Учур маек

Мирослав НИЯЗОВ, коомдук ишмер:
"Парламенттик башкаруу элибиздин түбүнө жетет"
- Мирослав мырза, саясый кырдаалдын күндөн-күнгө курчуп баратышынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Менимче, Кыргызстан даяр эмес системаны кабыл алганынан саясат курчуп, пикир келишпестиктер башталды. Бүгүнкү күндө аны ишке ашырган авторлорунун да көңүлү калып жатса керек. Эгер мамлекетибизди өнүктүрөбүз десек, анда губернатор, мэр, аким, айыл өкмөттөрдү борбордогу бийлик эмес, жергиликтүү эл өзү шайлап алышына шарт түзүп беришибиз шарт. Алысты көрө билген адамдарды жергиликтүү бийликке шайлап алсак, оор жүктү жергиликтүү бийлик деле көтөрөт эле. Кыйын кырдаалдан тезирээк чыгат элек. Ошондой эле парламентти 100 пайыз партиялык тизме менен келтирбей, тең жарымын бир мандаттуу, тең жарымын партиялык тизме менен шайлана турган кылышыбыз зарыл.
- Бийликке келген партиялар боюнча оюңуз кандай?
- Бүгүнкү күндө бийликтин жүгүн көтөрүп кеткенге даяр бир да партия жок. Баары чийки. Билимдери, тажрыйбалары аз. Көп партиялар тууганчылык, жердешчилик менен уюшулган. Байкаган кишиге бийликке, байлыкка кызыккан адамдар партияларына бай адамдарды кошуп алышкан. Булардын баарында жандүйнөлөрү сугарыла турган идеологиясы, принциптери жок. Ошон үчүн биздин депутаттар эмоцияга алдырып, парламенттин төрүндө мушташып жатпайбы...
"Биздин партиянын мынча миң мүчөсү бар" деп мактанышканы менен 80 пайыз элибиздин партия менен иши жок. Мыктысынган партиялардын баары эле мага мурунку пионердик уюмдай эле сезиле берет. Ошондуктан, коалиция туруктуу болбой, аткаруу бийлиги өзүн ыңгайсыз сезип, берген убадаларын аткара албай жатат. Эл кимге ишенерин билбей калды.
- Партия демекчи, "Эл арманы" партиясынан чыгып, "Бүтүн Кыргызстан" партиясына эмне максат менен кошулдуңуз эле?
- 2010-жылдагы кабыл алынган Конституция кайсы бир партияга кошулууга мажбур кылып салбадыбы. Айтайын дегеним, "Эл арманы" партиясы жаңы түзүлгөндүктөн, анан күндө бир декрет чыга берип, шайлоого катышууга уруксат бербей койсо кантебиз (!) деп, "Бүтүн Кыргызстанга" кошулууга аргасыз болгом.
-"Бүтүн Кыргызстан" партиясына кирип, кадырыңызды жоготуп алган жоксузбу?
- Адам баласы бул жашоодо сөзсүз жыгылат, мүдүрүлөт, адашат. Бирок, ага моюн сунбай, мүдүрүлсө да, жыгылса да туруп кетиши керек.
- Президенттик шайлоого катышасызбы?
- Кудай буюрса. Системаны алмаштырбаса болбой калды. Парламенттик башкаруу менен Кыргызстанды таптакыр тыптыйпыл кылып жоготуп алабызбы деп кооптоном. Андыктан, кыргыз элине президенттик башкаруудан өтөрү жок окшойт.
- Президенттик шайлоого катышам дегендер көбөйдү. Шайлоо кандай өтөт деп ойлойсуз?
- Президенттик шайлоо компроматтардын "согушу" болот. Бирок, ыплас иштерге аралашкандардын эртеби-кечпи жүзү ачылат.
- Бийлик башчыларынын кылган иши купулуңузга толуп жатабы?
- Азыр өкмөттүн ишин алып кетүүнүн өзү оор болуп жатат. Өкмөт да, парламент да тупикке такалып, кырдаалдан чыгуунун жолун таппай жатат. Кимди күнөөлөрүн билбей жатышат. Кыргызстанда кооптуу жагдай жаралса эле "Америка же Россия уюштурду. Кыргызстанды жок кылууга аракет жасап жатат" деген дооматтарды коюп, ызы-чуу түшүп жатабыз. Чынында алар эмес, мамлекетибизди өз колубуз менен талкалоодобуз. Бардык нерсе акылсыздыгыбыздан жаралып жатат. Кыргызстанды жакырчылыкка адамдар алып барган. Аны адам гана оңдойт. Мыкты мыйзам болгону менен ага адамдын акылы жетпесе, андан эч кандай майнап чыкпайт. Мыйзам же система эмес, адамдар өзүбүз күнөөлүүбүз. Бүгүнкү күндө кыргызга кыргыз душман болуп калды.
- Кадр маселесинен аксап келебиз. Кокус коопсуздук кеңешин сизге сунушташса, макул болосузбу?
- Мага Курманбек Бакиевдин учурунда дагы, Убактылуу Өкмөттүн убагында дагы бул кызмат сунушталганда баш тартып койгом. Анткени, өлкөдөн да жеке кызыкчылыктарын жогору коюп жаткандарын көрүп, нааразы болгом. А чынында Кыргызстан мамлекетти биринчи орунга кое турган адистерге муктаж.
- Бул орунга татыктуу адамдар келдиби?
- 20 жылдан бери УКМКга бир дагы профессионал жетекчи келген жок. Аны бажычы, мугалим, милиция, окумуштуулар жетектеди. Ушундан улам УКМКнын кадыры түштү.
- Жаңы баш прокурор шайланды, ал эми ИИМге КСДП депутаты Курсан Асанов орун басар болуп барды. Бат-бат кадр алмашуунун максаты эмне деп ойлойсуз?
- Мындай аракеттерди президенттик шайлоого алдын ала даярдык, кам көрүү деп ойлойм. Азыркы бийликтегилер өз адамдарын алып барып, административдик ресурсту пайдаланабыз деген ниетте.
- Ички иштер министрлигин жетектегендерге генералдык чинди берүү адатка айланып баратат. Мындай көрүнүш генералдардын кадырын кетирип койбойбу?
- Наам берүү жагынан Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча 1-орунду алса керек. Татыктуу генерал, окумуштуу, академиктердин кадырын кетирбей, ыгы жок наам бергенди токтотушубуз керек. Мындай мамилени мен жеңил ойлуулук менен аброй топтоо деп гана түшүнөм. Бардык нерсе чеги менен болсо жакшы болот эле. Мактай берип, эмне деген адамдарды жолдон чыгарып ийдик...
- Саясатта сатып кеткен досторуңуз болду беле?
- Кандай кыйын кырдаалга тушукпайын, күнөөнү бирөөдөн эмес, өзүмдөн издейм.
- Ош окуясы боюнча да баа берилди. Бирок, ушул коогалаңды баяндаган "Чөөлөрдүн сааты" аттуу 24 барактан турган китепче, видеосу менен чыгыптыр. Автору жок. Андыктан аны кимдер чыгарып, таратты деп ойлойсуз?
- Кыргызстандын алсыздыгын көрүп, мамлекеттик түзүлүш боюнча кадрлардын тажрыйбасы жоктугун билип, "биротоло жок кылып салсак" деген күчтөр жасап жатат. Бирок, мен ал күчтөрдү күнөөлөй албайм. Анын сыңарындай, Ош окуясына дагы башка мамлекеттер күнөөлүү эмес. Ал дагы өзүбүздүн акылсыздыгыбыздан болду.

Маектешкен
Астра ЖАПАРКУЛОВА




  Сырты эле жалтырайт...

Доочусу көп "Залкардын" кимге кереги бар?

Банкротко учураган "Азия Универсал Банкынын" базасында түзүлгөн "Залкар" банкты Россиянын мамлекеттик банктарынын бири "Сбербанк" сатып алышы мүмкүн. Бул тууралуу өткөн аптада парламентте Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Бирок, Улуттук Банктын (УБ) жетекчилиги Өмүрбек Бабанов жана УБ жетекчисинин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул катышкан "Залкар" банктын ачылыш аземи орустарды таптакыр таасирлентпегенин айткан жок. Дегеле, УБнын мыйзамсыз иш-аракеттери кыжылдаган жаңы банкты сатуу аракети өзүн-өзү акташы арсар. Сүйөркул мырза "Залкар" банкты кантип жарнамалаганын төмөндө айтып беребиз.

Эсиңиздерде болсо, "АУБ" банкрот болгондон кийин УБ аны "жакшы" жана "жаман" деп эки банкка бөлгөн. Бөлүшү го бөлдү. Бирок, орустар айтмакчы, "косо и криво" болуп, андан эч нерсе чыккан жок. Балким Б.Жээнбаева УБнын жетекчиси болбой калаттыр, бирок, жаңы жетекчи анын аралаштырып кеткен буламыгына кептелери турган иш. АУБдун балансын ачык-айкын эмес, жадакалса, мыйзамдан тыш бөлүп тынышты. Буга далилдер күн санап калкып чыгууда.
Жаңы банк эч кандай бекитилген балансы жок эле ишке киришти. Бул өлкөнүн мыйзамына туура келбейт. Ошого карабастан "Залкарга" Соцфонддун алдында 1,5 миллиард сомдук, Өнүктүрүү фондунун алдында 880 миллион сомго жакын милдеттеме коюп коюшту. Жаңы банк бул уюмдардын алдында жооп бербей турганына карабай. Өткөн жылдагы Улуттук Банктын катасы - анын көрсөтмөсү менен мамлекеттик акчаларды апрелден кийин АУБда калтырып койгону болду. Жээнбаева мындай жаңылыштыкты аңдап түшүнөрү менен мамлекет акчалары 2010-жылдын апрелине чейин эле чыгарылып кеткенин айта баштады. А чынында ал акчалар АУБда эле болгонун кабарлашкан. Анын УБдагы корреспонденттик эсебинде мамлекеттик баалуу кагаз түрүндө да сакталган.
Эми УБ кайдан-жайдан бир кейбирдин чыгуусун, ал жаңы банкты сатып алып, Соцфонд менен Өнүктүрүү фондунун акчасын төлөшүн каалап атат. Эмне сатып алган киши УБ жетекчилигинин шалаакылыгы үчүн жооп бериши керекпи? Акылы бар инвестор ушуга барабы? Анын үстүнө "Залкарды" алам дегендер АУБдун балансын эт бөлгөндөй бөлүшкөнүн, натыйжада, мурунку кардарлар кандайдыр бир талаптарды коерун жакшы билишет. 2010-жылдын апрелинде ордунда турган акчаны УБ кайда житиргенин сурарын, а тургай соттошууга да даяр экендиктерин билишет. А "Залкарды" сатып алган адам буга башын оорутушу керекпи? Эмне үчүн ал УБ жетекчилигинин ишинин кемчиликтери үчүн жооп бериши керек? Анткени, мунун баарынын башында Бактыгүл Жээнбаева (Роза Отунбаеванын курбусу) жана анын орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул (Азимбек Бекназаровдун тууганы) турушпады беле?..
Жыл аягына чейин "Залкар" Улуттук Банктын бардык нормативдерин аткарып башташы керек. Мыйзам боюнча жаңы банк бир жыл убакыт ичинде нормативдерди аткарбай койсо болот. А аларды аткарып баштоо үчүн жүздөгөн миллион акчалар талап кылынат. А эгер инвестор ири акча салбаса, анда "Залкарды" да банкрот деп табышабы? Бирок, инвестор Улуттук Банктын АУБду банкрот кылып, эки колун мурдуна тыгуу менен отуруп алгандагы аракеттерин көрүп, кантип миллиондорду "Залкарга" салсын?
Абдыбалы тегин Сүйөркул азыр ар жерге барып, "Залкардын" ачылыш аземин өткөрүп жүрөт. Бир кемпай чыгып, аталган банкты сатып алышы үчүн. Аны банк дегенге да болбойт. Филиалдары бар бир күрөөкана десе жарашат.
Аз мурда Россияга болгон сапарында күн тартибине "Россия үчүн КР банк секторунун жагымдуулугу жана инвестициялоого шарттары" тууралуу маселе коюлган. Бирок, ал жакта "Залкар" тууралуу сөз болгон эмес. Жолугушууга Россиянын Борбордук банкынын кызматкерлери катышкан. "Сбербанктын" өкүлдөрү болгон эмес. Россиялык банкирлер Сүйөркул эмне үчүн алгач "Залкар" тууралуу айтып атканын таптакыр түшүнбөй калышты. Албетте, алар былыктарды билишет деңизчи, бирок, моюнга көп көйгөйдү иле берген да болбойт. Дегеле, Борбордук банк башка коммерциялык банктарга бир нерсе деп көрсөтмө бере албайт. Бул анын милдети эмес. Коммбанктар мындайды өздөрү чечишет. Андыктан "Залкардын" ачылыш аземи оңунан чыкпай калды десе болот. Бирок, Б.Жээнбаева кантип болсо да актаныш үчүн депутаттардын башын айландырууда.
Эмне үчүн УБ жетекчилигиндеги иш билбеген жетекчилер профессионалдуу банкирлердин жана инвесторлордун кулагына кесме илүүгө далалаттанууда? Бул бери эле дегенде өлкөнүн аброюна шек келтирет. Мына, өлкөнү өнүктүрө турган инвесторлор Кыргызстанга келбей атканынын дагы бир далили.

Бекбол АЙдаров