Добулбас

Джаз ыргактары "Мегаком" менен!

"Борбордук Азияда этно-джаз" деген аталышта долбоордун алкагында салтка айланып калган кезектеги VI эл аралык "Ала-Тоо жазы" фестивалы өттү. Үч күн катары (15-16-17-апрель) "Чексиз музыка" ураанынын алдында ордо калаабыздын опера жана балет театрынын ыйык сахнасында Кыргызстан, Германия, Тажикстан, Австрия, Казакстан, АКШ, Өзбекстан жана Түркия элдеринин музыка өнөрпоздору чеберчиликтерин жан-дили менен көрсөтүшүп, Бишкектиктерди джаз ыргактарына сугарышты.

Каныкей Мухтарова, фестивалдын директору:
"Баш демөөрчү болуп берген "Мегакомго" терең таазим"
- Фестивалдын катышуучулары жыл сайын көбөйүп келатат. Алгач Борбордук Азия мамлекеттери гана катышкан, азыр Европа мамлекеттери да кошулду. Бу жолку саамалыгыбыз үч күн аралыгында өттү. Келечекте бир жумага созулуп кетсе жаман болбос эле. Угармандардын аудиториясы жашарды. Мектеп окуучулары, студенттердин бу чөйрөгө тартылгандары мени кубандырбай койгон жок. Фестивалдын алкагында сынак программасы да киргизилген. Анда ар бир мамлекеттен келген катышуучу өз күчүн сынап көргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Улуттун жүзү болгон музыкалык аспаптарын салттуу джазга айкалыштыруу жактары да, кызык көрүнүштөрдү жаратты. Аткаруучулардын жогорку эргүүдө төгүп (импровизация), джаздын маңызы, туу чокуларын багынтуу менен бирге угармандын да кумарын жаза алды десем жаңылышпайм. Фестиваль иш жүзүнө толугу менен ашты. Учурдан пайдаланып, элчиликтерге, өнөктөштөргө жана баш демөөрчү болуп берген "Мегаком" компаниясына терең таазим этип, ыраазычылык билдиргим келет.


Фестивалдын катышуучулары
"Дебют" баскычы, Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигине караштуу Биг Бэнд оркестри. 1991-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда Эмил Изаков жетектейт.


Юлдуз Ибрагимова
Болгарияда төрөлүп, 1993-жылдан бери Түркияда турат. Юлдузду Болгар менен Түрк элдери абдан сыйлашат. Эки өлкөнүн элчиси деп коюшат. Ырчылык өнөрдү өздөштүрүүдө академикалык жактан терең билим алып, джаз жаатында улантууда. Диапозону 4 октаваны камтыйт.


"Авесто" тобу
Бул топ Тажик өлкөсүнөн келген. 1994-жылы түптөлүп, азыркыга чейин 6 альбомду жарыкка алып чыгышкан. "Фьюжн", "Этно-джаз", "Джаз рок" багыттарында эмгектенишет. Музыкалык жетекчиси Жасур Халилов (пианино).


Джаз санжырасынан бир үзүм
19-кылымдын башында Жаңы Орлеан (АКШ) жергесине көп улуттун эли көчүп келип, отурукташа баштаган. Анын ичинен басымдуусу кара тору адамдар болгондуктан, жумуштан бош учурунда өздөрүн ээн-эркин сезип, музыканын коштоосунда эс алууну жакшы көрүшчү. Бара-бара бий ыргактары джаздын түптөлүшүнө жана анын өнүгүшүнө жол чапкан. Алгачкылардан болуп Чарльз Бадди Болденди эсептесек болот. Кийин анын ишин уланткандардын катарында труба аспабынын чебери Льюис Армстронг экени айтылат.


Шамарр Аллен жана анын Жаңы Орлеандык балдары
Джаз арстаны, Рэпер, Рокер деген каймана аттарды аттап өткөнүнө көп болду. Өзүнүн фанк-тобунунда трубада келтире ойногону бир тең, ырдаганы бир тең. Джаз музыкасында мындай орошон таланттар чанда кезигет го чиркин! Америка президенти Барак Обаманын алдына чоң программада концерт берген.


Игорь Андрейченко жетектеген Биг Бэнд оркестри
Фестивалга Казакстандын Караганда шаарынан келди. 1994-жылы негизделген. Оркестрдин атагы далай жерге таанылып, далай джаз фестивалдарын багынтканы маалым. Оркестрдин чыгармачылыгына белгилүү орус джазмени Юрий Саулский жакшы баасын берген.


Владимир Борисович Фейертаг
Музыка таануучу, джаз сынчысы, мугалим. Совет джазынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон адамдардын бири. Өткөн кылымдын 60-70-жылдарында джаз концерттерин уюштуруп, аны алып баруучу катары жалпы элге таанылган. Бу жолу да Бишкек фестивалынын алып баруучусу жана сынактын мүчөсү болду.