Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0421_8_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0421_8_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0421_8_9.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

ЗНАКОМСТВА

  Караңгыдагы жарык...

"Киллер" атка конгон Эркиндин бейнеси

Кезегинде Аскар Акаевдин, кийин Алмаз Атамбаевдин жансакчысы болгон Эркин Мамбеталиевди ким билбейт? Бу жигит Чыныбек Алиевди, Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Айрым кызыкдар күчтөр тарабынан Эркин өзгөчө коркунучтуу кылмышкер, көзгө атар киллер сыяктуу терс жарлыктарга ээ болгон. Бирок, чындык чыркыраса да, акыры адилеттикке баа берүү орун алып, Э.Мамбеталиевдин жактоочусу өз жеңишине жетет. Эркинди түрмөнүн жертөлөөсүнөн сууруп чыгып. Мына ушул чиеленген окуя, жалаалардын негизи кандайча өнүккөнүнө төмөнтөн күбө болосуздар. Ал эми дагы бир кызык жагдай, соңку убактарда "Эркин 500 спортсменди чогултуп, машыктырып атат. Жакында Байболовду өлтүрөт экен!" деген имиш кептер курчуган. Ушул боюнча Эркин мырзага кайрылсак, ал аргасыздан жылмайды. Баш чайкап... Ушул кезде Э.Мамбеталиевдин намазга берилгени, Кудай жолунда эл катары жашап атканы айкын болду. Ал башынан өткөргөн жамандыкты душманына, керек болсо жыланга да каалабасын айтты. Бул боюнча эмки сандарыбызда кененирээк жазмакчыбыз. А азыр болсо, төмөндөгү макалага көңүл бура туруңуздар...

Эки эпизоддо "өнүккөн" чиеленген иш
Эркин Мамбеталиевге карата айыптоонун эки эпизоду болгон. Биринчиси: "ИИМдин полковниги Чыныбек Алиевди өлтүрдү" делгени, ошондой эле "капыстан өтүп бараткан Савельев жаракат алганы" боюнча, экинчиси болсо, "Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди атып кетүү" жарлыгы илинген. Ага катар "анын айдоочусу Бегалы Айтматовдун өмүрүнө коркунуч туудурган" деген айып да кошумчаланган. Бирок, буларга каршы канчалаган объективдүү далилдердин негизине көңүл бурбастан, жогортон берилген буйрук менен бул төрт күнөөнү тең Мамбеталиевдин моюнуна илип туруп, өмүр бою абакта отурганга аргасыз кылышкан. "Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" дегендей. Мындай аргасыз көрүнүштөн соң, Эркинди куткаруу боюнча дагы да кошумча далилдер карала баштаган.

Чындыкты издөө менен президентке үмүт артып...
Ал аңгыча 2009-жылдын президенттик шайлоосу кирип келип, "балким саясый күрөш астында президент ырайымдуулук кылабы (?) деген үмүт да пайда болот. Анткени, шайлана турган президент өзүнө упай топтоо үчүн көптөгөн иштерди жасайт эмеспи, мисалы, амнистия, же чатак, татаал жагдайларды кайра карап чыгуусуна макулдук берүү дегендей. Бирок, мунун баарынан үмүттөр таш каап, чындыкты издөө иши өкүнүч боюнча кала берген.
Ошондон кийин Э.Мамбеталиевдин тарапкерлери тарабынан Ысык-Көлдүн 5 миңге жакын элинен кол чогултулуп, аксакалдар баш, райондук кеңештин депутаттары төш болуп, агездеги Башкы прокурорго кайрылышкан. Бул 2009-жылдын соңу болчу. Ошентип, кирбеген эшик, жазылбаган кагаз калбаптыр.

Натыйжасыз алгачкы күбөлөр, изденүү чыйыры
Кийин Жогорку Соттун токтому чыкса да, иштин кайра каралуу мүмкүнчүлүгү болбоду. Бу кезде Мамбеталиевдин жактоочусу Токтогул Абдыев менен туугандары тыгыз байланышта болуп, изденүүнүн негизинде мурунку сотто каралбаган көптөгөн күбөлөрдү табышат. Алар укмуштуудай чындыктарды айтып беришкени менен, тилекке каршы, сотко ачык келип, күбө болгондон баш тартышкан. Кээ бири өз башын ойлосо, айрымдары үйбүлөсүнүн, туугандарынын коопсуздугунан коркушуп, кыскасы, сотко келүүгө жолдору буулат.
Бир сапар жактоочу Т.Абдыев башка иштери менен Таласта жүрүп, дагы бир соттук процесстен соң, жабырлануучу тараптын туугандары менен сүйлөшүп калат. Тигилер кызыгып, адвокаттан "дагы кандай иштериңиз бар?" деп сурайт. Ошондо Токтогул: "беш-алты иштин ичинде Мамбеталиевдин иши да менде, ал боюнча мага Сурабалдиевдин айдоочусу Бегалы Айтматов керек эле, ушул Кызыл-Адырдан экен, ошол жигитти таба албай жүрөм" дейт. Дагы жөн-салды сөздөр айтылып дегендей...

Агынан жарылган Сурабалдиевдин айдоочусу
Ошентип, Т.Абдыев Бишкекке келгенден кийин, эки-үч күндөн соң, Таласта сүйлөшкөн кишилердин бири Сурабалдиевдин айдоочусу Бегалы Айтматовду ээрчитип келсе болобу? Көктөн издегени жерден табылгандай болуп, жактоочу анан: "Сурабалдиевдин өлүмү боюнча айтчы? Мамбеталиевдин күнөөсү чынбы?" дейт. Күтүүсүздөн Бегалы буркан-шаркан болуп, андан аркы баарлашуу үзгүлтүккө учурайт.
Бу көрүнүштөн соң, Токтогул Абдыев бушайманга батып, "Мамбеталиевдин ишин карап атканымда күнөөсү жок экенине ынанган элем, эми айдоочунун албууттанган маанайы күмөн жаратабы?" деген санаада калат. Ойго баткан жактоочу шектене да баштайт, "Эркин мени менен акырына чейин ачык болгон эмес турбайбы?.." деп. Кыскасы, айдоочу Айтматов менен ошол жолугушуу эч кимге айтылбайт. Бул өткөн жылдын кыш мезгили эле...
"Ак ийилет, бирок, сынбайт" демекчи, бир күнү Токтогул мырза үйүндө отурса, баягы Сурабалдиевдин айдоочусу Бегалы күтүүсүздөн келип калат. Экөө ал-жай сурашып, таңгалган жактоочу: "эмне болду, жайчылыкпы деги?" дейт. Бегалы болсо, "байке, мени уятым уктатпай атат. Сурабалдиевдин өлүмүнө Эркиндин тиешеси жок, аны башкалар аткан. Өткөндө сиз менен жолугуп кеткенден кийин, жаман болдум, уктай албай калдым, чындыкты айтайын сизге!" деп агынан жарылат.

Жалган көрсөтмө, сары санаа күндөр...
Ошентип, экөө кайрадан сүйлөшкөндөн соң, көп нерсенин бети ачылат. Көрсө, иштин чоо-жайы мындайча болуптур. Сурабалдиевди атып кеткенден кийин, жанындагы бу айдоочу жигит оор жаракат алып, жарым жылча дарыланат. Анан кызыктын баары башталып отурбайбы. Бегалыдан сурак алганы УКМКга чакыртышат. Келсе, Рысбек Акматбаев менен бирге жакындарынын бардыгынын сүрөттөрүн көрсөтүшөт, айдоочу эч кимисин тааныбайт. Балким, ошол учурда сүрөттөрдүн арасында анык киллердин сүрөтү болбосо керек, ким билет? Кызыгы, булардын ичинде Эркиндин да сүрөтү бар болот. Бегалы аны да тааныбайт. Акырында Бегалы эч кимиси Сурабалдиевди өлтүргөндө катышпаганын айтат...
Ал арада Сурабалдиевдин каза болгонуна бир жарым жыл өтүп, Бегалы Айтматовду кайрадан суракка чакырышат. Бул кезде Мамбеталиев абакта эле. Анан суракка келген Бегалыны тергөөчүлөр коркута башташат: "Сурабалдиевди аткан Мамбеталиев" деп айтасың, бул азыр камакта, коркпо, биз аны чыгарбайбыз. Сен аны такыр көрбөйсүң. Эгерде биздин сөздү сүйлөбөчү болсоң, сенин өзүңдү камайбыз да, ит абийириңди төгөбүз, уктуңбу? Эй, үйбүлөңдү ойлосоң?! Бизде дагы бир вариант бар, такыр эле сөзгө көнбөсөң, анда Мамбеталиевди бошотобуз да, "сени көрсөтмө берип атат" деп айтып коебуз. Ошондо эле Мамбеталиев чыгаары менен сени биринчи жок кылат!" деп, туш тарабынан кысымга алышат. Акыры тергөөчүлөр "Мамбеталиевге каршы көрсөтмө сага гана идеалдуу, сен ага күнөөнү оодарсаң, биз аны өмүр бою абактан чыккыс кылып тыгабыз. Сен болсо тынч өмүр сүрө бересиң" дешет. Сөз аны менен бүтпөптүр көрсө...
Суракка Бегалыны бир нече жолу чакыртышат, анан айласы кеткенде Жукеев деген тергөөчүнүн даярдап койгон кагаздарына кол коюп берет. Ага таануу протоколун көрсөтүп кол койдурушат, анан сурактын протоколуна кол койдурушат да, Мамбеталиевдин сүрөтүн көрсөтүшөт. Бардыгы бүткөндөн кийин: "бар эми, тынч жашай бер" деп чыгарып жиберишет. Аргасы түгөнгөн бечара айдоочу дендароо акыбалда калып, чайналма күндөрдү баштан кечире баштайт...
Бирок, сары санаада калган Бегалы бир күнү баягы тергөөчүгө өзү келет да, "мен баягы көрсөтмөлөрдү жазган эмесмин, кол койгонуман баш тартам" деп арыз жазат. Дагы бир апта өткөндөн соң, Бегалы кайра тергөөчү Жукеевге барып, "менин жазган арызым кайда?" деп сурайт. Жукеев кайпактап, калп эле кагаздарды карамыш болуп, "жоголуп кетиптир, кайра жазып койчу" демиш болот. Ошентип, Б.Айтматов шефи Сурабалдиевди өлтүрүү боюнча Мамбеталиевдин күнөөсү жоктугун тастыктап, экинчи ирет арызын жазат. Кызыгы, кийин Мамбеталиевдин ишин караганда ал арыз иштин тергөөсүнө алынбаптыр...
Анан 2008-жылы процесс башталганда, Бегалыны кайра чакыртып, кайрадан коркутуп-үркүтүү башталат...

Ишти кайра кароого "Бакиевдин аппараты" уруксат берген
Караңгыдан жарыктын нуру түшкөн сымал, ошол күндөрдөн тарта жактоочу Т.Абдыев бир канча жаңы далилдерди чогултуп, иштин тереңине сүңгүп кире баштайт. Дагы бир кызык жагдай, ИИМдин ГУУРдагы бир кызматкери Чыныбек Алиевдин өлүмү тууралуу документтер ачык эле фальсификация болгондугун, Мамбеталиев "садагага чабылгандай" түрмөгө кеткенин адвокатына айтып берет. Бул жагы да эске алынып, бирок, Эркиндин өмүр бою абакка отурууга берилген өкүмү депутат Жыргалбек Сурабалдиев үчүн болгондуктан, көбүрөөк ошол иш тууралуу материал чогултула башталат. Акыры башкы прокурор Нурлан Турсункуловго кайрылышып, жаңы далилдердин негизинде кайрадан тергөө ишин жүргүзүүгө уруксат сурашып, президентке, акыйкатчыга да кайрылышат. Аягында күнүгө Акүй, Көкүйдүн эшигин жыртып, адвокат далилдерди бетке кармап, "ой, Мамбеталиевдин күнөөсү жок, мынакей далилдер" деп атып, акыры бул ишти объективдүү изилдеп чыгууга макулдук алат. Бул учур 2010-жылдын март айы эле. Чындыгын айтканда, "Бакиевдин аппараты" жактоочуга официалдуу түрдө кат жөнөтөт.

Адвокаттын жылдап чогулткан эмгегин Кудай сактаптыр!
Ошентип, Башкы прокуратура Мамбеталиевдин ишин издей баштайт, агезде иш Жогорку Сотто болуп чыгат. Кызыгы, 5-апрелде Башкы прокуратурага ишти алып кетишмек экен, бирок, прокуратуранын жооптуу кызматкери убагында карала турган ишти алып келбегени пайдага чечилиптир. Эгерде 5-апрелде Жогорку Соттон Мамбеталиевдин тергөөсү Башкы прокуратурага өткөндө, анда 7-апрелдеги революциянын шарданы менен баары күйүп кетмек. Буга чейин билесиңер, Башкы прокуратуранын күлү көккө сапырылып, далай кагаздар күйүп кеткенин. Ошондо адвокаттын жылдап чогулткан эмгегин Кудай сактаптыр, болбосо, бүгүн да Эркин түрмөнүн түпкүрүндө, жертөлөөдө жатмак да...

Эркиндин абактан чыгышына Атамбаевдин тиешеси жок
Кызыгы, өткөн жылы Эркин Мамбеталиев абактан бошоп чыккандан кийин, "Атамбаев революциянын шарданы менен мурунку жан сакчысын бошотуп алды" деген кептер коомчулукка тараган. Бирок, мындай сөздөргө адвокат Токтогул Абдыев караманча каршы болуп, "менин канча жыл чогулткан эмгегимди Атамбаевге оодара салышканы кандай? Ошол Атамбаев Эркинге эмне жардам бергенин менин бетиме айта алабы? Мен Мамбеталиевдин туугандары менен кошо 5 миң элдин колун чогултуп, таманым тешилгенче элди кыдырып, далил издеп жүргөндө, ошол Атамбаев кайда жүрдү эле? Ал оппозицияда кайнап, өзүнүн айласын таппай жүргөнү чын да! Деги буга чейин Мамбеталиевди ойлогон бир жан болдубу? Мамбеталиев -- "желмогуз", "жаналгыч", "киллер" атка конгондо бирөөсү жылуу сөз айтып койду беле?" деген оюн айтып, каңырыгын түтөткөн жайы бар. Ток этери, Алмаз Шаршенович саясаттын кумары менен жүрүп, түрмөдө жаткан бир кездеги жансакчысын унутуп койгонуна таңгалганбыз...

Коноев, Акматбаев жана Мамбеталиевге сатылган БМВ автоунаасы
Эскерте кетчү жагдай, Эркин энеси жагынан коноевдер менен тууган болгону, ал эми коноевдер Рысбектин да тууганы болуп чыкканынан шектенүүлөр жаралган болчу... А болбосо Эркин Мамбеталиев төрт баланын атасы, жакшынакай дарыгер жубайы бар, үлгүлүү үйбүлө эле да. Ал өлкө президентинин өмүрү үчүн, мекенинин тынчтыгы үчүн жеке өмүрүн аябаган жигит болгон. Анан кантип аны уюшкан кылмыштуу топко жармаштырышты?
Биринчиден, ГУУРдун кызматкери, милициянын полковниги Жумагулов менен Мамбеталиев Египетте атайын аскердик даярдыктан өтүшкөн. Мындан тышкары, азыр салык кызматында иштеген Эркин Сопоков, Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовдор болуп, төртөө тең бир убакта Каирде окушкан. Булар тышта жүрүп дос болушуп, кийин үйбүлөлөрү менен катышып калышкан. Баса, Мамбеталиевдин Коноев, Акматбаевдер менен саламы эле түз болбосо, тескери иштерге барганы жөнүндө кабарыбыз жок. Дал ушул жерден эскерте кетчү жагдай, Коноев бир учурда Мамбеталиевден карызга акча сурап алат. Ичинде кири жок Эркин акча берет да, кийин анысын кайтара албай чайналып, балээнин баары ошондон башталып атпайбы. Ошентип, Мамбеталиев акчасын алуу үчүн Коноевди кыса баштайт, ал болсо "акчалай бере албай жатам, машинемди берип кутулайынчы?" дейт. Эч жамандык ойлобогон Мамбеталиев машинасын алып калат, анысы БМB үлгүсүндөгү автоунаа эле. Кызыгы, кийин белгилүү болгондой, Коноевдин карызын бере турган акчасы деле бар экен, ал машинаны милицияларга да берүүгө убада кылынганы түштөн кийин билинип атпайбы? Таңгалычтуусу, ошол машинаны "Алиевди өлтүргөндө колдонулган" деп чыгышты. А Алиевдин өлүмү боюнча эң негизги күбө катары суралган Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Панфилов: "ак "Мерседестен" ок атылган" деп айткан. Ошол эле убакта бардык постторго ак "Мерседести" кармоо тууралуу "ориентировка" түшкөн экен. Аргасыздан баш чайкайсың, бара-бара ак "Мерседес" тергөө кызматкерлеринин жардамы менен БВМга айланып отурат...
Дагы бир ГУУРдун кызматкеринин күбө катары көптөгөн көрсөтмөлөрүнүн негизине токтолсок, Биринчи май сотунда Мамбеталиевден көп күнөөлөр алынып салынган. Бул сыр деле эмес. Ар бир үчүнчү милиция кызматкери бул жөнүндө билишет. Дал ушул изкубар кызыктуу фактыларды айтты, мисалы, БМВны тапканда биринчи протокол түзүлөт. Эксперттердин айтымында, аталган машинада октун жыты менен гильзанын күйүктөрү такыр болбоптур. Качан гана БМВ Бишкек ШИИБисинин короосуна алынгандан соң, эксперттердин экинчи жолку түзгөн протоколунан кийин, машинада октун жыты, гильзанын күйүктөрү жазылып алынган. А бирок, ошол эле эксперттердин жазуусу боюнча алсак, "автомашинанын эшиктери ачык, печаттардын бардыгы айрылганы" да белгиленип, даана көрсөтүлгөнү факт. Көрсө, жогорудагы "насечкаларды" милиция кызматкерлери өздөрү жасап коюшканын жактоочу Т.Абдыев кийин билип атпайбы...

Ч.Алиев менен Т.Абдыев жакын адамдар болгон
Убакыт өтө берет. Соттор улам алмашат, үчүнчү болуп Гүлзар Суталинова процессти алпармай болот. Бирок, ал "этикалык жактан мен бул ишти карасам туура болбой калат" деп баш тартат. Бул чечимди адвокат да колдойт. Себеби, Г.Суталинованын агасы менен Ч.Алиевдин ортосунда жакшы мамиле болгон. Чындыгында, бул сот айым туура кадам жасаптыр. Ошентип, сот кайра карала турган болду. Мамбеталиевдин ишинин кайра каралып жаткандыгына жактоочу менен гана көлдүк жердештеринин салымы болгон.
Эркиндин жактоочусу Абдыев полковник Алиевди жакындан таанычу, экөө бири-бирин сыйлашчу. Алгач Токтогул мырза бул ишке кийлигишкен эмес, анан профессионалдык "любопытство" дейт го, мына ушунун аркасынан ушу күнгө чейин ишке сүңгүп кирип отурбайбы? Токтогул мырзанын дайым айтып жүргөн сөзү бар: "адам күнөөлүү болсо, жазасын алсын, а күнөөсү жок болсо, азаттыкка чыксын!" деген. Биринчиден, дал ушул чиеленген ишти караган жактоочуга (Алиевдин өлүмү боюнча) негизги күбө өзү келген. Экинчиден, прокуратуранын жооптуу кишиси былтыркы 5-апрелде иш кагаздарды Жогорку Соттон кокусунан Башкы прокуратурага алуусу кечиктирилгени пайдага чечилген.

(Уландысы бар)

Даярдаган Албан УЛАН




Ким дейсиз?
VIP-эрен
Аты-жөнү: Эркин Мамбеталиев
Туулган жылы: 1968-жыл, 5-сентябрь
Кичи мекени: Ысык-Көл облусу, Тамчы айылы
Үйбүлөсү: Көп балалуу үйдө жарык дүйнөгө келген. Өзүнүн 4 баласы бар (1 кыз, 3 эркек). Жубайы дарыгер болуп эмгектенет.
Билими: 1985-жылы Чоң-Сары-Ой айылындагы орто мектепти бүткөн. Ушул эле жылы Тамбовдогу М.Росковой атындагы аскердик окуу жайга тапшырып, 1988-жылы стратегиялык маанидеги учкуч деген диплом алган. 1988-1991-жж. Фрунзедеги автожол техникумунда окуп, автоунаа оңдогуч кесибинин ээси болгон. 1999-2004-жылдар аралыгында КУУнун юридикалык факультетинде окуган.
Эмгек жолу: 1990-жылкы Ош окуясын жөнгө салууга катышкан. 1991-1997-жж. ИИМге караштуу ОМОНго (өзгөчө маанидеги милиция отряды) ишке кирген.
1996-1999-жж. Президент Аскар Акаевдин жеке күзөт кызматынын начальниги;
1999-2004-жж. Өндүрүштүк "Форум" тобунун күзөт кызматынын начальниги;
Сыйлыктары: 1993-жылы ИИМ жетекчилиги тарабынан ак кызмат өтөгөнү үчүн 1 бөлмөлүү квартира менен сыйланган. Андан тышкары, ИИМ жана Күзөт кызматы тарабынан көптөгөн сыйлык, грамота, дипломдорду алган.
Артыкчылыгы: 1994-жылы Бириккен Араб Эмиратында терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын даярдыктан өткөн. Ошол кезде Эркин Мамбеталиев менен чогуу даярдыктан кесиптештеринин көбү азыр УКМК, ИИМ кызматкерлери. Кол уруш (рукопашный бой) боюнча спорттун чебери.







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"




а ­е¦Є.НҐй«