Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 2
Чолпон Жакупованы - президенттикке!
Кечээ бейөкмөт уюму "Адилет" аттуу укуктук клиниканы башкарган Чолпон айым башкалар батынбаган ачуу чындыкты "Московский комсомолец" басылмасы аркылуу дагы бир ирет ташка тамга баскандай айтып чыкты. Парламентте олтурган партияларды мамлекетибизди талап аткан чөөлөрдүн үйүрүнө салыштырды. Бейкүнөө шейит кеткендердин мүрзөсүнүн үстүндө көз жаштарын көлдөтүмүш эткен бүгүнкү бийликтин бетсиздигин ашкереледи. Азыркынын манаптары улутубуздун кулк-мүнөзү менен ыйманына оңбогондой катуу сокку жасап, Отунбаеванын бийлиги мурдагы Бакиевдикинен жүз эсе коркунучтуу экенин жиликтеп салды. Не саясатчылар, не журналисттер Жакуповадай таамай көзгө сайып, азыркы бийликтин абийирин айрандай төгүүгө эрдиктери жетпей жаткан. Чолпон Идиновнанын бул маеги жарык көрөр замат өлкө тагдырына кайдыгер эмес замандаштарыбыз туш-туштан үн кошуп, Жакупованын өзүн күздөгү президенттик шайлоого катышууга үгүттөй баштаганын эшиттик. Чын эле Роза апчеге караганда Чолпон айым алда канча таза, адилет, акыл көрөңгөсү бай эмеспи, дүрбү салып туралычы.


Түрдүү кулактар көрүнгөн парламент пай-пай…
7-апрелде премьер-министрибиз А.Атамбаев ашык-кеми жок ушинтип балп эттирбедиби. Ошол өзү какшаган криминалдашкан, Бакиевдин "куйруктарына" толгон Жогорку Кеңештин амири менен өкмөт башына олтурганын унутуп койдубу, жарыктык, айтор, мамлекет башкарган журт атасы катары терең кеп козгогондун ордуна, мурдагы оппозиция доорундагыдай кыйкырык-сүрөөн, атаандаштарын шыбамай сыяктуу көчө деңгээлине түшүп кеткени эч кимге деле жакпады. 10-апрелден кийин бийлик талашкандар басып кирет (!) деп элди дүрбөлөңгө түшүрдү эле, андан деле дайын жок, бардыгы тымтырс. Кимди эмнеге коркутканы табышмак бойдон кала берди.


Мадумаровдун капчыгын Бакиев кампайтып жатабы?
Соңку кезде таскагы катуулап, Кыргызстанды түрө кыдырып, барган жеринен эл менен гана жолугуп тим болбой, толгон-токой акча чачып, миңдеген адамдарга дасторкон жайып, кымбат таштан эстелик тургузуп, күздөгү президенттик шайлоого эң алгачкылардан болуп аттанган Адахам Кимсанбаевич атаандаштарынын ичин күйгүзүп, атүгүл биздин "Аламанkg.org" сайтында жүргүзүлгөн иликтөөдө топтогон упайы боюнча ат чабым алдыга озду. Былтыркы парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстандын" лидери пул жагынан катуу аксаганы байкалды эле, бул ирет капчыгы кампайып калганы сокурга деле көрүнүп калды. Узун кулактарга ишенсек, Келдибеков, Ташиев, Султанов сыяктуу Түштүктүн жаңы лидерлеринин арасынан дал ушул Мадумаровдун шансы жогору дегенби, айтор, качып жүргөн кадимки Жаныш Бакиев Адахам мырзага миллиондорунун четинен кайрылыша баштаган өңдөнөт. Болсун, болсун, сук артпайлы да, уурдалган акчалар Мадумаров аркылуу элге кайтып келсе жаманбы?


"5-канал" Ташиевди каалашынча тебеледи, эй!
Кечээ "Күндеми" аттуу маалымат программасынан 5-каналдын журналисттери кенен он мүнөт бою "Ата-Журт" лидери К.Ташиевди узун-туурасынан тепкиге алышып, армансыз шыбаганга үлгүрүштү. Алмаз Шаршеновичтин тил лексиконуна салганда, бул кара пиардын артынан Ө.Бабановдун кулагы делдейип көрүнүп турду. Анан калса Максимден мураска калган бул телеканалдын кабарчылары жарым жылдан бери Өмүрчиктин ырын ырдап келаткандарын жашырбай деле калышты. Саясаттын ыпыластыгын ушундан көргүлө, өткөн жума этегинде Атамбаев Мамрезиденцияга "атажуртчу" депутаттардын бирин калтырбай бөлүп-бөлүп чакырып, сый-тамакка маарытып, бийлик коалициясын кулатпашы үчүн не бир кадамдарга барган эле. А бирок, минтип Ташиев менен Бабановдун кармашы интриганын 3-сериясын баштап ийерин ким билиптир? Атайын тукуруу менен алтындай Алтынбектен келтек дагы жеп, дунган партиялашын өзү дагы төпөштөп, эми минтип Бабановдун ыпылас шыбамайына тушуккан Камчыбек акең эми кантип коргонор экен?


Президент апчебиз не мынча майдаланат?
Бир жылдан бери эле жаңы бийликтин укуктук башаламандыктары жөнүндө какшап келатабыз. Анын дагы бир далили, Өнүктүрүү фонду жоюлуп, анын каражаты, милдеттери башка уюмга жүктөлгөнүнө байланыштуу мурдагы И.Чудинов баштаган жетекчилерине, башка кызматкерлерине атайын расмий буйрук чыгарылып, эмгек акылары төлөнүп берилген эле. Бирок, эмнегедир ал фонддун Байкоочулар кеңешинин төрагасы М.Эшимкановго Роза апчебиздин алалбай жүргөн жеке өчү барбы, айтор, жалгыз гана Мелис мырзага жарлык чыгарылбай, мыйзамдуу эмгек акысы бир жылдан бери төлөнбөй келатыптыр. Душман көрсө дагы укукту, эмгек кодексин сыйлаганга эң ириде президент милдеттүү эмес беле? Күтө берип чарчаган Эшимканов эми сотко кайрылууга аргасыз болуп жатыптыр.


Оппозициялык күчтөр Байболовду сүрөгөнгө белсеништи!
Эч ким уга элек соңку жаңылык: "Ата Мекен", "Ар-намыс", "Акшумкар", "Замандаш", "Акыйкат", "7-апрель" партиялары кечээ түнү жашыруун жолугушуп, күзүндө өтчү президенттик шайлоодо Кубатбек Байболовдун айланасына баш кошууну чечишиптир. Эки күн мурда Нуржамал байбичеси менен Алматыга барып келген Кубат Калбекович казак ажосу Нуракенин батасын алып, ал тургай 30 миллион доллардан кем эмес жардам бериле турган болуп, айтор, дагы бир күчтүү талапкер чоң казатка аттанганы калыптыр.


Мышык-чычкан ойноткон гроссмейстерлер кимдер?
Коомчулук көзүнө анча байкалбаган саясаттын шахматтык жүрүштөрүнө көңүлүңөрдү буруп койбойлубу? Былтыртан бери шайлоо учурунда да, бийлик коалициясы түзүлгөндө да, азыркы өпөң-чычаң кыйчалыш кырдаалда дагы Түштүк элитасынын "мозговой центри" мыкты аракеттенип атканы байкалбай койбойт. Көшөгө артындагы акыл кошчулары Жаныш жана Максим Бакиевдер, Үсөн Сыдыков, "кошелек" атка конгон Мурат Малабаев, кадимки ыраматылык М.Садыркуловдун көздөй шакирти И.Гаипкулов өңдүү саясаттын алгебрасын чаккандар экенин эске алсак, бул жээктегилер күрөш спектаклин мыкты коюп жаткандарына ынанабыз. Маселен, "ак көңүл корбашынын" ролунда А.Келдибеков, "чуу чыгаргыч - зулум басмачылардын" ролунда К.Ташиев менен А.Сулайманов, тили сайрап, элдин кулагынын кычуусун кандырган "токтогулдай төкмөсү" А.Мадумаров жана башка театр кейипкерлери камырдан кыл сууругандай гана өнөр көрсөтүп жаткандарын билген дагы бар, билбеген дагы бар. Булардын чеберчилигин ушундан көргүлө, нары карап Атамбаевдин кулагына кесме илип, "сиз менен акыретке чейин бирге болобуз" деп касам ичишип, бери карап Куловду жаш баладай алдашып, "коалицияны бүгүн - эртең - бүрсүгүнү кулатабыз" деген лохотрон ойну менен тегеретишип, ортодогу Бабанов сыяктуу балакай алабарманын болсо, ошол эле аркалыктардын колу менен тырайта чапкылары келишип, кыскасы, арканды алыс таштаган бу азаматтар билген намаздарын окушуп, акырында Кыргызстанды каалагандай бийлей тургандай көздөнүп калышты. Бали дейбиз да!?


Эмнеге океңдер Бабановго "көчүгүңө шамал!" дешти?
Эки күн мурда Москвага расмий сапар менен барган биринчи вицебиз Орусиянын өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, момпосуйга жетпей калган балакайдай шалпайып куржалак кайтты. Путиндин адамдары кыкеңдердин убадасына турбаган жоругуна баш чайкаштыбы, айтор, мурда Атамбаев барганда макулдашылган 30 миллион долларлык жардамды берерин дагы белгисиз мөөнөткө жылдырышты. Андан сырткары, Бабанов ЕврАзЕС фондунан 200 миллион доллар сурады эле, ал жөнүндө ак же көк деп айтышпады. Орусия президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Дмитрий Александров: "Бул биздин кыргыз элине болгон мамилебиз эмес, болгону иш-аракеттери түшүнүксүз Бабановго окшогон аткаминерлерге жообубуз деп кабыл алсаңар болот" деп ачык айтты. Ушуну укмакпыз да!


Азикени эмнеге нарындыктар каргап-шилешти?
Былтыркы коогалаңда теңиртоолуктарды көтөргөнүн эстедиби, Азимбек Бекназаров 6-апрелде революционер санаалаштары менен жолукканы Нарынга барган экен. Бирок, тоолуктар куулук-шумдуктан алыс, бетке чабар келишет эмеспи, Азикени сүйлөтүшпөй, жакадан алышып, "биздин отуздан ашуун курман болгон балдардын кунун ким төлөйт, алардын арбагына жамынып, канча миллион таптың, мурдагы губернаторубузга берген акчаңдын отчету канакей, эмне үчүн уулдарыбызга эстелик койдурганга жарабадың!?" дешип, айласын алты кетирип, Бекназаров машинесине түшүп, кете бергенге аргасыз болуптур.





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 50

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 50

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 50


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 50

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 50

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 50


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 50

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 50

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_3.htm on line 50