кыргыз тилиндеги гезит "Учур"



  Тогуз токоч...

Байболов Бабановду ала жатты...
Кечээ Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьер-министирлик кызматынан кетти. "Кубатбек Байболов койгон кинелер такталганга чейин убактылуу кете турайын, депутаттык комиссия түзүп, чын-бышыгын карап бергиле" демиш болуптур. Эми, кептин ачыгында, Бабановдон кутулууну көксөп, жогото албай турган депутаттар, кандай комиссия түзсө да, баары бир ага каршы бүтүм чыгарары айдан ачык эмеспи.
Андыктан, бул жөн эле куру сөз. Коалициянын туруксуздугунан тажаган Алмазбек Атамбаев бир жагынан "атажуртчулардын" амбициясын канааттандырып, экинчи жагынан кеңири коалиция идеясына макул болуп, башкаруучу коалицияга кирүүгө макул болгон "Ар-намыс" фракциясына аэродром дайындап, үчүнчү жагынан президенттик шайлоо алкагындагы өзүнө оңтойлуу комбинацияларды баштоодо десек болот. Ал эми кызматтан кетип жаткан Өмүрбек Бабанов талаада калбайт, А.Атамбаев менен түзүлгөн жашыруун келишим боюнча, дагы бир май-талканга ээ болуп, кызматташуу улантыла берет, натыйжада, "Республика" фракциясы да башкаруучу коалициянын курамында калат. Бул жагдай, башкаруучу коалиция тарабынан президенттикке бирдиктүү талапкер болуу максатын койгон А.Атамбаев үчүн өтө ыңгайлуу эмеспи. Ф.Кулов менен бирге Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Мухтарбек Өмүракуновдордун аткаруу бийлигине өтүшү Түндүктүн президентикке талапкерлерин кыскартып, А.Атамбаевдин шансын жогорулатары айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.
Кыскасы, Байболов чуусу менен Бабановду ала жатты...

Сабыр МУКАНБЕТОВ




Генерал Феликс Москвага учту,
Кремль кожоюндары менен сырдашканы...
Жакында пресс-конференция өткөзгөн башкы чекист К.Дүйшөбаев Жогорку Кеңештеги мушташ боюнча түшүндүрмө берип, ал күнү Акүйдө куралчандар көп болгондугун, анан калса Ф.Куловдун автоунаасынан курал табылып, бирок, "Ар-намыстын" лидери аларды текшерттирбей койгонун өзүнчө эле сенсация катары көбүртүп жиберди. Биз билгенден аскер адамы катары Феликс Шаршенбаевичтин куралдарынын мыйзамдуулугунда эч кандай кынтык жок. Бирок, ошол күнү биринчи вице Ө.Бабановдун жансакчылары мыйзамсыз үч автомат менен кармалышса дагы, бул жөнүндө Кеңешбек мырзанын унчукпай билмексенге салганы өтө кызык. Айтмакчы, "Ар-намыс" партиясы бийликтин уйкусун бузуп атканы ушул эмеспи, өткөн ишембиде А.Артыков баш болгон он депутатын Атамбаев ой-да коноктоп, Куловго каршы аларды тукурганга ырас эле аракеттенген экен, бирок, анысынан майнап чыкпаптыр. Ии, баса, кечээ эртең менен Феликс мырза Москвага учуп, Кремлдин кожоюндары менен сырдашканы кеткенин эшиттик.

"Учур" пресс







Яндекс.Метрика