Акседеп

Динара Макешева:
"Адамдын сулуулугун көрсөткүм келет"

Динара Макешова - профессионал фотосүрөтчү. Арийне, бул кесип менен көбүнчө мырзалар алектенип келет эмеспи. Динара айым алар менен теңтайлашып, керек болсо, алардан алдыга озгон. Анткени аял деген аял эмеспи, бардык нерсеге аяр мамиле жасайт. Анын өз кесибине кылган аяр мамилеси ар бир тарткан сүрөтүнөн эле байкалып турат. Динара рекламалык жарнактар, репортаждар, көркөм сүрөттөрдү тартат. Бирок, башкы максаты акча табуу эмес, башкысы, чыгармачылыкты талап кылган бул ишинен ырахат алуу.

Динара: - Мен азыркы замандын бактылуу адамдарын сүрөткө көбүрөөк тарткым келет. Адамдагы позитив адамды өзүнө тартып турат эмеспи. Өзүм да позитивдүү, бактылуу аялзатынын катарын толуктайм. Анткени, жанымда жандай көргөн жолдошум бар. Ал - москвич. Учурда Кыргызстанда иштейт. Өзүм болсо европа маданиятын сиңирген чыгыш аялзатымын. Жолдошум мага алыскы сапар- эмгегимди көрсөткөнгө көп көмөк кылды. Мен тарткан кыргыз кыздарынын сүрөттөрүн көрүшкөн чет-өлкөлүктөр "Биз кыргыздар ушундай сулуу калк экенин билбептирбиз" деп таңданышат. Мына ушундай пикирлер мага стимул берип, кыргыз экениме сүйүнүп, сыймыктанып кетем. Сүрөттө - биринчи кезекте адамдын интеллектин, стилин, сулуулукту, анан кыргыздын улуттук кийимдерин көрсөткүм келет.
"Ийгиликтин формуласы эмнеде?" деп сурагандарга: "Адамдарды жана өзүңдү сүйө билүү. Ар бир адам өзүнүн дүйнөсүн түзүүсү жана башкаларга да эшигин кеңири ачуусу керек" деп жооп берер элем.

Динара катышкан көргөзмөлөр жана семинарлар:

Вена семинары IPA, июнь, 2002-ж., Вена, Австрия.
IWPR 2003 г., Лондон, Великобритания.
"Март революциясы Кыргызстанда" аталыштагы атайын көргөзмөсү, май 2005, Фронтлайн Клуб, Лондон, Великобритания.
"Оксфорд стрит" атайын көргөзмөсү, июнь, 2005-ж., Бишкек, Кыргызстан.
"Кыргызстан жүзү" атайын көргөзмөсү, сентябрь, 2005-ж., ПРООН, Бишкек.
"Март революциясы Кыргызстанда" көргөзмөсү, сентябрь, 2005-ж., ОБСЕ, Вена, Австрия.
"Кыргызстан айымдары" атайын көргөзмөсү, декабрь, 2005-ж., Алматы, Казахстан.
"Галстуксуз саясатчылар" атайын көргөзмөсү, 2007-ж., Бишкек Пресс-Клубу.
Атайын көргөзмө, май, 2008-ж., Киев, Украина

Динарага кесиптештери, замандаштары кесипкөй катары да, аял катары да жогору баа беришет. Мисалы, Дилбар Ашимбаеванын айтуусунда, ал дайым өзүнүн тандоосунда эркин. Анын сүрөт менен алектенүүсү өзүнүн жашоо образы менен куп келип, коошуп турат. Динара табияттык өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат: олоң чачы, келбети... Келишкен келбетине көрк берген кийимдерди да табит менен тандай билет. Ал өз тагдырын өзү жасап, азыркы мезгилдин ийгилик коштогон айымдарынын бири. Динара мезгил менен да күрөшө билет. Ал арадан көп жыл өтсө да, азыркыдай жаштыгы менен жүрөрүнө бекем ишенем.