Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0421_19.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0421_19.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0421_19.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

ЗНАКОМСТВА

  Темирканат

Кыялдагы учкучтардын турмушунан...

Өткөн саныбызда учактын ичиндеги жылуу атмосфераны камсыздаган стюардессалар жөнүндө жаздык эле. Эми болсо ондогон тонна темир канатты асманга учуруп, дүйнөнүн аркы бетине көз ачып-жумгуча жеткирген учкучтардын таржымалына көз салалы. Булардын өтө жоопкерчиликтүү жана романтикалуу иши туурасында "Кыргызстан" авиакомпаниясынын учкучтары Турар Исмаилов менен Максат Акулов ой бөлүшөт.

Турар Исмаилов, укчуч:
"Жашоомдун 6500 сааты асманда өттү"
-Учкуч үчүн биринчи орунда эмне турат?
-Ден соолук жана чечкиндүүлүк. Бул экөөсүз бир да адам учак башкара албайт. Эгер ден соолугуңда кенедей кемчилик болсо, учууга уруксат берилбейт. Жүрөк, кантамыр оорусу барлар "учкуч болом" деп үмүт кылбай эле коюшу керек. Көздүн көрүүсү жана кулактын угуусу дагы өтө маанилүү.
-Учактын кайсы түрлөрүн башкара аласыз?
-"Ту-154", "Ту -134", "Боинг 737", "Ан-24", "Хокер Бичкрафт King Air 350" аттуу учактарды айдай алам. Бирок, булардын башкаруу системасы бири-биринен аябай эле айырмаланып турат. Ар бирине отурарда атайын даярдыктан өтүшүбүз керек. Экзамен тапшыргандан кийин да тажрыйба алуучу катары 50-75 саат пилот менен учуп, анан гана өз алдынча боло алабыз.
-Самолеттон башка кайсы техниканы башкара аласыз?
-Машина айдайм. Андан тышкары, трактор дагы айдап көргөм. Самолетко салыштармалуу эч кандай кыйынчылыгы жок.
-2008-жылдагы "Боинг 737" учагы кырсыкка учурагандан кийин, кайсы бир уюм "Кыргызстандагы көпчүлүк учактар кара тизмеде" деп айтып чыккан. Учактардын азыркы абалы кандай?
-"Кара тизмеде" дегенге мен кошулбайм. Биздин ар бир учак маал-маалы менен текшерүүдөн өтүп турат.
-Жаңы самолетторду кайдан аласыңар жана эскилери кайда кетет?
- Эски орус самолетторун Батыш учактарына алмаштыралы деп турабыз. Бул максатта жаңы учактарга заказ берип койгонбуз, буюрса, эки жуманын ичинде эки "Боинг" келиши күтүлүүдө. Ал эми эски самолеттор учуу ресурсу бар болсо, аларды чет өлкөлүк кесиптештерге ижарага берип салса болот. Бирок, биз эски самолетторубузду эмне кыларыбызды мен билбейм. Аны жетекчилик чечет.
-Буга чейинки жашооңуздун канча убакыты асманда өттү?
-Уча баштагандан бери 6500 саат асманда жүрдүм. Андан сырткары, жерден да кызмат кылам. Мисалы, компаниянын негизги учкучумун, учуу тартибин мен түзөм.
-Үйбүлөлүүсүзбү?
- Ооба, бир уулдун атасымын.
-Келинчегиңиздин колун суроого кесибиңиздин жардамы тийди беле?
-Тийсе тийгендир. Бирок, эң биринчи таанышкан күндө, андан кийин деле "учкучмун" десем, ишенбей жүрдү. Бир жолу өзүм Ошко учканда жаныма салып ала баргам. Ошондо өз көзү менен көрүп, анан ишенген болчу.
-Учуу сизге эмнеси менен жагат?
-Негизи учкучтардын кесиби романтикалуу эмеспи. Мен өзүмдү өтө сезимтал адаммын деп эсептейм. Анткени, асмандан тоолор, булуттардын түзүлүшү, күн бүркөктөгү чагылгандын кайталангыс сызыктары, иши кылып жаратылыштын бардык көрүнүштөрү башкача көрүнөт. Ошолорду караганды жакшы көрөм. Сүрөткө көп тартып, коллекциялап жүрөм. Жерден алардын баары анча көркүнө чыкпайт, ал эми асмандагы көрүнүш өзүнчө керемет.
-Асманда жаңы жыл тоскон учурлар болду беле?
-31-декабрь күнү учкан күндөрүм болгон, бирок, жаңы жыл тосуп көрө элекмин. Көпчүлүк учурда кезегим майрам күндөргө туш келип калат. Анткен менен ал күндөрү жүргүнчүлөрдүн маанайы өзгөчө жакшы болот. Мага ошонусу жагат.
-Учак сиз үчүн...
-Учак мен үчүн эле эмес, үйбүлөм үчүн да чоң роль ойнойт. Анткени, атам да учкуч. Мен кичинемден эле атамдын формачан келип-кеткенин көрүп, ошондон эргүү алып чоңойгом. Ошол себептүү, учуу мен үчүн жөн гана жумуш эмес, ал жашоомдун өтө маанилүү бөлүгү. Кыскасы, учакты сүйөм.




Максат АКУЛОВ, учкуч:
"Кыздарга "учкучмун"
деп айтпайм..."
-Кыздар менен таанышууга, мамиле курууга кесибиңдин жардамы тиеби? Кантсе да укчучту күн сайын эле кезиктире бербейбиз да...
-Мен кыздар менен таанышканда "учкучмун" деп айтпайм. Анткени, эч кимиси ишенбейт. Жаш көрүнөмбү, айтор, эч кимди ишендире албайм. Кыздар учкучтардын баарын эле "кырктан ашкан мырзалар" деп ойлошот окшойт. Ошол себептүү, таанышкандарга "студентмин" деп калп айтып коем. Бирок, учкучтар кыздарга жагарында шек жок. Өзгөчө совет мезгилинде учкуч дегенде кыздардын башы айланчу дешет. Менимче, азыр деле биз кыздар арасында актуалдуу болсок керек (күлүп).
-Канча жылдан бери учуп жүрөсүң?
-Окуумду бүтүп, иштей баштаганыма үч жыл болду. Бирок, учуу сааттарым араң төрт жүздөн ашты. Азырынча "Ан-24" учагын гана айдап жүрөм. Учкандан тышкары, компанияда экипаж менеджеринин кызматын да аткарам.
-Эң биринчи учкандагы сезимдер...
-Жашоомдогу эң кызыктуу күндөр ошолор болгон. Бир чети толкунданып, экинчи жагынан коркуп. Ашыкча кыймыл кылгандан өлө сестенчүмүн, "бирдемесин басып ийсем токтоп калабы?" деп. А азыр көнүмүш нерсе болуп калды.
-Учакты башкарууда эреже бузууга жол бербесеңер керек...
-Албетте, берилбейт. Машинаныкына караганда учак айдоонун жоопкерчилиги күчтүү. Асманда МАИ кызматкерлери болбогону менен кутуруп, тартип буза албайсың. Арты өкүнүчтүү болуп калышы ыктымал.
-Абадагы учакта техникалык тоскоолдуктар болсо, оңдой аласыңбы?
-Негизи ал атайын мастердин иши да. Бирок, жагдай ошондой болуп калса, оңдошубуз керек.
-Учкучтун жашоосунда кайсы терс адатка таптакыр орун жок?
-Учкуч үчүн биринчи орунда ден соолук турат. Ошол себептүү, ага терс таасирин тийгизе турган бардык адаттардан колдон келишинче эртерек кутулуу зарыл.

Бегимай БАКАШЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




а ­е¦Є.НҐй«