Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0602_6_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0602_6_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0602_6_7.htm on line 2


п»ї
  Күтүүсүз собол

Мелис ЭШИМКАНОВ деген ким?

Кайрадан суроо берели дедик. Жаңыртып. Мелис Эшимкановго карата коомчулук ичинде терс маанайдагы пикирлердин аягы суюла электигинен. Ошентсе да, ал өзүн канчалык деңгээлде люстрация кылып актанбасын, ага кошулуп биз да аны агартканга кол сунуп отурабыз. Кызыгы, мындай демилгебизди колдоп, саясый элитадан тартып, тээ жеңил-желпи шоуга чейинки адамдар аны актаган сөздөрүн аяшпады. Апендинин кызы биякта калсын. Тиягы күнгө, биягы айга теңеп атышса, өзүбүз жакабызды кармап, кайра чочуладык. Биз го биз, а булар кайда баратышат? Кудум эле Мелисти хан тактысына аттантып аткандай...

Феликс КУЛОВ, "Ар-Намыс" партиясынын лидери:
- Тилекке каршы, бул киши жөнүндө туура эмес пикирлер жаралып кетти. Бирок, ал болгону Акаев, Бакиев өңдүү башкаруучуларга сөз менен таасир этип, аларды элдин үнүн тыңдоого ынандырууга гана аракет кылган. Анткени, түпкүлүгүндө Мелис идеалист. Бирок, негедир, айрымдар анын кадамдарын башкаруучулар менен мамиле түзүп, аларга жагынууга аракет жасаганындай кабылдашты. Мелис чыныгы патриот, өлкөдө жакшы нукка өзгөрүү болушун ал чын дилден тилейт.

Чолпон ЖАКУПОВА, "Адилет" укуктук клиникасынын директору:
- Политик. Думаю, что это один из наиболее человечных и противоречивых фигур кыргызстанской политики, со всеми вытекающими последствиями: с одной стороны - "старик" и долгожитель в политике, с другой - динамичен, легок на подъем, авантюрен, "вечный пацан". Автор и инициатор скандалов, но и сам - персонаж множества из них. Отличный манипулятор, сохраняющий при этом "флер" юношеской доверчивости. Позволяет "себе любимому" иметь множество масок, при этом всегда органичен и искренен. Великолепный оратор, чувствующий настроение масс и умело отвечающий на их ожидания. Но… я думаю, что он изменил себе, уйдя из журналистики в политику "насовсем". Не выдержал соблазна властью, деньгами, известностью и в этом он, увы, "как все кыргызские джигиты". Парадокс в том, что ему не прощают то, что с легкостью не замечают в других. Но такова участь всех трибунов и журналистов - расплата за высокие претензии и сверхпубличность и к этому надо быть готовым. Надеюсь, он это не только понимает.
Человек и друг. Несмотря на кажущееся непостоянство, удивительно верен тем кого уважает и любит. Как все представители творческих профессий, раним и обидчив, при этом отходчив и быстро прощает. Если нападает, то только в целях самозащиты. Не может "не поделиться новостью", замечательно украсив ее. Если попадете в беду, будет в числе первых, кто придет на помощь. Хочет казаться философом, но слишком чувствителен и грешен для того, чтобы быть им в реальности. Какое качество наиболее симпатично? - Чувство юмора, умение слышать и понимать других. Вызывает злость? - обещать и не выполнять, оправдывать собственную слабость к возлияниям.
Семьянин. Заботливый и неприхотливый в быту, не бай манап. При этом, редкий эгоист, всерьез считающий, что он - подарок судьбы для терпеливой и любящей Асели. Даже близкие друзья вздохнув, признают: "Мекеге Асель эле чыдай алат". Терпеть долго Эшимканова сложно.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны:
- Мелис бар жагынан өтө сейрек кездеше турган таланттардын бири. Анын өзгөчө касиеттерин чогуу иштеп жүргөндө көрүп-билгенбиз. Журналистикада өчпөс из калтырды. Менеджер катары өтө күчтүү. Кандай ишти баштабасын, сөзсүз бир жерден чыгат. Зодиак белгиси боюнча жаачы. Алдыда жүргөндү, биринчи болгонду, элге жол башчылык кылууну Кудай ургандай жактырат экен бул белгидегилер. Эл да аны аңды-дөңдү карабай ээрчийт. Жарга келгенде буйт берет экен да, артындагы эл кулап түшөт. Туулган күнүндө ушундай мүнөздөмө берсем, өзү аябай күлгөн эле.
Мелистин энергиясын билбей, түшүнбөй, туура пайдалана албай жүрүшөт. Адамдар ушундай доордо жашап атат, кээде Мелисти терс каарман катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Элчилеп ичип-жеген жок. Мамлекетке Мелистен миң эсе зыян келтиргендер бийликте жүрөт. Мелистин баралына толуп турган маалы. Башкалар жөн жүрбөсө, Мелис сөзсүз бир нерсенин ичинен чыгат.

Темир САРИЕВ, "Ак шумкар" партиясынын лидери:
- Мелис коомчулукка гезит аркылуу таанылды. Бүгүнкү тарыхыбыздагы эң күчтүү журналист. Бул кишинин өз стили бар. Мелиске көп адамдар таарынат. Ошол эле учурда көп адамдар аны макташат. Ага таарыныштын кереги жок. Көп жылдан бери жолдош болуп жүрөм, Мелис кандай болсо, аны дал ошол калыбында артыкчылык, кемчилиги менен кабылдаш керек. Башка адамдарда сейрек кездешчү бир касиети бар. Ал - Мелистеги ишеним. Бир нерсеге ишенсе, ал ошол багытынан кайтпайт. Кандайдыр убактарда кээ бирөөлөр аны жек көрөт, жамандайт, айрымдар мактайт. Бирок, ал эч качан "мен буга жакпай калам же мени жаман көрүп калат" деп чочулабайт. Багытынан жазбай кете берет. Бул, жакшы сапат. Дал ушул сапатынан улам кезегинде оппозициянын алдыңкы катарында жүрдү. Оппозицияда кандай жүрсө, кийин бийликте да дал ошондой нукта жүрдү. Мелис кичинекей дешет, а бирок, Мелистин чоң жүрөгү бар. Ички деми күчтүү, эч нерседен тайманбайт. Буга бир эмес, бир нече ирет күбө болгом. Адам менен сүйлөшкөндө абдан чоң адис, кандай маселе болсо да ишендирип, ынандырып кете алат. Кандай гана багытта болбосун, өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат. Мындай сапат ар бир эле адамга бериле бербейт. Кийин саясатка көбүрөөк ооп кетти.
Бүгүнкү күндө чыгып аткан гезиттердин көпчүлүгү "Асаба", кийинки "Агымдын" стилинде. Журналистикада Мелис жаңы стилди сунуштаган редактор, журналист катары тарыхта калат. Кыргыз эли өзгөчө эл, кадамдарыбыз дүйнөлүк коомчулукка убагында өөн кабылданып, ал эми кийин бизди туурап жаткан мисалдар бар. Маалымат талаасы абдан кеңейди, мүмкүнчүлүктөр да көбөйдү.
Мүмкүн Мелис дагы бир нерсени ойлоп чыгат. Саясатта жаңы кадамдарды таштап атат. Келечекте бул жагынан да биз Мелистин саясаттагы жеткен ийгиликтерин көрүп калгыбыз бардыр.

Алым ТОКТОМУШЕВ, журналист:
- Уникалдуу журналист, гениалдуу уюштургуч. Жаңы замандын журналистикасынын башатында Мелис Эшимкановдун "Асаба", "Агым" гезиттери турганын ашынган душманы да танбайт. Азыркы менменсинген саясатчы-революционерлердин көбү ошол "Асаба", "Агым" гезиттеринин, демек, Эшимкановдон багыт алган. Журналисттердин чоң тобу да, анын ичинде мен да бармын.
Албетте, анын саясый ишмердиги тууралуу ар түркүн кептер көп. Саясаттын табияты ошол. Маселен, ушул эле Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Ф.Кулов, Ө.Текебаев, ж.б. саясатчылар жалаң жакшы пикир менен жашап келатат деп кайсы акылынан айныган киши айтат. Мелис Эшимкановдун саясый ишмердигинен байкаганым - ал ар дайым эркиндикти туу тутуп жашайт. Ал үчүн башын саюуга чейин барат. Кыскасы, өз логикасы, өзүнүн нравалык таянычы, уят-сыйыты, жүрүм-туруму бар интеллектуал саясатчы. Кээде моралдан тайып кетсе да, табигый, оңой эле ордуна келтирип кое тургандай тайыйт.

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН, "Азаттык" радиосунун Прагадагы жетекчиси:
- Ар кишиге "жаңыл-ба" деп суранабыз, жалбарабыз, бирок, калпыс кадам таштап алган кишини ар дайым "тезирээк түз жолго кайрыл!" деп гана чакырууга тийишпиз. Мурда Акаев менен Бакиевдин режимдеринин көрүнөө же көмүскө техникалык "бурамасы" болгондор да азыр кайра эле ыңкылаптан кийинки бийликке кызмат кылууга далалаттанып жүрүшпөйбү. Мелис Эшимканов азыр эр ортонуна да келе элек. Аны таптакыр, биротоло "кара тизмеге" кошуп салгандарга каяша айтаар элем. Дайым журт турмушуна өзүбүздүн жеке салымыбызды, саамалыгыбызды кошуу үчүн бири-бирибизге акыркы дем калгыча мүмкүнчүлүк ыйгарып туралы. "Азаттыктын" архивинде, кулатылган бийлик уюштурган Ынтымак курултайында Мелис Эшимканов сүйлөп, ошондон эки апта өтүп-өтпөй эле Ак үйдөн куулуп чыккан президент К.Бакиевден абактагы Исмаил Исаковду бошотуу ж.б. тууралуу өтүнүч кылып жатканын чагылдырылган тасма бар (http://www.azattyk.org/video/6397.html). Мелисти курулай жактап жаткан жокмун. Тарых күбө, "Азаттыкты" 2008-жылы 1-октябрда УТРКнын каналынан алып салган да Мекебиз болду. Бирок, бизге бул жаатта Эшимканов түгүл, маркум Медет Садыркулов (ал кездеги президенттик администрация башчысы) менен мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов да жардам бере алышкан эмес. "Азаттыкты" УТРКдан сүрүп салуу буйругу Бакиевдердин "парманы" экенин Эшимканов менен Садыркулов 2008-жылы күздө кыйытып айтышкан. Кыяс Молдокасымовго да ушундай эле кысым болгон, бирок ал акырына чейин туруштук кылган. Жогоруда учкай жазганымдай, мурдагы көшөкөрлөрдүн көбү азыр деле бийликтин ар кыл бутактарынан башын кылтыйтып коюп жүрүшөт. Мелиске айтаарым, 2010-жылы 23-мартта өзүң элдик макалды эске салгандай, "жаңылбас жаак болбойт..." эмеспи, публицисттердин үйүрүнө кайра кошулууга аракет кылып жаткан экенсиң. Менимче, өз ордуңду дал ушул жаатта кайра таба аласың. Баш аман болсун, калемгердигиңе Теңир кубат берсин. Кайра эле түпкүлүктүү демократиялык реформаны колдогон нукка түшөөрүңө үмүт байлагыбыз келет. Мурдагы авторитардык "лөктөрдүн" жана ар кандай "максимдердин" тымызын куралы болгондордон эми алыс боло көр!

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат" партиясынын лидери:
- Мелисти "Ленинчил жашта" журналист, бөлүм башчы болуп жүргөн кезинен, комсомолдон бери тааныйм. Таланттуу журналист, калеми абдан курч. "Түндүктөн түшкөн редактор" деген макала жарыяланганда Мелис жаңыдан "Ленинчил жаш" гезитинин жетекчилигине шайланган. Ага карабастан, комсомол жаштары колдоп чыкканбыз. Кийин "Асаба", "Агымды" өнүктүрө алды. Мелис мыкты журналист, публицист, чыгармачыл, уюштуруучулукка шыктуу. Кыргыз журналистикасындагы "Асаба", "Агымдан" чыккан калемгерлер коомчулукта ири пикир түзүп келет. Журналистикада анын ролу айныгыс. Саясатта да орду бар. Бирок, Мелис мындан ары жаңылбай, мамлекеттин келечеги үчүн иш алпарышы кажет.

Урмат УСЕНОВ, эстрада ырчысы: - Мелис мырзаны журналист, кийин саясый чөйрөгө аралашкандан бери саясатчы катары билчү элем. Акыркы эки-үч жылда жакындан баарлашып калдым. Чындап эле мыкты жетекчи, стратег, мыкты калемгер, оратор экенине күбөмүн. Кыргыз телесине келгендеги жасаган аракети, маалыматтык чөйрөдө алпарган иши жаңы-чылдык-ты, терең өзгөрүү-лөрдү алып келди. Анан да өлкөдөгү көтөрүлүш, кан төгүүлөрдөн кийин эски бийликтин камчысын чаап жүргөн башка саясатчылардан айырмаланып, бир жыл өзү жана өз абийиринин алдында акталды. Кыргыздын патриоту деп билем бул кишини. Эки ирет кеңеш менен кайрылгам, ошол эки иште тең мен жаңылган жокмун. Ошондон улам, кыраакы, көрөгөчтүгүнө баа берем.

Ома (Өмүрбек АНДАРБЕКОВ), эстрада ырчысы:
- Мелис байкени бир топ жылдан бери саясатчы катарында билсек, акыркы жылдары чыгармачылыкты терең түшүнгөн, колунан келген колдоосун аябаган меценат катары тааныдык. Бул кишиге качан, кандай кеңеш менен кайрылсаң да, туура багыт аласың. Бул кишинин мен үчүн агалык орду чоң.

Мухтарбек ӨМҮРАКУНОВ, "Замандаш" саясый партиясынын төрагасы (маркум):
- Мелис Эшимканов Кыргызстандын журналистикасына жаңыча чыйыр салган, чоң орду бар инсан. Анын 90-жылдары "туулуп", "туулбай жатып" далай саясатчылардын жүрөгүн титиреткен "Асаба" деген гезити сөз эркиндиги майданында демократиянын мыкты үлгүлөрүн бере алды. Мыкты журналист, мыкты уюштургуч экенин баарыбыз билебиз. Кээде анча-мынча авантюрага аралаша коймой адаты да бар. Кийин саясаттын оош-кыйышында жүрүп, мыкты журналист мыкты саясатчы боло алаарын далилдеди. Депутат болду, оппозицияда жүрүп, элдин сүймөнчүгүнө айланган доорлору да болду. Ал ортодо Бакиевдин саясатына аралаша коем деп далай жактоочуларынан кол жууду. Саясый карьерасындагы бул чоң катачылыгын коомчулук алдында мойнуна алды. Катачылыкты коомчулук алдында моюнга алышка ар бир эле саясатчынын эрки жете бербейт.

Сабырбек ЖУМАБЕКОВ, Саламаттыкты сактоо министри:
- Саясат саясаты менен, а бирок, Меке мен үчүн ириде жакшы дос. Ал эми коомдо мыкты, кесипкөй журналист. Азыркы кыргыз тилдүү басылмалардын жоон тобун Эшимкановдун мектебинен чыккандар ээлейт. Анткени, Мелис кезегинде билип-билбей калемчен журналисттердин мектебин түптөп койгон экен.

Асылбек ӨЗҮБЕКОВ, КР эл артисти:
- Чыгаан, мыкты журналист. Бүгүнкү күндө гезитте иштеп аткан мен-мен деген журналисттер ушул Мелистин мектебинен өткөн. Кийин чоң саясатка аралашты. Андагы жасаган иштери, көз карашы, саясаттагы орду кыргызга белгилүү. Саясаттагы секириктерин сындап, талкуулай албайм. Анткени, ал Мелистин өз чечими, өз кадамдары. Мелис чыгармачыл адамдарды өзгөчө баалап, ошолордун ички дүйнөсүнө, жашоосуна көз салып, кызыгып жүргөнүн көп байкайм. Себеби, кенедейинен бул чөйрөгө аралашып калган адам.
25-30дун тегерегиндеги күүлдөп турган убакта таанышканбыз. Ошол жаштык кезден берки Мелис экөөбүздүн ортобуздагы мамиле алигиче үзүлбөй келет. Үй-бүлөлүк катышыбыз бар, жамандык-жакшылыкта биргебиз. Мекеге мүнөздөмө берип жатып, бирге өткөргөн кызык, эркелеген, тентек болгон, мас болгон күндөр эске түшүп атат. Бири-бирибиздин кетирген кемчиликтерибизди жашырбай бетке айтып, чечишип алышып турган достордонбуз. Бир сөз менен айтканда, Мелис эң жакшы замандашым, санаалашым.

Дүйшөн ЧОТОНОВ, "Ата Мекен" партиясынын лидеринин орун басары:
- Мелис карама-каршылыктардан турган инсан. Сыртынан уксаң башка, жанынан билсең, Меке - адам. Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот. Мелис авантюристтик мүнөзү менен бардык кырдаалдарда, мамлекеттин жаңы тарыхында дайыма саясаттын чордонунда жүрдү. Болгондо да чечим кабыл ала турган жеринде жүрдү. Бул ролу оң да, терс да кабылданып, коомдо ар кандай кеп айтылды. Бирок, менимче, ал колунан келишинче, ички туюмунда, өз деңгээлинде чечим кабыл алып келди. Алар Мелистин чечимдери болгон. Мелис Эшимкановдун ысымын кыргыз саясатынын кечээгисинен же бүгүнкүсүнөн эч ким чийип сала албайт.

Замир СООРОНБАЕВ, Кыргыз эл артисти:
- Мелисти мамлекеттеги саясатчы, журналист катары жоон топтун ичинде жүргөн инсан деп билем. Өзүн студент кезинен тарта тааныйм. Абдан изденген, мээнеткеч жигит. Журналистиканын тилин, өзөгүн чемичкедей чаккан калемгер. Журналисттик кесип өтө татаал, өз пикири жок адам бул кесиптин өтөөсүнө чыга албайт. "Ленинчил жашка" редактор болуп шайланганында "Түндүктөн түшкөн редактор" деген макаланы окуганым бар. Жыл айланбай, ошол гезитти кандай даражага жеткирди?! Кийин ошол эле оппоненттери Мелистин журналисттик, уюштуруучулук күчүн таанып, моюн сунушту го... Көз карандысыз журналистикада "Асаба", "Агымды" окумдуу, өтүмдүү гезитке айландыра алды. Мелистин саясый же жөн гана философиялык ойлору камтылган макалаларынан улам, кара сөздүн "каймагын" калпып жазган журналист катары санайм. Саясатка кетип атканында "мыкты журналистти жоготуп атабыз" дегендей сезимде болгом. Бирок, мыкты журналист экенин ал бир эмес, беш далилдеп койгон.
Ал эми саясый ишмердиги жаатында, "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт". Бар тарабы төп келишкен бир гана Кудай бар. Калганыбыз, орустар айтмакчы, "все мы грешные". Бирок, Мелистин саясый ойлору, айткандары убакыт өтүп, туура чыгып атпайбы. Бул кишиде эртеңкини көрө билүү сезими күч, билим деңгээли ага жооп берет. 2005-жылы депутаттыкка ат салышканда чогуу иштешип калдым. Ошондогу программасы, омоктуу ойлору, эл менен сүйлөшкөнүнө таң бергем. Ал пландаган нерселер, балким, ишке ашпай калгандыр. Өлкөдөгү кырдаалдан чыгуу бир Мелиске гана байланыштуу эмес экени баарыбызга дайын эмеспи. Бирок, ошондо айтылган ойлор түпкүлүгүндө туура эле. Дагы бир сапатын терең баалайм. Ошол шайлоодо атаандашы Шарипа Садыбакасова болчу. Кийин ал эже менен соттошмойлор болду. Балдар менен бильярд ойноп аткан элек. Бир маалда телефондон Мелиске ал эженин кан басымы жогорулап, ооруканага түшкөнүн кабарлашты. Кийди ыргытып, "Мандат албасам койдум, эже аман болсунчу" деп, кайра-кайра анын ден соолугун сураттырып турганын көрүп, адамгерчилигине баа бергем.
Кээде пенделик менен, айрымдарды "бул жээкте калып калды, тигил жээкке өтүп кетти" деп кеп кылабыз. Ал баарыбызга тиешелүү толкун. Негизгиси, мындай адамдардын билим деңгээлин, ой-жүгүртүүсүн казынага алыш керек. Мелис азыр жаш. 50гө эми араң кадам шилтеп баратат. Жашоо тажрыйбасы, алган билими, өзү да баралына толуп турган кези. Мындай жигиттердин талантын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, көркөм өнөр, адабиятка пайдалануубуз зарыл, ошондо кийинки муунга өрнөктүү нерсе калат. Саясый ишмердиги, кадамдары, айткандары дагы анализденет, чындыгы чыгат, Мелиске эл өз баасын берет. Ишинде ийгилик, ден соолугу чың болушун тилейм.

Кайыргүл УРУМКАНОВА, "КирТАГ" агенттигинин директору:
- Жакшы адам, тажрыйбалуу менеджер жана кызыктуу саясатчы. Ошондой эле Мелис Эшимканов - таланттуу журналист. Бул адамдан мыкты журналист болуу үчүн үлгү алса болот. Кыргызстанда эң көп шакирттери бар устат да Мелис мырза.

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ, ЖК депутаты:
- Мелис байкени 15 жылдан бери билем. Ал убактан бери биздин саясатта өйдө-ылдыйлар болду. Бардык эле саясатчы, төбөсү көрүнгөн адамдардын бири катарында, жасаган жакшы нерселери менен бирге эле кетирген кемчиликтери да болду. Бул баарыбыздын эле башыбыздан өтө турган нерсе экен. Ушул он беш жыл аралыгында сыйлаган адамдарымдын бири болгон Мелис байкеден эки жакшы сапатты көрө алдым. Менин көз карашымда, бул эки сапат адамга абдан маанилүү сапат. Кыргызстандагы кыргыз журналистикасына 2000-жылдары жаңы дем берип, жаңы көз караш, жаңы агым пайда кылган Мелис мырза болгон. Эгемен Кыргызстандын журналистикасынын кандайдыр бир деңгээлде атасы, новатору деп атасам болот. Бул киши аябагандай чыгармачыл, кыйынчылык, көйгөй-лөргө башкача көз караш менен карай алган адам. Экинчиден, чыгармачыл киши, журналист катарында эмес, журналистика, өзгөчө саясый журналистиканы башкарууда жаңы менеджмент киргизген киши. Себеби, журналист болгон бул бир, ал эми адистерди башкарып, аларга жумуш ордун түзүп, аларга үй-бүлөсүн бакканга мүмкүнчүлүк түзүп бергени андан да күчтүү сапат. Менимче, Мелис мырза Кыргызстанда эң күчтүү журналисттик башкаруучулардын бири. Бул жаатта менеджерлер көп эмес. Бирок, аларды бир катарда карасак, Мелис байке алардан да бийик деңгээлде турат.

Райхан ТӨЛӨГӨНОВ, "Ата Мекен" фракциясынан ЖК депутаты:
- Биринчиден, Мелис менин досум. 1988- жылдары демократиялык кыймылдын шарапатында мамилебиз түптөлгөн. КПССтин ролун төмөндөтүү, кыргыз мамлекетинин эгемендигине жетишүү боюнча биз өзүнчө бир топ түзүп, Прибалтика, Ленинград, Москвага барып, ЦК комсомолдун, жаш илимпоздордун катарында ар кандай лекцияларга катышып, жаңы идеялар менен таанышуу ниетинде Мелис Эшимканов, Алмаз Акматалиев, ж.б. менен бирге жүргөнбүз. Мамилебиз ошондон бери жылуу, ошол убактан бери ажыраша албай келебиз. 1988-1989-жылдары Кыргызстанда элдик фронттор популярдуу болуп турган. Баса, ошол тушта Базар-Коргондон Өмүрбек Текебаев чыккан, азыркы партиялашым менен ошондо таанышкан элек. Мелис саясатчы катары ошол убактан бери демократиянын башатында турган жигит. Кийинки демократтар менен Мелисти салыштыра да албайм. Оюна да, канына да демократиянын эң негизги принциптери сиңген жигит. Бул жагынан Мекенин кынтыгы жок.
Адам катары Мелистин өз принциптери бар. Эгер ошол принциптерди жоро-жолдоштору сактаса, Мелис аларга ийкемдүү. Эгер ал принциптерди буза турган болушса, Мелис алар менен мамилени чорт эле үзүп, оппонент болуп калат. Бул принциптер - достукта ишеним, бири-бирин сатпоо керек, ал эми саясатта ачык, таза болуу. Мелис жеке мамилеге саясатын да, достукту да, экономиканы да проекция кылат. Жеке кызыкчылыктар үчүн баарына даяр адамдардан Мелис таптакыр башка полюста турат. Курандагы болобу, Библиядагы болобу, негизги принциптер катары жазылгандарды - адамга, жаратылышка болгон мамилени, дегеле, турмуштагы ар кандай карым-катнаштарга карата баалуулуктарды тутунат. Эгер экинчи тараптан да ушундай жооп болсо, Мелис абдан жакшы дос, пикирлеш болуп берет. Бакиев менен кошулуп кеткени басма сөздө "сатылып кетти" деп бааланды. Мелис өзү авантюрист. Бул киши ошолордун арасына кирип, ал жактагы кырдаалды билгиси келди деп ойлойм. Мелиске өзүнүн имиджи бир тыйын. Ал жаңы нерсе менен таанышкысы келсе, же жаңы процесстерге аралашкысы келсе, "аброюма шек келет" деп да чочулабайт. Жаңы нерсе Мелисти азгырып, тартып турат. Ката кетирсе, актанганга эч качан аракет кылбайт. "Ооба, мен ката кетирдим, ооба, мен күнөө кетирдим. Өлтүргүлө, бышырып жегиле" деп туруп берет. Достору, анын ичинде мен да өз күнөөсүн моюнга ала билгенин баалайм. Жаштыгыбызда катаны көп кетирдик. Мелистин адамгерчиликтүү сапаттарынан улам ажыраша алган жокпуз. "Бакиевге сатылып кеткен, эми саясый аренага чыга албайт" дегенден алысмын. Ар кимдин укугу бар, ар бир адамга мүмкүнчүлүк бериш керек. Андай укукту ким чектей алат?! Бакиевге убагында керек болсо, бүт Кыргызстан кошулуп кеткен. Саналуу гана кишилер четте турган. Ошол саналуу кишилер башкалардын укугун чектей албайт. Журналисттик кесибине же саясый чөйрөгөбү, айтор, Мелис саясатка кайра аралаша турган болсо, бул дүйнө жаңы окуяларга байып, жаңы ойлорго байый түшмөк. Баары Мелистин өзүнө байланыштуу, балким, басар жерди басты, баарынан чарчагандыр. А балким, азыркы саясый кырдаалды көрүп, башка нук алып баратат деп тынч отура албайттыр. Бирок, жеке пикиримде, ал баары бир чыгат. Мелис убагында бир топ саясатчыларга демократиянын үлгүсүн, маңызын үйрөтүп, Кыргызстан үчүн перспективасын түшүндүргөн. Азыр Мелис "саткын" болуп, алар "демократ" болуп жүрөт. Акаев, Бакиевдер менен кимдер гана иштешпеген, азыркы Ташиев да, Бабанов да, Атамбаев да иштешкен. Мелис саясый чөйрөгө кайра кайтып келем десе, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Гүлнур АСАНОВА, ырчы:
- Бул кишинин боорукердигин, тайманбастыгын, өзгөчө бетке сүйлө-гөнүн баса белгилейт элем. Ал эми жаштарды, анын ичинде чыгармачыл адамдарды колдоону жүз пайызга билерин менин сахналаштарым да танбас.

Мелис ТУРГАНБАЕВ, ИИМ орун басары:
- Мелис эмчектеш досум, чогуу өскөнбүз. Спортко жакын, футбол ойнойт. Кичинесинен коомдук иштерге аралашып, чыгармачыл эле. Кийин Кыргызстандын эң кыйын журналисттеринин бири болду. Азыркы тапта бир топ гезиттердин редакторлору, жаш журналисттер - Мелистин тарбиясын алгандар. Мелис достукка бекем, ак көңүл. Досумдун ушундай сапаттарын жогору баалайм.

Түгөлбай КАЗАКОВ, Кыргыз эл артисти:
- Кыргызстандагы басма сөз, дегеле, сөз эркиндигинин тарыхында Мелис Эшимканов менен Замира Сыдыкованын ысымдарын атабай коюуга болбойт. Бул эки адамдын сөз эркиндиги жаатында эмгеги чоң. Мелис Эшимканов өз гезиттеринде - "Асаба", "Агымда" абдан көп журналисттерди тарбиялап чыгарды. Гезитти кандай чыгаруунун, макаланы кандай жазуунун, гезиттин өтүмдүүлүгүн кантип арттыруу керектигин жаштарга да, башкаларга да үйрөтө алды. Рыноктун оош-кыйыштарын кылдат сезе билген мыкты менеджер. Ал бирөөгө жагат, бирөөгө жакпайт, бирок, ал менен эсептешпей койгонго болбойт.

Илим КАРЫПБЕКОВ, "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун орун басары:
- Адам-гер-чиликтүү, абдан адилет адам. Сенин ким, кандай абалда экен-дигиңе карабай кол сунууга дилгир. Бул киши менен "Агым" гезитин юридикалык жактан коргоп жүргөн маалда таанышкам. Жашоомдо абдан маанилүү маселеге кабылып, түйшөлүп турган маалда республикадагы менменсинген адамдардын арасынан жалгыз ушул киши мени түшүнүп, жан дили менен жардамын берген. Айрымдар бул кишини "сатып кетет", "туруктуу эмес" деп сындашат. Кийин биз бирге иштешип да калдык. Бирок, ушунча болуп бул кишинин "сатканы" тургай, терс жагын да көргөн жокмун. Мелис мырзанын адамдык сапатын жогору баалайм.
Кыргызстанда Мелис Эшимкановдон башка кыргыз тилинде ушундай так, жалпыга бирдей түшүнүктүү жаза билген журналистти кезиктире элекмин. Акыркы кездери "Мелистин калеминин мизи кайтарылды" деп жүргөндөргө, анын жакындагы эки кичинекей макаласы эле жооп болду. Мелис Эшимкановду кумир тутуп келаткан журналисттерди да билем. Коомчулукта Эшимкановдун мектеби, багыты деген бренддер жашап келет. Чындап эле Мелис мырза журналистикада чоң багыт ачкан. Эшмикановду туурап, ага окшоштуруп жазганга аракет кылгандар арбын, бирок, "ага жетти, андан ашып түштү" деген журналистти көрө элекмин.
Саясатта өйдө-ылдый боло берет. Бул чөйрөдөгү адамга баа бериш кыйын. Анткени, саясат чөйрөсүндөгү адам ар кандай абалдарга кабылат. Кээде жүрөгү макул болбогон кадамдарга да барууга туура келет. Аз-маз аралашып, мен деле көрүп калдым. Бирок, азыр эч кандай саясый күчкө кирбесе да, эч бир кызматты ээлебесе да, аттуу-баштуу саясатчылар бул киши менен кеңешип, акылдашып турганы - анын саясаттагы чоң көрсөткүчү.

Лунара МАМЫТОВА, КТРК диктору:
- Мелис Асаналиевич менен алгач окуучулук кезимде "Асаба" гезитиндеги макалалары аркылуу таанышканмын. Агезде түзүлгөн, гезит аркылуу жарыяланып, мүчөлөрү толукталып, көбөйүп жаткан "Бей-бечаралар" партиясы мага ал учурдагы турмуштун кыйын кезеңинде өлкөдөгү бирден-бир революциячыл партия болуп сезилип, ал партиянын катарына кошулууну самаган элем. Бул менин ал киши менен сырттан таанышуум эле. Ошондон баштап, Мелис Асаналиевичти депутат, коомдук ишмер катары байкап жүрдүм. Биринчи жолу түздөн-түз жетекчим катары Улуттук биринчи каналга келгенде тааныштым. Алпарган ишинен улам,
Мелис Асаналиевичти мыкты менеджер, чыгармачыл адам катары бааладым. Кеп-кеңештери, акыл-ойлору мени алдыга гана үндөп жүрдү.

Керим ТУРАПОВ, Кыргыз эл артисти:
- Саясатта, анын кесиптик чөйрө-сүндө бирге иштеше алган жокмун. Бирок, мен Мелисти чыныгы дос катары билем. Адамгерчиликтүү, жоро-жолдошко, сөзүнө бек турган адам. Кыраакы, көп нерсени билген, өз кесибинде мыкты, өз ишин так аткарган инсан.
Гүлзинат СУРАНЧИЕВА, ырчы:
- Мелис байке - ар тараптуу инсан. Чеч-киндүү, юмордун тилин билген, демилгечи киши. Чыгармачыл адамдарды колдоп, көмөктөшүп
келет. Бул киши менен баарлашуудан узакка жетерлик азык аласың.

Жылдыз МУСАБЕКОВА, журналист:
- Ким эмне дебесин, кандай деп баа бербесин, канчалык көрө албастык кылбасын, бирок Эшимканов болуш өтө кыйын. Менин жашоомдо үч Мелис бар. Алар менен кандай кырдаалда болбосун, чогуу келатам. Ошол үч Мелистин еврейирээги Эшимканов. Ишке так, илибойду сөзү менен жибиткен, аны керек учурда сатып кеткендерди да кечирген, айтор, жыланды ийининен чыгарчу касиети бар. Бирок көбү андан сактанышат. Ушундай бал тили бар, чын айтып атабы, тамашалап атабы, убагында такыр түшүнбөйсүң. Бирок анын сөзү бир топ убакыт өткөн соң аткарылат. Анан илибой жетекчи сыяктуу коллективди башкарууда интрига ыргытып коймой жайы бар. Анан ошол интриганын арасына кирип алган соң, эр болсоң чыгып көр.

Собол салган
Бермет НУРГАЗИЕВА








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??