Көздүү мончок

Сезим Болотова, модель:
"СДПКнын миңинчи мүчөсү болгом"

Сезим 20 жашта. Англис жана кытай тилдеринде түш жоруган, келечегинен көптү үмүттөндүргөн, жан дүйнөсү назик, чыгармачыл жан. Бош кезинде фортепиано ойногонду жактырат.

- Сезим, адегенде өзүң тууралуу билсек?
- Кыргыз улуттук университетинин, Конфуций атындагы кыргыз-кытай факультетинде окуйм. Келечекте тилмеч болоюн деген ниетим бар. Андан тышкары моделмин. Музыкага кызыгам.
- Моделдик чөйрөгө качан аралаштың эле?
- Бир жолу университетте сулуулар сынагы өттү. Ага мен факультет намысын коргоп катышып, "Мисс Грация" сыйлыгына татып, диплом алгам. Сынакка катышар астында өзүмө портфолио жасаткан элем. Кийин аны көргөн адамдар ар кандай сынак, көргөзмө, фотосессияларга чакыра баштаган. Ошондон баштап моделдик чөйрөгө аралашып кеттим.
- Сен үчүн жашоонун мааниси эмнеде?
- Жакындан бери өзүмдү бактылуу сезип жүрөм. Анткени, жүрөгүмдүн ээси табылды. Биздикиндей таза, нукура сүйүү чанда кездешсе керек. Экөөбүз кайсы бир тойдон таанышып, ынак болуп кеттик. Мен үчүн азыр ал менен өткөн ар бир мүнөт кымбат. Сүйгөн адамдын дүйнөгө болгон көз карашы өзгөрөт экен. Өзүмдөн улам жашоонун маңызы сүйүүдө экенин билдим.
- Cулуулугуңдун сырын ачпайсыңбы?
- Фотосессия учурунда эле болбосо, күнүмдүк жашоомдо көп боёнбойм. Азыркы декоративдүү косметиканын баары эле химия да, пайдасынан зыяны көп. Тамеки чекпейм, ичимдик ичпейм, эрте жатып, эрте турам. Анан дайыма күлүп жүрөм. Болгону ушул.
- Байкашымча, табит менен саркеч кийинет экенсиң?
- Кийимди көп учурда чакан дүкөндөрдөн алам. Ириде сапатына, анан өңүнө карайм. Көбүнчө ачык кийинем. Көгүлтүр түстү жакшы көрөм. Дизайнерлер "кийим кымбат болбосо да, сумка менен бут кийим кымбат болушу зарыл!" дешет. Чын эле аксессуарлар чоң роль ойнойт. Арзан көйнөк кийип турсаң да, жакшы кур, жарашыктуу шуру-мончок тагынсаң татынакай, саркеч көрүнөсүң. Анан ар бир өзүн сыйлаган кыз атырды үзбөй себинип жүрүшү керек.
- Жаш туруп мунун баарын кайдан билесиң?
- Жалтырак мукабалуу мода журналдарды көп барактайм. Сулуулук темасы мага өтө жакын десем болот.
- Саясатка көз карашың?
- Саясатка кызыгам. Өзүм КСДП партиясынын 1000 - мүчөсүмүн.
- Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
- Китеп окуйм. Өзгөчө классиканы: Чыңгыз Айматовдун, У. Шекспирдин, А.Дюманын чыгармаларын баалайм. Анан кыргыздын эски тасмаларын жакшы көрөм. Бош болгондо диванга жатып алып, дүйнөгө аты чыккан фильмдерди көргөндү жактырам.
- "Кыз бар үйдө кыл жатпайт" дешчү эле, үйдөгү тирликке кандайсың?
- Тың элемин. Үйдөгүлөр мен жасаган гюро-лагманды тамшанып жешет.
- Төгөрөгү төп келген адам жок эмеспи, кемчилигиң бардыр?
- Алдыма койгон максатыма кантип жетишти билем. Бул артыкчылыгым менен мактана алам. Бирок, ошол эле учурда өзүмө жакпаган жаман сапаттарым да жетиштүү. Анын бирин эле айтсам, өтө ишенчээкмин. Ушул мүнөзүмдүн айынан көп жабыркадым. Ага деле болбойм, "Кудай берген мүнөз башың менен кошо жатат" деген сөз жөн жерден чыкпаптыр да...





  Көздүү мончок

Залина Касымова, кылкыякчы:
"Бизге көралбагандар ушак чыгарды..."

Кылкыякчы Залина Касымова буга чейин чет өлкөнүн бир топ шаарларын кыдырып, фольклор жаатында өнөрүн тартуулап келген. Ал эми бу жолу чыгармачыл топ менен бирге "Түрксой" уюму уюштурган эл аралык фестивалга катышып, Түркиянын жана Американын бир нече шаарларында болду.

- Залина, жакында эле эл аралык фестивалга катышып келдиңер...
- Бул фестивалды жыл сайын "Түрксой" уюму уюштурат экен. Бизден КР Эл артисти Роза Аманова, КР Эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиева, ырчы Гүлнур Асанова, мен жана комузчулар ансамбли, "Арууке" бий тобу барды. 17-мартта фестивалдын алгачкы концерти Стамбул шаарында болуп, андан кийин Анкарага бардык. Түркияда беш күн болгондон кийин АКШнын Нью-Йорк штатына бардык. Дегиле фестивалдын жүрүшү, уюштуруу иштери жогорку деңгээлде өттү. Ал жактан "быссымылда" дегенде эле ООНдун алдында концерт бердик. Эл ушунчалык көп болгондуктан, чыгармаларды берилүү менен аткарып аттык. Мекендештерибиз бизди абдан жакшы кабыл алышты. Багыбыз бар экен, үч-төрт мамлекет менен бирге Бостондогу Гарвард университетинде боло турган концертке чакыруу алдык. Себеби, бул концертке бардык өнөрпоздор катыша алган жок. Он беш күнгө созулган фестивалдын жыйынтыктоочу кечеси Вашингтондо өттү. Бир жагынан ар улуттун өнөрлүү адамдары менен таанышып, чыгармаларына күбө болсок, экинчи жагынан кооз жерлерди кыдырып, өзгөчө стимул менен кайтып келдик.
- Каражат жагын ким көтөрдү?
- Жол кире өз капчыгыбыздан болду. Каражатты ата-энем, жолдошум таап берди. Буга чейин дүйнөнүн бир нече шаарларында болгом. Бирок, Америкага биринчи жолу барышым. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, мага жардам берген үйбүлөмө ыраазычылык билдирип кетем. Себеби, жолдошум "отур, барбайсың" деп койсо, айла жок калмакмын да (күлүп)...
- Америка сага кандай таасир калтырды?
- Кайсы жерге барба, өз мекениңди сагынып, анын баркын билесиң. "Американы көрсөм" деген кыялым ишке ашты. Бирок, мени таң калтырган жагдайлар көп болду. Өнүккөн мамлекет катары жакшы болгону менен тамак-аш, суу, абасынын тазалыгына канааттанган жокмун. Тамактарды көргөндө баарын жеп жиберчүдөй суктанып, табитиң ачылат десең. Анан эле жей келгенде даамы жок, супсак бирдеме болуп чыгат (күлүп). Ал эми ваннадагы суусуна жуунгуң да келбейт. Же биз таза сууга көнүп калганбызбы, айтор, алардын суусунун даамы башкача, жыты жагымсыз сезилди.
- Баш-аягы чыгармачылык сапарыңар жыйырма күнгө жакын болуптур. Кичинекей кызыңды кимге таштадың эле?
- Кызымды таенесине калтырып кеткем. Бир жаш, төрт ай болгондуктан, Аскат өзү жалгыз карай албайт эле. Чет өлкөгө чакыруу келип, же ишибиз чыгып калса дароо таенесине барабыз. Азыр кылык-жоругу чыгып, атасын туурап ырдап калды. Биздин да, таене-таята, чоң эне, чоң атасынын эрмеги болуп турган чагы. Кызым төрөлгөндөн бери көп убакытка андан алыстай элек болчумун. Аябай сагынгандыктан, учагыбыз Бишкектин аэропортуна конору менен ыйлап жибердим...
- Мындан үч-төрт ай мурун "Аскат менен Залина ажырашып кетиптир" деген маалымат кайсы бир гезитке жарыяланган эле. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Бир пайыз да чындыгы жок. Баягыдай эле ынтымакташып, бактылуу жашап атабыз. Мындай жалган маалыматты өзүбүздөн сурабай туруп, гезит бетине жарыялаган адамдарга таң калдык. Ал гезитке барып, орусча айтканда "разборка" кылсак деле болмок. Бирок, "бизди көралбаган адамдардын чыгарган ушагы" деп тим болдук.
- Айымдарга карьера менен үйбүлөнү бирдей алып кетүү кыйын эмеспи. Дегеним, кээде кызың менен үйдө отургуң келет чыгаар?
- Чынында кээде иштегим келип, кылкыякты колумдан түшүрбөй, жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп калам. Кээде бардыгын унутуп, үйдө отургум келет. Кызым Акзыйнаттын эркелеп, ойноп атканын көрүп, өзүмдү бактылуу сезем. Ал учурда мага эч нерсенин кереги жоктой сезилет. Эсимде, кош бойлуу кезимде Францияга барыш керек болуп калды. "Самолетко отурганда кыйналам го?" деп чочулагам. Ошондо, "эмитен минтип гастролдо жүрсөм, төрөгөндөн кийин кантип багам?" деп кыжаалат болгом. Аман-эсен барып келип, төрөгөндөн кийин өзүмдү сооротуп калдым.
- Жакында жаңы альбом чыгарат экенсиң. Кандай форматта болот?
- Буюрса, Аскат экөөбүз жаңы ыр, күү жана клиптерден турган DVD форматындагы жаңы альбом чыгарганы турабыз.

Бетти даярдаган
Айнура Касымова