Жаш өлбөс болсочу...

чолпондой жанган жан эле...
"Ата Мекен" партиясынын жаш лидерлеринин бири Чолпонай Кабулова күтүлбөгөн кырсыктан каза тапканы жүрөк суутту. Нарынга сапар алган "Ата Мекен" жаштары теңиртоолук партиялаштары уюштурган форумга катышып, эртең мененки жумушка жетишип калалы деп шашып кайтып келатышканда унаа жолдон чыгып, жол четиндеги бакка урунган. Кырсык Ысык-Ата районунун Кеңеш айылында таңкы саат үч менен төрттүн ортосунда болгон. Жыйынтыгында, бир кыз, бир бала ооруканага жаткырылып, дагы эки жигит дарыгерлердин жардамын алып, Чолпонай Кабулова көз жумду .

Чолпон Базар-Коргондун Акманынан айылынан эле. Быйыл марттын биринде 23 гана жашка толгон. Бишкек гуманитардык университетинин чет тилдер факультетинин бүтүрүүчүсү. Алгач котормочулук менен алектенип келсе, быйылкы апрелден тарта Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаевдин ассистенти катарында ишке алынган. Ал эми "Ата Мекен" социалисттик партиясына мектепти аяктап келгенден бери мүчө болуп, партиянын ар бир митинг, жыйын, семинарын калтырчу эмес. Былтыркы парламенттик шайлоодо да Чолпон талапкерлер тизмесине кирген экен. Андан тышкары, Чолпон партиянын республикалык жана Свердлов райондук кеңешине мүчө болгон. Адамдын көзү өткөндөн кийин, "колдо бар алтындын баркы жок болуп" өкүнүп калат экенбиз... Бүгүн Чолпонду жоктоп партиялаштары муңканып турушат...

Бакыт КАЛМАМАТОВ, ЖК депутаты:
- Ачык, жайдары жан эле. Жаркылдаган мүнөзүнөн, ашкере жөнөкөйлүгүнөн жазчу эмес. Арабызда жаркылдап жүргөн Чолпонду жоготтук. Баарыбыз жоктоп, анын акыркы күндөрдөгү айткан сөздөрүн, өмүрүнүн акыркы ирмемдериндеги өзүн алып жүргөнүн эскерип олтуруп калдык. Миң себеп издеген күндө да, ажал экен, аны кайрый албайбыз. Ата-энеси, бир туугандарына Жараткан кайрат берсин, сабыр берсин. Чолпондун жаркын элеси ар дайым биз менен!..

Улан БАЙЫШБЕКОВ, "Ата Мекен" жаштар канатынын активисти:
- Чолпон менен 2006-жылдан бери тааныш болуп, коомдук иштерде ушул күнгө чейин бирге жүрдүк. Партиянын кандай иш-чарасы болбосун, сөзсүз Чолпон уюштуруучулардын арасында болчу. Ансыз бир да жыйын, митинг, семинарлар өтпөйт эле. Чолпон мекенди сүйгөн, патриот, жүрөгү таза, карапайым, адамдык сапаты бийик, билими жогору адам эле. Дипломду колго алып, Чолпондун чолпону жаңыдан жанып баштаганда шум ажал алып, жаш өмүрүн кыйып кетти. Орду толгус жоготууга учурадык...
Чолпон! Сенин элесиң жүрөгүбүздө терең сакталат. Ата-эне, бир туугандарыңдын азасын тең бөлүшүп, аларга кайрат айтам. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Жаның жаннаттан, ордуң бейиштен болсун деп куран тилеп, сооп айткандан башка аргабыз жок экен...

Гүлниза БЕЙШЕНБАЕВА, "Ата Мекен" жаштар канатынын лидери:
- Чолпон ар дайым адамдарга жакшы мамиле кылып, жакшы үйбүлөдө чоңойгону, мыкты тарбия көргөнү байкалып турчу. Партияда канчалаган жаштар менен иш алпардым, бирок, мен билгени Чолпон дайым активдүүлүгүнөн, карманган позициясынан тайчу эмес. Келечекте Чолпондон мыкты инсан чыгарына ишенип, анын жөнөкөйлүгүнө, акниетине, жүрөгүнүн өзгөчө тазалыгына суктанаар элем.
Бакиевдин бийлиги ураганга чейинки кез. Үйүмө мейманга келип, түн бир оокумга чейин чер жазыша баарлашканбыз. "Турмуш жакшырса экен, келечекте адилет, жакшы заманда жашасак экен" деп өзүнүн бир топ кыялдарынан бөлүшкөн. Күлгүндөй курагында ошол кыялданган келечегин көрбөй узай берди. 30-май түнү чочуп ойгонуп, көпкө чейин жүрөгүм тынч алалбай жаткан. Ага чейин үч-төрт күн бою көңүлүм жай алалбай, белгисиз нерселерге сарсанаа болуп аткам. Таңга маал телефондун шыңгырынан ойгонуп, бирок, жаман кабар укчудай болуп, жооп бергенге шашкым келбеди. Сезгендей эле, суук кабар алдым...
Чолпонайдай жаркыраган, жароокер курбум кайра келбесин ойлоп, жүрөгүм ыйлап турат. Жаткан жериң жайлуу болсун, Чолпон!

"Ата Мекен" социалисттик партиясы Кабуловдордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына Чолпон Кабулованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.




  Акыры-ын баш көтөрүп

Улугбек Ормонов, экс-депутат:
"Бийликтегилер ажыдаарга айланып калышты"
-Улугбек мырза, апрель окуясынан кийин сизди саясый чөйрөдөн көрбөй калдык?..
-Апрель окуясынан кийин көп эле адамдар ойлоно турган учур болду. Мен да бир жыл ичинде өлкөбүздөгү болуп өткөн жана болуп жаткан окуяга саресеп салганга, ойлонгонго үлгүрдүм. Анын ичинен өзүмдүн кылган иштериме да. Бирок, алдыда чоң саясый окуя болгону турганда үйдө жатып алып, "эмне болсо ошол болсун" деген туура эмес деп ойлойм. Андыктан, Кыргызстандын эртеңки күнү, келечекке бирдиктүү Кыргызстанды тапшыруу милдети баарыбызды ойлондурушу керек. 2010-жылы 7-апрелден кийин өлкөдө бөлүнүп-жарылуу болду, аны эч кимибиз тана албайбыз. Ошондо Кыргызстанды бириктирүү максатында "Мекен биримдиги" деген коомдук, саясый кыймылын түзгөнбүз. Былтыр бул кыймылда жалаң аксакалдар болгон болсо, быйыл орто жаштагы жана жаш муундар абдан көп болуп, кыймылды жандандыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Негизги максаты- эртеңки президенттик шайлоодо дагы Кыргызстанды бөлүнүүдөн алдын алуу. Кыймылга буга чейин бир партиянын мүчөсү болуп жүргөн деле адамдар кире берсе болот. Анткени, биз эртеңки президенттик шайлоого партиянын принциби менен эмес, Кыргызстанды бириктирүү принциби менен барышыбыз керек. Буюрса, уюштуруу иштери толук бүттү, жакында чоң жыйыны болгону турат. Ошондо кыймылдын кеңеши анан аткаруу комитети түзүлөт. Ошентип, аксакалдар баштап берген демилгени биз колго алып аракет кылып жатабыз. "Мекен биримдиги" президенттик шайлоого карата аттанган талапкерлердин ар биринин саясый эркин, программасын, платформасын, жүрүм-турумунан тышкары, эл кимди колдоп жаткандыгын анализдеп туруп, ошол талапкерди колдойт.
-Аксакалдар деп жатпайсызбы, алар кимдер? Кыймылдын төрагасы ким болот?
- Миразин Зулпуев, Бектемир Мурзубраимов сыяктуу ж.б. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусттарынан көптөгөн аксакалдар бар. Кыймылдын төрагасын жаңы эле айтып өткөн чоң жыйында шайлайбыз. Азыр уюштуруу тобунда 15 адам бар. Мен алардын катарындамын.
- Ош, Жалал-Абад, Баткен дегениңизди уккандар, "булар Кыргызстанды бириктирбей эле бөлүп атышат" дешпейби?..
-Түндүк-түштүккө бөлүнүү коомубуздун чоң оорусуна айланды. Үч облустун аты аталса эле, "бул бөлүнүү аракети" деп түшүнбөшүбүз керек, тескерисинче, "биригүү аракети" деп түшүнсөк кантет. Себеби, азырынча кыймылда үч облусттун инсандары гана болуп атканыбыз менен бара-бара башка облусттун инсандары менен биригүүнү көздөп жатабыз. Мисалы, Нарында "Ала -Тоо", "Теңир -Тоо" деген коомдор бар. Мына ошолор менен бир ниет менен бириксек, максатыбыз ишке ашат деп ойлойм. Эми ал күн да алыс эмес. Жакынкы күндөрү чоң жыйыныбыз болуп өтсө, ушул жагын ишке ашырууга өтөбүз.
-Бир жыл ичинде ойлонгондон тышкары эмне менен алек болдуңуз? Депутат кезиңизде басма сөз беттери сиз жөнүндө бат-баттан жазып турчу эле. Алардан да эс алгандырсыз?
-Жазбаганы жакшы эле экен (күлүп). Чындыгында беш жыл саясатты жүрүп ишмерлигим экинчи планга калып кетиптир. Аны бир аз жолго салып алдым. Чет элдик ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм дегендей. Бизге келчү инвесторлор "биринчи силерде туруктуулук орносунчу. Президентиңерди тынч шайлап алгылачы" деген сыяктуу кооптонуу сөздөрдү айтса эки эсе ойлонуп калат экенсиң. Азыр бизди сырттагылар "дагы эмне болуп кетишер экен" деп аңдып турушат. Ошондуктан, биз кыргыздар өзүбүздү бардык жагынан татыктуу көрсөтүп, мактанарлык иштерди жасашыбыз керек.
-Былтыркы парламенттик шайлоодо кайсы партияны колдодуңуз эле?
-Сунуштар көп эле болду. Бирок, "Бүтүн Кыргызстан" партиясына идеялаш жигиттер киргендиктен, алар менен бир болдум. Ал партияга алдыга туруп алып байракты көтөрбөстөн, акыркы тизмесинин биринде болдум.
-Быйыл да "Бүтүн Кыргызстандын" төрагасы Адахан Мадумаровду колдойт экенсиз да?.. Себеби, ал дагы президенттик шайлоого аттанары маалым болуп калбадыбы?
-Азыр мен сизге "Мекен биримдиги" коомдук, саясый кыймылынын максаты-жеке оюбузду таштап, жалпы бир чечимге келүү-деп айтып туруп, алардан четтеп, алардын чечимисиз эле бир талапкерди өз алдымча атаганым туура эмес болуп калат го.
-Жеке өзүңүзгө азыр элдин пикири кандай болууда, "Акжолдун" адамы деген өгөйлөөнү жагын байкаган жоксузбу?
-Болгон балакеттин баарын "Акжолго" шыбай салган да модага айланды да калды. Сарасеп салсаңыз, азыркы бийлик башында отургандар, парламентке өткөндөрдүн арасында "Акжолдун" адамдары отурат. Демек, бул "Акжол" партиясында да мыкты жигит-кыздардын түзүлгөндүгүнүн белгиси. Мен айтат элем, "Акжол" фракциясынын ишине баа берүү азыр да эртелик кылат. Керек болсо, учурдагы парламенттеги болгон окуялар, жаңжалдарды карап туруп, "Акжол" партиясы парламентте отурганда жоопкерчилик жогору жана тартип катуу болгондугунан кабар берет. А жеке өзүм боюнча айтсам, Жогорку кеңешке эки жолу депутатыкка шайландым. Биринчисинде 2005-жылы Өзгөн районунун, Жазы округунан шайлангам. Анда бир мандаттуу болду. Мен ошондон бери мага ишеним арткан элимден колумду үзгөн жокмун. Жердештериме колуман келишинче жардам берип келем. Өзгөндө 9 жылдан бери райондук деңгээлдеги атайын спорт оюндары өткөрүлүп турат. 1-2 май күнү өтө турган бул мелдешке алар бир жыл бою даярданышат. Алардын духу, руху көтөрүлүп калсын деп, байгелерин коюп берип жүрөм.
Андан тышкары жакында эле бир үч мектепке бирден компьютердик класс ачып бердим. Бул менин элим болгон жакшы ымалам, элге болгон ыраазычылыгым.
-Азыркы парламенттин ишине ичиңиз бышпайт окшойт?..
-Бизде парламенттик башкаруу дегенибиз менен ал толук өзүнүн күчүнө кире элек. Мыйзамдын өзүндө жазылгандай жооп берген кадамдары боло элек. Бирден айтып отурбай эле,Түштүктөгү бюджетке эң чоң салым кошчу "Кыргызнефтегазды" айталы. Эки айдан бери жетекчилигин шайлай албай ызы-чуу болуп атышат. Жалпы элдин кызыкчылыгын ойлогон маселе жок... Кыскасын айтканда, азыр бийликке мурунку парламентти сындап келгендер өздөрү ошондой кадамга барып атышат. Бул да болсо бийликтин табияты кандай экенин көрсөтүп турат. А негизи четте туруп алып сындоо баарына оңой.
Менимче, бул сөздү Атамбаев айтса керек эле, "Акүйгө ажыдаар менен күрөшкөнү барып, кайра өздөрү ажыдаар болуп калышат" деп. Ким айтса да туура айткан. Анкени, азыр акыбал ушундай эле болуп турат.

Эльмира Мадиева