Фото-шойком...

Кечээги кыраандар,
жүзүңөргө баракелде!

2006-жыл. Ноябрь митинги. Оппозиция кыраандары Акүйдүн астында Бакиевди "Кет!" деп кыйкырууда. Тагдырдын тамашасын кара, азыр эми өздөрү кай жээкке чачырашкан ыя?




  КАРЫШКЫР САЙ

"Гүлчө", "кулжа", "теке" топтору түзүлсө...
... Башмыйзам боюнча коалиция (бирикме) фракциялардан түзүлөт, айрым депутаттар же депутаттык топтор өз бет алдынча коалицияларга кошулуп кете албайт. Башкаруучу же оппозициялык бирикмеге кирүү же кирбөө маселеси фракция жыйынында, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен чечилет. Фракциянын азчылыгын түзгөн топтун башка коалицияга өтүү аракети, фракциянын програмалык максаттарына каршы чыгуу, фракциядан чыгып кетүү менен барабар. Ал деген мандатынан ажырайт деген сөз да. Анан, өз эркиң менен фракциядан чыктым деп арыз жазбасаң, сени эч ким фракциядан чыгаруу чечимин кабыл албасына таянып алып эле, бийликти сактап калыш үчүн ар кандай ыпыластыктарга барып, Башмыйзамды бузуп, "колуңан келсе бутуң менен жарма чал" дегенди кыла бериштин арты жаман болчудай. Бир досум айтат: "эй, түндүктүктөрдү ("Кабыланды") кулатабыз деп жаткан үчүн ушундайга барып жатабыз" деп. Аны уккан түштүктүк досум: "мейли, Башмыйзам тепселип прецедент түзүлсүн, ар ким өз алдынча топторду түзүп, каалаган коалициясына, оппозициясына, ит билген жерине кирет дегенге баралы, анан парламенттеги беш фракциянын ичинен, (мисалы) "түштүк", "ноокат", "гүлчө", "кулжа", "теке" деген топтор түзүлүп, анан бардык жактан чыктык, "Антиаркалык" деген коалицияга биригебиз десе нема кыласилаар?" десе болобу. Ойлонуп көрсөм, парламенттеги 80ге чамалуу түштүктүк депутаттар чын эле ошондой кадамга барса, Түндүк-Түштүк болуп даана экиге бөлүнүп, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажыроо коркунучу туулчудай. Андыктан, "көчүк кыскан, бай болот" демекчи, мыйзамды бузбай тынчтаналы туугандар. Ит болбойлу.
Бул макаланы толугу менен http://alamankg.org/ сайтынан окусаңыздар болот.

Сабыр МУКАНБЕТОВ