Атамбаевге атака

Жоомарт САПАРБАЕВ, "Ата Мекен" партиясынан депутат:
"Баалардын асмандаганын айтсаң, премьердин каргышына каласың"

Премьер-министр өз сөзүндө "Ата-Мекен" партиясынын лидери коалицияга жардам бербей, чогуу иш алып баргандан качат" деген айыптоолору боюнча биздин суроолорубузга партиянын мүчөсү, депутат Жоомарт Сапарбаев жооп берди.

- Алмазбек Атамбаев "Революциянын тагдыры коркунучта, анткени, "Ата Мекен" партиясы социал-демократтарды колдоодон баш тартты" деген билдирүү жасап жиберди. Мындай айыптоого сиз кандай түшүндүрмө берет элеңиз?
- 7-апрелге арналган жыйында Алмазбек Атамбаевдин айткандары мени иренжитти десем болот. Биздин партиянын короосуна таш ыргыткандыгы үчүн деле эмес. Анын сөзү болуп жаткан тарыхый окуянын шарапатына, премьер-министрлик макамына дал келбей турду. Жаңы саясый системанын башында турган революциялык партиянын лидери катары, өлкө өкмөтүнүн башчысы катары бир нерсе айтардан мурда абал-шартка абай салып көрбөйбү. Өкмөт үйүнүн алдында массалык кан төгүлүп, элдик көтөрүлүштүн бир жылдыгы болуп жатканда - эл алдында жеке таарынычын айтып, айып кое турган күн эмес.
- Анда премьер-министр эмнелерди айтыш керек эле?
- Бүткүл дүйнөдө саясый лидерлер мындай эскерүү даталарын программалык билдирүүлөр, глобалдуу маселе көтөрүү үчүн пайдаланышат. Тарыхый окуянын бир жылдыгында - идеологиялык, психологиялык жактан да элге мамлекеттин, коомдун келечеги тууралуу сүйлөө парз. Андан көрө бу күнү премьер-министр саясый, социалдык-экономикалык реформалар боюнча программаларын айтып берсе болмок, анын үстүнө буга чейин бир да программасын эл сотуна кое элек болчу.
Менимче, Алмазбек Атамбаев 7-апрелдеги окуяга салмактуу баасын берип, бийлик менен коомдун ортосундагы трагедиялуу ажырымдын түпкү себептерин эскертиши керек эле. Экинчиден, 2010-жылдын апрелинен кийинки бийликтин кылган иштери боюнча отчет бергени туура болмок. Баарына түшүнүктүү да болмок - оппонеттерине да, шериктерине да, жөнөкөй жарандарга да. Үчүнчүдөн, өткөн жылдагы жетишкендиктер менен кетирген каталарга анализ зарыл эле. Жагабы-жакпайбы, айтылган сындарды да, пайдаланылбай калган мүмкүнчүлүктөрдү да кабыл алып, болгону болгондой айтылса кана?! Төртүнчүдөн, мындан ары кандай жашайбыз дегенге өзүнүн көз карашын билдириши кажет эле.
Бир жыл мурун эл акыйкатсыздыкка каршы аттанган. Бирок, көпчүлүгү кандай коомдук түзүлүшкө багыт аларыбызды, элге каршы бийликти кулаткан соң, каякты көздөй жыларыбызды билишкен эмес. Революциянын бир жылдыгы болуп жатканда Алмазбек Атамбаевдин багытыбызды ачык айтып, өнүгүү максаттарыбызды алдын ала жылдарга бөлүп көрсөтүп, ага жетиш үчүн коомду бириктирип, чогуу-чаран иш алып барууга тарыхый мүмкүнчүлүгү бар эле. Анын ордуна биз өкмөт башчысынын майда-чүйдө таарынычтарын, дооматтарын угуп олтурдук.
- Баса, Атамбаев "бакиевчилер" бийликти кайтарууга аракеттенип жатат деди го?..
- "Бакиевчилер" бийликти кайтарганына бир топ болуп калды. 2010-жылдын 11-октябрында эртең менен бүт өлкө парламентке өткөн беш партиянын экөө гана революциячыл экенин билди: биздин партия менен КСДПны айтам. Эми мисал келтирейин. Шайлоодон кийин эле Атамбаевдин КСДПсы стратегиялык союз түзгөн "Республика" партиясынын шайлоо тизмесине көз жүгүртүп көрбөйлүбү. Ал тизмеде - Курманбек Бакиев менен уулу Максимдин достору, шериктери, "Акжол" партиясынын депутаттары турат.
Дароо "Республика" партиясы "Мегакомдун", "Манас" аэропортунун, кирешелүү компаниялардын жетекчилигине Бакиевдер командасындагы жаш "адистерди" - топ-менеджерлерди алып келди. Анан Алмаз Атамбаевдин "Максим Бакиевдин "кулагы" Жогорку Кеңеште тикчийип чыгып турат" дегени таңгалдырат. Айланасын карап көрбөйбү, коалицияга чогулгандардан "кулагын" гана эмес, бакиевдик команданын башка бөлүктөрүн да көрсө болот.
- "Акжолдун" мүчөлөрүн же Курманбек Бакиевдин тушунда иштеген мурунку министрлерди парламенттеги партиялардын катарынан көрсө болот, чынбы?
- Биздин партиянын башкасынан. Түшүнүксүз нерсе башка: эмнеге социал-демократтардын лидери "бакиевчилердин" келишин бизден көрөт да, өзүнөн көрбөйт? Мисалы, "Ата-Журт" партиясын алалы. Алар коалициянын жөн эле катышуучусу эмес да. КСДПнын лидери өзү "Ата-Журттун" кеңири саясый аренага чыгышы үчүн зор салым кошту. КСДПнын шайлоо алдындагы съездине Ахматбек Келдибеков чакырылып, ал социал-демократтар менен чакырылган меймандарга жалындуу сөз сүйлөгөн. Дүйнөлүк практикада шайлоо алдындагы мындай иш-чараларга стратегиялык өнөктөш саналган уюмдардын өкүлдөрү чакырылат. Демек, Алмазбек Атамбаев ошондо эле "Ата-Журтту" келечектеги парламенттеги өнөктөшү катары караган экен да.
- Ал эми премьер-министрдин "парламенттеги кээ бир партиялардын артында криминалдык элементтер жатат" дегенине кандай карайсыз?
- Менин түшүнүгүмдө криминалдашуу - бул криминалдык элементтердин бар экендигин гана айкындабай, коомдо криминалдык нормалар, жол-жоболор, мамилелер канчалык жайылганын билдирет. Мурунку режимге болгон башкы дооматтардын бири ушул болчу, саясый күрөш үчүн киши өлтүрүп, сабап, ушинтип оппоненттерди, катардагы жарандарды коркутуу болгон. Мындай көз караш менен бүгүнкү күнү ошондой саясаттын улантуучусу ким экенин талкуулай берсе да болот.
Гезиттер жазып чыкты, биринчи вице-премьер-министр бюджет боюнча парламенттик комитеттин төрагасына Алмаз Атамбаевдин кабинетинен кол көтөрүптүр. А өкмөт башчысы эмне кылды? Бул түркөйлүктү токтотуунун ордуна, эл көзүнчө хулиган-чиновникти мактап олтурат.
"Республика" партиясынын депутаты Алтынбек Сулайманов "атажуртчу" депутаттар К.Ташиев менен С.Жапаровго парламенттин коридорунан кол тийгизип жатат. Бул түркөйлүк да, а премьер-министрге майдай жаккан экен, чоң муштумду "алтын бала" турбайбы деп жибериптир. Эл көзүнчө минтип "баатырларды" колдогону эмнеси? Бул, айтты-койду дебегиле, бийлик тарабынан жасалган күч колдонуу менен террордун алгачкы баскычы гана. Унчукпай койсок, бүгүнкү бийлик кызуусуна кирип кетчүдөй. Мурунку бийлик ажаан катындардын ОБОН (отдел баб особого назначения) тобу жана оппоненттерге жумуртка ыргытуу менен баштап, 2010-жылдын 7-апрелде массалык киши өлтүрүү менен бүтүштү.
- Алмаз Атамбаев чындап эле мурункулардын жолоюна түштү дегиңиз келеби?
- Жок эле дегенде мурунку бийликтин кээ бир демилгелерин, кээде деп-айткандарын кайталап жатат. Апрель революциясынын бир жылдыгында Алмаз Атамбаев: "Бакиевдин тушундагыдан да жаман жашап калдым дегендер Кудайдын каарына калсын!" деди. Эсиңердеби, учурунда Курманбек Бакиев да ушундай сөздөрдү айткан: "мен жүргүзүп жаткан саясаттын жакшы тараптарын көрбөгөндөр - сокурлар" деп. Бирок, азыркы тапта Кыргызстандын экономикалык, финансылык кризиси көз көрүнөө. Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин билдирмеси боюнча буудайдын, кумшекердин, күрүчтүн, эттин, картошканын баасы 2010-жылы 100-350%га кымбаттаган. 2011-жылдын 1-январына карата баалардын кымбатташы боюнча Кыргызстан дүйнөлүк "лидерлердин" алтынчысы болгон, ал эми КМШ өлкөлөрү боюнча экинчи орунга "татыган". Бирок, буларды ачык айтып чыгууга болбойт, кокуй, антсең премьер-министрдин каргышына каласың.
Дагы бир мисал: Курманбек Бакиевден экономикалык өнүгүү программасын көпкө күттүк. Аягында ал элди "тезек тергиле" деп койду. Бүгүн да, революциядан бир жыл өткөндөн кийин Атамбаев бодо малга таянууну сунуштап жатат. Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн уй сүтү башкы себеп экен. Премьер-министрдин айтымы боюнча үйбүлө үчүн эркекке караганда уй пайдалуу экен. Былтыр курман болгон 89 эр-азаматтардын үйбүлөсү атасынан, жолдошунан, баласынан айрылганын Атамбаев аларга кантип түшүндүрүп берет? Минтип олтурсак, кийин уй Индиядагыдай ыйык жаныбарга айланып калат го?
Акимдер менен айыл өкмөттөрүн шайлоо системасын да сунуш кылды, а чындыгында аларды өзү дайындайт экен. Учурунда Бакиев да ушундан баштаган. Элдин психологиясы өзгөргөнүн Алмаз Атамбаев түшүнбөй жаткан көрүнөт, азыр элди малдай алдыга салып айдай албайсың. Өкмөт карапайым калк буйруктарды баш көтөрбөй аткарат дебей, прогрессивдүү идеялар менен долбоорлорду сунуштап, үлгү көрсөтүшү зарыл.
- Аны кантип кыласың?
- Лидер деген кишилерге ишенимдүүүлүк, үмүт арттырышы керек да, тескеринсинче козутуп, коркутуп, тагдырга таарынып, жеке таарынычтарын айтып ыйлактабай. Элден жашынып да жатып алды. Өкмөт башчысы эл алдына чыкпай жатып алганда, ички иштер министри уюшкан кылмыштуулукка каршы өзү жалгыз милицияны көтөрдү, ал эми президент өлкөнү үч жолу кыдырып чыкты. Премьер-министр эмне кылып жатканы белгисиз болду. Эми "Ата Мекенди" бизге кошулгула деп чакырып жатат. Эмнеге кошулуш керек?
Премьер-министр Атамбаев Кубат Байболов менен Акылбек Жапаровдун сынына катуу таарыныптыр. Бирок, ошол эле Жапаров парламенттик оппозициянын мүчөсү катары өкмөткө сын айтып турууга милдеттүү. Ошол үчүн ал айлык алып, Жогорку Кеңеште кабинет ээлеп олтурат.
- Коалициялуу өкмөттүн келечегин кандай көрөсүз?
- Көрбөйм. Коалицияга саясый тарыхы, идеологиясы эки башка партиялар кирип алышкан. Мындайча айтканда - алар кечээги "душмандар" да. Мурдагы атаандаштарды эмне бириктириши мүмкүн? Бир гана уламдан-улам ишке аша турган бирдиктүү программа бириктире алат.
Булардын келгендерине 100 күн болду, андай программалары алигүнчө жок. Мен үчүн да, кээ бирлер үчүн да, бул коалиция кулайт дегенди билдирет. Саясый эрктин, реалдуу өзгөрүүлөргө болгон келишимдин жоктугу - "башкарган үчилтиктин" көз будамайлаганы, салмагы да жок, мааниси да жок кагаз түрүндө калды.

"24.kg"
маалымат агенттиги