Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 2
  Багы ачылбаган билдирүү

Биз жаңы парламенттик коалиция түзүүгө даярбыз!
"Ата-Журт" парламенттик фракциясынын мүчөлөрүнүн
Билдирүүсү

Парламенттик көпчүлүктүн Коалициясы жана анын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөт курамы түзүлгөндөн кийин, бүткүл коомчулукта акыры өлкө калыбына келип, жөнөкөй жарандардын жашоосу жакшырат деген үмүт пайда болгон. Экономика тармагында реалдуу реформалар жүрүп, жарандардын коопсуздугу камсыз болуп, коррупцияга каршы чыныгы күрөш башталат деген аруу тилек бар эле.
Тилекке каршы, Коалиция кагаз жүзүндө гана иштеп калды. Күнүмдүк кеңешүүлөр, биргелешип иш алып баруу механизмдер дээрлик жок болду. Бардык чечимдер бир ууч топ аркылуу гана кабыл алынып, алардын башкы мүдөөсү - келаткан президенттик шайлоо, кээ бир топтордун байлыгын арттыруу, тармактарга болгон көзөмөл, активдерди бөлүштүрүү жана мамлекеттик ресурстарга жетүү үчүн күрөш жүргүзүү болуп калды.
Азыркы Өкмөт кардиналдуу жүрүштөргө барууга чамасы чак. Ойлонулбаган кадрдык саясаттан, аткаруу бийлиги ачык-айрым иш алып барбагандыктан, өнүгүү багытыбыз ишке ашпай тургандай абалга кептелди. Өкмөттүн бардык саясаты бир ууч кишилер аркылуу ишке ашып жатат. Эң коркунучтуусу, алар өлкөнү кайда алып баратканын эч ким билбейт.
Коалиция менен Өкмөттүн ишин илгерилетүү максатында "Ата-Журт" фракциясы кагаз жүзүндө он шарт жөнөткөн эле, ал шарттарды чечкенде түзүлгөн абалды жакшыртып, биргелешип иш алып барууга мүмкүн болмок. Тилекке каршы, биздин сунуштар кулак сыртында калды. Биз ачык, түз жооп алалбадык, эң башкысы, эч кандай чара да көрүшпөдү.
Биз коррупциянын гүлдөп-өсүп жатканы, аны менен күрөшүүгө реалдуу кадамдар кабыл алынышы керектигин бир нече ирет белгилегенбиз. "Мегаком" компаниясы боюнча парламенттик комиссиянын жыйынтыктары, ошондой эле экс-генпрокурор К.Байболовдун билдирүүлөрү көп нерселерди каңкуулайт: мурунку режимде түптөлгөн коррупциялык схемаларды, иштөө ыкмаларын азыркы Өкмөттүн жогорку даражадагы чиновниктери пайдаланып жаткандыгынан кабар берет.
Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен чыныгы күрөш жүргүзгөндүн ордуна, премьер-министр мурдун балта кеспей, "Жогорку Кеңеште "бандиттер" олтурат" деген популисттик билдирүүлөр менен алек. Биринчиден, ЖК депутаттарын эл шайлаган, эч ким элдин тандоосуна шек келтире албайт. Экинчиден, премьер-министр ушул парламентте олтурган депутаттардын колдоосуна ээ болгон. Ошондуктан, ал популисттик билдирүүлөр менен маашырланбай, реформаларды ишке ашыруу менен алек болушу керек эле. Бул боюнча премьер эч кандай иш алып барган жок.
Ушундай шарттарга байланыштуу, Коалициянын ишин жакшырталы, сактап калалы деген аракеттерибиз жүзөгө ашпаган соң, биз көпчүлүк коалициясынан чыгуу чечимин кабыл алып, жаңы парламенттик Коалиция түзүүгө даяр экендигибизди билдиребиз.
Парламенттик көпчүлүк жаңы Коалициясы парламенттеги да, парламенттен сырткары да партиялардын кеңири колдоосу аркылуу түзүлүшү кажет. Эң негизгиси, бул коалиция кандай чаралардын жардамы менен Кыргызстанды реформалап, алдыга жылдыра алат деген түшүнүк ачык, так болушу зарыл. Биз кадр тандоодо профессионалдык, ишбилги принциптердин негизинде болушун талап коебуз, анткени, Өкмөткө жеке кызыкчылыгынан коомдун кызыкчылыгы биринчи орунда турган кишилердин келиши парз.

P.S. Бул жума башындагы "Ата-Журт" фракциясынын расмий жарыяланбай калган билдирүүсү. Материал alamankg.org интернет-сайтынан алынды.




  Монстр беле?

тыкыр тинтти. Бакиевдердин алтынын тапкан жок
Улуттук Банк бир нече банктарды жеке көзөмөлүнө алганына жыл айланды. Мунун натыйжасында, банк ячейкаларынан миллиондогон долларлар дайынсыз жоголуп, банктардын бирөө банкротко учурады. Ал эми бир канчаларына консервация режими киргизилди. Кызык ушунда, убактылуу башкаруучулар жана консерваторлордун "далалатынан" улам ай сайын банк активдери миллионго азаюуда. Баарыбызга белгилүү, өлкөдөгү банк тармагын өнүктүрүү Улуттук Банктын (мындан ары УБ) түздөн-түз милдети. Тилекке каршы, учурда бир нече банктар атайын эле сызга отургузулуп, анын ээлерине да, кардарларына да кокон тыйын калбагыдай абалга атайын эле түртүлүп аткандай туюлат. Азыр акылы соо адам УБга ишенбейт. Анткени, анын жетекчилиги дагы кандай боткону чалып жиберери табышмак.
Каржылык чалгындоо кызматынын атын атагысы келбеген кызматкеринин биздин гезитке берген маалыматы боюнча, Кыргызстан аркылуу көптөгөн жылдар бою ири каржы агымдары агып турган. Башка өлкөлөрдүн өз жерине салык төлөөдөн качкан ишканалары оффшордук фирмаларды ачып алышып, ал аркылуу акчаларды өткөрүп турушат. Бул үчүн дүйнөдөгү ишкана-фирманын баары түрдүү өлкөнүн банктарын колдонушат. Анын ичинде Кыргызстандыкы да бар. Чын чынында банктар ушул өңдөнгөн акча которуулардын процентинин эсебинен жан багышат. Мындай банктардын жардамы менен чет элдик ишканалар оңбогондой киреше табышат. Бул жерде айта кетүүчү нерсе, өз өлкөсүндө салыктан качкан ишкана жетекчиси тууралуу банк биле бербейт. А эгер билген күндө да, дүйнөдөгү менмин деген каржы чалгынчысына да аны далилдеш кыйын.
Бирок, УБ мындай акча которуулар тууралуу билбегендей түр көрсөтүүдө. Ал аз келгенсип, өзүн сүттөн ак көрсөтүү үчүн (мына, биз Бакиевдерди жазалоого аракет кылып атабыз дегенсип) кыргыз банктары арам акчаларды жууп турушкан деп айып тагууда. Али эч нерсе далилдене элек болсо да. Мындан улам Улуттук Банк бүткүл дүйнөгө башында жетекчинин милдетин аткаруучу Бактыгүл Жээнбаева турган жугунду чуңкурундай эле сезилиши мүмкүн. Анткени, чет элдик ишканалар Кыргызстан аркылуу жууп турган акчалардын агымы буула элек. Жөн гана ал "кызмат" "АзияУниверсалБанк" жана башка банктардан Бактыгүл айымдын сүйгүнчүк банктарына өтүп кетти. Буга көңүлү жайланган Б.Жээнбаева парламент УБ башына бекиткенин түнү түшүнөн көрүп, анысы күндүзү эсинен кетпей жүрөт. А өтөгөн кайсы кызматы үчүн экенин эстеп коет бекен?
УБ күч органдары менен бардык ишти ийри-буйру жолдор менен жайгарып келген. Мындан улам башка банктар, өлкө экономикасы жабыр тартып жатат. Элге керектүү кызматтар көрсөтүлбөй, кардарлар банктардагы акчаларын кайра чыгара албай, инвесторлор бир тыйын инвестиция салуудан коркуп турушат. Ал эми банктардын мурунку ээлери бул иштер үчүн Жээнбаева менен эл аралык сотто укугун талашып коюшу эч ажеп эмес. Анын административдик ресурсунун алы биздин жергиликтүү сотторго гана жетиши мүмкүн, эл аралыгына тиши өтпөйт. Демек, мындан ким утары бештен белгилүү. Инфляция асмандап, сомдун куну кетип барат. Кредиттик портфель капшырылып, Кыргызстандын экономикасына насыялар аз берилүүдө. Бир банкты жер үстүнөн тыптыйпыл жоготушту. Дагы төрт банк бир жылдан бери УБ башкаруусунда турганына карабай акыркы демин тартып жатат. Эч кандай өнүгүү жок, көйгөй иттин кара капталынан. Бир гана өзүн актоо боюнча билдирүүлөр тынбай таралууда.
Бир топ банкирлер менен банк кардарлары аны сотко бергенин Жээнбаева жашырып айтпай келет. Эстеп көргүлөчү, көз карандысыз болушу зарыл болгон Улуттук Банктын саясат менен ойногон банк башаламандыгы Кыргызстанда буга чейин жүз берди беле? Жада калса элдин, бизнестин, "үй-бүлөгө" салык төгүп турган ошол эле банкирлердин канын соргон Акаев, Бакиев тушунда мындай чакчалекей болгон эмес. Бирок, Жээнбаева абал чынында мынчалык оор эмес дегендей, буга чейин баары башаламан болуп, өзү келип эле үзүлгөндү улап, чачылганды жыйноо озуйпасын аткарып жаткандай кейипти кийүүдө. Маалымат каражаттарына байма-бай чыгып атканы, "ууру "ууруну карма" деп баарынан катуу кыйкырат" деген учкул сөздү аргасыз эске салат. Азырынча УБ коргошу, сакташы керек болгондорду талкалоонун үстүндөбү? Акаев менен Бакиев болсо мурда өздөрүнө салык төлөп жүрүшкөн банкирлердин артынан мыскылдашып, чет элдик маалымат каражаттарына акылдуусунуп, маек курушууда. Макул, алар биздин экономикага баштарын оорутпашы бештен белгилүү. А эмнеге азыркы бийлик экономикага көңүл бурбайт? Өлкөнү инвестициясыз эле бутуна тургузгудай же акчалары сапырылып жатабы? Балким... аларда акча көп болушу мүмкүн, банк ячейкаларындагы миллиондорду бөлүп алуудан түзүк эле байып алышпадыбы. Андан башкасы менен иштери жок. Улуттук Банктын монстрга айланганына болсо тек гана көз жумуп коюшууда.

Бекбол Айдаров




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 43

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 43

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 43


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 43

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 43

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 43


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 43

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 43

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/uch/11/0414_7.htm on line 43