Ак чардак

Асел Аскарова, балерина:
"Балет мектебине ыйлап келгем..."

Асел Аскарова учурда Москвада турат. Жакында эле балет мектебин бүтүптүр. 16 жаштагы мекендешибиз Аксынын Кербен айылында туулган экен. Келечекте чоң сахнага чыккысы келет. Кудай жаштын тилегин берет эмеспи, биз да Аселге ийгилик каалап, азын-оолак кепке тарттык.

- Асел балетке канча жашыңда келгенсиң?
- 8-жашымда. Биринчи жолу балет мектебине апам жетелеп келгенде, кыйыктанып ыйлаган элем. Кийин көнүп кеттим. Балет-бул керемет дүйнө. Аны апам болбосо билбейт элем. Бул үчүн ага өтө ыраазымын. Азыр апам, сиңдим менен жашайм. Апамдын чакан бизнеси бар. Өгөй атам инженер.
- Чоң сахнага да чыгып жүрөсүңбү?
- Ар жума сайын чыгып жатам. Жакында эле балет труппабыз менен Сербияга гастролго бардык. "Баядерка", "Бакча сарай фонтаны" балетинде бийледим. Устатым өз убагында К.Станиславский атындагы театрдын бийчиси болгон. Өзүмө белгилүү балериналар: Ульяна Лопаткина менен Светлана Захарова жагат.
- Балеттин өз кыймылдары бар экен го, сен үчүн кайсынысы татаал?
- Мисалы, пируэт деген кыймыл бар. Мында бут учунда туруп, жөн гана айланып бийлейсиң. Бир бутуңда туруп бийлеп, экинчи бутуңду көтөрүп айлантуу-фуэте деп аталат. Ал кыйла татаал. Мен экөөн тең жакшы өздөштүргөм. Негизи пируэтти жасаган адам фуэтени үйрөнүп кетет.
- Жакында эле балериналар тууралуу тартылган "Кара куу" тасмасы Оскар сыйлыгын жеңип албадыбы. Анда "Ак куулар көлү" ("Лебединое озеро") балети мистикалуу көрсөтүлүптүр. Чындап эле ошондойбу?
- Менимче жок. "Ак куулар көлү" -бул жөнөкөй эле жомок. Мен "Сансара" менен И. Стравинскийдин "Ыйык жаз" балетин мистикалуу десе кошулат элем. Бул чыгармалар кандайдыр бир сыйкыр күчтүн жардамы менен пайда болгондой...
- Дайыма диета кармайсың да?..
- Балет мектебинде окуп жүргөндө, мугалимибиз "камыр тамактардан баш тарткыла, анын ордуна балык менен эт жегиле" деп кулакка куйчу. Мен ачка жүрө албайм. Эртең мененкисин, түштө сөзсүз тамактанам. Кечкисин кефир ичем, таптакыр эле өзөгүм карайып баратса сабиз жейм.
- Балериналар арасында эрегишүү күч дешет...
- Айтпаңыз. Биздин кесипте бут тосуу көп. Бир жолу пуантама (балериналардын бут кийими) кимдир бирөөлөр шишени майдалап салып коюшуптур. Ошондон кийин сак болуп калгам. Эгер ошондо бутумду жабыркатып алсам, аябай азап чегет элем. Бийлебей да калмакмын.
- Араң эле 16 жашка чыгыпсың, кыргызча айтканда, он гүлүңдүн бир гүлү ачыла элек экен. Келечекте өз мекениңе келип, өнөрүңдү тартуулайсыңбы?
- Азыр белгилүү модельер Станислав Зайцев менен иштешип атам. Өткөндө эле мода көргөзмөсүнө катыштым. "Модель болсомбу?" деген оюм бар. Андан тышкары музыкага, актердук чеберчиликке кызыгам. Балким, 10-15 жылдан кийин мени чоң экрандан көрүп каласыңар. Ал эми Кыргызстанга ар жайда бир келип, чоң атам менен чоң энеме учурашып кетем. Бирок, биротоло келемби же жокпу (?) аны айта албайм. Баарын убакыт көргөзөт.

Таалайгүл
ЖАНЫБЕКОВА




  Талант теспе

Азамат АРЫКОВ, актер:
"Ортобузда сүйүү болушу мүмкүн эмес"

"Уурунун махабаты", "Гаишники-2" тасмаларында ийгиликтүү ролдорду жараткан жаш актер Азамат Арыков тартылган "Айат" тасмасы азыркы учурда көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп турган чагы. Азамат Арыковдун ыйман жолуна түшкөн, спортсмен Алинин ролун аткарганын көрүп, көп кыздар кызыкканын билебиз. Биз Азамат менен дал ушул ролу тууралуу кеп баштап, маегибиздин аягы үйбүлөлүк сырларын бөлүшүү менен уланды.

- "Айат" тасмасында түз жүрүп, бокс боюнча дүйнөлүк чемпиондукка жеткенден кийин көөп, көп нерседен кур калып, бирок аягында ыйман жолуна түшкөн Алинин ролун ийгиликтүү жаратыптырсыз. Турмушта да ошол Алиге окшошсузбу?
- Турмушта ошол ыйман жолуна түшүп, ийгиликтерди жараткан Алиге окшошконго аракет жасайм. Тамеки, ичимдик деген менин чөйрөмдө, досторумдун арасында жашабай калды. Көчөдөн айрым адамдар жолугуп, колумду кыса кармап "Азаматсың!" деп айткан сөздөрүн угуп ыраазы болом. Андан сырткары, ошол тасманы көрүп, тамеки, аракты таштап, турмушун оңдогондор да көп кездешип жатат. Алар өздөрү менин электрондук дарегиме кат жазып, ыраазычылыктарын билдирип жатышат. Өткөндө бир эже жолугуп калып "мен жолдошум менен ажырашып кеткен элем. Тасманы көргөндөн кийин жолдошум менен жарашайын деп чечтим" дейт, ага чейин күйөөсү "жарашалы" десе макул болбой жүргөн экен. Анан сынсыз да болбойт. Кээ бирлери мени "бу баладан актер чыкпайт, убара болбой эле койсун, ойногондору Дүйшөн Байдөбөтовго окшоп жасалма" дейт. Мен бул пикирге, тескерисинче, бактылуу боло түштүм. Себеби, Байдөбөтовдой агайларды көрүп, аларды кумир тутуп жүрүп, ийгиликтерге жетишип атам. Спорт менен машыкканды жумуш катары көрө баштадым, себеби, Али деген ысымга татыктуу болуш керек. Себеби Али радиалаху анху (Сахаба) - бул баатыр, дене мүчөсү чың болгон.
- Ал тасмада жубайыңыз хиджаб кийген кыз эмеспи, турмуштагы кыздарга болгон табитиңиз кандай?
- "Турмушта мен сулуу кыздарды жактырам" десем, айрымдары туура эмес кабыл алышты. Мен болгону өзүн карабай, ыплас жүргөн айрым кыздар ошондон сабак алсын дедим. Көз менен сүйүү жана жүрөк менен сүйүү болот эмеспи. Көз менен сүйүү оп-оңой. Жүрөк менен сүйүү кыйыныраак болот. Себеби, ал адамды табуу кыйын деп ойлойм. Мага эң негизгиси ата-энесин сыйлаган кыздар жагат. Менин идеалым - менин карындашым. Эгер ошондой кызга жолуксам, бактылуу болот элем.
- Карындашыңыз кандай кыз?
- Аты Гүлзада. Менин чач тарачым да, стилистим да ошол. Аны менен көп кеңешем. Ар дайым жумуштан келгенде тамагымды даярдап коет. Ата-энени сыйлайт, өзүнө тың, ыймандуу, орундуу сүйлөйт, сулуу, бардыгы менен мамиле түзүп, дос болуп алат.
- Жубайыңызга жоолук салынтмак белеңиз?
- Жоолук салынган жакшы да. Себеби, жоолук салынуунун пайдасы көп жана максаты бар. Алар бир гана жакшынакай, ыймандуу көрүнгөндөн сырткары көп соопко ээ болушат.
- Мисалы жубайыңыз "жоолук салынбайм" десе, сиздин кадамыңыз?
- Эгер менин ата-энемдин талабына көнбөсө, миң сулуу болсун, миң сүйсөм да аны менен чогуу болмок эмесмин. Мага аялдардын көчөгө чыкканда аябай жасанып, үйдөн өзүн карабай койгондору жакпайт.
- Сиздин гезиттерге берген маектериңизден уулуңуз бар экенин окугам. Анан бойдок деп да жүрөт. Муну кандай түшүнсө болот?
- Мен ажырашып кеткем. 3 жыл болуп калды.
- Жубайыңыз да чыгармачыл чөйрөдөн беле? Үйбүлө оту күйүшпөй калганына эмне себеп болду?
- Жок. Банкта иштейт. Ал айым абдан сулуу, мээримдүү, баласаак, таза жан, болгону менин кесибимди туура түшүнө албай койду. Экөөбүздүн ажырашканыбызга менин да күнөөм чоң болсо керек.
- Эгер сизге оор болбосо айтып берсеңиз кандай күнөөңүз бар? Андан кандай күнөө кетти дегендей...
- "Актер болот элем" деп айлап командировкада жүргөнүм ага жаккан жок. "Сенин актер болушуңа каршымын" деп туруп алганы мага жакпады. Анын ата-энеси да "актерлор эч качан жыргабайт" деген пикирде туруп алышты. Уруш-талашсыз эле бири-бирибизди жакшы түшүндүк.
- Бала кимде калды?
- Келинчегимде. Балам менен жолугуп турам.
- Жаш актриса Бегимай Туратбекова менен мамилеңиздерди сурабасам болбой калат го. Кайсы бир сайттан экөөңөрдүн интервью берип аткан видеоңорду көрдүм. Видеого тартып атканын байкабай калдыбы, Бегимай сиздин көзүңүздү аарчып, тазалап кирди. Жакын мамиледеги адамдар гана ошенте алса керек?..
- Бегимай менен ортобузда эч нерсе болгон эмес. Болушу да мүмкүн эмес. Болгону экөөбүздүн ортобузда чыгармачылык тандем бар.
- Сизге Бегимай айым катары жакпайбы?
- Мен аны карындашымдай эле көрөм. Кээде урушам. Аны менен эч качан сүйүү болбойт.
- Балким өзүңүздүн каарманыңыз Алидей болуп, аягында жубайыңыз менен жарашып калышыңыз мүмкүндүр?
- Мен келинчегиме ийгилик гана каалайм. Ал карьерасы менен иштеп, ийгиликтерге жетишсе экен дейм. Себеби, ал башынан эле бизнес леди болууну самачу.

Кызжибек Жумабаева