Маанайлаш...

Мирлан Муратов, режиссер:
"Биздин көрүүчүлөр ырчылар менен кафеге барышат"

Төрт айдан бери НБТ биринчи шаардык каналындагы "Музканал" теле долбоору белгилүү адамдардын алпаруучулук жөндөмүн көрсөтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап келет. Бу жолу түз эфирде алгачкы ирээт алпаруучу болгон өнөктөш ырчылар Кенже Дүйшеева менен Замир Мырзага кызыктуу суроолорду узатып, башкы режиссер Мирлан Муратовду маекке тарттык.

- Мирлан, "Музканал" теле долбоорун белгилүү адамдар алып барып калганынын себебин айтып берсең?
- Туура. Буга чейин "Музканалды" теле алпаруучулар башкарчу. Ар бир иште изденүү, өзгөрүү болуп турбаса, элдер тажап кетет эмеспи. Көнүп калган бир нукта кете бербей, жаңыланалы деген ниетте шоу дүйнөнүн белгилүү жылдыздарын алпаруучу кылууну туура көрдүк.
- Жыйынтыгы кандай болууда, элге жагып атабы?
- Төрт айдан бери белгилүү адамдар жумасына беш жолу: дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин чыгып жатышат. Буюрса, жыйынтыгы жакшы болууда. Бир ырчыны чакырып алып маек кургандан көрө, ырчылар өздөрү алпаруучу болуп, күйөрмандардын каалаган суроолоруна жооп бергендери жакшы экен. Ачыгын айтканда, буга чейин "Музканалга" конок болгон ырчылардын айрымдары "сенин алпаруучуң мындай суроо берип койду, атайын кылдыңар" деп күмөн санап, таарынгандар болгон. Азыр эми биздин ишти өздөрү жон териси менен сезип аткан кездери.
- Бирок, арасында алпаруучулук жөндөм жок, сөз байлыгы аз ырчылар дагы болот. Алар көрүүчүлөрдү тажатып жибербейби?
- Келе турган ырчы менен бир ай мурун сүйлөшүү жүрөт. Түз эфирден уят болуп калбаш үчүн бири-бирин колдоп кете тургандай өнөктөштөрдү тандайбыз. Алгач бир ырчыны чакырам, ал өзү менен жакшы мамиледеги ырчы тандайт. Башында бир аз кыйынчылыктар болуп атты эле, эми ырчылар өздөрү билип, "качан эфирге чыгабыз?" деп чалып атышат. Көрүүчүлөр жактырган "Аукцион" оюнунда ырчы өзүнүн баалуу буюмун же кийимин аукционго коет. Сатып алган жеңүүчү ошол ырчы менен кафелердин бирине барып тамактанат. Башкача айтканда, "Музканал" долбоору барган сайын күйөрмандарын көбөйтүп, талыкпаган аракет менен иштеп атат. Буюрса, "биздин долбоор он жашка чыгат" деген ойдомун. Андан сырткары июнь айынан баштап жаңы долбоор алып чыгам. Анда жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктарга ээ болот. "Музканалдын" аудиториясы кеңейип көрүүчүлөр жаңыланууга күбө болот.




Кош бойлуу Кенже Дүйшеева, кыздуу болгон Замир Мырза
- "Алпаруучу болуп бериңиздер" деген сунушту кандай кабыл алдыңыздар?
Кенже Дүйшеева: - Жакшы кабыл алдым. Себеби, ага чейин "Музканалда" чыгармачыл адамдар алпаруучу болуп атат" деп угуп, абдан кубангам. Биз эл менен жакын иштешкен адамдарбыз да. Түз эфирде баарлашып, кызыктуу суроолорго жооп берүү биз үчүн ыракат. Мирландын сунушун уккандан кийин "ким менен алып барсам экен?" деп ойлонуп, Замир Мырзага чалсам, ал дагы Бишкекте экен.
Замир Мырза: - Ооба, мындай сунуш мага дагы жакты. Буга чейин запис кылган көрсөтүүлөрдү эки-үч жолу алып барып көргөм. Мага түз эфирде иштөө өтө кызык болду.
К: - Мындан бир топ жыл мурун ОШтогу ЭлТР каналында ар кандай долбоорлорду алып барып калгам. Бирок, күн сайын түз эфирде иштеген эмесмин. Кесибим журналист болгондуктан, теле жаатында иштөө максаттарымдын бири болгон. Минтип, беш күн болсо дагы элге жагымдуу маанай тартуулаганга аракет кылдык.
З: - Кенже эже деңгээли жогору ырчылардын бири. Сахнада концерттерди дагы алып барып жүрөт. Мага караганда эфирге дароо көнүп кетти. Мен кетирген кемчиликтерди жаап, мага жакшы жардам берип атты.
К: - Ооба, биринчи күнү Замир "уйкум келип атат" деп чарчаганынан сүйлөтө албай кыйналдым эле, акыркы күндөрү "эже, эфирди мен биринчи баштайын" деп калыптыр (күлүп). Чындыгында түз эфирдин сүрү бар. Бүтүндөй эл сенин ар бир кыймылыңды карап турат. "Кайсы сөзүм жакпай калды, туура эмес күлүп койдумбу?" деген ойлор болот экен.
- Теле алпаруучулар эмнеге көз каранды экенин байкадыңыздарбы?
К: - Эгерде маанайың чөгүп турса, түз эфирде иштөө өтө оор болоорун байкап койдум. Иш учурунда режиссер жакшы сөздөрдү айтып, маанайыңды көтөрсө, эфир өз максатына жетет. Анан маанайың жакшы болуп турса, чарчаганыңды унутуп, эки жарым саат убакыт кантип өткөнүн билбей калат экенсиң.
З: - Кенже эже туура айтты. Мен үчүн да маанайды көтөрүп отуруу кыйын болду. Экинчи күнү эртең менен Оштон учуп келип, түштө дароо эфирге чыктым. Чарчап калгангабы, айтор, убакыт өтпөй, абдан кыйналдым. "Музканал" убактымды алып, ишиме тоскоол болгон жок. Бирок, менин жүрөгүмө мугалим менен ырчылык кесибим жакын экенин дагы бир жолу сездим.
- Эфирде сиздерди таң калтырган СМС билдирүүлөр болдубу?
З: - Биринчи күнү жалаң жеке турмушка байланышкан суроолор көп болуп, күйөрмандар менен таанышуу ирээтинде сүйлөштүк окшойт. Өзгөчө глобалдуу тема Кенже эженин кош бойлуу экени болду (күлүп). "Канча ай болуп калды, эмнеге талгак болуп атасыз?" деген суроолор көп берилди. Андан кийин мамлекеттик иштерге байланыштуу суроолор берилип, чоң талкуулар болуп атты. Менимче, эфир аркылуу айтылчу көп маселени көтөргөнгө жетиштик. Кызыгы, "мен үйлөнгөм, жакында кыздуу болдум" деп айткан сайын, "Замир байке, мен сизди сүйөм, сиздин үйлөнүү тоюңуз качан болот?" деп келген СМСтерге абдан таң калдым.
К: - Ооба, мен да чочуп кетип, "Замир жакында эле Раяна аттуу кыздуу болгон" дептирмин (күлүп). Замир айткандай, алгачкы күндөрү кош бойлуу экеним күйөрмандарга кызык болду. Кудай буюрса, эне болчу кубанычтуу күндөр алдыда. Барган сайын оорлошуп атам. Башында "ичкен тамагым кайда кетип атат, тез эле ачка болуп калам" деп таң калчумун. Көрсө, эки адамдын тамагын ичиш керек турбайбы... Эл биздин ар бир кыймылыбызды байкап, баамдап турган соң, элден эч нерсе жашыргым келбейт. Буюрса, баардык жакшылыктарда эл менен чогуу болобуз.
- Телеге эми көнүп калганда мөөнөтүңүздөр аяктап калды. Өкүнгөн жоксуздарбы?
З: - Ар бир кесипти бири-бирине салыштырган болбойт. Теленин ашканасын көрүп, алпаруучулук жагынан жакшы сабак алдым. "Музканал" мен үчүн чоң мектеп болду. Билбеген көп нерсени үйрөндүм. Алпаруучу болууга сөз байлыгым аз экендигин байкадым, нукура кыргыз сөздөрүн көп окуш керек экен. Мактоо сөздөр менен бирге эле, кошумча, ата-энемден, бир туугандарымдан, сын пикирлерди угуп аттым. Кыскасы, өзүмө бир топ эле жакшы көрөңгө топтоп алдым десем болот.
К: - Күндө жумушка келгендей шашып келип аттык. Эфирден чыккандан кийин баары эле "ай, сонун алып бардыңар" деп мактаса, Замир: "бизге айлыкты ким берет, төлөп коесуңарбы?" деп тамашалап атпайбы. Биз үчүн элдин берген баасы, элдин колдоосу эң чоң айлык акы, туурабы Замир?
З: - Албетте, эл үчүн кызмат кылып, элдин маанайын көтөргөнгө ар убак эмгектенип келебиз. Буюрса, алдыда бизден жаңы чыгармаларды, жаңы ыр жыйнактарды күтсөңүздөр болот. Жакында Бек Борбиевдин "Математика" аттуу ырын жаңы аранжировка менен ырдап чыгам. Клибине да сценарий жазылууда. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдалынып, Кенже эже экөөбүз "Музканал" долбооруна ийгилик каалап, кыргыз элде жакшылыктар көп болсун демекчибиз.

Айнура Касымова