- Сиздин оюңузча анда бийлик менен криминал сүйлөшүүгө барышы керекпи?
- Балдар үчүн сүйлөшүүгө барышы керек да. "Токтотуп кой бул жакты, балдар майып болуп калбасын" десе, ал деле түшүнөт да.
- Сиз бул пикетке эмне максатта келип отурасыз, жакыныңыз абактабы?
- Жок, мен элден угуп эле келип отурам. Эч ким камакта эмес. Мен өзүм дагы бир кезде ушундай акыбалда болгом. Отуруп чыккам. Зонаны жакшы түшүнөм. Көпчүлүктөн чыкпайын деп эле ачкачылык кармап отурушкандар бар. Сүйлөшүп чечип койсо болот да. Эртең эле бирөө өлүп кетсе, чоң чыр болот.



P.S. Макала жарык көрөрдө абактарда ачкачылык
токтогону маалым болду.

Дилбар АЛИМОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 63

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 63

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 63


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 63

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 63

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 63


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 63

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 63

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0331_9.htm on line 63