Адам адамга жырткыч

5-сентябрга караган түнү шаардык милиция бөлүмүнө маалымат түшүп, Үсөнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин 5-кабатынан адамдын денеси ыргытылганы айтылган. Кылмышкерлер аялды өлтүрүп, шейшепке орошуп, сыртынан скочтоп, анан ыргытып жиберишкен. Маркум Россия Федерациясынын атуулу, 25 жаштагы О.В.деген болуп чыкты. Кылмышка шектүү катары учурда анын көңүлдөшү, 29 жаштагы ирандык атуул сурактан өтүүдө.
1-сентябрь күнү Калыс-Ордо конушунун тургуну, 37 жаштагы Ф.Саргалова үйбүлөлүк чырдан улам уруша кетип, 38 жаштагы күйөөсү М.Асановду сайып жиберген. Натыйжада эри каза болуп, аялы камакка алынды. Ушул эле күнү Аламүдүн районунун Пригородный айылынан кармалган 41 жаштагы А.Пак саат 01 чамасында Маевка айылынын тургуну, 29 жаштагы Р.Головкинди бычактап өлтүргөнүн мойнуна алды. Айтуусунда, экөө уруша кетип сайып жиберген.
Ал эми эртең мененки саат 09 чамасында Бишкек шаарынын Каражыгач багынан азиат улутундагы 40-45 жаштар чамасындагы адамдын денеси табылган. Кароо жүргүзүлгөндө, маркум денесинен тамтык жок тепкиленип, токмоктон өлгөндүгү аныкталды. Иликтөө жүрүп жатат.
2-сентябрь күнү Өзгөн районунун из кубарлары 17-августта катталган адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмышка шектүү катары НКВД айылынын тургуну, 28 жаштагы М.Базарбаев дегенди кылтакка илишти. 4-сентябрь күнү Сокулук районунун Жал айылынын тургуну Б.Молдомашаевдин огородунан 1 метрдей тереңдикте көмүлгөн адамдын денесинин калдыктары табылды. Кылмыш иликтенүүдө.
29-сентябрда Аламүдүн районунун Башкарасуу айылынын 55 жаштагы тургуну Т.Н. бычактан алган жарааттан улам ооруканага түшкөн. Кийин белгилүү болгондой, аны өзүнүн кызы сайып жибергендиги аныкталды.
30-август күнү Бишкек шаарынын Боровск көчөсүнөн жаңы төрөлган эркек наристенин муздаган денеси табылды. Мээси жок эне изделип, наристесин эмне себептен таштап кеткени такталууда. Ушул күнү Москва районунун Садовое айылынын тургуну М.Курбанов айылдашы С.Ботвинаны үйүнөн уруша кетип, бычактап салган. Азыр, күнөөлүү адам кармалып, жабырлануучу ооруканада.

Жулуп-тоноп жашоо кечиргендер

3-сентябрь күнү саат 15тер чамасында Куйбышев көчөсүнөн 17 жаштагы М.Абдрахманованы тапанча менен коркутуп, күмүш чынжыры менен телефонун тартып алып, ошол эле күнү "Восток-5" кичирайонундагы кабаттуу үйдүн лифтинен 20 жаштагы Ч.Элмирбековага кол салып, телефону менен 40 сомун тартып алган каракчы кармалды. Ал, 20 жаштагы М.Таалайбек уулу экен. Каракчынын капчыгынан от тутандырган тапанча (зажигалка) алынды. Куу жигит бул кылыгын тамашалап жасаганын айтууда.
4-сентябрь күнү Москва районунун Ак-Суу айылынын тургуну Г.Карабаева арыз берип, чак түштө анын дүкөнүнө кол салган белгисиз адам колундагы эки бычагын жалаңдатып, ал жердеги 15 жаштагы А.Таалай кызын, 17 жаштагы А.Кашкарбекованы жана 19 жаштагы Сеит кызын коркутуп, колу-буттарын скочтоп, акча талап кылган. Ошол күнү милиция кызматкерлери тарабынан Ак-Суу айылынын тургуну, 28 жаштагы Т.Абдрахманов деген колго түштү.
4-сентябрда улуттук госпиталга алынып келинген Ысык-Ата районунун тургундары 22 жаштагы Ч.Мадисбеков менен Э.Таировду "Дордой" базарынан белгисиз адамдар бычактап кетишкен. Кылмыш иши иликтенүүдө.
Ноокат районунан 5 каракчы 31-август күнү Жаңы-Ноокат айылынын тургуну М.Исмаиловдун 5500 сомун тоноп кетишкен. 2-сентябрь күнү Аламүдүн районунун Таш-Төбө айылынан 6 каракчы жергиликтүү тургун М.Муктаровдун 100 долларын, 2000 сомун, телефонун, газ менен атылчу "Байкал" тапанчасын тоноп кетишкен. Шектүүлөр такталууда. 4-сентябрда "Дордой" базарынан соода кылып жүргөн А.Мусаевди тоногон эки азиаттын бири кармалды. Ал - 19 жаштагы Н.Абай уулу. Жабырлануучудан тартып алышкан 3000 сом менен 2000 сомдук буюмдарды жанындагы шериги алып кеткенин айтууда. Изделип жатат.

Себеп издеткен себепсиз жоруктар

2-сентябрь күнү Талас шаардык сотунун төрагасы А.Конгайтиев арыз берип, шаардын тургуну (революциялык комитеттин комиссары) Д.Акжолов ушул жылдын 4-майында соттун кабинетине жулунуп кирип, андан (2000-жылы сот жообуна тарткандыгы үчүн) 100 000 сом моралдык компенсация талап кылган. Айтылган сумманы бербесе, ага жана анын үйбүлөсүнө көргүлүктү көрсөтөөрүн айтыптыр. Кызыгы, 4 айдан бери бул инцидентти соттун төрагасы эмнеге айтпай келди деген суроо көпчүлүктү кызыктырууда.
30-августта, Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүнөн "Мерседес-Бенц" унаасын минип көпкөндөр саат 23.30 чамасында эч себепсиз эле көчөдө бараткан 32 жаштагы У.Асановду травматикалык тапанча менен аткылап, денесине зыян келтиришкен. Учурда шектүү адамдар изделип жатат. 3-сентябрь күнү Кара-Суу районунун Курбан-Кара айылынын тургуну У.Мусаев ээлигип алып, айылдашы А.Матмусаевди эч себепсиз сайып жиберген. Жаракат алган жабырлануучу ооруканага түшүп, аман калды. Ээликкен жигит изделүүдө.

1276 мүшөк шекер жоголду
29-август күнү Белоруссиядан алынып келаткан 1276 мүшөк кумшекер жер жуткандай жоголгон. Аламүдүн станциясынан жүктү комиссия менен түшүрүп жатканда жогорудагы сандагы кумшекер жок болуп чыкты. Мынча мүшөк кайдан жоголгонун азыр укук коргоо органдары изилдей башташты.

Колу туткактар кокуйлатып келет

1-сентябрь күнү Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү курулуш жүрүп жаткан жерден 232 000 сомдук курулуш буюмдары уурдалган. Кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Т.Жарыбаев деген изделүүдө.
31-август күнү Ош базарындагы буюмдар сакталуучу жайды талкалап киргендер У.Токоновдун 58 000 сомдук буюмдарын алып кетишти. Ушул эле түнү улуттук телерадио комитетинин имаратынан 2 компьютерди белгисиз адамдар уурдашкан. Чыгым эсептелип жатат.
Колу туткактардан жабыр тарткан тургундар мындан көп. Эгемендик майрамынын учурунда эле үйлөрүндө сактаган акча буюмдарынан айрылгандар милициянын эшигин жыртышууда. Бул түнү Сүйүнбаев көчөсүндө жашаган А.Кайкеев сарайында сактаган автоунаанын тетиктеринен айрылды. Жалпы чыгымы 108 500 сомду чапчыды.
Ново-Павловка айылынан Э.Ашыркулова үйүнөн 3000 долларын, алтын буюмдарын жана 2 телефонун алдырса, Пригородный айылынын тургуну А.Жоробеков үйүнөн 2000 долларын жана пневматикалык тапанчасын уурдатты. Бишкек шаарынын тургуну Г.Алясованын үйүнө терезеден киргендер күндүз эле компьютерин жана алтындарын алып кеткен. Бишкектин Абай көчөсүндө жашаган Т.Панкованын эшигин ачып киргендер 2100 доллары менен 420 евросун жымырышса, Ж.Сукенбаеванын үйүнө терезе аркылуу киргендер 53 000 сомдук алтындарын алып кетишкен.
Г.Болжурованын эшигин ачып киргендер уурдаган алтын буюмдар 57 000 сом деп эсептелсе, "Юг-2" кичирайонунун тургуну С.Курманалиеванын квартирасынан уурулар 1300 долларлык ноутбук, 2700 сомдук видео камераны алышкан. Каракол шаарынан Г.Кожомкулова бул күнү 70 000 сомдук алтын медальонунан (антиквариант), 10 000 сомдук видео камерасынан кол жууду. 2-сентябрда Пригородный айылынын тургуну С.Азизбаева "Таатан" соода борборундагы бутиктен 96 800 сомун серптирип жиберсе, А.Тумасова Москва көчөсүндөгү павильонунан 4000 долларлык товарын алдырганын айтууда.

Жол сакчыларын ким сактайт?

31-август күнү эгемендик майрамы белгиленип, жолдордо коопсуздукту сактоо максатында кызмат үстүндө жүргөн МАИ кызматкерин түнкү саат 02 чамасында кутурган айдоочулардын бири тоголото сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Оор жаракат алган кызматкер ооруканага жеткирилип, милиция наряды шектүү айдоочуну иликтей башташат. Ошол эле түнү кылмыш изи сууй электе айдоочу кармалды. Ал "Лексус RX 300" В 0061 AD номерлүү унаа менен жүргөн Бишкек шаарынын тургуну, 50 жаштагы Р.Шакирова болуп чыкты. Медициналык текшерүүдөн өткөргөндө соо чыккан. Адамды сүзүп алып, коркуп кетип качканын өзү деле жашырган жок. Териштирүү жүрүп жатат.
2-сентябрь күнү Аксы районунун Аркыт айылынан Кызыл-Туу айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери мас абалында автоунаа айдап бараткан "АЗ-21011" D 0733 В номерлүү унаанын айдоочусун токтотушкан. Машинада жогорудагы айылдын тургундары 25 жаштагы М.Ысмаилов, 27 жаштагы М.Доулбеков, К.Шайдиев жана Иса деген дагы бир жигит отурган. Кутурган мастар милиция кызматкерлеринин эскертүүсүнө каршылык көрсөтүшүп, эки милиционерди таш менен ургулашып, өздөрү качып кетишкен. Денесинен жаракат алган укук сакчылар ооруканага түштү.

Унаа уурдоо уланууда

31-августта Аламүдүн районунун Ново-Покровка айылынан К.Шинков короосунда турган унаасын уурдатып жиберген. Кылмыш изи сууй электе Ленинск айылынын тургуну, 45 жаштагы Л.Слове колго түштү. 30-августта короосунан "Мерседес" машинасын уурдаткан А.Эркинбаева милицияга кайрылган. 29-августта Кант шаарынан Б.Махмудовдун унаасын уурдады деген күнөө менен Адыл деген чала таанышы таптырбай келет. Ушул жылдын 8-мартында Бишкек шаарынан уурдалган "Тойота-Королла" үлгүсүндөгү В 4377 ВI номерлүү автоунааны ала качкан 17 жаштагы М.Кривошапкиндин айыбы ачылды. 1-сентябрь күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылынан Р.Тоялиев короосунан "Фольксваген-Пассат" В3412В номерлүү унаасын уурдатса, Ош шаарынан М.Калыбеков эшик алдынан "Дэу-Тико" унаасынан кол жууду.

Малды "оптом" уурдагандар

Ак төөнүн карды жарылган күздүн келиши менен бел оорутуп, кол жоорутпай майлуу этти жегиси келген эки аяктуу бөрүлөр да тынч жата албай калышты. Кой-козуну картошка аарчыгандай эле терип жатышкан эргулдар эми бодо малдарга көз артып турган чактары. Жума ичинде катталган кылмыштардын басымдуу бөлүгү бодо малдарга байланыштуу болду. Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну А.Тойгонбаевдин 3 уюн бир түндө уурдап кетишти. Араван районунан И.Халматов семиртип жаткан 5 букасынан жол жууса, Манас районунун Чеч-Дөбө айылынан К.Сейдибалиев жайыттан 4 уюн музоолору менен жана 12 букасын таппай калган. Жумгал районунун Байзак айылынан Ж.Мыктыбековдун жалгыз уюн жалмап кетишкен уурулар азыр таптырбай жүрөт. Ал эми Жайыл районунун Степное айылынан С.Айжанованын сарайынан бир түндө 3 жылкы уурдалды. Түп районунун тургуну Ж.Каптагаев менен Москва районунун Заря айылынын тургуну Т.Жумалиев короолорунан аттарын алдырып жөө калышты. Иликтөөлөр жүрүп жатат. Азырынча жыйынтык жок.