Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 2
п»ї
"Айкөл Манас, кемчиликти кечир, тизгинди карма!"

Аянттагы кош канатчан аялдын айкелин алдырабыз деп, элибиз ак эткенден так этип атып, ал тилегибизге жеттик. Анын ордуна Манас атабыздын эстелиги коюлса деген тилегибиз да ишке ашты. Борбордук аянтка 31-август күнү эгемендүүлүгүбүздүн 20 жылдыгынын урматына делип, Манастын айкелин президентибиз өкмөтчүлөр менен бирдикте ачты. Бирок, ошол күндөн тартып айкелдин тегерегинде сындар көп айтылып жатат. Чындыгында, максат сындашта эмес. Бирок, айкелди өзүнүн парасаты, философиясы менен орноткондо, коомдо мынчалык нааразылык жаралбайт эле.

Демек, бул - азыркы бийликтин Манасты тааныбагандыгында, окубаганыдыгында, дегеле Манастын өзөгү эмнеде жатканын билбегендигинде болуп жүрбөсүн?... Ал эми Айкөл Манастан бир күн мурда коюлган Айтматовдун айкели да ар көз караштагы кепке татыды. Чыгаан жазуучyнун өзүнүн "Мен дайыма Манаста, Манас менде жашады" деген сөзү бар. Тагдырдын буйругу экен, экөө бет маңдай туруп калышты.
Эмесе, кыргыз журтчулугу эки эстелик боюнча эмне сын, кандай көз-карашта болгонуна баам салыңыз.

Рүстөм Кабылбеков, "Мөңгүлөрдү сактоо" коомдук-экологиялык коомунун жетекчиси:

- Мага скульптор Базарбек Сыдыковдун Кожомкул баатырга жасаган эстелиги жаккан. Аны абдан татыктуу жасаган. Бирок, Манастын эстелигин жасаганы менин көңүлүмө жакпады. Өзүм Манасты окуп чоңойгон кишимин. Мен окуган Манас мындай эмес эле. Манаста айтылгандай, "алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн бүткөндөй,/ Асман менен жериңдин тирөөчүнөн бүткөндөй./ Айың менен күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй,/ Ушул турган кара жер жердигинен түткөндөй" деген сүрөттөмөдөгү Манас отурса, анда кеп башка болчу...
Эми бирдеме десе эле, каражат жагын шылтоолойт экенбиз. Эгерде каражат жетпесе, анда кылбай кой. Бул деген кала турган оокат, эртең өзүң менен кошо алып кетчү оокат эмес да. Андыктан, кичинекей нерсени дагы майын чыгара жасасак. Бизди "Эмне үчүн Манасты мындай кылдыңар?" деп кийинки урпактар айыптабагыдай кылсак болмок. "Эми болору болду, ушул деле жарайт" деп айтайын дейсиң, бирок, кыргыз качанкыга чейин эле ушинтип жүрө беребиз?
Чыкебиздин эстелигин болсо, "жаш кези" дешти. Анысына макул. Бирок, эстелик деген өтүп бараткан адамды токтото калып, аны көргөн адамдын сезиминде кандайдыр бир учкун учушу керек эле. А бул жерде Чыкебизди жеңил акын кылып, костюмун желкесине таштатып салышкан. Россиядан таасир алып жасашканбы, Есениндин образы берилип калыптыр. Мен билген, көргөн Чыке акылман, ой жүгүртүүчү болчу. Ошол нерсе жетишпегенсийт... Бирок, жаманбы, жакшыбы, эки эстеликтин коюлганы элибизге дух бергенин да айтып кетпесек болбойт.

Айбек Байымбетов, "Ак-Шумкар-КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү:

- Эки эстеликти тургузуу идеясы абдан жакшы болгон. Бирок, бири-бирине байланыш жоктой. А экөөндө байланыш жок болгондон кийин, үчүнчү адамга (эстеликти көргөн адамга) кайдагы байланыш? Бири - биздин заманбап адам, бири - эпикалык адам, бири - тирүү адам. Ушул үчилтик мыйзамы сакталган болсо, энергетикасы укмуш болуп, кадимкидей тирүү комплекске айланмак.
Мен бул эки эстеликти жасаган скульпторлорду күнөөлөгүм келбейт. Бул -шашылыш койдурган бийликтин күнөөсү. "Ушул бийликтин убагында тургузулган" деген сөзгө калыш үчүн жасашканы. Негизи эле бул эстеликтер - бул бийликтин убагында тургузула турган эстелик эмес болчу. Анткени, эки атактуу адамга алар баары бир татыктуу эстелик тургузганга кудуреттери жетпээрин билчүмүн. Материалдык кудурети эмес, моралдык кудурети. Анткени, булардын аларга болгон мамилеси, көз-карашы, оюу башкача. Күйдүргөнү, ушул эстеликтерди жасатуунун башында "Букадарым" деп ырдаган эстрадник Ибрагим Жунусовдун турганы. Ал эми Султан Раев болсо, сурагандарга "кыздарга жаксын деп Чыкебизди жаш кылдык" дейт имиш. Ушул да жооппу? Биз Чыңгыз Айтматовду жазуучудан да мурун акылман киши катары, журт атасы катары кабыл алып калганбыз. Эстелик ошондой образды, энергетиканы, касиетти бериш керек болчу. Мына азыр эстеликтин жанында 15 мүнөт турдум эле, ар ким ар кандай сөз айтып атат. Бири "спортсмен болуп калыптыр" дейт, бири "жөпжөнөкөй акын болуп калыптыр" дейт. Мен сыяктуу эл деле Чыңгыз атабыздын өзүндөй калбааттуу келбетин күткөн экен. Керек болсо, бул жер адам барып бата сураган, ички проблемасын айтып ыйлаган же кеңеш сураган сакралдуу нерсе болсо деле жарашмак. Бирок, "футболисттерге" окшоштуруп койгону ыйык делген баалуулукту жокко чыгарып салгансыйт.
Манаска коюлган эстеликти айта турган болсок, эскизин көргөндө эле жаккан эмес. Негизи эскиз миниатюрный болот. Аны чоңго куйганда көп учурда пропорциялар сакталбай калат. Мына, Манастын эстелиги да буга мисал болуп берди. Көп сүйлөгөндө эмне, көрүп турбайсыңарбы...

Замир Ыманкалиев: "Ак-Шумкар -КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү:

- Эстелик коюлат дегенде менде бир жакшы ой, сезим пайда болду эле. Бирок, Чыңгыз атабыздын эстелиги коюлган күнү ал жерге атайын басып бардым. Жакпады. Адамдардын шаабайы суз. Демек, элге да жакпаптыр дедим. Биз Чыңгыз атабыз жөнүндө кайсы улуттагы адамга болсо да мактанып айта алабыз. Бирок, ага тургузулган эстеликтин жанында айтыш кыйын болуп калган турат. Башка жактан келген чет элдиктер, кээ бир айылдан келген адамдар деле Чыкебиздин жанынан тааныбай өтүп кеткидей. Болбосо, Айтматов өзү эмес, эстелиги да адамды "тык" токтото турган күчкө ээ болушу керек эле да. Мисалы, Аалы Токомбаевдин эстелигин көргөндө, кадимкидей Аалы акындын жанында тургандай болосуң.
Манас атанын эстелиги да купулума толгон жок. Кыскасын айтканда, эки эстелик тең өздөрү жөнүндө сүйлөбөй калышкан. Мен айтаар элем, бизде жакшы жасаган скульптор-сүрөтчүлөр жок эмес, бар. Кыргыздын уучу куру эмес. Бул, бийликтин катачылыгы болуп калды. Жок дегенде жарым жыл конкурс жарыялаганда болмок. Ушунча жылдан бери "Манас, Чыңгыз" деп какшап келаткан элдин демин басыш керек болду окшойт. Элди алдагандык болуп калды.

Гүлсина Өмүрбекова, манас изилдөөчү:

- Мен айкелди жасаган авторго эч нерсе деп сүйлөгүм келбейт. Бирок, айкелдин өзүндө Манас атанын образы жок. Манастын образы абдан терең, түбөлүктүү эле да. Мага Манас түшүмөн 8 жолу аян берген. Бирок, мен анын өңүн көргөм деп айтыштан корком. Көргөн эмесмин. Бирок, көзүн байкап калгам. Көзү - океан. Чөгүп кетсең болот. Бир укмуштай тереңдик бар. Жаның дүркүрөйт жөн эле...
Анан дагы айтаарым, Манастын өзүн да, Аккуласын да аппак кылса кандай сонун көрүнмөк эле, ээ?
А Чыңгыз Айтматов болсо акыркы мезгилдеги кыргыздын атасы. Бул кишинин жазгандары жетилген философия да. Мындай аалам сүйгөн адамдар анда-санда чыгат. Чыкенин жаштык кезин эмес, акылы толгон акыркы мезгилин келтирсе абдан жакшы болмок. Жансыз эстеликтен да акыл агып турмак. Бул эки эстеликтин ээлери - жандуу дүйнө. Бири-бири менен тыгыз байланышкан. Азыр Чыкем Манас дүйнөсүндө кызмат өтөп атат...

Талантаалы Бакчиев, манасчы:

- Манас атанын эстелигинин ачылышында эле бир топ сырлар болду.
Көшөгөсү ачылбай, ары тартып, бери тартып ачылбай коюп, анан жел өзү ачты. Мындайча айтканда, табигый жол менен ачылды. Айрымдар, "үстүндө бүркүт учту" дешти. Бүркүт эч убакта топтошуп учпайт. Бүркүттүн өзгөчөлүгү ошондо. Алар жалгыздап, эң көп дегенде балапаны менен же түгөйү менен учат. Бул, кулаалы болушу мүмкүн. Кулаалы - куштун чоңу. Манаста "кулаалы таптап куш кылдым..." деп айтылат эмеспи. Демек, тапка келбеген кулаалыны тапка келтирген - бул Манастын эрдиги. Ал эми эстеликтин өзү тууралуу мен эмне айта алам? Сүрөтчүнүн көз карашы менен айткыдай, скульптор-сүрөтчү эмесмин. Бирок, кыргыздын көз карашы менен мындай дээр элем. Аттын үстүндө отурган жоокер - биздин учурда - Манас атабыз болуп турат. Кыргыз ар дайым ат үстүндө отурганда тизгинди кармайт. Жаш баланы биринчи жолу атка мингизип жатканда да "Тизгинди бекем карма!" деп айтышкан. Авторго жолугуп сурадым, "тизгини кайда?" деп. "Жалдын үстүндө жатат" дейт. "Андай болсо жүгөндү салбай эле койсоңор болмок!?.." дедим. Тизгин - бул бийликтин белгиси болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндөгү эстеликтин тизгини жок орнолушу - азыркы Кыргызстандын абалы, башаламандык, кыскасы, тизгин баатырдын колунда эмес. Дагы бир жери - постаментти бийигирээк кылса болмок. Баатыр аты экөө бирдей пропорцияда турганда кемчиликтери билинбей калмак. Азыр астынан карасаң, аттын курсагы салаңдап, баатырды көтөрө албагандай болуп турат. Бул эми сын көз караш. Ал эми жагымдуу жагын айтканда, кош канатчан жарганаттан көрө, түбөлүк өйдө.

Гүлсара Мамбеталиева, манас изилдөөчү:

- "Түндүктү кармаган эстеликтен көрө" деп каниет кылып турабыз. Башкысы, оң энергия орноп атат. Азыр бизге алтын доор келип, ааламдан такылдатуу болуп жатат. Аянда "кабыл албагандын өз азабы өзүндө" деп айтылган. Бирок, биз аны кабыл алдык. Манас Жайсаңдын вариантында айтылгандай, "Кызыткан көңүл көйүн канчалаган, Кыргыздар сыр ачышат дастан каткан" деп, ошол Манас дастаны каткан сырларды биз ачып жатабыз. Кайыптар дүйнөсүнөн келген аяндар манасчылардын дилине салынып, айкел коюлгандан кийин манас айтылды. Бул жакшы жышаана. Ал эми эстелик боюнча айтылар сөз али алдыда. Чыңгыз Айтматовдун эстелиги боюнча айтсам, биз ал кишини 80 жашка чыгып, каза болгон образы менен билебиз. Анан жаш жигиттей жасап койгондорун көрүп, канааттанбай калдым. Салабаттуулук жетишпейт.

Турар Айталиева, манас изилдөөчү:

- Манастын айкелин биз дегдегенбиз, Кудайдан тилегенбиз. Тилегибизди берип, айкелин жасап алып келишти. Бирок, айкелде сүрдүүлүгү, сырдуулугу көрүнбөй калган. Атка минип турат, ээрдин кашы жок. Ээрдин жабдыктары дагы толугу менен берилген эмес. Көлөмү да кичине. Манас эпосто жазылгандай берилсе, эки эсе сүйүнмөкпүз. Ошентсе да, Манастын руху бизге айкел орногондон бери күч-кубат берип, жакшы энергияны жиберип жатат. Кыргыздын эң чоң касиети-манасчылыкта турат. Манас айтуу менен ааламдагы энергия жерге берилип жатат. Ал эми
Чыкебиздин эстелигин олбурлуу кылып берсе жакшы болмок экен.

Дөөлөт Сыдыков, манасчы:

- Айкөл Манастын эстелигин аянтка койдуруу мурун эле жасай турган иш болчу. Эми жасалганы деле абдан чоң иш. Бирок, ар бир иште кемчилик болбой койбойт экен. Ар бир адамдын көкүрөгүндө Манас дүйнөсү бар. Ошону сезе билүүсү, туя билүүсү ар бир адамдын ички көөдөнүнө, деңгээлине жараша болот. Бул эстелик да койдургандардын, анан жасаган адамдардын көөдөнүнө, деңгээлине жараша болду. Чынын айтсам, мактай да албай, сын айта да албай турам. Чыңгыз атабыздын эстелиги кичине болуп калды деп атышат, мындан да көлөмдүү болуп калса, анда бул тургузулган айкелдеги Манас атабыздан да чоң болуп кетет го... Чыңгыз Айтматов "Кыргыз рухунун туу чокусу - Манас" деп айтты эле. Эми
экөө маңдайлаш болуп калганын кара.

Мирахим Токтогулов, философия адистигинин бүтүрүүчүсү:

- Айкел жакшы иш-чара болду. Элдин ичиндеги жылдап бышып калган нерсени өкмөт да "агынан жарылып" тургузуп берди. "Бүткөн ишке сынчы көп" дегендей, азыр сындайын десем, кемчилик оркойуп көрүнүп, четинен табылгыдай. Андыктан, айкөл атабыздын эстелигинин мүчүлүш-төрүн көзгө илбегенге аракет кылып, Манас атабыздын айкелин кабыл алалы демекчимин. Мындан ары кыргыз элинде ынтымак орносун, Манастын руху колдосун демекчимин. Ушул жер - сүйүшкөндөрдүн жолугушчу
жерине айлансын, жакшы адамдар кезигишчү жер болсун. Эң негизгиси - Манаска болгон сый-урмат жогорулап, рухуна сыйынуучу жер болсун.

Ишенбек Чаланов, сүрөтчү-чебер:

- Мен Чыңгыз Айтматовдун эстелигин жакындан көрбөгөндөн кийин, а-бу деп айта албайм. Ал эми Манас атанын айкелин көрдүм. Манас эпикалык каарман. Аны ар ким өз билим деңгээлине, фантазиясына жараша кабылдап, ар бирибиздин жан-дүйнөбүздө Манас жашап келет. Ошондуктан, скульптор Манастын айкелин жасоодо реалдуулуктан качыш керек болчу. А мында карасаңар, Манасты кадимки жөнөкөй адамдай кылып жасап койгон. "Манас" эпосунда Манастын кашы, көзү, мурду эле кандай укмуш сүрөттөлөт. Ошондой образды бериш керек эле. Мен бул жерде айкелди жасаган скульптор Базарбек Сыдыковду күнөөлөгөндөн алысмын. Чындыгында ал таланттуу скульптор. Биздин заманда жашап кеткен Кожомкулдун образын так өзүндөй кылып берген.
Манастын айкелин жасоодо кеңири масштабдагы сынак жарыялап, анын жеңүүчүсүн дизайнерлер союзу, сүрөтчүлөр союзу, архитекторлор союзу, керек болсо жазуучулар союзу биргелешип аныктаганда, мындай мүчүлүштүктөр кетпейт эле. Муну тар чөйрө чечкени кашкайып көрүнүп турат.

Темирбек Токтогазиев, "Манас жаңырыгы" телерадио-компаниясынын директору:

- Эстеликте мүчүлүштүктөр бар, бирок ушул эстелик коюлгандан бери Ала-Тоо аянтыбыздын аурасы тазалана түшкөнүнүн өзү эле скульптордун кемчиликтерин жаап койду. Эстелик орногондон бери манасчыларыбыз манас айтып, элдин аягы суубай келип угуп, аура кадимкидей тазаланды. Манас биздин уулубуз, биз Манастын уулубуз. Манас атабыздын эстелигинин үстүнөн куштардын учушун - Манас атабыздын инагурациясы деп кабыл алсак болчудай. Түндүк көтөргөн аялдын ордуна Манастын эстелиги коюлсун деп көксөгөн элге, аны колдоп чөнтөгүнөн акча чыгарган жеке ишкерлерге ыраазычылык. Жакында да Москвага Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин Манаска жасаган айкели орнотулат экен. "Цветной бульварга" коюлат деп атышат. Бул да чоң жетишкендик, кыргыздарга оомат оогонунун белгиси. Буга кошумча
Чыңгыз атабыздын эстелигинин коюлушу да жакшы жышаананы берет. Эстелик жасалышынын мүчүлүштүктөрүн эске албаганда.

Жаныбек Жакыпбеков, профессор:

- Айкелдердин коюлушу өзгөчө жаштардын духун ойготууга өбөлгө болуп бере алат. Айтматов 20-21-кылымдын ортосундагы реалдуу адам болгондуктан, биз көрүп жүргөн турмуштагы адамдын образын келтирип, ушундай скульптура турганы жакшы нерсе. Сени менен кошо сүйлөшүп басып кете турган абалда турат. А Манас боюнча айтсам, жеке пикиримде, сырткы түспөлүн реалдуу турмуштагы адамдай кылып, жука жасап койгондой сезилди. Манас - эпикалык каарман. "Манастын" өзүндө айтылгандай, "асманда алп кара куш бутун салып, кара чаар кабылан сол жагынан качырып, чагырак куйрук жолборс оң жагынан качырган" деген салыштыруулар Манастын бир бүтүн композициясын түзгөндө абдан көзүбүзгө толумдуу болмок. Анан Манасты реалдуу адамга окшоштуруп, бир москвичтей кылып койгону - адамдар күткөн, биз ойлоп жүргөн эпикалык деңгээлдегидей болбой калды.

Айта кетчү жагдай: Манастын эстелиги коюлгандан бир күн өтүп, эстеликтин жанында манасчылар эт бышым убакка чейин манас айтышты. Бу да жөн жерден болбоптур. Көлдүн Ак-Суу районунда тарых сабагынан мугалимдикти аркалаган, кыргызчылыкты 1993-жылдан бери карманып келген Малик Аркыбаев аттуу адамга аян берилип, ал бул тууралуу кабарды манасчыларга айткан экен.
Жыйынтыгында, үч күн катары менен Манас дүйнөсү менен бул дүйнө байланышты десек болот.

Алган аяны боюнча Малик Арыкбаев өзү мындай деди:

- 31-августта телевизордон айкелдин ачылышын, майрамдык салтанатты көрүп отурсам, айкөл Манастан аян болуп, сезимиме салды. Анда "Манас дүйнөсү менен бул дүйнөнүн ортосуна көпүрө түштү. Көпүрөнү сактап калгыла" деди. "Кантип?" десем, "Үч күн манас айтылсын. Эгерде муну үч күндөн өткөрүп кечигип калсаңар, кеч болуп калат" деди. Ошондон бир саат өтүп-өтпөй манасчы Талантаалыга кезигип, айттым. "Аянды айтпай койсом менин мойнумда болот эле. Мен сага айттым, эми сенин мойнуңда, тезирээк айткыла" дедим. "Өкмөттөн уруксат алалы" деди. Ошентип, аян айткан мөөнөттүн үчүнчү күнүнө оогондо аманатты аткарышты. Буюрса, эл тынч, баары жакшы болот.

Манас айтылып бүткөн соң, Малик мырза манасчылардын ортосуна отуруп, Айкөл Манастан: "Аманатыңды аткардык. Биздин кемчиликти кечир. Айкөл Манас, тизгинди карма! Кылычыңды кынга сал!" деп суранып, манас укканы келген жыкжыйма эл менен бирге бата тиленди.

Даярдаган
Эльмира Мадиева







Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 99

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 99

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 99

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 99

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 99

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/0908_10.htm on line 99




а ­е¦Є.НҐй«