Сырмаек

Анарбек Ибраев, КР Эл артисти:
"Бир ыр ырдап, Рыспай аганы таңгалдыргам..."

Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, КР Эл артисти Анарбек Ибраев быйыл алтымыш жаш кутман курагын белгилейт. Кырк жыл чыгармачылык-тын чыйыр жолун басып өткөн Анарбек абанын бала чагы, жеке жашоосу тууралуу кеп кылабыз.

- Анарбек ага, быйыл 60 жашка чыгат экенсиз. Мааракеңизге камынып атсаңыз керек?
- Рахмат. Быйыл 60 жашка толдум. Кудай буюрса, күз айында 60 жылдык маараке концертимди берсемби деп турам. Ага чейин бир топ убакыт бар болсо дагы, азыртан жаңы чыгармаларды, өзүм тарбиялап аткан окуучуларымды даярдап атам. Андан сырткары, жубайым Тамара менен жаңы дуэттерди жаздырып аткан кезим. Филармониядан сырткары, Улуттук Консерваторияда, "Кыргыз-Түрк-Манас" университетинде окутуучумун. Мындайча айтканда, эртеден-кечке чейин чыгармачылык менен алекмин.
- "Филармония кичи мекеним" деп айтканыңыз бар?
- Ооба. Филармониянын студиясы, ыйык сахнасы мага буюруптур. Бала кезимде "журналист болом" дечү элем. Бирок, шаарга келгенде ал оюмдан кайттым. Себеби, ал убакта журналистика факултети күчтүү болчу. Ага тапшыруу үчүн жок дегенде автордук ырларың, эки-үч макалаң болуш керек эле. Ачыгын айтканда, ал факультетке тапшыргандан коркком. Анан мен дагы айылдаш балдарга кошулуп, Филармониянын студиясында болуп аткан сынакка жөн гана көрүүчү катары баргам. Ал жактан кумир туткан ырчым Рыспай Абдыкадыровду көрүп, оозум ачылып калды. Бир жагынан ал кишиге жолуккум келсе, экинчи жагынан балдардын туура эмес ырдап атканын көрүп, ичим ачышып турду.
- Ага чейин музыкалык билимиңиз бар беле?
- Мектептен Кадыр деген агайга кошулуп, хорго барчубуз. Кадимкидей квартет, квинтет, трио ырдаар элек. Анан нотаны, үндү ажырата билгендиктен, "мен дагы күчүмдү сынап көрөйүн" деп чечтим. Рыспай аганын жанына акырын басып барып, "Алмашым" деген ырыңызды ырдап берейинби?" десем, сүйүнүп кетти. А кишини теледен көрүп, туурап ырдачу элем. Анан дал өзүндөй кылып "Алмашымды" созуп бердим. Дароо аккордеонун жерге коюп, мени жетекчи Арген Эсенгуловго ээрчитип барды. "Бул баланы алышыбыз керек" деген сунушун айтты. Дирижер Асанкан Жумакматов өңдүү бир топ залкарлардын алдынан өтүп, студияга кабыл алындым. Кумирим менен бирге иштешип калганыма кубанып жүрдүм. Ушунчалык жөнөкөй, пейили кенен жакшы адам болчу. Гастроль менен Ошко барып калганда атайын мейманканага келип, "Анаш тур, чай ичебиз" деп ойготор эле.
- Бала кезиңизде алгачкы угуучуларыңыз койлор болгонун айтып каласыз?
- Балалыгым Ысык-Көл областына караштуу Тепке деген айылда өткөн. Кесүү кезеги биздин үйгө келгенде, дайыма мен барчумун. Себеби, Жардын башына чыгып, болгон үнүм менен кыйкырып ырдаганды жактырчумун. Кой кайтарганга эмес, ырдаганга кызыгып бараар элем. Өйдө жактан "аа-а..." деп кыйкырганда оттоп аткан койлор башын тегиз көтөрсө, "аа, үнүм жакшы чыгыптыр" деп өзүмө баа берчүмүн (күлүп). Эмнегедир ал жактын акустикасы сонун болчу. Азыр ойлосом, ошол жар мен үчүн даяр сахна, ал эми койлор угуучуларым экен.
- Үй оокатын жасап калдыңызбы?
- Ата-энем мектепте мугалим болуп иштечү. Апама жардам болсун деп, эркектин жумушуна караганда үй оокаттарын көп жасачумун. Эжекем билимге кызыккан, окуу дегенде ичкен ашын жерге койгон жан эле. Ал үй жыйнап бүткөндөн кийин барсам, "текшерүүчү Анарбек келатат" деп күлчү. Классташтарым "Анарбектин галстугу бырышпайт" деп макташчу эле. "Жасаганың бирөө үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн" дегендей, кийин студент болгондо үйрөнгөнүмдүн пайдасы тийди.
- Узун боюңуз менен сыймыктанчу белеңиз?
- Тескерисинче, кичинекей боюмдан уялчумун. Анткени, дене-тарбия сабагынан кыздардан кийин турчумун. Кичинекей боюма намыстанып, ыңгайсыздана берчүмүн. Кийин Филармонияга келгенде бой керек болдубу, айтор, бат эле өсүп кетти. Мени тартып балдарымдын бойлору узун. Өзгөчө кичүүсү Канаттын бою эки метрге жакын. Азыр ал баскетбол оюнун өздөштүрүп, Кыргызстандын улуттук курамында ойнойт. Андан улуусу Москвада курулуш тармагында иштесе, кичүү кызым төртүнчү класста окуйт. Мени менен театрга көп баргандыктан, музыка дүйнөсүнө кызыгып аткан кези. Бирок, чыгармачыл чөйрөгө аралашары азыр белгисиз.
- Ашканада да устасызбы?
- Бала кезимдеги колго кесме кескенимди кошсом, андан бери далай эмгек сиңгендей эле болду го (күлүп). Үйдө азыр деле өз колум менен тамак жасаган учурлар көп болот. Балам тамак жасап атса, мен дагы кызыгып, жардамдашып кетем. Күндө иштеген киши эс алуу күндөрү үйдө бош отургандан зеригет. Ал учурда "үйбүлөм үчүн тамак жасап берейин" деп ашканага кирип калам. А негизи жубайым Тамара тамакты даамдуу жасайт.
- Үйдө бийлик сиздеби же?..
- Менде. Бардык ишти мага кеңешип, менин чечимим менен кылышат. Кээде "ой, муну менден сурабай эле өзүңөр чечип койбойсуңарбы?" деп күлөм.
- Жубайыңыздын иштегенине каршы эмессизби?
- Каршылыгым жок. Иштегени өзүнө эле жакшы да. Ал Консерваторияны кеч бүткөндүктөн, мугалимдик кесипке кийин аралашты. Балдардын келечек тагдырын колго алып, мугалимдик кесипти тандоо кыйын эле. Башында көнбөй жүрдү. Эми өзү кызыгып калды окшойт, Филармониянын студиясында жана Консерваторияда сабак берип атат.
- Ичимдикке кандайсыз?
- Чыгармачылык жолдо эл тааныган адам болгондон кийин, алды-артыңды ойлош керек. Негизи эле тиштенген киши жеңип чыгат. Жумушу бар, бирок, "бекер арактан" кутула албай, ден соолугун бузган канча адамдар бар? "Бекер арак" дегеним, эл тааныган адам болгондон кийин барган жерден "алып коюңуз" деп сыйлашат. Ичимдиктин зыянынан башка пайдасы жок деп ойлойм.
- Азыр сиздерде атаандашуу барбы?
- Атаандашуу ар дайым боло берет. Негизи концерттик программаларда күчтүү чыгармаларды, белгилүү ырчыларды "элдер ыраазы болуп кетсин" деген ниетте аягында чыгарат. Кээде жаңы келген ырчыларды аягында чыгарып калса, "эмнеге жаңы келген ырчы концерттин аягында ырдайт экен?" дегендер болот. Эч ким буга таарынбаш керек. Анткени, сахна баарына бирдей, аягында чыгуучу номер эч кимге байланган эмес. Атаандашуунун жакшы жагы, чыгармачыл инсанга изденүү, жаңылануу алып келет. Ал эми жаман жагы - бул гезит беттерине бири-бирин каалагандай каралап атышат. Өзгөчө наам алууга келгенде "мага эл Эл артистин эбак берген, мен наам албай калдым" деп ичкүптү болобуз. Наамды жоюп салса деле жакшы болмок. Далай таланттар ушунун азабынан чет өлкөгө чыгып кетишти. Өкмөттө да туура эмес иштер көп болуп атат. Акыркы учурда такыр эле "хаос" болуп баратат. Эл артисти, Эмгек сиңирген артисти наамдарынын баркы кетип, татыксыздар деле алып калганы факт.
- "Ичкен кудугуңа түкүрбө" дейт. Учурда Филармониянын жетекчилигинин дарегине да ар кандай кептер айтылууда. Сиздин жеке пикириңиз кандай?
- Замирбек экөөбүз Филармонияга чогуу келгенбиз. Ал залкар акындын баласы. Чыгармачылыктын казанында өзү кошо кайнап, анын ысык-суугун жон териси менен сезген адам. Түз сүйлөп, түз жүрөт. Буга чейин ким ырдарын, ким наам аларын, Сталиндей болуп, бир эле киши чеччү. Он жылдап жыйналыш болбой калган. Ага салыштырмалуу бир жылдын ичинде эркин чыгармалар аткарылып, концерттерге чыгуу тең салмактанып калды. Жаштарды тарбиялап, Филармониянын эшигин чоң ачып, пейилди кенен коюп, иштеп аткан кези. Ал эми артисттер жаш баладайбыз. Баарыбыздын көңүлүбүздү алып, кеңешип иш кылуу бир адамга оор эле болсо керек...

Айнура Касымова